Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Биринчи кезекте Кудайдын... адилдигин издегиле»

«Биринчи кезекте Кудайдын... адилдигин издегиле»

«Биринчи кезекте Кудайдын... адилдигин издегиле»

«Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (МТ. 6:33).

1, 2. Кудайдын адилдиги деген эмне жана ал эмнеге негизделет?

«МЫНДАН ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издегиле» (Мт. 6:33). Иса Тоодогу насаатында айткан бул чакырык бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрүнө жакшы тааныш. Биз жашообуздун ар бир тармагында Падышалыкты жогору баалаарыбызды жана ага берилгендик сактоону каалаарыбызды көрсөтүүгө аракет кылып келебиз. Бирок ал чакырыктын экинчи бөлүгүн, атап айтканда, анын «адилдигин издөөнү» да унутпашыбыз керек. Анда Кудайдын адилдиги деген эмне жана биринчи кезекте аны издөө деген эмнени билдирет?

2 Түп нускадагы «адилдик» деп берилген сөздү «адилеттүүлүк» же «акыйкаттык» деп да которууга болот. Демек, Кудайдын адилдиги деп анын талаптарына жана принциптерине ылайык келген акыйкаттыкты түшүнүүгө болот. Жараткан катары Жахаба Кудай эмне жакшы, эмне жаман, эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу нормаларды бекитүүгө толук укуктуу (Аян 4:11). Бирок Кудайдын адилдиги катаалдык, ырайымсыздык менен түзүлгөн мыйзамдарга, сан-эсепсиз эреже-көрсөтмөлөргө карманууну билдирбейт. Жахабанын адилдиги анын негизги сапаттарына: адилеттүүлүгүнө, ошондой эле сүйүүсүнө, акылмандыгына, күчүнө негизделет. Мындан сырткары, Кудайдын адилдиги анын эрки жана ой-ниети менен тыгыз байланышта. Адилдик Кудай ага кызмат кылгысы келгендерден талап кылган нерселерди да камтыйт.

3. а) Биринчи кезекте Кудайдын адилдигин издөө деген эмнени билдирет? б) Жахабанын адил нормаларына эмне себептен карманабыз?

3 Ал эми биринчи кезекте Кудайдын адилдигин издөө деген эмнени туюнтат? Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кудайга жагуу үчүн анын эркин аткарууну туюнтат. Анын адилдигин издөөгө өзүбүздүн эмес, анын жеткилең норма-принциптерине ылайык жашоого аракет кылуу кирет (Оку: Римдиктер 12:2). Ал эми мындай жашоо Жахаба менен болгон мамилебиз менен тыгыз байланышта. Биз анын мыйзамдарына жазалануудан корккондуктан баш ийбейбиз. Тескерисинче, Кудайды сүйгөндүктөн анын жактыруусуна ээ болуш үчүн өзүбүздүн нормаларыбызды түзбөй, анын нормаларына бекем карманууга түрткү алабыз. Ошондой эле мунун туура экенин жана чынында анын нормаларына ылайык жашагыдай кылып жаратылганыбызды түшүнөбүз. Андыктан биз, Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяктай болуп, адилдикти сүйүшүбүз керек (Эвр. 1:8, 9).

4. Кудайдын адилдигин издөө эмне үчүн абдан маанилүү?

4 Жахабанын адилдигин издөө канчалык маанилүү? Төмөнкү фактыга көңүл бурсаңар: Эйден багындагы баштапкы сыноодо Адам менен Обонун Жахабанын эмне туура, эмне туура эмес экенин аныктоого укуктуу экенин кабыл алар-албасы сыналган (Башт. 2:17; 3:5). Алардын муну кабыл албай койгону бизге, алардын урпактарына, азап-кайгы жана өлүм алып келген (Рим. 5:12). Бирок Кудай Сөзүндө адилдикке умтулган кишинин «өмүрдү, чындыкты, атак-даңкты табары» айтылат (Накыл 21:21). Ооба, эң алды Кудайдын адилдигин издөө Жахаба менен ынак мамиледе болууга, натыйжада куткарылууга жол ачат (Рим. 3:23, 24).

Адилсинип кетүүдөн сак болуу

5. Кандай тузактан сак болушубуз керек?

5 Элчи Пабыл Исанын Римдеги жолдоочуларына жазган катында Кудайдын адилдигин издөөдө ийгиликке жетүү үчүн кандай тузактан сак болушубуз керектигин баса белгилеген. Жүйүттөр тууралуу ал мындай деген: «Мен алардын Кудайга кызмат кылууда ынталуу болушканы менен, ынталуулугу так билимге ылайык келбестигин күбөлөндүрөм. Алар Кудайдын адилдигин билбей, өздөрүнүн адилдигин орнотууга умтулгандыктан Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок» (Рим. 10:2, 3). Пабылдын сөздөрүнө караганда, алар баш-оту менен өздөрүнүн адилдигин орнотууга умтулгандыктан, Кудайдын адилдиги деген эмне экенин түшүнүшкөн эмес *.

6. Кандай маанайдан качышыбыз керек жана эмне үчүн?

6 Кудайга кылган кызматыбызды мелдеш катары көрүп, башкаларга атаандашуу бизди адилсинип кетүүнүн тузагына түшүрүп коюшу мүмкүн. Мындай маанай чагылдырсак, өзүбүздү абдан акылдуу, жөндөмдүү эсептеп калышыбыз ыктымал. Бирок анда Жахабанын адилдигин унутуп койгон болмокпуз (Гал. 6:3, 4). Чынында, бизге туура иштерди кылууга Жахабага болгон сүйүү түрткү бериши керек. Ал эми өз адилдигибизди далилдөөгө аракет кылуу аны сүйөрүбүздү төгүнгө чыгармак (Оку: Лука 16:15).

7. Иса адилсинүүгө байланыштуу эмне деген?

7 Иса «өзүлөрүн адил эсептеп, башкаларды киши ордуна көрбөгөндөргө» адилсинүүгө байланыштуу мындай мисал айткан: «Эки киши ибадатканага тиленгени кирет: бири — фарисей, экинчиси — салык жыйноочу. Фарисей туруп, өзүнчө мындай деп тилене баштайт: „О, Кудай, сага ыраазымын, анткени башка адамдардай эмесмин: талап-тонобойм, адилетсиздик да, ойноштук да кылбайм же мына бул салык жыйноочудай эмесмин. Жумасына эки жолу орозо кармайм, тапканымдын ондон бир бөлүгүн берем“. Салык жыйноочу болсо алыста туруп, башын көтөрүүгө да батынбай: „О, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр“,— деп көкүрөгүн койгулайт». Иса сөзүн мындай деп жыйынтыктаган: «Силерге айтып коёюн, бул киши фарисейге караганда алда канча адил экенин көрсөтүп, үйүнө кайтты. Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт» (Лк. 18:9—14).

«Өтө адил» болуудан сак болуу

8, 9. «Өтө адил» болуу эмнени билдирет жана бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

8 Сак болушубуз керек болгон дагы бир тузак жөнүндө Насаатчы 7:16да мындай делет: «Өзүңдү өтө адил адам кылып көрсөтпө, акылдуусунба, өзүңдү өзүң ойрон кылып эмне кыласың?» Андан ары 20-аятта андай маанайдан эмне үчүн качышыбыз керектиги жөнүндө: «Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок»,— деп жазылган. «Өтө адил» киши эмне адилдикке жатарына байланыштуу өзүнүн нормаларын бекитип, башкаларды алардын негизинде соттойт. Бирок ошентүү менен өзүнүн нормаларын Кудайдыкынан жогору коюп, Анын көз алдында адил эмес экенин көрсөтүп жатканын аңдабайт.

9 «Өтө адил» киши атүгүл Жахабанын чечимдерине, иш-аракеттеринин тууралыгына шек туудурушу мүмкүн. Анткен менен Кудайдын чечимдеринин адилеттүү жана туура экенине шек саноо, адилдикке байланыштуу нормаларыбызды аныкынан жогору койгондукка тете экенин унутпашыбыз керек. Бул Жахабаны сынап, аны эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу өзүбүздүн нормаларыбыз менен соттоого жатмак. Бирок адилдикке карата кандайдыр бир нормаларды бекитүүгө биз эмес, Жахаба гана укуктуу! (Рим. 14:10).

10. Аюбдун окуясынан көрүнүп тургандай, Кудайды айыптоого эмне себеп болушу мүмкүн?

10 Албетте, эч кимибиз Кудайды атайлап айыптагыбыз келбейт. Анткен менен жеткилеңсиз табиятыбыз буга түртүп коюшу мүмкүн. Мисалы, кайсы бир нерсе туура эмес болуп жаткандай көрүнгөндө же азап чеккенибизде, Кудайды айыптай башташыбыз ыктымал. Атүгүл Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Аюб да ушундай ката кетирген. Башында ал «кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам» катары сүрөттөлөт (Аюб 1:1). Бирок кийин Аюб ага адилетсиз түрдө болуп жаткандай сезилген бир катар кыйынчылыктарды башынан өткөргөндө «өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептей» баштайт (Аюб 32:1, 2). Ырас, Аюб көз карашын оңдошу керек эле. Ошондуктан кээде ушу сыяктуу жагдайга кабылсак, таң калбашыбыз керек. Андайда ой жүгүртүүбүздү өзгөртүүгө эмне жардам берет?

Дайыма эле баарын биле бербейбиз

11, 12. а) Эгер кайсы бир нерсе адилетсиздей сезилсе, эмнени эстешибиз керек? б) Эмне үчүн айрымдарга Исанын жүзүмдүктө иштеген жумушчулар жөнүндөгү мисалында адилетсиздик чагылдырылгандай сезилиши мүмкүн?

11 Эске алчу бир нерсе: биз иштин чоо-жайын дайыма эле толук биле бербейбиз. Муну Аюбдун окуясы да ырастап турат. Ага асманда Кудайдын уулдарынын чогулганы жана ошондо Шайтандын ага жалаа жапканы маалым болгон эмес (Аюб 1:7—12, 2:1—6). Ошондой эле Аюб сыноо-азаптардын Шайтандан келгенин билген эмес. Ал тургай, ага Шайтандын ким экени да белгилүү болбосо керек. Ошол себептен ал кыйынчылыктарды Кудай жиберип жатат деп жаңылыш ойлогон. Ооба, иштин чоо-жайын билбесек, туура эмес жыйынтык чыгарып алышыбыз мүмкүн.

12 Маселен, Исанын жүзүмдүктө иштеген жумушчулар жөнүндөгү мисалын карап чыгалы (Оку: Матай 20:8—16). Анда Иса жүзүмдүктүн ээсинин бир күн кечке иштеген жумушчуларга да, бир эле саат иштегендерине да бирдей өлчөмдө акча төлөгөнүн айткан. Бул тууралуу кандай ойдосуң? Ал киши калыстык кылганбы? Балким, дароо эле мээ кайнаткан ысыкта бир күн кечке эмгектенген жумушчуларды ойлоп: «Аларга көбүрөөк төлөнүшү керек болчу!» — дейттирсиң. Ушундай көз караш менен караганда, жүзүмдүктүн ээси таш боор, адилетсиз кишидей көрүнүшү мүмкүн. Атүгүл анын нааразы болгон жумушчуларга берген жообунан да бийлигин кыянат колдонгондой сезилиши этимал. Бирок буга байланыштуу бардык нерсени эске алып жатабызбы?

13. Исанын жүзүмдүктө иштеген жумушчулар жөнүндөгү мисалына дагы кандай көз караш менен кароого болот?

13 Эми ал мисалды башкача көз караш менен карап көрөлү. Албетте, жүзүмдүктүн ээси жалданган кишилердин баары үй-бүлөсүн багышы керектигин түшүнгөн. Исанын күндөрүндө талаада иштеген жумушчулар акысын күнүнкүсүн күнүнө алышчу. Алардын үй-бүлөсү күнүгө таап келген тыйыны менен жан баккан. Ушуну эске алып, кечке маал жалдангандыктан бир эле саат иштеп калган жумушчулардын абалы тууралуу ойлоп көрсөң. Алар бир сааттык эмгек акы менен үй-бүлөсүн азыктандыра алмак эместир; бирок алар иштөөгө даяр болушкан жана бирөөнүн жалдашын бир күн кечке күтүшкөн (Мт. 20:1—7). Бир күн толук иштей албаганына алар күнөөлүү эмес болчу. Анын үстүнө, алар атайлап жумуштан качышкан деп эч жерде айтылбайт. Жакындарыңдын бир күндө таба турган акчаңан көз каранды экенин билип, жумушту керели кечке күткөнүңдү элестетсең. Ошондо жумуш табылып калса, анан да үй-бүлөңдүн тамак-ашына жетерлик акы төлөнсө, кандай сүйүнмөксүң!

14. Жүзүмдүк жөнүндөгү мисалдан кандай баалуу сабак ала алабыз?

14 Эми жүзүмдүктүн ээсинин иш-аракетин кайрадан таразалап көрөлү. Ал эч кимге аз төлөп койгон эмес. Тескерисинче, бардык жумушчулардын үй-бүлөсүн багышы керектигин эске алган. Ал жалданып иштеген жумушчулардын көптүгүнөн пайдаланып, аларды аз акчага деле иштете алмак, бирок анткен эмес. Анын талаасында иштеген жумушчулардын баары үй-бүлөсүн камсыз кылууга жетиштүү акча таап кетишкен. Ушундай кошумча маалыматтарды эске алуу жүзүмдүктүн ээсинин иш-аракетине болгон көз карашыбызды өзгөртүшү ыктымал. Анын чечими сүйүүгө негизделген жана кыянаттыкка жаткан эмес. Мындан кандай сабак алабыз? Айрым гана маалыматтардын негизинде эле жыйынтык чыгарсак, жаңылып калышыбыз мүмкүн. Чынында, бул үлгү-насаат аңгеме Кудайдын адилдигинин адамдык адилдиктен канчалык жогору турарын баса белгилеп, анын адамдардын мыйзам-эрежелерине же көз караш-нормаларына негизделбей турганын көрсөтөт.

Көз карашыбыз бурмаланган же чектелген болушу мүмкүн

15. Акыйкаттыкка болгон көз карашыбыз эмнеден улам бурмаланышы же чектелиши мүмкүн?

15 Биз дагы бир нерсени: адилетсиз сезилген жагдай-шартка кабылганыбызда, көз карашыбыздын бурмаланган жана чектелген болушу мүмкүн экенин эске алышыбыз керек. Көз карашыбыздын бурмаланышына жеткилеңсиздик, бейкалыс пикир, маданият себеп болушу ыктымал. Ошондой эле адамдардын ниетин, жүрөгүн көрүп-биле албаганыбыз да көз карашыбызды чектейт. Ал эми Жахаба менен Исанын көз карашын бурмалай турган же чектей турган бир да нерсе жок (Накыл 24:12; Мт. 9:4; Лк. 5:22).

16, 17. Дөөтү менен Бат-Шеба күнөө кетиргенде, Жахаба аларды эмне үчүн Мыйзамда талап кылынгандай жазалаган эмес?

16 Мисалы, Дөөтүнүн Бат-Шеба менен ойноштук кылганы жөнүндөгү билдирүүнү талдап көрөлү (2 Шем. 11:2—5). Мусанын мыйзамы боюнча, экөө тең өлүм жазасына тартылышы керек эле (Леб. 20:10; Мыйз. 22:22). Жахаба аларды жазаласа да, өзүнүн мыйзамында талап кылынгандай жазалаган эмес. Анда ал адилетсиздик кылганбы? Дөөтүгө жан тартып, өзүнүн адил нормаларын бузганбы? Ыйык Китепти окуган айрым адамдарга ушундай сезилет.

17 Анткен менен Жахаба ойноштукка байланыштуу бул мыйзамды жүрөктөгүнү биле албаган жеткилеңсиз сотторго берген. Бул мыйзам аларга, мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна карабай, өкүм чыгарууда ырааттуулукту сактоого көмөк кылган. Ал эми Жахаба жүрөктөгүнү окуй алат (Башт. 18:25; 1 Жылн. 29:17). Ошондуктан ал жеткилеңсиз сотторго берген мыйзамдарга сөзсүз карманышы керек деп ойлобошубуз зарыл. Эгер ошондой деп ойлосок, бул көзү мыкты көргөн бирөөнү көзү начар көргөндөр үчүн караштырылган көз айнекти кийүүгө мажбурлагандай эле болуп калбайт беле? Жахаба Дөөтү менен Бат-Шебанын жүрөгүн көрө алгандыктан, алардын чындап өкүнгөнүн байкаган. Муну эске алып, ал аларды ырайымдуулук жана сүйүү менен соттогон.

Жахабанын адилдигин издей бергиле

18, 19. Кудайды адилдикке байланыштуу өзүбүздүн нормаларыбыздын негизинде айыптабоого эмне жардам берет?

18 Ошо себептен кээде бизге Ыйык Китепти окуганыбызда же кандайдыр бир окуяны башыбыздан өткөргөнүбүздө Жахаба адилетсиздик кылгандай сезилсе да, Аны адилдикке байланыштуу өзүбүздүн нормаларыбыздын негизинде эч качан айыптабайлы. Иштин чоо-жайын дайыма эле толук биле бербесибизди жана көз карашыбыздын бурмаланган же чектелген болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы. Адамдын «ачуулануу менен... Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра албай» турганын эч качан унутпайлы (Жкп. 1:19, 20). Ошентсек, жүрөгүбүз эч качан «Теңирге кыжырданбайт» (Накыл 19:3).

19 Исадай болуп, эмне адил жана эмне жакшы экенине байланыштуу нормаларды Жахаба гана бекитүүгө укуктуу экенин эсибизге бек сактайлы (Мр. 10:17, 18). Ошондой эле анын нормаларын «так таанып-билүүгө» аракет кылалы (Рим. 10:2; 2 Тим. 3:7). Ушуларды кылсак жана Жахабанын эркине ылайык жашасак, «биринчи кезекте Кудайдын... адилдигин издеп» жатканыбызды көрсөтөбүз (Мт. 6:33).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Бир окумуштуунун айтымында, түп нускадагы «орнотуу» деп которулган сөздү «эстелик тургузуу» деп да берүүгө болот. Демек, ал жүйүттөр Кудайдын эмес, өздөрүнүн даңкы үчүн каймана мааниде эстелик тургузушкан.

Эсиңердеби?

• Жахабанын адилдигин издөө эмне үчүн маанилүү?

• Кайсы эки тузактан сак болушубуз керек?

• Канткенде Кудайдын адилдигин издеген болобуз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Исанын ибадатканада тиленген эки киши жөнүндөгү мисалынан кандай сабак алабыз?

[10-беттеги сүрөт]

11-сааттан баштап иштеген жумушчуларга да, бир күн толук иштегендерге да бирдей эле акы төлөнгөнү адилетсиздик болгонбу?