Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — биздин Эгедер Теңирибиз!

Жахаба — биздин Эгедер Теңирибиз!

Жахаба — биздин Эгедер Теңирибиз!

«Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам» (ЗАБ. 72:28, «ЖД» [73:28]).

1. 1 Корунттуктар 7:31-аятта элчи Пабыл, кыязы, эмнени айткысы келген?

«БУЛ дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»,— деп айткан элчи Пабыл (1 Кор. 7:31). Кыязы, ал дүйнөнү оң же терс ролдорду ойногон каармандар аткарган жана көрүнүштөрү улам алмашып турган драма коюлчу сахнага салыштырган.

2, 3. а) Жахабанын эгедерлигинин талашка салынганын эмнеге салыштырууга болот? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Бүгүнкү күндө эң бир маанилүү драма болуп жатат; ага сенин да катыштыгың бар! Ал негизинен Жахаба Кудайдын эгедерлигинин акталышына байланыштуу. Айрым өлкөлөрдө өкүм сүргөн жагдай ал драманы айкын сүрөттөп турат. Андай жерлерде бир тарабында мыйзамдуу түрдө негизделген, тартипти сактаган өкмөт, экинчи тарабында митаам, зулум, канкор кишилер башкарган кылмыштуу уюм иш жүргүзөт. Мыйзамсыз уюм мыйзамдуу өкмөттүн бийлик жүргүзүүгө болгон укугун талашка салып, анын кол астындагыларынын баарынын ага болгон берилгендигин сынайт.

3 Аалам алкагында да ушу сыяктуу жагдай өкүм сүрүүдө. Эгедер Теңир Жахаба мыйзамдуу түрдө өзүнүн өкмөтүн негиздеген (Заб. 70:5, «ЖД» [71:5]). Бирок адамзатка «Карөзгөй» жетектеген кылмыштуу уюм коркунуч туудуруп келет (1 Жкн. 5:19). Ал Кудайдын мыйзамдуу түрдө орнотулган өкмөтүнүн бийлик кылууга болгон укугун талашка салып, бардык адамдардын анын эң жогорку бийлигине болгон берилгендигин сынайт. Мындай жагдай кантип пайда болгон? Кудай ага эмне үчүн жол берүүдө? Бул маселенин чечилишине жеке ар бирибиз кандай салым кошо алабыз?

Драмадагы негизги маселелер

4. Бүт ааламга тиешелүү драмада бири-бирине байланышкан кайсы эки маселе камтылат?

4 Мааниси улам ачылып жаткан бүт ааламга тиешелүү бул драмада бири-бирине байланышкан эки маселе: Жахабанын эгедерлиги жана адамдардын кынтыксыздыгы камтылат. Жазмада Жахабага карата «Эгедер Теңир» деген наам көп колдонулат. Мисалы, забурчу ага толук таянарын көрсөтүп: «Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам»,— деп ырдаган (Заб. 72:28, «ЖД» [73:28]). «Эгедерлик» эң жогорку күчкө же бийликке ээ болууну билдирет. Демек, Эгедер эң жогорку бийликке ээ. Ошондуктан Жахаба Кудайды Эң Жогорку деп эсептөөгө орчундуу себептер бар (Дан. 7:22).

5. Эмне үчүн Жахабанын эгедерлигин колдошубуз керек?

5 Жараткан катары Жахаба Кудай — жер жүзүнүн жана бүтүндөй ааламдын Эгедери (Оку: Аян 4:11). Ошондой эле Ал биздин Сотубуз, Мыйзам чыгаруучубуз жана Падышабыз. Демек, бүт жаратууларынын үстүнөн башкарган өкмөтүнүн сот бийлиги, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлиги анын колунда (Ыш. 33:22). Биз бар болгонубуз үчүн Кудайга милдеттүүбүз жана андан көз карандыбыз, ошо себептен аны Эгедер Теңир катары көрүшүбүз керек. Жахабанын «өз тактысын асманга орнотконун», «бардыгынын үстүнөн падышачылык кыларын» эсибизден чыгарбасак, анын эң жогорку бийликке ээ экенин түшүнүп, аны жактоого түрткү алабыз (Заб. 102:19; Элч. 4:24).

6. Кынтыксыз болуу деген эмнени билдирет?

6 Жахабанын эгедерлигин колдоо үчүн анын алдында кынтыксыз болушубуз керек. «Кынтыксыз болуу» деген адеп-ахлактык жактан бекем болууну жана Кудайга чын жүрөктөн толук берилгендикти сактоону билдирет. Кынтыксыз жүргөн киши айыпсыз болуп, түз жүрөт. Уруу аксакалы Аюб так ушундай киши болгон (Аюб 1:1).

Драма кантип башталган?

7, 8. Шайтан Жахабанын Эгедер болууга укуктуулугун кантип талашка салган?

7 6 000 жылдай мурун бир рухий жаратуу Жахабанын Эгедер болууга укуктуулугун талашка салган. Өзүмчүлдүк көрсөтүп, адамдардын ага сыйынышын самаганы аны козголоң чыгарууга түрткөн. Ал биринчи түгөй Адам ата менен Обо энени Кудайдын эгедерлигине ишенимсиздик көрсөтүүгө азгырган жана Жахабага алдамчы деп жалаа жаап, ысмын каралоого аракет кылган (Оку: Башталыш 3:1—5). Ошентип, ал козголоңчу эң башкы Душман, Шайтан (Каршылаш), Ибилис (Ушакчы), жылан (алдамчы) жана ажыдаар (жеп жутуучу) болуп калган (Аян 12:9).

8 Шайтан Кудайдын ордуна бийлик кылууну көздөгөн. Мындай козголоңго Эгедер Теңир Жахаба кандай жооп кайтарган? Ал үч козголоңчуну — Шайтанды, Адам атаны жана Обо энени — дароо эле жок кылып салса, эмне болот эле? Ошентүүгө анын кудурети жетмек жана бул анын эң жогорку бийликке ээ экенин тастыктамак. Мындан сырткары, бул анын мыйзамдарын бузгандар жазага тартылат деген сөзүнүн чындык экенин айгинелемек. Анда Кудай эмне үчүн ошенткен эмес?

9. Шайтан эмнеге шек келтирген?

9 Калп айтуу менен жана Адам ата, Обо энени Кудайдан баш тарттыруу менен Шайтан Жахабанын адамзаттан тил алууну талап кылууга укуктуу экенине шек келтирген. Андан тышкары, биринчи түгөйдү Кудайдын тилин албоого азгыруу менен ал бардык аң-сезимдүү жаратуулардын берилгендигине суроо туудурган. Жахабанын эгедерлигине берилгендигин сактаган Аюбдун окуясы көрсөтүп тургандай, Шайтан адамдардын баарын Кудайдан буруп кете алам деп ырастаган (Аюб 2:1—5).

10. Жахаба эгедерлигинин акталышын кийинкиге жылдыруу менен эмнеге жол берген?

10 Жахаба эгедерлигинин акталышын жана Шайтандын жок кылынышын кийинкиге жылдыруу менен ага ырастоосун далилдөөгө убакыт берген. Ошондой эле муну менен Кудай адамдарга анын эгедерлигине берилгендик көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Кылымдар аралыгында эмне болду? Шайтан күчтүү кылмыштуу уюм түзгөн. Бирок Жахаба Шайтанды уюму менен кошо жок кылып, өзүнүн Эгедер болууга укуктуу экенин биротоло далилдейт. Ал сөзсүз жеңишке жетерин билгендиктен муну Эйден багында козголоң көтөрүлгөндө эле алдын ала айткан (Башт. 3:15).

11. Көптөгөн адамдар Жахабанын эгедерлигине байланыштуу эмнени далилдеп келишет?

11 Ишеним жана берилгендик көрсөтүп, Жахабанын эгедерлигинин акталышына жана ысмынын ыйыкталышына кызыкдар болуп келген адамдардын саны арбын. Алардын катарында Абыл, Энох, Нух, Ыбрайым, Саара, Муса, Рут, Дөөтү, Иса жана анын алгачкы шакирттери, ошондой эле бүгүнкү күндө кынтыксыз жүргөн миллиондогон кишилер бар. Кудайдын эгедерлигин жактагандар Шайтандын жалганчы экенин далилдегенден тышкары, анын бүт адамзатты Кудайдан буруп кете алам деген ырастоосун төгүнгө чыгарып, Жахабанын ысмын ыйыктап келишет (Накыл 27:11).

Драманын эмне болуп бүтөрү белгилүү

12. Кудайдын мыйзамсыздыкка түбөлүккө чыдай бербесине эмне үчүн шектенбесек болот?

12 Биз Жахабанын жакында өзүнүн эгедерлигин актаарына эч шектенбесек болот. Ал мыйзамсыздыкка түбөлүккө чыдай бербейт. Анын үстүнө, биз акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды билебиз. Жахаба Нухтун күндөрүндө ыймансыздарды Топон суу менен жок кылган. Ал Содом менен Аморду жана фараонду аскерлери менен кошо жер менен жексен кылган. Сисара, Санхейрип жана алардын аскерлери Эң Жогоркуга каршы тура алышкан эмес (Башт. 7:1, 23; 19:24, 25; Чыг. 14:30, 31; Башк. 4:15, 16; 2 Пад. 19:35, 36). Ошондуктан биз Жахаба Кудайдын анын ысмына урмат көрсөтүлбөй жатканына жана өзүнүн Күбөлөрүнө жаман мамиле кылынышына чексиз чыдай бербей турганына толук ишенсек болот. Андан сырткары, учурда биз Исанын катышуусунун жана кудайсыз дүйнө түзүлүшүнүн күнү бүтүп баратканынын белгисин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз (Мт. 24:3).

13. Жахабанын душмандары менен кошо жок болбош үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Кудайдын душмандары менен кошо жок болбош үчүн Жахабанын эгедерлигине болгон берилгендигибизди далилдешибиз керек. Муну кантип кылсак болот? Шайтандын кылмыштуу башкаруусун четке кагып, анын таламдаштарынан коркпошубуз кажет (Ыш. 52:11; Жкн. 17:16; Элч. 5:29). Ошондо гана асмандагы Атабыздын эгедерлигин жактаган болобуз жана ал өз ысмын жалган жалаадан тазалап, өзүнүн Ааламдын Эгедери экенин көрсөткөндө, аман калууга үмүттөнө алабыз.

14. Ыйык Китептин ар кайсы бөлүктөрүндө эмнелер ачылып берилет?

14 Ыйык Китептин башынан аягына чейин адамзат жана Жахабанын эгедерлиги жөнүндө сөз жүрөт. Биринчи үч бөлүмүндө жаратуу, адам баласынын күнөөгө батышы тууралуу, акыркы үчөөндө болсо адамзаттын жеткилеңдикке жеткирилиши жөнүндө айтылат. Ал эми калган бөлүмдөрүндө Эгедер Теңир Жахабанын адамзатка, жерге жана ааламга байланыштуу ой-ниетин аткаруу үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө маалымат берилет. Башталыш китебинде Шайтандын жана дүйнөдөгү жамандыктын кантип пайда болгону көрсөтүлсө, Аян китебинин акыркы бөлүгүндө жамандыктын, Шайтандын кантип жок кылынары жана Кудайдын эрки асмандагыдай эле, жерде кантип аткарылары баяндалат. Ошондой эле Ыйык Китепте күнөө менен өлүмдүн себеби түшүндүрүлөт жана булардын жердеги сахнадан жок кылынып, кынтыксыз жүргөндөр ээ боло турган чексиз кубаныч, түбөлүк жашоо менен алмаштырылары ачылып берилет.

15. Эгедерликке байланыштуу драма соңуна чыкканда бата алуу үчүн ар бирибиз эмне кылышыбыз керек?

15 Жакында бул дүйнө сахнасындагы көрүнүш толугу менен алмашат. Эгедерликке байланыштуу кылымдарды карыткан драма соңуна чыгып, көшөгө жабылат. Шайтан сахнадан чыгарылып, кийинчерээк биротоло жок кылынат жана Кудайдын эрки сөзсүз орундалат. Ошол убакта Кудай Сөзүндө айтылган көптөгөн баталарга ээ болуу үчүн азыр Жахабанын эгедерлигин колдошубуз талап. Биз эч убакта эки ортодо боло албайбыз. «Жахаба мен тарапта»,— деп айта алышыбыз үчүн дайыма анын тарабында болушубуз керек (Заб. 117:6, 7, «ЖД» [118:6, 7]).

Кынтыксыз боло алабыз!

16. Адамдардын Кудайдын алдында кынтыксыз боло аларына эмне үчүн бекем ишене алабыз?

16 Биз Жахабанын эгедерлигин колдоп, кынтыксыз боло алабыз, себеби элчи Пабыл мындай деп жазган: «Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар. Бирок Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт» (1 Кор. 10:13). Пабыл айткан азгырык кандай жагдайда пайда болот жана андан чыгуунун жолун Кудай кантип көрсөтөт?

17—19. а) Ысрайылдыктар чөлдө жүргөндө кандай азгырыкка алдырышкан? б) Эмне үчүн Жахабанын алдында кынтыксыз боло алабыз?

17 Ысрайылдыктар чөлдө жүргөндө болгон окуядан көрүнүп тургандай, «азгырык» Кудайдын мыйзамын бузууга түрткөн жагдайларда пайда болот (Оку: 1 Корунттуктар 10:6—10). Ысрайылдыктар азгырыкка алдырбай деле коё алышмак. Бирок Жахаба кереметтүү түрдө аларды бир айга жетерлик бөдөнөнүн эти менен камсыз кылганда, алар «жамандыкты эңсешкен». Ысрайылдыктар кайсы бир убакыт бою эт жебесе да, Кудай аларга маннаны жетиштүү берип турган. Анткен менен алар бөдөнөнү ач көздүк, тойбостук менен чогултуп, азгырыкка жеңдирип коюшкан (Сан. 11:19, 20, 31—35).

18 Андан мурунураак Муса Кудайдан Мыйзам алуу үчүн Синай тоосуна чыгып кеткенде, ысрайылдыктар бурканга табынып кетишкен: музоого сыйынып, дене кумарларына берилишкен. Жол башчысы жок болгондуктан, эл азгырыкты четке каккан эмес (Чыг. 32:1, 6). Убадаланган жердин так босогосунда турганда миңдеген ысрайылдыктар Мааптын кыздарына азгырылып, бузуктук кылышкан. Мунун кесепетинде миңдегендери күнөөсү үчүн мерт болушкан (Сан. 25:1, 9). Ысрайыл эли бир канча жолу козголоңчул рух чагылдырып, наалыган. Атүгүл бир жолу алар Мусага жана Кудайга каршы чыгышкан! (Сан. 21:5). Ысрайылдыктар жадагалса ыймансыз Корак, Датан, Абырамдар таламдаштары менен кошо жок кылынгандан кийин да алар адилетсиз жазаланды деп нааразы болушкан. Мунун кесепетинде 14 700 ысрайылдык Кудайдын жазасынан өлгөн (Сан. 16:41, 49).

19 Жогоруда айтылган азгырыктардын бири да ысрайылдыктар туруштук бере албай турган азгырыктардан эмес эле. Алар ишенимин жоготуп, Жахабаны, анын мээримдүүлүк менен кам көрүп келгенин жана анын жолдорунун тууралыгын унутуп коюшкан. Ысрайылдыктар менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, биз туш болуп жаткан азгырыктарга адамдар мурун эле кабылып келишкен. Бирок биз аларды четке кагууга күч-аракет жумшасак жана Кудайдын колдоосуна таянсак, кынтыксыз боло алабыз. Буга толук ишенсек болот, анткени «Кудай ишенимдүү», ал алыбыз жеткис азгырыктарга кабылышыбызга жол бербейт. Жахаба бизге анын эркин аткарууга мүмкүн эмес болгончолук жагдайга туш болушубузга эч качан жол бербейт (Заб. 93:14).

20, 21. Азгырыкка дуушар болгонубузда, Кудай кантип «чыгуунун жолун көрсөтөт»?

20 Жахаба азгырыктарга туруштук берүүгө күч берүү менен «чыгуунун жолун» көрсөтөт. Мисалы, куугунтуктоочулар ишенимден баш тарттыруу үчүн бизге кордук көрсөтүшү мүмкүн. Мындай мамиледен улам дагы уруп-сабабасын, кыйнабасын же өлтүрүп койбосун деп, ишенимден баш тартууга азгырылышыбыз мүмкүн. Бирок биз, Пабылдын 1 Корунттуктар 10:13төгү рухтун жетеги менен жазылган сөздөрүнө ылайык, азгырыктарды пайда кылган жагдайлар убактылуу эле болорун билебиз. Жахаба жагдайдын ага болгон ишенимдүүлүгүбүздү сактай албай калганчалык деңгээлде курчуп кетишине жол бербейт. Ал ишенимибизди бекемдеп, кынтыксыз бойдон калууга күч-кубат берет.

21 Жахаба бизди ыйык руху аркылуу колдойт. Ал рух азгырыктарды четке кагууга жардам бере турган Жазмадагы ойлорду эстөөгө көмөк кылат (Жкн. 14:26). Натыйжада биз ак жолдон чыкпайбыз. Маселен, бизге Жахабанын эгедерлиги менен адамдардын кынтыксыздыгына байланыштуу талаш маселе көтөрүлгөнү белгилүү. Муну билгендиктен көптөр Кудайдын жардамы менен өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү бойдон калышкан. Бирок алар үчүн чыгуунун жолу өлүм болгон эмес; алар Жахабанын жардамынын аркасында азгырыкка алдырбай, акырына чейин туруктуулук көрсөтө алышкан. Ал бизге да ошондой жолдор менен жардам бере алат. Ошондой эле ал ишенимдүү периштелерин «куткарылууну мурастай тургандарга кызмат кылуу үчүн жиберилген» кызматчылар катары колдонуп, бизди колдойт (Эвр. 1:14). Кийинки макалада көрсөтүлгөндөй, кынтыксыз жүргөндөр гана Кудайдын эгедерлигин түбөлүккө жактоо сыймыгына ээ болушат. Жахабаны Эгедер Теңирибиз катары кабыл алып, анын тарабында бекем турсак, биз да алардын катарында боло алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне үчүн Жахабаны Эгедер Теңирибиз катары кабыл алышыбыз керек?

• Кудайдын алдында кынтыксыз болуу деген эмнени билдирет?

• Жахабанын жакын арада өзүнүн эгедерлигин актаарын кайдан билебиз?

1 Корунттуктар 10:13кө ылайык, эмне үчүн кынтыксыз бойдон кала алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Шайтан Адам ата менен Обо энени Жахабага ишенимсиз болууга азгырган

[26-беттеги сүрөт]

Жахабанын эгедерлигин жактоого чечкиндүү бол