Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балаңар эмне деп жооп берет?

Балаңар эмне деп жооп берет?

Балаңар эмне деп жооп берет?

АТА-ЭНЕЛЕР, «Күзөт мунарасынын» 2010-жылдын 15-январындагы санынын 16—20-беттеринде балдарыңар менен жагдайларды сахналаштырсаңар болору айтылганы эсиңердедир. Бул макаладан балдарыңарды мектептеги кыйынчылыктарга туруштук берүүгө даярдоого жардам берерлик кеңештерди таба аласыңар. Балким, үй-бүлөлүк сыйынуу кечинде ошол жагдайларды сахналаштырууну каалайттырсыңар.

ЖАХАБАНЫН КҮБӨСҮ болгон балдар көп кыйынчылыктарга туш болушат. Классташтары алардан эмне себептен айрым иштерди кылбай турганын, мисалы, гимн ырдабай турганын, туулган күндү белгилебей турганын жана майрамдарга катышпай турганын көп сурашы мүмкүн. Эгер кызыңарга же балаңарга ушу сыяктуу суроолорду беришсе, алар эмне деп жооп беришет?

Исанын жолун жолдогон айрым балдар жөн эле: «Мага муну кылууга болбойт. Менин динимде буга жол берилбейт»,— деп жооп берип коюшу мүмкүн. Албетте, андай балдар ишенимине бекем турганы үчүн мактоого татыктуу. Алардын жообунан улам андан ары суроолор туулбашы мүмкүн. Бирок Ыйык Китеп бизди ишенимибиз жөнүндө сураган «ар бир адамдын алдында... коргонууга дайым даяр болууга» үндөйт (1 Пет. 3:15). Коргонуу «мага муну кылууга болбойт» дегенден да көптү билдирет. Көптөр айткандарыбызга кошулбаса да, кээ бирлер чыгарган чечимдерибиздин себептерин билүүнү каалашы ыктымал.

Көптөгөн жаш Күбөлөр «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген сыяктуу адабияттарды колдонуп, классташтарына ыйык китептик окуяларды айтып беришет. Ал билдирүүлөрдүн жардамы менен Күбөлөрдүн балдары эмне себептен айрым нерселерди кыларын же кылбай турганын түшүндүрүп бере алышат. Айрым окуучулар ыйык китептик окуяларды кунт коюп угушат жана ушундай жол менен көптөгөн изилдөөлөр башталган. Башкаларына Ыйык Китептеги кайсы бир окуяны башынан аягына чейин угуу кыйынга турат. Толук түшүндүрүлүп берилбесе, мектеп жашындагы балдарга айрым ыйык китептик билдирүүлөрдү түшүнүү оңой эмес болот. 11 жаштагы Минхени досу туулган күнүнө чакырганда, ал: «Ыйык Китепте туулган күндү белгилешибиз керектиги айтылбайт. Туулган күндө Чөмүлдүрүүчү Жакандын башы алынган»,— деп жооп берген. Бирок Минхе досунун аны түшүнбөй калганын байкаган.

Кээде айрым окуучуларга китептерибизден кайсы бир сүрөттү же окуяны көрсөтүп берүү жакшы натыйжа берет. Эгер мугалимдер башка окуучуларга диний адабияттарды көрсөтүүгө тыюу салсачы? Балдарыңар адабияттарсыз эле натыйжалуу кабар айта алышабы? Аларга ишенимин коргоого кантип жардам берсеңер болот?

Жагдайларды сахналаштыргыла

Жагдайларды сахналаштыруу балдарга ишенимин жактоого жакшы жардам берет, сахналаштырууда ата-энелер мектеп окуучуларын ролун ойносо болот. Балдар ишенимин жактаганда, ата-энелер алардын аракетин мактап, жоопторун кантип жакшыртса болорун жана бул эмне себептен дурус экенин айтса болот. Мисалы, аларга курдаштары түшүнө турган сөздөрдү колдонууну кеңеш кылгыла. 9 жаштагы Жошуа деген бала классташтарынын «абийир», «берилгендик» деген сөздөрдү түшүнбөй турганын айткан. Ошо себептен ал кайсы бир нерсени талкуулаганда аларга түшүнүктүү, жөнөкөй сөздөрдү колдонот (1 Кор. 14:9).

Узакка жооп берилсе, айрым окуучулардын кызыгуусу тарап кетет. Бирок курдаштарын сөзгө тартып, маектешүү менен жаш Күбөлөр алардын кызыгуусун өрчүтө алышат. 10 жашар Хэнюл деген кыз: «Классташтарым түшүндүрүүнү эмес, сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт»,— дейт. Маектешүү үчүн суроолорду берүү жана алардын оюн кунт коюп угуу абзел.

Төмөндө Исанын жолун жолдогон балдар өздөрүнүн классташтары менен кантип маектешсе болору көрсөтүлдү. Ал жакта жазылгандарды жаттоонун зарылдыгы жок, анткени балдар бири-бирине окшош эмес, анын үстүнө, жагдайга жараша ар кандай жооп берүүгө туура келет. Ошондуктан жаш Күбө негизги ойду эстеп калып, аны өз сөзү менен жагдайга жана классташына ылайыкташтырып айтышы керек. Мектеп жашындагы балдарыңар бар болсо, ал маектерди сахналаштырып, көнүккүлө.

Балдарга таалим-тарбия берүү убакытты жана күч-аракетти талап кылат. Исаны жолдогон ата-энелер ыйык китептик принциптерди балдарынын жүрөгүнө салып, аларга ылайык жашоону үйрөтүүнү каалаары шексиз (Мыйз. 6:7; 2 Тим. 3:14).

Эмки үй-бүлө менен сыйынуу кечинде балдарыңар менен бул жерде айтылган жагдайларды сахналаштырып көргүлө. Алардын канчалык натыйжалуу болоруна көңүл бургула. Максатыңар жоопторду же сөздөрдү жаттоо болбошу керектигин эстен чыгарбагыла. Бир жагдайды бир нече жолу сахналаштырып, ар кандай жоопторду бергиле жана балдарыңардын кантип ылайыкташарын байкагыла. Алар эмнеге ишенерин түшүндүрүп жатканда эстүүлүктү жана сылыктыкты өрчүтүүгө жардам бергиле. Убакыттын өтүшү менен балдарыңар классташтарынын, кошуна-колоңдордун жана мугалимдердин алдында ишенимин жактоого үйрөнүшөт.

[4, 5-беттеги кутуча]

ТУУЛГАН КҮНДҮ БЕЛГИЛӨӨ

Мэри: Кандайсың, Жон. Сени туулган күнүмө чакырайын дегем.

Жон: Мага көңүл бурганыңа рахмат, Мэри. Сага бир суроо берсем болобу, эмне үчүн туулган күнүңдү белгилейин деп жатасың?

Мэри: Төрөлгөн күнүңдү белгилеп, майрамдагың келет да. Сен эмне өзүңдүкүн белгилебейсиңби?

Жон: Жок.

Мэри: Эмнеге? Мен төрөлгөндө ата-энем аябай кубанган.

Жон: Менин да ата-энем мен төрөлгөндө кубанган. Бирок ошол үчүн эле жыл сайын туулган күндү белгилеш керек деп ойлобойм. Туулган күнүн өткөрүп жатканда көптөр өздөрүн жогору эсептешет. Бирок баарынан жогору турган Кудай эмеспи? Бизге өмүр бергени үчүн Ага ыраазы болушубуз керек эмеспи?

Мэри: Анда туулган күнүмдү мен да белгилебешим керекпи?

Жон: Муну сен өзүң чечесиң, Мэри. Ойлонуп көрсөң: көптөр туулган күнүндө белек алганды жакшы көрүшөт, бирок Ыйык Китепте алганга караганда берген киши бактылуу экени айтылат. Туулган күндө өзүбүзгө эле көңүл топтогондун ордуна, Кудайга ыраазычылык билдирип, башкалардын камын ойлоп, аларга жакшылык кылуу алда канча жакшы эмеспи?

Мэри: Мен бул жөнүндө такыр ойлонбоптурмун. Ата-энең сага эч качан белек бербейби?

Жон: Албетте, берет. Бирок алар белек берүү үчүн туулган күнүмдү күтүп отурбай, каалаган учурда беришет. Мэри, туулган күндү белгилөө каяктан келип чыкканын билгиң келеби?

Мэри: Ооба.

Жон: Анда мен сага эртең байыркы убакта белгиленген туулган күн жөнүндө кызыктуу окуя айтып берем.

ГИМН ЫРДОО

Гейл: Клэр, сен эмне үчүн улуттук гимн ырдабайсың?

Клэр: Менин көз карашымды билгиң келип жатканыңа рахмат, Гэйл. Өзүңдөн сурасам болобу, сен эмне үчүн гимн ырдайсың?

Гейл: Анткени мен өлкөмдү урматтап, жакшы көрөм. Сен өз өлкөңдү урматтабайсыңбы?

Клэр: Урматтайм. Бирок биз урматтаган нерселерибиздин баарын эле даңктап ырдай бербейбиз да, туурабы?

Гейл: Туура, бирок улуттук гимн ырдоонун туура эмес деле эч нерсеси жок го.

Клэр: Көптөр гимн ырдоо менен өздөрүнүн өлкөсүн жактайбыз деп эсептешет. Алар ушундай жол менен улутун даңктап, өлкөсү үчүн баарына даяр экенин көрсөтүшөт. Бирок мен буга кошула албайм. Мен өмүрүмдү өлкөмө арнай албайм, себеби аны мага Кудай берген. Мен өмүрүмдү Кудайга арноону чечтим. Өлкөмдү урматтасам да, улуттук гимн ырдабайм.

Гейл: Түшүнүктүү.

Клэр: Сенин бул тууралуу сөз козгогонуңа кубанычтамын. Гэйл, эгер кайсы бир нерселерди эмне үчүн кылбай турганымды билгиң келсе, тартынбай эле сурай бер. Айтмакчы, Ыйык Китепте байыркы учурда Бабыл падышасынын элге бир айкелге таазим кылууну буйруганы айтылат. Бирок айрымдар, өмүрүнө коркунуч туулганына карабай, ага таазим кылуудан баш тартышкан.

Гейл: Чын элеби? Анан эмне болгон?

Клэр: Тыныгуу маалында айтып берейин.

МЕКТЕП САЯСАТЫ:

Майк: Тим, классыбыздын президенти ким болушу керек деп ойлойсуң?

Тим: Мен бир да талапкердин тарабын ээлебейм.

Майк: Эмне үчүн?

Тим: Мен эң мыкты жол башчыны тандап койгом. Исанын жолдоочусу катары мен анын жолун жолдойм деп убада бергем. Ошон үчүн башка жол башчыны тандай албайм. Эмне себептен Исаны эң мыкты Жол башчы деп эсептээримди билесиңби?

Майк: Жок, буга кызыкпайм.

Тим: Эгер билүүнү кааласаң, кайрыл, айтып берүүгө кубанычта болом.

[3-беттеги сүрөт]

«Эмне үчүн гимн ырдабайсың?»

[4-беттеги сүрөт]

«Кандайсың, Жон. Сени туулган күнүмө чакырайын дегем»