Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай тилегибизге жооп береби?

Кудай тилегибизге жооп береби?

БУЛ суроо көптөрдү кызыктырат. Ыйык Китептен билгенибиздей, Жахаба Кудай адамдардын тилегин угат. Бирок бул көбүнесе өзүбүздөн көз каранды.

Иса Машаяк эки жүздүү диний жетекчилерди ашкерелеген, анткени алар тиленгенде элге адил болуп көрүнгүсү келчү. Иса: «Алар өз сыйлыгын толугу менен алышты»,— деген. Бул алардын эңсеген нерсесин гана алышканын билдирген. Алар муктаж болгон нерсени, башкача айтканда, Кудайдын аларды угушун эмес, адамдардын аларга көңүл бурушун эңсешкен (Матай 6:5). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө көптөр Кудайга жаккандай эмес, өздөрү каалагандай тиленишет. Буга чейин талкууланган Ыйык Китептеги кеңештерге кулак какпагандыктан, Кудай алардын тилегин укпайт.

Силер жөнүндө эмне дешке болот? Кудай тилегиңерди угуп, жооп береби? Бул суроонун жообу расаңардан, улутуңардан же коомдо ээлеген абалыңардан көз каранды эмес. Ыйык Китепте «Кудайдын бет карама эмес экени», «андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагары» айтылган (Элчилер 10:34, 35). Бул сөздөрдү силерге тиешелүү деп айтса болобу? Эгер Кудайды терең урматтасаңар жана жүрөгүн ооруткуңар келбесе, анда силерди Кудайдан корккон киши десе болот. Ошондой эле өзүңөргө же башкаларга жакканды эмес, Кудайга жаккан иштерди кылсаңар, анда силерди туура иш кылган киши десе болот. Кудай тилегиңерди кабыл кылышын чындап эле каалайсыңарбы? Бул жагынан Ыйык Китеп силерге жардам бере алат.

Көптөр Кудайдын тилегине керемет жолу менен жооп беришин каалашат. Бирок Кудай байыркы убакта да андай кереметтерди чанда эле жасачу. Мисалы, Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, кайсы бир керемет жасалгандан кийинкисине чейин бир нече кылым өткөн учурлар болгон. Эске алчу нерсе, андан Иса пайгамбардын элчилеринин көзү өткөндөн кийин кереметтер жасалбай калганын да билүүгө болот (1 Корунттуктар 13:8—10). Бирок бул Кудайдын бүгүнкү күндө тилегибизге жооп бербей калганын билдиреби? Жок, андай эмес. Келгиле, анын кантип жооп берерин карап көрөлү.

Кудай акылмандык берет. Жахаба Кудай — акылмандыктын Булагы. Ал андан жетекчилик издеп, ага ылайык жашагысы келгендерге акылмандыкты берешендик менен берет (Жакып 1:5).

Кудай ыйык рухун берет. Ыйык рух — Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү. Ааламда андан өткөн кубаттуу күч жок. Ал бизге кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берет. Башыбызга мүшкүл түшкөндө, жан дүйнөбүздү тынчтандырат. Ошондой эле баалуу сапаттарды өрчүткөнгө көмөк кылат (Галатиялыктар 5:22, 23). Иса пайгамбар жолдоочуларына Кудайдын бул белекти — ыйык рухту — марттык менен берерин айткан (Лука 11:13).

Кудай аны чын жүрөктөн издегендерге билим берет. (Элчилер 17:26, 27). Дүйнө жүзүндө Кудай жөнүндө чындыкты издеген адамдар көп. Алар Кудай тууралуу, мисалы, анын атын, жерге жана адамзатка карата болгон ой-ниетин, аны менен кантип жакын мамиле өрчүтсө болорун билгиси келет (Жакып 4:8). Жахабанын Күбөлөрү ушундай адамдарды көп жолуктурушат жана аларга ушулар жөнүндө Ыйык Китептен билгенге жардам беришет.

Балким, силер бул макалаларды ошон үчүн окуп жаткандырсыңар. Кудай жөнүндө билгиңер келип жүрдү беле? Ал тилегиңерге, мүмкүн, ушинтип жооп берип жаткандыр.