Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улан-кыздар, өмүрүңөрдү эмнеге арнайсыңар?

Улан-кыздар, өмүрүңөрдү эмнеге арнайсыңар?

Улан-кыздар, өмүрүңөрдү эмнеге арнайсыңар?

«Мен... жөн эле абаны муштагылап жаткан жокмун» (1 КОР. 9:26).

1, 2. Чоңоюп-жетилип келатканда ийгиликке жетүү үчүн эмне кылышың керек?

ЭГЕР сен тааныш эмес жерге саякатка чыкканы жатсаң, балким, жаныңа карта менен компас алмактырсың. Карта кайсы жерде турганыңды аныктоого жана туура багытты тандоого жардам бермек. Компас болсо туура багыттан чыкпоого көмөк кылмак. Анткен менен каякка барышың керектигин айкын билбесең, картанын да, компастын да пайдасы тиймек эмес. Ошондуктан максатсыз эле баш оогон тарапка кете бербеш үчүн бара турган жериңди так аныктап алышың зарыл болмок.

2 Чоңоюп-жетилип келаткандыктан сен ушу сыяктуу жагдайга туш болдуң. Сенде ишеничтүү карта да, компас да бар. Ыйык Китеп — сага жашоодо туура жолду тандоого жардам бере турган карта (Накыл 3:5, 6). Тийиштүү түрдө үйрөтүлсө, абийириң компас сыяктуу кызмат кылып, сага туура багыттан жазбоого көмөк кылат (Рим. 2:15). Бирок жашоодо ийгиликке жетиш үчүн кайсы жакка барарыңды, башкача айтканда, кандай максаттарды көздөөрүңдү так аныктап алышың керек.

3. Пабыл 1 Корунттуктар 9:26да максаттарды көздөөнүн кандай пайдасы бар экенин айткан?

3 Элчи Пабыл максаттарды коюу жана аларга жетүүгө умтулуу пайдалуу экенин айтып: «Мен максатсыз чуркап бараткан жокмун жана жөн эле абаны муштагылап жаткан жокмун»,— деген (1 Кор. 9:26). Эгер көздөгөн максаттарың болсо, убактыңды, күчүңдү куру бекер кетирбейсиң. Жакында сага Жахабага кызмат кылууга, жумушка, никеге, үй-бүлөгө жана башка нерселерге байланыштуу олуттуу чечимдерди чыгарууга туура келет. Кээде кандай чечим чыгаруу керектигин билбей башың маң болушу мүмкүн. Бирок Кудай Сөзүндөгү чындыктардын жана принциптердин негизинде кайсы багытка бет аларыңды алдын ала белгилеп алсаң, туура эмес жолго түшүүгө азгырылбайсың (2 Тим. 4:4, 5).

4, 5. а) Алдыңа максаттарды койбосоң, эмне болушу мүмкүн? б) Эмне үчүн чечим чыгарууда Кудайга жагууга умтулушуң керек?

4 Эгер алдыңа максаттарды койбосоң, курбу-курдаштарыңдын жана мугалимдериңдин таасиринен улам алар туура көргөн нерселерди кылууга азгырылышың мүмкүн. Албетте, так-айкын максаттарың болгон күндө деле, айрымдар өз ой-пикирин, сунуштарын айтышы ыктымал. Андайда: «Алар сунуштаган максаттар жаш кезимде Жаратканымды эсимен чыгарбоого жардам береби же тескерисинче, ага тоскоолдук кылабы?» — деп ойлонуп көр (Оку: Насаатчы 12:1).

5 Эмне үчүн жашоодо чечим чыгарууда Кудайга жагууга умтулушуң керек? Мунун бир себеби — бизде бар жакшы белектердин баарын Жахаба берген (Жкп. 1:17). Чынында, ар бирибиз Жахабага ыраазы болууга милдеттүүбүз (Аян 4:11). Максаттарды коюуда Жахабаны көңүлүңдүн борборунда сактоо — ага болгон ыраазычылыгыңды билдирүүнүн эң жакшы жолу. Кел анда, алдыңа кандай арзырлык максаттарды койсоң болорун жана аларга жетүү үчүн эмне кылышың керектигин карап көрөлү.

Кандай максаттарды койсоң болот?

6. Алдыңа кандай негизги максатты койсоң болот жана эмне үчүн?

6 Өткөн макалада талкуулангандай, Ыйык Китепте айтылгандардын чындык экенине толук ынанууну максат кылып койсоң болот. Бул — эң негизги максаттардын бири (Рим. 12:2; 2 Кор. 13:5). Курбу-курдаштарың кимдир бирөөнүн айтканы боюнча эволюцияга же ар кыл жалган диний окууларга ишениши мүмкүн. Бирок сен кайсы бир нерсеге башкалар каалагандыктан эле ишене бербешиң керек. Жахаба сенин ага бүт акылың менен кызмат кылышыңды каалаарын унутпа (Оку: Матай 22:36, 37). Асмандагы Атабыз ишенимиңди далилдердин негизинде өстүрүшүңдү каалайт (Эвр. 11:1).

7, 8. а) Кыска мөөнөттүү кандай максаттарды коюу ишенимиңди бекемдейт? б) Кыска мөөнөттүү максаттардын айрымдарына жеткениңдин натыйжасы кандай болот?

7 Ишенимиңди бекемдөө үчүн кыска мөөнөттүү максаттарды коюуга эмне үчүн болбосун? Мисалы, күнүгө тиленүүнү максат кылып ал. Тиленүүлөрүң кайталанма болбошу үчүн, бир күндүн ичинде болгон белгилүү бир окуяларды эстеп калып же жазып алып, тиленүүлөрүңө кош. Тиленүүлөрүңдө кыйынчылыктарың жөнүндө эле эмес, сага кубаныч тартуулаган нерселер жөнүндө да айт (Флп. 4:6). Ыйык Китепти күнүгө окуу да ошондой максаттардын бири. Күнүгө төрт беттей окусаң, Ыйык Китепти толугу менен бир жылдын ичинде эле окуп бүтөрүңдү билчү белең? * Забур 1:1, 2-аяттарда айтылгандай, «Кудайдын мыйзамынан кубаныч алган», «Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонгон» «адам бактылуу».

8 Алдыңа койсоң боло турган кыска мөөнөттүү максаттардын дагы бири — жыйналыш жолугушууларынын ар биринде жооп берүүгө даярдануу. Балким, башында жоопту же келтирилген аятты окуп береттирсиң. Ал эми кийинчерээк өзүңдүн сөзүң менен жооп берүүгө аракет кылаттырсың. Чынында, ар бир жооп бергениңде Жахабага белек тартуу кылган болосуң (Эвр. 13:15). Ушундай максаттардын айрымдарына жеткениңде, ишенимдүүлүгүң жана Жахабага болгон ыраазычылыгың өсөт да, узак мөөнөттүү максаттарды көздөөгө даяр болосуң.

9. Эгер Падышалыктын жарчысы боло элек болсоң, алдыңа узак мөөнөттүү кандай максаттарды койсоң болот?

9 Алдыңа узак мөөнөттүү кандай максаттарды койсоң болот? Эгер жакшы кабар айтуу ишине катыша элек болсоң, Падышалыктын жарчысы болууну максат кылып алсаң болот. Бул сыймыктуу максатка жеткенден кийин, бир да айды коё бербей, үзгүлтүксүз жана натыйжалуу кызмат кылган жарчы болгуң келеттир. Ошондой эле кызматта Ыйык Китепти колдонгонду үйрөнүүнү максат кылаттырсың. Ошондо кабар айтуу ишинен көбүрөөк кубаныч аларың күмөнсүз. Андан тышкары, үймө-үй кабар айтууга көбүрөөк убакыт бөлүүгө, ыйык китептик изилдөө баштоого аракет кылаттырсың. Анан чөмүлтүлбөгөн жарчы катары Жахаба Кудайдын арналган жана чөмүлтүлгөн Күбөсү болуу үчүн коюлган талаптарга жооп берүүнү максат кылсаң болот.

10, 11. Чөмүлтүлгөн жаштар узак мөөнөттүү кандай максаттарды койсо болот?

10 Эгер Жахабанын чөмүлтүлгөн кызматчысы болсоң, төмөндө узак мөөнөттүү кандай максаттарга умтулсаң болору көрсөтүлдү. Мисалы, аймагы сейрек иштетилген жыйналыштарга барып кызмат кылуу менен аларга жардам көрсөтө аласың. Ошондой эле күчүңдү, чың ден соолугуңду көмөкчү жана үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылууга колдоноттурсуң. Он миңдеген бактылуу пионерлер сага толук убакыт кызмат кылуу жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарбоонун эң жакшы жолу экенин айта алышат. Булар — ата-энең менен жашап жатканда көздөсөң боло турган максаттар. Бул максаттарга жеткениң жыйналышыңа да пайдасын тийгизбей койбойт.

11 Узак мөөнөттүү дагы башка максаттарды коюу менен сен өзүңдүн жыйналышыңдагылардан башкаларга да жардам бере аласың. Маселен, муктаждык көбүрөөк жерге же өлкөгө барып кызмат кылууну пландаштырсаң болот. Мындан тышкары, башка өлкөлөрдө Падышалык залдарын же филиал имараттарын курууга көмөк кыла аласың. Мүмкүн, Бейтелде же миссионер болуп кызмат кыла алаттырсың. Албетте, бул жерде айтылып өткөн узак мөөнөттүү максаттарга карай кадам шилтээрден мурун сен маанилүү максаттарыңдын эң биринчисине жетишиң, атап айтканда, чөмүлтүлүшүң кажет. Эгер чөмүлтүлө элек болсоң, жашооңдогу бул эң негизги максатка жетүү үчүн эмне кылышың керектиги жөнүндө ойлонуп көр.

Чөмүлтүлүү максатына жетүү

12. Айрымдар кандай себептерден улам чөмүлтүлүшөт жана эмне үчүн бул туура эмес?

12 Эмне максатта чөмүлтүлүү керек деп ойлойсуң? Айрымдар чөмүлтүлүү аларды күнөө кылуудан коргойт деп эсептешет. Башкалар теңтуштары чөмүлтүлгөндүктөн эле чөмүлтүлүшүм керек дешет. Дагы бирөөлөрү ата-энесине жагууну каалашат. Бирок чөмүлтүлүүнүн өзү жашыруун кылгың келип жүргөн иштерди кылуудан сактабайт. Ошондой эле башкалар чөмүлтүлүшүңдү каалагандыктан эле чөмүлтүлгөнүң туура эмес болуп калмак. Жахабанын Күбөсү болуу деген эмнени билдирерин толук түшүнүп, ал жоопкерчиликти алууга даяр болгондо жана аны чындап каалаганда гана чөмүлтүлүшүң керек (Нас. 5:4, 5).

13. Эмне себептен чөмүлтүлүшүң керек?

13 Биз эмне үчүн чөмүлтүлүшүбүз керек? Мунун бир себеби Иса жолдоочуларына: «Шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деген. Иса өзү да чөмүлтүлүү менен үлгү көрсөткөн (Оку: Матай 28:19, 20; Марк 1:9). Анын үстүнө, чөмүлтүлүү куткарылгысы келгендер үчүн маанилүү талап болуп эсептелет. Элчи Петир Нухтун кеме куруп, үй-бүлөсү менен Топон суудан аман өткөнү жөнүндө айткандан кийин: «Ошо сыяктуу, азыр силерди Иса Машаяктын тирилүүсүнүн негизинде куткара турган нерсе бар. Ал — чөмүлтүлүү»,— деген (1 Пет. 3:20, 21). Бирок бул алааматтан куткарылыш үчүн эле чөмүлтүлүшүң керектигин билдирбейт. Сен Жахабаны сүйгөндүктөн жана ага бүт жүрөгүң, жаның, акылың жана күчүң менен кызмат кылгың келгендиктен чөмүлтүлөсүң (Мр. 12:29, 30).

14. Айрымдарга чөмүлтүлүүгө эмне тоскоолдук кылат, бирок эмнеден шектенбесең болот?

14 Айрымдар кийин жыйналыштан чыгарылып калам деп корккондуктан чөмүлтүлбөшү мүмкүн. Сен да ошентип кооптоносуңбу? Кооптонсоң, бул сөзсүз эле жаман белги эмес. Ал Жахабанын Күбөсү болуу олуттуу жоопкерчилик экенин түшүнөрүңдү айгинелеп турат. Андай коркунуч башка себептен улам да болушу мүмкүнбү? Балким, Кудайдын нормалары менен жашоо эң мыкты өмүр жолу экенине толук ынана электирсиң. Ошондой болсо, ыйык китептик нормаларды четке каккандар тарткан кесепеттер тууралуу ой жүгүртүү сага туура чечим чыгарууга түрткү бериши мүмкүн. Ошол эле учурда бул Кудайдын нормаларын сүйгөндүктөн, бирок аларга ылайык жашай аламбы деп өзүңө ишенбегендиктен да болушу мүмкүн. Чынында, бул жакшы белги, себеби мындан момун экениң көрүнүп турат. Анын үстүнө, Ыйык Китепте айтылгандай, жеткилеңсиз адамдардын баарынын жүрөгү бузулган (Жер. 17:9). Бирок, эгер дайыма Кудайдын сөзү боюнча жашасаң, ийгиликке жетериңе шектенбесең болот (Оку: Забур 118:9). Ошол себептен чөмүлтүлүүгө кандай тынчсыздануулар жолтоо болбосун, аларды жоюшуң керек *.

15, 16. Чөмүлтүлүүгө даяр экениңди кантип билсең болот?

15 Чөмүлтүлүүгө даяр экениңди кантип билсең болот? Ан үчүн өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Башкаларга ыйык китептик негизги окууларды түшүндүрүп бере аламбы? Кызматка ата-энем чыкпаган учурда да чыгамбы? Жыйналыш жолугушууларынын баарына катышууга аракет кыламбы? Теңтуштарымдын кысымына каршы турган учурларым болду беле? Ата-энем жана досторум Жахабага кызмат кылбай калса да, кызмат кыла беремби? Кудай менен болгон мамилем жөнүндө тиленемби? Тиленүү аркылуу өзүмдү Жахабага чын жүрөктөн арнадымбы?»

16 Чөмүлтүлүү жашоону түп-тамыры менен өзгөртө тургандыктан, ага жеңил ойлуу кароого болбойт. Бул кадамды жасоого олуттуу карагыдай жетилдиңби? Жетилгендик жыйналышта сахнадан мыкты сөз сүйлөөдөн же таасирдүү жоопторду берүүдөн көптү билдирет. Ал ыйык китептик принциптерди жакшы түшүнүп, ошонун негизинде чечим чыгара билүүнү туюнтат (Оку: Эврейлер 5:14). Эгер ушундай чечим чыгарууга даяр болсоң, сени зор сыймык — Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кылуу жана ага чын ыкластан арналганыңды көрсөтүп жашоо сыймыгы — күтүп турат.

17. Чөмүлтүлгөндөн кийин болушу мүмкүн болгон сыноолорду көтөрүп кетүүгө сага эмне жардам берет?

17 Чөмүлтүлгөндөн кийин Кудайга кызмат кылууга аябай дилгир болуп, күйүп-жанышың мүмкүн. Бирок көп өтпөй ишенимиң жана туруктуулугуң сыналышы ыктымал (2 Тим. 3:12). Анткен менен андай сыноолор менен жалгыз күрөшүшүм керек деп ойлобо. Ата-энеңден кеңеш сура. Жыйналыштагы жетилген бир туугандардан жардам изде. Сага колдоо көрсөткөндөр менен достук мамиле өрчүт. Жахабанын сага кам көрөрүн жана кандай кыйынчылыктарга туш болбо, аларды көтөрүп кетүүгө күч берерин унутпа (1 Пет. 5:6, 7).

Максаттарыңа кантип жетсең болот?

18, 19. Эмнени алдыңкы орунга коёруңду талдап чыгуудан кандай пайда аласың?

18 Жакшы эле ниет менен аракет кылайын десең да, кылгың келген жана кылышың керек болгон иштерди жасоого убактың жетпегендей сезилеби? Ошондой болсо, эмнени алдыңкы орунга коюшуң керектигин талдап чык. Бир эксперимент жүргүзүп көр: чака алып, ага бир нече чоң таш сал. Анан аны кум менен толтур. Ошентип, чакаңа таш да, кум да батты. Эми чаканы бошотуп, ошол эле таштарды жана кумду башка тартип менен кайра сал — адегенде кумду, анан таштарды сал. Таштар батпай калат бекен? Кумду биринчи салгандыктан ошондой болду.

19 Убактыңды бөлүштүрүүдө да так эле ушундай болот. Эгер көңүл ачуу сыяктуу нерселерди биринчи орунга койсоң, чоң нерселерге — рухий иштерге — эч качан орун болбойт. Бирок Ыйык Китептеги «эмне маанилүүрөөк экенин баамдоого» байланыштуу кеңешке ылайык иш кылсаң, сенде Падышалыктын иштерине да, эс алууга да орун болот (Флп. 1:10).

20. Максаттарыңа умтулууда сенде тынчсыздануулар, шек саноолор болсо, эмне кылышың керек?

20 Чөмүлтүлүү сыяктуу максаттарыңа умтулууда сенде кээде тынчсыздануулар, шек саноолор болушу мүмкүн. Андай учурларда «өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт» (Заб. 54:23). Учурда сенде адамзат тарыхындагы эң эле маанилүү жана көңүл толкутарлык ишке, дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу жана окутуу ишине, катышууга мүмкүнчүлүк бар (Элч. 1:8). Сен бул ишке башкалардын катышып жатканын сырттан караган байкоочу болууну чечсең болот. Же ага өзүң да катышсаң болот. Падышалыктын иштерин алга жылдыруу үчүн өзүңдүн шык-жөндөмдүүлүктөрүңдү колдонуудан аянба. Арийне, «жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарбай» кызмат кылганың үчүн эч качан өкүттө калбайсың (Нас. 12:1).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. 2009-жылдын 1-августундагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 15—18-беттерин кара.

^ 14-абз. Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том, ор.) китебинин 34-бөлүмүн карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне үчүн алдыңа максаттарды коюшуң керек?

• Кандай арзырлык максаттарга умтулсаң болот?

• Чөмүлтүлүү максатына жетүү үчүн эмне кылуу керек?

• Эмнени алдыңкы орунга коёруңду талдап чыкканың максаттарыңа жетүүгө кандайча жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти күнүгө окууну максат кылып койдуңбу?

[15-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлүү максатына жетүүгө сага эмне жардам берет?

[16-беттеги сүрөт]

Бул мисалдан эмнеге үйрөндүң?