Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улан-кыздар, Кудай Сөзүнө жетектелгиле

Улан-кыздар, Кудай Сөзүнө жетектелгиле

Улан-кыздар, Кудай Сөзүнө жетектелгиле

«Даанышмандыкка ээ бол, акылмандуулукка ээ бол» (НАКЫЛ 4:5).

1, 2. а) Элчи Пабылга өзү менен күрөшүүдө ийгиликке жетүүгө эмне жардам берген? б) Акылмандыкка жана түшүнүккө кантип ээ боло аласың?

«ТУУРА нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат». Бул сөздөрдү ким айткан? Элчи Пабыл. Ал Жахабаны жакшы көрсө да, кээде ага туура иштерди кылуу кыйынга турган. Ичиндеги ушундай күрөштөн улам ал кандай сезимде болгон? «Мен бир байкуш адаммын!» — деген ал (Рим. 7:21—24). Сен да аныкындай сезимде болдуң беле? Сага кээде туура иштерди кылуу оор болобу? Пабылдай болуп, ушундан улам көңүлүң чөгөбү? Ошондой болсо, ындыныңды өчүрбө. Пабыл ал кыйынчылыктар менен ийгиликтүү күрөшө алган, сен да ошенте аласың.

2 Пабыл «туура сөздөргө» жетектелгендиктен ийгиликке жеткен (2 Тим. 1:13, 14). Натыйжада көйгөйлөрү менен күрөшүүгө жана туура чечимдерди чыгарууга зарыл акылмандыкка, түшүнүккө ээ болгон. Жахаба Кудай сага акылмандыкка жана түшүнүккө ээ болууга жардам берет (Накыл 4:5). Ал өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу эң мыкты кеңештерди берет (Оку: 2 Тиметей 3:16, 17). Анда Жазмадагы принциптерди колдонуу ата-энең менен мамилелешүүдө, акча кармоодо жана жалгыз болгондо кандай пайда алып келерин карап көрөлү.

Үй-бүлөдө Кудай Сөзүнө жетектелгиле

3, 4. Ата-эненин эрежелерине баш ийүү эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн, бирок алар эрежелерди эмне себептен коюшат?

3 Сага ата-энеңдин эрежелерин аткаруу кыйынбы? Эмне үчүн мындай болушу мүмкүн? Мунун бир себеби эркинирээк болууну каалаганыңда болушу ыктымал. Бул табигый нерсе жана өсүп-жетилип жатканыңдын белгиси. Бирок ата-энең менен жашап жаткан учурда алардын тилин алууга милдеттүүсүң (Эф. 6:1—3).

4 Ата-энеңдин эреже-талаптарды эмне себептен коёрун жакшы түшүнсөң, аларды аткаруу кыйла оңой болот. Балким, кээде ата-энеңе карата 18 жашар Бриелдикиндей * сезимде болоттурсуң. Ал мындай деген: «Ата-энем мага менин курагымда болуп көрбөгөнсүп мамиле кылат. Алар өз оюмду айтышымды, өз алдынча чечим чыгарышымды, чоңоюшумду каалашпайт». Сага да ата-энең жетиштүү эркиндик бербей жаткандай сезилиши мүмкүн. Анткен менен алар эрежелерди баарынан мурда сенин жыргалчылыгыңды көздөгөндүктөн коюшат. Андан тышкары, Исанын жолун жолдогон ата-энелер балдарына кандай кам көрүп жатканына байланыштуу Жахабанын алдында жооптуу экенин билишет (1 Тим. 5:8).

5. Ата-энеңе тил алуудан кандай пайда аласың?

5 Ата-энеңдин айткандарын аткарууну банктан алган карызды төлөөгө салыштырууга болот. Ишеничтүү болуп, төлөмдөрүңдү убагында берип турсаң, банк сага көбүрөөк насыя берүүгө даяр болот. Ошол сыңары, сен ата-энеңе тил алуу жана урмат-сый «карызсың» (Оку: Накыл сөздөр 1:8). Канчалык тил алчаак болсоң, ата-энең ошончолук көбүрөөк эркиндик берет (Лк. 16:10). Бирок эрежелерин дайыма эле буза берсең, алардын «насыяны» кыскартары же такыр бербей коёру турган иш.

6. Ата-энелер балдарына тил алчаак болууга кантип жардам бере алышат?

6 Ата-энелер өздөрүнүн үлгүсү менен балдарына эрежелерге баш ийүүгө жардам бере алышат. Алар Жахабанын талаптарына даярдуулук менен баш ийүү менен анын талаптарына кармануу акылдуулукка жатарын, оор эмес экенин көрсөтүшү керек. Бул балдарга ата-эненин талаптарына так ошондой көз карашта болууга өбөлгө түзөт (1 Жкн. 5:3). Андан тышкары, Ыйык Китепте Жахабанын өз кызматчыларына айрым маселелерге байланыштуу өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бергени жөнүндө айтылат (Башт. 18:22—32; 1 Пад. 22:19—22). Анда ата-энелер да балдарына ар кандай маселелерге карата өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бериши керек эмеспи?

7, 8. а) Жаштарга эмне кыйынга турат? б) Эмнени түшүнүү сага тартипке салуу чарасынан пайда алууга жардам берет?

7 Жаштарга ата-энесинин адилетсиз айтылгандай сезилген сын-пикирин кабыл алуу да кыйынга турат. Кээде сен Крейгдикиндей сезимде болушуң ыктымал. Ал: «Апам так эле тыңчыдай болуп, качан болбосун кемчилик-каталарымды издей берет»,— дейт.

8 Кимдир бирөө бизге кеңеш бергенде же оңдоп-түзөгөндө сындап жаткандай сезилиши мүмкүн. Ыйык Китепте тартипке салуу чарасын кабыл алуу, атүгүл ал адилеттүү болгон күндө да, кыйынга турары айтылат (Эвр. 12:11). Сага оңдоо чарасынан пайда алууга эмне жардам берет? Ата-энеңдин сени жакшы көргөндүктөн акыл-насаат айтарын эсиңен чыгарба (Накыл 3:12, «ЖД»). Алар сени жаман адаттарды өрчүтүп алышыңдан сактап, жакшыларын өрчүтүүгө жардам берүүнү каалашат жана сени тартипке салбай коюу жек көрүүгө тете экенин түшүнүшөт (Оку: Накыл сөздөр 13:24). Ошондой эле ката кетирүү үйрөнүү процессинин бир бөлүгү экенин унутпа. Ошондуктан ата-энең сени оңдоп-түзөгөндө, алардын сөзүндө кандай акылмандык жашырылып жатканын баамдай билүүгө аракет кыл. «Акылга ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, анын жемиши алтындан артык» (Накыл 3:13, 14).

9. Балдардын ата-энесинин адилетсиздей сезилген мамилесине көңүл топтогондун ордуна эмне кылганы дурус?

9 Бирок ата-энелер да ката кетиришет (Жкп. 3:2). Алар сени тартипке салып жатып кээде ойлонбой сүйлөп алышы мүмкүн. Буга алардын стресс болуп же ката кетиргениңде, туура эмес тарбия берип жатабызбы деп өздөрүн күнөөлөп жатканы себеп болушу ыктымал. Андыктан алардын адилетсиздей сезилген мамилесине эле көңүл топтой бербей, сага жардам берүүгө чын дилден аракет жасап жатканына ыраазычылык билдирүүгө эмне үчүн болбосун? Тарбияны кабыл ала билгениң чоңойгондо сага чоң пайдасын тийгизет.

10. Ата-энеңдин эреже-көрсөтмөлөрүн туура кабыл алууга эмне жардам берет?

10 Ата-энеңдин эреже-көрсөтмөлөрүн туура кабыл алып, алардан пайда алгың келеби? Анда алар менен жакшы пикир алышууга үйрөн. Муну кантип кылууга болот? Биринчи кадам — кунт коюп угуу. Ыйык Китепте кеңеш кылынгандай, «укканга даяр болуп», «сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпа» (Жкп. 1:19). Шак эле актанып кирбей, сезимдериңди башкарып, ата-энеңдин айткандарын көкүрөгүңө түйүп алууга аракет кыл. Кандай айтылганына эмес, эмне айтылганына көңүл бур. Анан катаңды мойнуңа алуу менен алардын айткандарын түшүнүп, кабыл алганыңды көрсөт. Ошентүү менен ата-энеңди алардын сөзүн кулактын сыртынан кетирбегениңе ынандырасың. Эмне себептен тигиндей же мындай сүйлөгөнүңдү же иш кылганыңды түшүндүргүң келсечи? Көп учурда ата-энеңдин айткандарын орундатмайынча тилиңди тыя билгениң акылдуулукка жатат (Накыл 10:19). Ата-энең алардын сөздөрүнө кулак кагып жатканыңды көргөндө сени да даярдуулук менен угушат. Жетилгендикти чагылдырган мындай иш-аракеттер Кудайдын Сөзүнө жетектелип жатканыңды айгинелейт.

Акчаны колдонууда Кудай Сөзүнө жетектелгиле

11, 12. а) Кудай Сөзү акчага байланыштуу бизди эмнеге үндөйт жана эмне үчүн? б) Ата-энең сени акча кармоого кантип үйрөтө алат?

11 Ыйык Китепте акчанын «далдаа» болору айтылат. Бирок ошол эле аятта акылмандыктын акчага караганда алда канча баалуу экени баса белгиленет (Нас. 7:12). Кудайдын Сөзү бизди акчаны сүйүүгө эмес, анын баалуулугун түшүнүүгө үндөйт. Эмне себептен акчага болгон сүйүү өрчүтүп алуудан сак болушуң керек? Мындай мисал келтирели: курч бычак — чебер ашпозчунун колунда пайдалуу курал. Бирок ошол эле бычак этият колдонбогон бирөөнүн колуна тийсе, залакалуу болушу ыктымал. Анын сыңарындай, акча акылдуулук менен колдонулганда пайда алып келет. Бирок «баюуга ниеттенгендер» достору, үйүндөгүлөрү, атүгүл Кудай менен болгон мамилесин курмандыкка чалып, өздөрүн «көптөгөн азаптарга дуушар» кылышат (Оку: 1 Тиметей 6:9, 10).

12 Акчаны жакшы кармай билүүгө кантип үйрөнсөң болот? Ата-энеңен акчаны туура бөлүштүрүүгө байланыштуу кеңеш сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун? «Акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат»,— деп жазган Сулайман (Накыл 1:5). Анна деген кыз ата-энесинен буга байланыштуу кеңеш сураган. Ал: «Атам мага бюджет түзгөндү үйрөттү жана акчаны сарптоодо уюшкандыктын канчалык маанилүү экенин түшүндүрүп берди»,— дейт. Апасы да ага пайдалуу кеңештерди берген. «Апам бир нерсе сатып алардан мурун бааларды салыштыруу пайдалуу экенин көрсөттү»,— дейт ал. Мындан Анна кандай пайда алган? Ал мындай дейт: «Азыр мен өз акчамды туура колдонгонду билем. Канча акча коротуп жатканымды кылдат эсептеп тургандыктан жөнү жок эле карызга батпайм. Мунун аркасында өзүмдү эркин сезем, жан дүйнөм да тынч».

13. Акчаны сарптоодо өзүңдү кантип башкарсаң болот?

13 Эгер кайсы бир нерсени алгың келип кеткендиктен эле же досторуңду таасирлентиш үчүн эле сатып ала берсең, кантип карызга батып кеткениңди өзүң да билбей каласың. Мындай тузакка түшүп калбоого эмне жардам берет? Акчаны сарптоодо өзүңдү кармай билишиң керек. 20дан ашкан Елена так ошондой кылат. Ал мындай дейт: «Досторум менен бир жакка барарда алдын ала пландаштырып, канча короторумду чечип алам... Ошондой эле бир нерсе сатып алууга акчаны үнөмдөй билген жана биринчи көргөн нерсени эле алууга эмес, бааларды салыштырып көрүүгө үндөгөн досторум менен барам».

14. Эмне үчүн «алдама байлыктан» сак болушуң керек?

14 Акча табуу жана аны колдоно билүү — жашообуздун маанилүү бөлүгү. Анткен менен Иса адам «рухий муктаждыгын сезгенде» гана чындап бактылуу болорун айткан (Мт. 5:3, шилтеме). Ошондой эле ал рухий нерселерге болгон кызыгууну «алдама байлык» сыяктуу нерселер басып салышы мүмкүн экенин эскерткен (Мр. 4:19). Анда Кудай Сөзүнө жетектелгениң жана акчага карата тең салмактуу көз караш сактаганың канчалык маанилүү!

Жалгыз болгондо Кудай Сөзүнө жетектелгиле

15. Кудайга болгон берилгендигиң качан көбүрөөк сыналышы мүмкүн?

15 Кудайга болгон берилгендигиң качан көбүрөөк сыналат деп ойлойсуң? Башкалар менен болгонуңдабы же жалгыз калганыңдабы? Ооба, мектепте же жумушта рухий жактан сергек болуп, кабылышың мүмкүн болгон сыноолорго даяр болосуң. Ал эми эс алып, өзүңдү эркин сезген жана анча сергек болбогон учурларда адеп-ахлак нормаларын бузууга көбүрөөк азгырылышың ыктымал.

16. Эмне үчүн жалгыз болгондо да Жахабага баш ийишиң керек?

16 Эмне үчүн жалгыз болгондо да Жахабага баш ийишиң керек? Жахабанын жүрөгүн же оорутушуң же кубантышың мүмкүн экенин эсиңен чыгарба (Башт. 6:5, 6; Накыл 27:11). Жахаба сенин иш-аракеттериңе кайдыгер карабайт, себеби ал сага «кам көрөт» (1 Пет. 5:7). Ал пайда алышың үчүн аны угушуңду каалайт (Ыш. 48:17, 18). Байыркы Ысрайылдагы айрым кызматчылары анын кеңештерин кабыл албай койгондо, ал абдан кайгырган (Заб. 77:40, 41). Бирок Даниел пайгамбарды көргөндө Жахабанын жүрөгү жылыган, ошондуктан периште аны «эң сүйүктүү адам» деп атаган (Дан. 10:11). Эмне үчүн? Даниел элдин көзүнчө эле эмес, жалгыз калганда да Кудайга болгон берилгендигин сактаган (Оку: Даниел 6:10).

17. Көңүл ачууну тандоодо өзүңө кандай суроолорду берип көрсөң болот?

17 Эч ким жокто да Кудайга берилгендигиңди сактоо үчүн «түшүнүү жөндөмүңдү» өрчүтүп, туура деп билген нерселериңди «иш жүзүндө колдонуунун аркасында» аны «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө» үйрөтүшүң керек (Эвр. 5:14). Мисалы, кайсы музыканы угууну, кандай фильмдерди көрүүнү же кайсы Интернет сайттарына кирүүнү чечүүдө туурасын тандап, туура эмесин четке кагышың үчүн өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр: бул мени боорукер болууга үндөйбү же «бирөөнүн башына мүшкүл түшкөнүнө кубанууга» түрткү береби? (Накыл 17:5). Бул мага «жакшылыкты сүйүүгө» жардам береби же «жамандыкты жек көрүүгө» тоскоолдук кылабы? (Амос 5:15). Жалгыз болгондо эмне кыларың эмнени чындап баалаарыңды айкын кылат (Лк. 6:45).

18. Эгер эч кимге билдирбей жаман иш кылып жүрсөң, эмне кылышың керек жана эмне үчүн?

18 Эгер эч кимге билдирбей жаман иш кылып жүрсөң, эмне кылышың керек? «Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпей» турганын, «ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынарын» унутпа (Накыл 28:13). Жаман жолдон бурулбай, «Кудайдын ыйык рухун капалантуу» кандай акылсыздык болуп калар эле (Эф. 4:30). Сен Кудайдын, ата-энеңдин жана өзүңдүн алдыңда күнөөңдү моюнга алууга милдеттүүсүң. Бул жагынан жыйналыштын аксакалдары сага чоң жардам бере алышат. Шакирт Жакып мындай деген: «Алар [күнөө кылган кишини] Жахабанын атынан май менен майлап, ал үчүн тиленишсин. Ишеним менен айтылган тиленүү оорулууну айыктырат жана Жахаба аны тургузат. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет» (Жкп. 5:14, 15). Ооба, күнөөңдү ачык айтканда оңтойсузданышың, уялышың жана күнөөңдүн жагымсыз кесепеттерин тартышың мүмкүн. Бирок кайрат топтоп, жардам сурасаң, көптөгөн азаптардан качасың жана таза абийирге ээ болуунун аркасында бир топ жеңилдеп каласың (Заб. 31:1—5).

Жахабанын жүрөгүн кубант

19, 20. Жахаба сага эмнени каалайт, бирок ан үчүн эмне кылышың керек?

19 Жахаба «бактылуу Кудай» жана ал сенин бактылуу болушуңду каалайт (1 Тим. 1:11). Ал сенин жыргалчылыгыңа абдан кызыкдар. Туура иштерди кылуу үчүн жумшаган аракеттериңди эч ким байкабаса да, ал байкабай койбойт. Эч нерсе Жахабанын көз жаздымында калбайт. Ал сага кемчилик-катаңды табыш үчүн эмес, жакшы иш кылууга көмөк кылуу үчүн көз кырын салат. Ырас, Кудай «Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылн. 16:9).

20 Андыктан Кудай Сөзүнө жетектелип, андагы кеңештерди жашооңдо колдон. Ошондо турмуштун бороон-чапкынына туруштук берүүгө жана жашоодо олуттуу чечимдерди чыгарууга зарыл акылмандыкка, түшүнүккө ээ болосуң. Ошондой эле ата-энеңдин, Жахабанын жүрөгүн кубантасың жана чындап бактылуу болосуң.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Балдарга ата-энесинин эреже-көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө жана алардан пайда алууга эмне жардам берет?

• Акчага карата тең салмактуу көз караш сактаганың эмне үчүн маанилүү?

• Канткенде жалгыз болгондо да Жахабага болгон берилгендигиңди сактай аласың?

[Изилдөө суроолору]

[6-беттеги сүрөт]

Жалгыз болгондо Кудайга болгон берилгендигиңди сактайсыңбы?