Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мындан ары да кынтыксыз жүрөлү!

Мындан ары да кынтыксыз жүрөлү!

Мындан ары да кынтыксыз жүрөлү!

«Мен болсо мындан ары да кынтыксыз жүрөм» (ЗАБ. 25:11, «ЖД» [26:11]).

1, 2. Аюб өзүнүн кынтыксыздыгы жөнүндө эмне деген жана Аюб китебинин 31-бөлүмүндө ал тууралуу эмне делет?

ИЛГЕРКИ убакта адамдар көбүнчө тең ийиндүү таразаларды колдонушкан. Ал туурасынан кетип, таянычка так ортосунан бекитилген катуу жыгачтан же темирден турган. Анын эки учуна эки тараза табагы илинген. Бир табагына салмагы өлчөнүп жаткан нерсе коюлса, экинчисине тараза таштары салынчу. Кудайдын элинен так таразаларды жана тараза таштарын колдонуу талап кылынган (Накыл 11:1).

2 Кудайдан корккон Аюб Шайтандын соккусунун азабын тартып жатканда: «Кудай мени так таразага тартат, ошондо кынтыксыз жүргөнүмдү көрөт»,— деген (Аюб 31:6, «ЖД»). Буга байланыштуу Аюб адамдын кынтыксыздыгы сынала турган ар кандай жагдайларды айтып өткөн. Анын 31-бөлүмдөгү сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал сыноолорду ийгиликтүү көтөргөн. Аюбдун сонун үлгүсү бизге да сыноолорду ийгиликтүү көтөрүүгө жана забурчу Дөөтүдөй болуп, ишенимдүү түрдө: «Мен болсо мындан ары да кынтыксыз жүрөм»,— деп айтууга түрткү берет (Заб. 25:11, «ЖД» [26:11]).

3. Кудайга чоң иштерде да, кичине иштерде да ишенимдүү болуу эмне үчүн маанилүү?

3 Аюб башынан катуу сыноолорду кечирсе да, Кудайга ишенимдүү бойдон калган. Айрымдар Аюбдун оор сыноолорго карабай туруктуулук көрсөткөнү, кынтыксыз бойдон калганы, чынында эле, эрдик дешет. Албетте, биз Аюб тарткан азаптарды тарткан жокпуз. Анткен менен кынтыксыз бойдон калуу үчүн жана Кудайдын эгедерлигин колдоо үчүн Ага чоң иштерде да, кичине иштерде да ишенимдүү болушубуз керек (Оку: Лука 16:10).

Адеп-ахлактык жактан кынтыксыз болуу маанилүү

4, 5. Кынтыксыз бойдон калган Аюб кандай жүрүм-турумдан качкан?

4 Жахабанын алдында кынтыксыз болушубуз үчүн, Аюбдай болуп, Кудайдын адеп-ахлак нормаларына бекем карманышыбыз керек. Ал мындай деген: «Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм. Эгерде менин жүрөгүм аялга азгырылса, жакынымдын эшигинин алдына тузак койгон болсом, анда менин аялым башка бирөөнүн жаргылчагын тартсын, аны башка бирөөлөр маскара кылышсын» (Аюб 31:1, 9, 10).

5 Кудайдын алдында кынтыксыз жүрүүгө чечкиндүү болгондуктан Аюб аял кишиге кумарланып караган эмес. Аялы бар болгондуктан ал турмушка чыга элек кыздарга тийишкен эмес жана башка бирөөнүн аялына карата махабат сезимдерин өрчүткөн эмес. Тоодогу насаатында Иса адеп-ахлактыкка байланыштуу күчтүү сөздөрдү айткан. Кудайдын алдында кынтыксыз болгусу келгендер анын сөздөрүн эсине бекем түйүп алышы керек (Оку: Матай 5:27, 28).

Эч качан алдамчылыкка барба

6, 7. а) Кудай, Аюбду таразага тарткандай эле, кынтыксыз жүргөн-жүрбөгөнүбүздү билүү үчүн эмнени колдонот? б) Эмне үчүн арамза же алдамчы болбошубуз керек?

6 Кынтыксыз болгубуз келсе эч убакта алдамчылыкка барбайбыз (Оку: Забур 5:6). Аюб мындай деген: «Эгер жалганчылар менен жүргөн болсом, бутум алдоого шашкан болсо, анда Кудай мени так таразага тартат, ошондо кынтыксыз жүргөнүмдү көрөт» (Аюб 31:5, 6, «ЖД»). Жахаба бардык адамдарды «так таразага тартат». Аюбду таразага тарткандай эле, ишенимдүү кызматчыларынын кынтыксыз жүргөн-жүрбөгөнүн таразалоо үчүн ал өзүнүн жеткилең нормаларын колдонот.

7 Эгер биз арамза же алдамчы болсок, Кудайдын алдында кынтыксыз болмок эмеспиз. Кынтыксыз жүргөндөр «уятка калтыра турган жашыруун иштерди четке кагышат» жана «кууланышпайт» (2 Кор. 4:1, 2). Эгер ишенимдешибизге калп айтсак же кууланып иш кылсак жана ал ошондон улам Кудайга жардам сурап кайрылса, бизге кайгы! Забурчу: «Кайгырып турганымда, Теңирди чакырдым, Ал мени укту. Теңир! Менин жанымды жалганчынын оозунан, амалкөйдүн тилинен куткар»,— деп ырдаган (Заб. 119:1, 2). Кудай биздин анын алдында чындап эле кынтыксызбызбы же жокпу, билүү үчүн «жүрөктөрдү, ички ойлорду сынап», жан дүйнөбүздүн түпкүрүн изилдээрин унутпаганыбыз дурус (Заб. 7:9, 10).

Башкалар менен мамилелешүүдө үлгүлүү бол

8. Аюб башкаларга кандай мамиле кылган?

8 Кынтыксыз бойдон калуу үчүн биз да, Аюбдан үлгү алып, адилеттүү, момун болуп, башкалардын сезимдерин эске алышыбыз керек. Ал мындай деген: «Кулум менен күңүм мага каршы чыкканда, алардын укуктарын тоотпой койгон болсом, анда Кудай мага каршы чыгар эле, ошондо мен эмне кылар элем? Ал менин ишимди тергей баштаса, мен Ага эмне деп жооп бере алар элем? Мени да, аны да эненин курсагында жараткан Өзү эмеспи, бизди эненин курсагында жасаган Өзү эмеспи?» (Аюб 31:13—15).

9. Аюб кызматчыларына мамиле кылууда кандай сапаттарды чагылдырган жана биз эмне кылышыбыз керек?

9 Кыязы, Аюбдун убагында сот иштерин кароо татаал жол-жоболор менен коштолгон эмес. Сот маселелери уюшкандыкта өткөрүлө турган жана атүгүл кулдар да сотторго эркин кайрыла алышкан. Аюб өзүнүн кызматчыларына адилеттүүлүк, ырайымдуулук менен мамиле кылгандыктан, аларга анын үстүнөн арызданып, сотторго кайрылууга туура келген эмес. Эгер дайыма кынтыксыз болгубуз келсе, баарыбыз, айрыкча, жыйналышта аксакал болуп кызмат кылгандар жогоруда айтылган сапаттарды чагылдырышыбыз керек.

Сараң эмес, берешен бол

10, 11. а) Аюбдун берешен, эч кимден жардамын аябаган киши болгонун кайдан билебиз? б) Аюб 31:16—25-аяттар Жазмадагы кайсы кеңешти эсибизге салат?

10 Аюб өзүмчүл, ач көз эмес, берешен болгон жана эч кимден жардамын аяган эмес. Ал мындай деген: «Эгер... жесирдин көзүн жалдыраткан болсом, нанымды жетим менен бөлүшпөй, жалгыз жеген болсом... эгер кийими жоктугунан өлүп баратканды... көргөн болсом... дарбаза алдында жетимдин жардамга муктаж экенин көргөнүмдө колум менен ишарат кылып, аны коркуткан болсом, анда далым ийинимен үзүлүп түшүп калсын, колум кар жилигимен сынып калсын». Андан тышкары, эгер Аюб алтынга таянып ага: «Ишенгеним сенсиң!» — дей турган болсо, аны кынтыксыз деп айтууга болбой калмак (Аюб 31:16—25, «ЖД»).

11 Бул ыр түрүндө берилген сөздөр шакирт Жакыптын төмөнкү сөздөрүн эске салат: «Кудай Атабыздын көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынуу — бул кыйынчылыкка кабылган жетим-жесирлерге кам көрүү жана дүйнөдө өзүн таза сактоо» (Жкп. 1:27). Ошондой эле Исанын: «Байкагыла! Ачкөздүктүн бардык түрүнөн сак болгула. Анткени адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, өмүрү колунда болгон нерселеринен көзкаранды эмес»,— деген эскертүүсүн эсибизге түшүрөт. Бул сөздөрдү айткандан кийин Иса «Кудайдын алдында байыбагандыктан» өмүрү менен кош айтышкан ач көз бай кишини мисал келтирген (Лк. 12:15—21). Кынтыксыз болуу үчүн ач көз же сараң болбошубуз керек. Ач көздүк бурканга табынуучулукка жатат. Анткени ач көз кишинин абдан самаган нерсеси көңүлүн Жахабадан буруп, ошол нерсе ал үчүн бурканга айланып калат (Кол. 3:5). Бир эле учурда кынтыксыз да, ач көз да болуу мүмкүн эмес!

Чыныгы сыйынууга бекем карман

12, 13. Бурканга табынуучулуктан алыс болуу жагынан Аюб кандай үлгү калтырган?

12 Дайыма кынтыксыз жүргөндөр таза сыйынуудан четтешпейт. Аюб чындыктан четтеген эмес, анткени ал: «Күндүн жаркырап тийип турганын карап туруп, айдын сөөлөттүү калкып баратканын карап туруп, жүрөгүм жашыруун азгырылды беле, оозум колдорумду өптү беле? Анда бул да сотко тартыла турган кылмыш болмок, анткени мен кудуреттүү Кудайдан баш тарткан болор элем»,— деген (Аюб 31:26—28).

13 Аюб жансыз нерселерге сыйынган эмес. Эгер ал асман телолорун, мисалы, Айды караганда жүрөгү азгырылып, оозу колун өпсө (кыязы, бул Айга колу менен өбүү жиберип, сыйынуу каадасын аткарууну билдирген), Кудайдан баш тарткан бурканга сыйынуучу болуп калмак (Мыйз. 4:15, 19). Кудайдын алдында кынтыксыз болуу үчүн бурканга табынуучулуктун бардык түрүнөн алыс болушубуз керек (Оку: 1 Жакан 5:21).

Кек сактаба жана эки жүздүү болбо

14. Аюбдун кара ниет болбогону эмнеден көрүнүп турат?

14 Аюб кара ниет, таш боор болгон эмес. Ал мындай адамды кынтыксыз деп айтууга болбой турганын жакшы билген. «Мен душманымдын кыйраганына кубандым беле? Анын башына түн түшкөндө, салтанат курдум беле? Оозумдун аны каргап күнөөгө батуусуна жол берген эмесмин»,— деген ал (Аюб 31:29, 30).

15. Бизди жек көргөн кишинин башына кыйынчылык түшкөндө, ичибизден сүйүнгөнүбүз эмне үчүн туура эмес?

15 Түз жүргөн Аюб аны жек көргөн кишинин башына мүшкүл түшкөндө, эч качан табалаган эмес. Накыл сөздөрдө мындай делет: «Душманың кулаганда сүйүнбө, ал мүдүрүлгөндө жүрөгүң кубанбасын. Анткени муну Теңир көрөт, бул Ага жакпайт, Ал Өзүнүн ага болгон каарын токтотуп коёт» (Накыл 24:17, 18). Жахаба жүрөгүбүздү көрүп-билип тургандыктан, кимдир бирөө кыйынчылыкка кабылганда, ичибизден сүйүнүп жатабызбы же жокпу, көрүп турат. Анын мындай маанайды жактырбасы айдан ачык (Накыл 17:5). Эгер сүйүнсөк, Кудай бизге ошого жараша тиешесин берет, себеби ал: «Өч меники, мен жазалайм»,— деген (Мыйз. 32:35, «ЖД»).

16. Колубузда ашып-ташып турбаса да, кантип меймандос боло алабыз?

16 Аюб меймандос болгон (Аюб 31:31, 32). Колубузда ашып-ташып турбаса да, биз «меймандос боло» алабыз (Рим. 12:13). Меймандостук көрсөтүү үчүн сөзсүз эле дасторконду жайнатуунун зарылдыгы жок, анткени «жек көрүү бар жерде семиз буканын этин жегенге караганда, сүйүү бар жерде жашылчадан жасалган тамак жеген жакшы» (Накыл 15:17). Кынтыксыз жүргөн ишенимдешибиз менен сүйүү өкүм сүргөн чөйрөдө бирге тамактануу бир чыны чайды да жагымдуу кылып, рухий жактан бекемдейт.

17. Эмне үчүн олуттуу күнөөнү жашырууга аракет кылбашыбыз керек?

17 Аюбдун үйүндө конок болуу рухий жактан абдан бекемдээрлик болсо керек, себеби ал эки жүздүү болгон эмес. Ал 1-кылымдагы жыйналышка кирип кеткен, «пайда көрүү үчүн башкаларга кошоматчылык кылган» ыймансыз кишидей болгон эмес (Жүй. 3, 4, 16). Аюб жаман атты болуп калам деп, мыйзамсыз иштерин «көкүрөгүнө каткан» эмес, башкача айтканда, күнөөлөрүн жаап-жашырган эмес. Ал Кудайдын аны изилдеп-сынашын каалаган жана ага күнөөсүн ачык айтууга даяр болгон (Аюб 31:33—37). Эгер олуттуу күнөө кетирсек, башкалар мен жөнүндө кандай ойдо калат деп, күнөөбүздү жашырууга аракет кылбайлы. Кынтыксыз болууга умтулуп жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз? Муну күнөөбүздү моюнга алып, өкүнүп, рухий жардам издеп жана оңолууга колубуздан келгендин баарын жасоо менен көрсөтө алабыз (Накыл 28:13; Жкп. 5:13—15).

Кынтыксыз экенин далилдеш үчүн сыналган

18, 19. а) Аюб эч кимдин эмгегин жеген эмес деп эмне үчүн айта алабыз? б) Эгер күнөөлүү экени далилденсе, Аюб эмне кылууга даяр болгон?

18 Аюб чынчыл, ак ниет киши болгон. Ошо себептен: «Эгерде жерим менин үстүмөн арызданып ыйлаган болсо, анын бороздору менин үстүмөн даттанган болсо, эгерде мен анын түшүмүн акысыз жеген болсом, дыйкандардын жашоосун кыйынчылыкка салган болсом, анда буудай ордуна төө тикенек, арпа ордуна карамык өссүн»,— деп айта алган (Аюб 31:38—40). Аюб эч качан башкалардын жерин тартып алган эмес жана жумушчуларынын эмгегин жеген эмес. Андан үлгү алып, биз чоң жана кичине иштерде Жахабанын алдында кынтыксыз болушубуз керек.

19 Аюб үч досуна жана Элийуга өзүнүн кандай жашоо өткөрүп келгенин баяндаган. Андан соң каршылаштарын эмнеден жазганын айтууга чакырган. Эгер күнөөлүү экени далилденсе, Аюб жазасын тартууга даяр болгон. Ал өз ишин Кудайга тапшырып, анын чечимин күткөн. «Ошентип, Аюбдун сөзү бүткөн» (Аюб 31:35, 40).

Кынтыксыз боло аласың!

20, 21. а) Аюб эмне үчүн кынтыксыз бойдон кала алган? б) Кудайга болгон сүйүүбүздү кантип өрчүтө алабыз?

20 Аюб Кудайды сүйгөндүктөн кынтыксыз бойдон кала алган жана Жахаба да аны сүйүп, ага жардам берген. Ал мындай деген: «Мага өмүр жана ырайым бербедиң беле, менин рухумду Сенин камкордугуң сактабады беле?» (Аюб 10:12). Андан тышкары, Аюб адамдын жакынын сүйбөгөнү анын кудурети күчтүү Кудайдан да коркпой турганын көрсөтөрүн билгендиктен, башкаларга сүйүү көрсөткөн (Аюб 6:14, «ЖД»). Кынтыксыз жүргөндөр Кудайды жана жакындарын сүйүшөт (Мт. 22:37—40).

21 Бизге Кудайга болгон сүйүү өрчүтүүгө анын Сөзүн күнүгө окуп-изилдөө, Ал тууралуу ачылып берилген чындыктар жөнүндө ой жүгүртүү жардам берет. Ошондой эле чын жүрөктөн тиленүү аркылуу Жахабаны даңктап, бизге кылып жаткан жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирсек болот (Флп. 4:6, 7). Жахабаны даңктап ырдап, анын эли менен ар дайым пикирлешүүдөн бекемделсек болот (Эвр. 10:23—25). Кабар айтуу ишине катышып, «Анын куткаруусун... жарыялоо» да ага болгон сүйүүбүздү өстүрөт (Заб. 95:1—3). Ушуларды кылуу менен: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы! Кудай-Теңирди өзүмө баш калкалар жай кылдым»,— деп ырдаган забурчудай болуп, дайыма кынтыксыз жүрө алабыз (Заб. 72:28).

22, 23. Жахабанын эгедерлигин жактагандар катары биздин ишибиз менен байыркы убакта кынтыксыз жүргөн кишилердин ишинин ортосунда кандай жалпылык бар?

22 Кылымдар бою Жахаба кынтыксыз жүргөн кызматчыларына ар кандай тапшырмаларды берип келген. Мисалы, Нух кеме курган жана «адилдиктин кабарчысы болгон» (2 Пет. 2:5). Жашыя ысрайыл элин Убадаланган жерге жетектеп барган. Бирок ал «мыйзам китебин» күнү-түнү окуп, ага ылайык жашагандыктан гана ошол тапшырманы ийгиликтүү аткара алган (Жаш. 1:7, 8). Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары шакирт даярдашкан жана Ыйык Жазманы изилдөө үчүн үзгүлтүксүз жолугуп турушкан (Мт. 28:19, 20).

23 Биз адилдикти жарыялоо, шакирт даярдоо, ыйык китептик кеңештерди колдонуу жана ишенимдештерибиз менен жыйналыштарда жана жыйындарда чогуу болуу менен Жахабанын эгедерлигин колдойбуз жана дайыма кынтыксыз боло алабыз. Мындай иш-аракеттер бизге кайраттуу, рухий жактан бекем болууга жана Кудайдын эркин аткарууда ийгиликке жетүүгө жардам берет. Бул биз үчүн кыйынга турбайт, анткени бизди асмандагы Атабыз жана анын Уулу колдоп турат (Мыйз. 30:11—14; 1 Пад. 8:57). Андан тышкары, бизге кынтыксыз жүргөн жана Жахабаны Эгедер Теңир катары урматтаган бир туугандарыбыз көмөк кылат (1 Пет. 2:17).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабанын адеп-ахлак нормаларына кандай карашыбыз керек?

• Сага Аюбдун кайсы сапаттары өзгөчө жакты?

Аюб 31:29—37-аяттарда көрсөтүлгөндөй, Аюб өзүн кандай алып жүргөн?

• Кудайдын алдында кынтыксыз болуу мүмкүн деп эмне үчүн айта алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Аюб Жахабанын алдында кынтыксыз жүргөн. Биз да ошенте алабыз!

[32-беттеги сүрөт]

Биз кынтыксыз боло алабыз!