Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жолугушуулардын бекемдээрлик өтүшүнө салым кошуп жатасыңбы?

Жолугушуулардын бекемдээрлик өтүшүнө салым кошуп жатасыңбы?

Жолугушуулардын бекемдээрлик өтүшүнө салым кошуп жатасыңбы?

«Чогулганда... баарын башкаларды бекемдөө үчүн кылгыла» (1 КОР. 14:26).

1. 1 Корунттуктар 14-бөлүмгө ылайык, жолугушууларыбыздын маанилүү бир максаты кайсы?

«БҮГҮНКҮ жолугушуу аябай бекемдээрлик болду!» Падышалык залындагы жолугушууга катышкандан кийин ушул сыяктуу сөздөрдү айткан учуруң болду беле? Болгону шексиз. Жыйналыш жолугушуулары, чынында эле, бекемдөөнүн булагы. Бирок бул таң калыштуу эмес, анткени Исанын алгачкы жолдоочуларынын убагындагыдай эле, биздин жолугушууларыбыздын маанилүү бир максаты — ага катышкандардын баарын рухий жактан бекемдөө. Элчи Пабылдын Корунттагы ишенимдештерине жазган биринчи катында жолугушуулардын өзгөчө бир максаты тууралуу эмне дегенине көңүл бурсаңар. 14-бөлүмдө ал жыйналыш жолугушууларынын ар бир бөлүгү «жыйналышты бекемдөө максатында» өткөрүлүшү керектигин бир нече ирет баса белгилеген (Оку: 1 Корунттуктар 14:3, 12, 26) *.

2. а) Жолугушуулар эмненин аркасында бекемдээрлик болот? б) Кайсы суроону карап чыгабыз?

2 Биз жолугушуулардын баарынан мурда Кудайдын рухунун таасиринин аркасында бекемдээрлик, дем-күч берерлик болорун түшүнөбүз. Ошондуктан ар бир жыйналышты асмандагы Атабыз Жахабага чын жүрөктөн кайрылып, жолугушуубузга ыйык руху аркылуу батасын беришин сурап тиленүү менен баштайбыз. Бирок биз жолугушуунун программасы мүмкүн болушунча бекемдээрлик болушуна жыйналыштын ар бир мүчөсү салым кошо аларын билебиз. Анда Падышалык залында жума сайын өткөрүлгөн жолугушуулар дайыма рухий жактан сергитип-бекемдээрлик болушу үчүн, жеке ар бирибиз эмне кылсак болот?

3. Жыйналыш жолугушуулары канчалык маанилүү?

3 Бул суроого жооп алуу үчүн жолугушуулардын аны алып барган бир туугандар эске алышы керек болгон айрым өзгөчөлүктөрүн карап чыгалы. Ошондой эле алардын катышкандардын баарын кайраттандыргыдай болушуна жалпы жыйналыш кантип өбөлгө түзө аларына токтололу. Жолугушууларыбыз ыйык болгондуктан, бул бизди өзгөчө кызыктырат. Ырас, жолугушууларга баруу жана катышуу — Жахабага сыйынуунун маанилүү бөлүгү (Заб. 25:12; 110:1; Ыш. 66:22, 23).

Ыйык Китепти изилдөөгө арналган жолугушуу

4, 5. «Күзөт мунарасын» изилдөөнүн максаты эмнеде?

4 Баарыбыз жума сайын өткөрүлгөн «Күзөт мунарасын» изилдөөдөн толук пайда алгыбыз келет. Андыктан ошол жолугушуунун негизги максатын так түшүнүү үчүн «Күзөт мунарасы» журналына жана изилдөө макалаларына кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин карап көрөлү.

5 «Күзөт мунарасынын» 2008-жылдын 15-январында чыккан изилдөөгө арналган биринчи санынан тартып журналдын тышына маанилүү бир нерсе кошулган. Аны байкадың беле? Колуңдагы журналдын тышын карап көрсөң. Ал жерден мунаранын асты жагында ачылып турган Ыйык Китепти көрөсүң. Бул сүрөт «Күзөт мунарасын» эмне үчүн изилдеп жатканыбызды көрсөтүп турат. Биз бул журналдын жардамы менен Ыйык Китепти изилдейбиз. Ооба, жума сайын өткөрүлгөн «Күзөт мунарасын» изилдөө учурунда, Некемиянын убагындагыдай эле, Кудайдын Сөзүнүн мааниси чечмеленип, түшүндүрүлүп берилет (Нек. 8:8; Ыш. 54:13).

6. а) «Күзөт мунарасын» изилдөөгө кандай өзгөртүү киргизилген? б) «Оку» деп белгиленген аяттарга байланыштуу эмнени эске алуу керек?

6 Ыйык Китеп биздин негизги куралыбыз болгондуктан, «Күзөт мунарасын» изилдөөгө бир өзгөртүү киргизилген. Изилдөө макаласында келтирилген бир нече аят «оку» деп белгилене баштаган. Жолугушуу учурунда андай аяттар окулганда, баарыбыз өзүбүздүн Ыйык Китебибизден карап отурууга чакырылабыз (Элч. 17:11). Эмне үчүн? Себеби Кудайдын Ыйык Китептеги кеңешин өз көзүбүз менен көргөнүбүз бизге тереңирээк таасир этет (Эвр. 4:12). Ошондуктан ал аяттар үн чыгара окулганга чейин изилдөөнү алып барган бир тууган, жыйналыштагылардын баары аяттарды ачып кошо окуй алышы үчүн, жетиштүү убакыт бериши керек.

Ишенимибизди билдирүүгө көбүрөөк убакыт бөлүндү

7. «Күзөт мунарасын» изилдөө учурунда бизде кандай мүмкүнчүлүк бар?

7 «Күзөт мунарасынын» изилдөө макалаларынын узундугуна байланыштуу да өзгөртүүлөр киргизилген. Акыркы жылдары алар кыскараак болуп калды. Ошонун аркасында изилдөө учурунда абзацтарды окууга азыраак убакыт кетип, комментарий берүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнүүдө. Эми жыйналышта мурдагыга караганда көбүрөөк киши макаладагы суроолорго жооп берип, аяттарды колдонуп, ыйык китептик принциптерге ылайык иш кылуу акылмандыкка жатарын көрсөткөн кыскача окуяларды айтып же башка жолдор менен ишенимин эл алдында билдире алат. Эске алчу нерсе, сүрөттөрдү талкуулоого да убакыт бөлүү керек (Оку: Забур 21:23; 34:18; 39:10).

8, 9. «Күзөт мунарасын» изилдөөнү алып барган бир туугандын ролу кандай болушу керек?

8 Бирок «Күзөт Мунарасын» изилдөө учурунда катышуучулар кыска жооп бергенде жана изилдөөнү алып барган бир тууган өтө көп сүйлөөдөн качканда гана жыйналыштагылар ошол кошумча убакыттан пайдаланып, ар түрдүү комментарийлерди бере алышат. Анда алып баруучуга, жолугушуу баарын бекемдеши үчүн, өзүнүн сөзүн жана жыйналыштагылардын комментарийлерин тең салмакташтырууга эмне жардам берет?

9 Буга жооп алуу үчүн бир мисал келтирели. «Күзөт мунарасын» изилдөө жакшы өткөрүлгөндө көз жоосун алган гүлдестедей болот. Чоң гүлдесте түркүн-түстүү гүлдөрдөн жасалгандай эле, «Күзөт мунарасын» изилдөө ар кандай комментарийлерден түзүлөт. Гүлдестедеги ар бир гүлдүн чоңдугу, түсү ар башка болгон сыяктуу, жолугушуу учурунда комментарийлер ар кандайча берилет жана узундугу боюнча бири-биринен айырмаланат. Ал эми алып баруучунун ролу кандай болушу керек? Анын анда-санда айткан комментарийлери гүлдестеге кылдаттык менен кошулган анча көп эмес жалбыракчалардай болушу абзел. Алар гүлдестени жаап калбайт, тескерисинче, ага белгилүү бир форма берип, бириктирип турат. Ошол сыңары, изилдөөнү алып барган бир тууган анын ролу талкууда басымдуулук кылуу эмес, жыйналыштагылардын Жахабаны даңктап айткан сөздөрүн толуктоо болушу керектигин эстен чыгарбашы кажет. Ооба, жыйналыштагылардын ар түрдүү жооптору менен алып баруучунун орду менен айтылган сөздөрү чебер бириктирилгенде, катышуучулардын баарына ырахат тартуулай турган сөздөрдүн кооз гүлдестеси түзүлөт.

«Дайыма Кудайга мактоо курмандыгын... алып келели»

10. Исанын алгачкы жолдоочулары жыйналыш жолугушууларына кандай карашкан?

10 Пабылдын 1 Корунттуктар 14:26—33-аяттарда жыйналыш жолугушуулары тууралуу айткандарынан алардын 1-кылымда кантип өткөрүлгөнүн биле алабыз. Бир ыйык китептик окумуштуу бул аяттар жөнүндө мындай деп жазган: «Исанын жолдоочуларынын алгачкы жолугушууларына байланыштуу баса белгилей кетчү нерсе, жыйналышка барган дээрлик ар бир киши ага кандайдыр бир салым кошууну сыймык катары да, милдет катары да көргөн. Анын максаты тек гана угуп отуруу болгон эмес; ал алуу үчүн эле эмес, берүү үчүн да барчу». Арийне, Исанын алгачкы жолдоочулары жыйналыш жолугушууларына катышууну ишенимин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк катары көрүшчү (Рим. 10:10).

11. а) Жолугушуулардын бекемдээрлик болушуна эмне өбөлгө түзөт жана эмне үчүн? б) Кайсы кеңештерди колдонуу комментарийлерибизди жакшыртууга жардам берет? (Шилтемени кара.)

11 Жолугушууларда ишенимибизди билдирүү менен «жыйналышты бекемдөөгө» зор салым кошобуз. Жыйналышка канча жылдан бери катышпа, бир туугандардын комментарийлерин угуу дагы деле кубаныч тартуулаарына кошуларың күмөнсүз. Улгайган ишенимдүү бир тууганыбыздын чын дилден берген жообу жүрөгүбүздү козгойт, камкор аксакалдын терең ойлору бекемдеп-кайраттандырат, ал эми кичинекей баланын Жахабага болгон сүйүүсүн көрсөтүп, өз сөзү менен берген жооптору ичибизди жылытпай койбойт. Мындан көрүнүп тургандай, жыйналышта комментарий берүү менен баарыбыз жолугушуулардын бекемдээрлик болушуна өбөлгө түзөбүз *.

12. а) Муса менен Жеремиянын мисалынан эмнеге үйрөнүүгө болот? б) Комментарий берүүдө тиленүү кандай роль ойнойт?

12 Бирок табиятынан уялчаак келгендерге жыйналышта жооп берүү аябай кыйын болушу мүмкүн. Эгер уялчаактык сага комментарий берүүгө тоскоолдук кылып жатса, жалгыз эмес экениңди унутпа. Атүгүл Кудайдын Муса, Жеремия сыяктуу ишенимдүү кызматчылары да эл алдында сүйлөөдөн жазганышкан (Чыг. 4:10; Жер. 1:6). Анткен менен, Жахаба аларга аны эл алдында даңктоого жардам бергендей эле, сага да «мактоо курмандыгын» алып келүүгө жардам берет (Оку: Эврейлер 13:15). Анда жооп берүүдөн коркуу сезимин жеңүүгө Жахабадан кантип жардам ала аласың? Алгач жыйналышка жакшылап даярдан. Анан Падышалык залына барарда Жахабага жооп берүүгө кайраттуулук беришин сурап тилен (Флп. 4:6). Бул өтүнүчүң «анын эркине ылайык» келет, ошондуктан Жахабанын ага жооп берерине эч шек санаба (1 Жкн. 5:14; Накыл 15:29).

Кайраттандыруу, бекемдөө, жубатуу үчүн караштырылган

13. а) Жолугушууларыбыз ага катышып жаткандарга кандай таасир этиши керек? б) Кайсы суроо аксакалдар үчүн өзгөчө мааниге ээ?

13 Пабыл жыйналыш жолугушууларынын маанилүү бир максаты ага келгендерди кайраттандыруу, бекемдөө жана жубатуу болушу керектигин белгилеген * (1 Кор. 14:3). Бүгүнкү күндө аксакалдар жолугушуулардын алар алып чыккан бөлүктөрүнүн бир туугандарга дем-күч берип, жубатып жатканына кантип ынана алышат? Бул суроого жооп алуу үчүн Исанын тирилтилгенинен көп өтпөй өткөргөн жолугушуусун карап чыгалы.

14. а) Иса элчилерин жолугушууга чакырардын алдында кандай окуялар болгон? б) Эмне үчүн Иса элчилери менен сүйлөшкөндө, алар жеңилдей түшкөн деп айтууга болот?

14 Адегенде ошол жолугушуунун алдында кандай окуялар болуп өткөнүнө көңүл буралы. Иса өлүм жазасына тартыларда, элчилер «аны таштап, качып кетишет» жана алдын ала айтылгандай, ар кимиси өз үйүнө кетип калат (Мр. 14:50; Жкн. 16:32). Тирилтилгенден кийин Иса ындыны өчкөн элчилерин атайы жолугушууга чакырат *. Ошондо анын «он бир шакирти Галилеяга, ал айткан тоого барышат». Ал жактан «Иса алардын жанына келип», алар менен сүйлөшөт (Мт. 28:10, 16, 18). Иса демилгени колго алып, элчилерине жолукканда, алардын кандай жеңилдей түшкөнүн элестетсең! Иса аларга эмне деген?

15. а) Иса жолугушууда эмне жөнүндө айткан жана эмне жөнүндө айткан эмес? б) Жолугушуу элчилерге кандай таасир эткен?

15 Иса сөзүн: «Бийликтин баары мага берилди»,— деп баштаган. Анан жолдоочуларына: «Баргыла да... шакирт даярдагыла»,— деген тапшырма берген. Аягында аларды: «Мен ар күнү силер менен болом»,— деген жылуу сөздөр менен бекемдеген (Мт. 28:18—20). Бирок Исанын эмнелерди кылбаганына көңүл бурдуңбу? Ошол жолугушууда ал элчилерин айыптаган эмес жана алардын ниетинин тазалыгына шек туудуруп же ишеними алсырай түшкөнүн баса көрсөтүп, аларды ого бетер күнөөлүү сездирген эмес. Тескерисинче, аларга олуттуу тапшырма берүү менен өзүнүн жана Атасынын сүйүүсүнө ынандырган. Исанын мамилеси элчилерине кандай таасир эткен? Бул аларды ушунчалык кайраттандырып, бекемдеп, жубаткандыктан, ошол жолугушуудан көп өтпөй алар кайрадан «жакшы кабар жарыялоого» киришишкен (Элч. 5:42).

16. Сергитүүнүн булагы болгон жолугушууларды алып барууда аксакалдар Исаны кантип туурай алышат?

16 Исаны туурап, бүгүнкү күндө аксакалдар жолугушууларды ишенимдештерин Жахабанын өз элин аябай жакшы көрөрүнө ынандырууга мүмкүнчүлүк катары карашат (Рим. 8:38, 39). Андыктан алар программанын пункттарын алып барганда бир туугандардын алсыз жактарына эмес, күчтүү жактарына көңүл топтошот. Ошондой эле алардын ниетинин тазалыгына шек туудурушпайт. Тескерисинче, сүйлөгөн сөзү менен бир туугандарды Жахабаны сүйгөн, туура иш кылгысы келген адамдар катары эсептээрин көрсөтүшөт (1 Тес. 4:1, 9—12). Албетте, аксакалдарга кээде жалпы жыйналышка кеңеш берүүгө туура келиши мүмкүн. Бирок кеңешке бир нече эле бир тууган муктаж болуп жатса, андай кеңешти аларга жекече берген дурус (Гал. 6:1; 2 Тим. 2:24—26). Жалпы жыйналышка кайрылганда аксакалдар мүмкүнчүлүк болгон сайын мактоого умтулушат (Ыш. 32:2). Алар жолугушууга келгендердин баары сергип, күч-кубат алып кеткидей маанайда сүйлөшөт (Мт. 11:28; Элч. 15:32).

Сооронуунун булагы

17. а) Жолугушууларыбыздын коопсуз жай болушу эмне себептен болуп көрбөгөндөй маанилүү? б) Жолугушуулардын бекемдээрлик болушуна кантип салым кошо аласың? («Жолугушууларды өзүң жана башкалар үчүн бекемдээрлик кылуунун 10 жолу» деген кутучаны кара.)

17 Шайтандын дүйнөсүнүн кысымы барган сайын күчөп бараткандыктан, биз жыйналыш жолугушуулары баарын сооротуп-бекемдеген коопсуз жай болушуна кам көрүшүбүз керек (1 Тес. 5:11). Бир нече жыл мурун жолдошу менен оор сыноону башынан өткөргөн бир эже мындай деп эскерет: «Падышалык залында өзүбүздү Жахабанын канатынын астында коргологондой сезчүбүз. Ал жерде бир туугандарыбыздын курчоосунда бир нече саат болгонубузда түйшүгүбүздү Жахабага тапшырсак болоруна ынанып, жан дүйнө тынчтыгына ээ болчубуз» (Заб. 54:23). Эмесе, жолугушууларыбызга келгендердин баары ушинтип бекемделип, соороно берсин. Ан үчүн жыйналыш жолугушууларынын бекемдээрлик болушуна бардык аракетибизди жумшай берели.

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Алдын ала айтылгандай, Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын жолугушууларында көрсөтүлгөн кээ бир жөндөмдүүлүктөр жоюлган. Мисалы, бүгүнкү күндө биз «ар кандай тилдерде сүйлөбөйбүз», «пайгамбарлык кылбайбыз» (1 Кор. 13:8; 14:5). Ошентсе да Пабылдын көрсөтмөлөрү бизге жыйналыш жолугушуулары кандай өткөрүлүшү керектигин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

^ 11-абз. Жыйналышта берген комментарийлерибизди жакшыртууга байланыштуу кеңештерди 2003-жылдын 1-сентябрындагы «Күзөт мунарасынын» 19—22-беттеринен табууга болот, ор.

^ 13-абз. «Вайндын Эски жана Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүндө» «бекемдөө» менен «жубатуу» деген сөздөрдүн ортосундагы айырма көрсөтүлгөн. Анда «жубатуу» деп которулган грек сөзүнүн «[бекемдөөгө] караганда назиктикти көбүрөөк камтый» турганы айтылган (Салыштыр: Жакан 11:19).

^ 14-абз. Бул жолугушуу, кийинчерээк Пабыл айткандай, Иса «беш жүздөн ашык биртууганга көрүнгөндөгү» жолугушуу болушу мүмкүн (1 Кор. 15:6).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жыйналыш жолугушуулары канчалык маанилүү?

• Кандайча комментарийлерибиз «жыйналышты бекемдөөгө» шарт түзөт?

• Исанын өзүнүн жолдоочулары менен өткөргөн жолугушуусунан эмнеге үйрөнсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[22, 23-беттеги кутуча]

ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ӨЗҮҢ ЖАНА БАШКАЛАР ҮЧҮН БЕКЕМДЭЭРЛИК КЫЛУУНУН 10 ЖОЛУ

Алдын ала даярдан. Падышалык залында талкуулана турган материалды алдын ала изилдеп чыксаң, жолугушууга көбүрөөк көңүл топтоп, көбүрөөк таасир аласың.

Жолугушууларды калтырба. Жолугушууга канчалык көп киши келсе, ошончолук бекемдээрлик болот, андыктан сенин да катышканың маанилүү.

Убагында бар. Программа башталганга чейин орун алсаң, Жахабага сыйынуунун ажырагыс бөлүгү болгон алгы ыр менен тиленүүгө катыша аласың.

Керектүү адабияттарды ала бар. Талкууланып жаткан нерсеге кошо көз жүгүртүп, аны терең түшүнүш үчүн Ыйык Китебиңди жана жолугушууда колдонула турган адабияттарды ала бар.

Алаксыба. Мисалы, СМС билдирүүлөрдү жолугушуу учурунда эмес, андан кийин оку. Ошондо жеке иштериңди тийиштүү орунга койгон болосуң.

Катыш. Ишенимибизди көрсөткөн ар түрдүү комментарийлер канчалык көбүрөөк берилсе, ошончолук көп киши бекемделет.

Кыска жооп бер. Бул көбүрөөк кишиге комментарий берүүгө шарт түзөт.

Тапшырмаңды жакшы аткар. Теократиялык кызмат мектебинен же кызмат жолугушуусунан тапшырма алганда жакшылап даярдан, алдын ала кайталап көнүк жана тапшырмаңды сөзсүз аткарууга аракет кыл.

Катышкандарды макта. Жолугушууда тапшырма менен чыккандарды жана жооп бергендерди алардын аракети канчалык баалуу экенин айтып макта.

Пикирлеш. Жолугушууга чейин жана андан кийин жылуу учурашуу, бекемдээрлик пикирлешүү жолугушууларыбыздан алган кубанычыбызды арттырып, көбүрөөк пайда алууга көмөк кылат.