Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдо

Чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдо

Чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдо

«Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз» (МТ. 9:37).

1. Шашылыш ишти бүтүрүү керек болгондогу абалды кантип сүрөттөп берет элеңер?

КЕРМЕҢДЕ жайнаган кир жайылып турат. Бир маалда катуу шамал болуп, күндүн ырайы заматта бузулат да, жаан жаап кирет. Андайда эмне кыласың? Шаша-буша кириңди чогултасың. Же аябай маанилүү жолугушууга баратасың дейли. Бирок үйдөн кеч чыгып калдың. Эмне кыласың? Бутуң бутуңа тийбей чуркайсың. Ооба, кайсы бир ишти тез аранын ичинде бүтүрүшүң керек болсо жана убакыт кысып жатса, тынчың кетип, жан далбастайсың. Каныңдагы адреналиндин деңгээли көтөрүлүп, ал ишти мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүгө шашасың. Шашылыш ишти бүтүрүү керек болгондо ушундай болот.

2. Бүгүнкү күндө Исанын чыныгы жолдоочулары үчүн эң шашылыш иш кайсы?

2 Бүгүнкү күндө Исанын чыныгы жолдоочулары үчүн Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтуудан жана бардык элдерден шакирт даярдоодон өткөн шашылыш иш жок (Мт. 24:14; 28:19, 20). Исанын сөзүн цитата кылып шакирт Марк ал иштин, дүйнө түзүлүшүнүн акыры келгенге чейин, «баарынан мурда» аткарылышы керектигин жазган (Мр. 13:10). Кабар айтуу иши, чынында эле, биринчи орунда турушу керек. «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз»,— деген Иса. Ооба, оруп-жыюуну кийинкиге калтырууга болбойт, түшүм өз убагында жыйналышы керек (Мт. 9:37).

3. Көптөр создуктурбай аткаруу керек болгон кабар айтуу ишине катышуу үчүн эмне кылууда?

3 Кабар айтуу иши биз үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан мүмкүн болушунча көп убактыбызды, күчүбүздү арнашыбызга, бүт көңүлүбүздү бурушубузга татыйт. Көптөрдүн ушинтип жатканы мактоого татырлык. Айрымдар пионер, миссионер болуп же дүйнөнүн булуң-бурчундагы Бейтелдердин биринде толук убакыт кызмат кылуу үчүн жашоосун жөнөкөйлөтүшкөн. Алар дайыма кызмат менен алек. Алар көп курмандыктарга барышат жана ар кыл кыйынчылыктарга кабылышат. Анткен менен Жахаба аларга батасын мол берүүдө. Биз алар үчүн кубанычтабыз (Оку: Лука 18:28—30). Башкалар толук убакыт кызмат кылгандардын катарына кошула албаса да, өмүр куткаруучу ишке катышууга, анын ичинде балдарына Кудайдын сот күнүнөн аман өтүүгө жардам берүүгө мүмкүн болушунча көп убактысын жумшап жатышат (Мыйз. 6:6, 7).

4. Эмне үчүн айрымдар убакыттын тардыгын сезбей калышат?

4 Жогорудан көргөнүбүздөй, убакыттын тардыгын сезүү деген, адатта, чектелүү убакытка, белгиленген мөөнөткө, кайсы бир нерсенин аягына байланыштуу болот. Биз акыркы мезгилде жашап жатабыз; муну тастыктаган ыйык китептик да, тарыхый да далилдер арбын (Мт. 24:3, 33; 2 Тим. 3:1—5). Бирок дүйнө түзүлүшүнүн акырынын так убактысын бир да киши билбейт. «Дүйнө түзүлүшүнүн аякташын» түзгөн «белги» жөнүндө айтып жатып Иса: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт; Атам гана билет»,— деген (Мт. 24:36). Ошондуктан айрымдарга, айрыкча, ал күндү көптөн бери күтүп келгендерге жыл өткөн сайын убакыттын тардыгын сезип, ынталуу бойдон калуу кыйынга турат. Сага да кээде кыйынга турабы? Бүгүнкү күндө Жахаба Кудай жана Иса Машаяк тапшырган ишти кийинкиге калтырбай аткаруу керектигин түшүнүп, дайыма ынталуу болууга эмне жардам берет?

Исанын үлгүсү

5. Иса кызматта убакыттын тардыгын сезгенин кантип көрсөткөн?

5 Кудайга кызмат кылууда убакыттын күтпөй турганын түшүнүп, тийиштүү иш-аракет кылгандардын ичинен Иса Машаяк эң сонун үлгү. Анын шашылыш иш-аракет кылганынын бир себеби ал үч жарым эле жылдын ичинде көп нерсени бүтүрүшү керек эле. Анткен менен Иса чыныгы сыйынуу үчүн бир да киши кылбаганды кылган: Атасынын ысмын, ой-ниетин ачып берген, Падышалык жөнүндө жакшы кабар айткан, диний жетекчилердин эки жүздүүлүгүн, жалган окууларын ашкерелеген жана өмүрүнүн акырына чейин Жахабанын эгедерлигин жактаган. Ал жер кыдырып адамдарды окутуудан, айыктыруудан, аларга жардам берүүдөн күчүн аяган эмес (Мт. 9:35). Эч ким мынчалык кыска убакыт аралыгында ошончо көп иш бүтүргөн эмес. Иса бүт күчүн жумшап, жигердүү кызмат кылган (Жкн. 18:37).

6. Иса жашоосунда эмнеге көңүл топтогон?

6 Исага талыкпай кызмат кылууга эмне түрткү берген? Ал Даниелдин пайгамбарлыгынан, Жахаба бекиткен убакыт-мөөнөткө ылайык, ага тапшырылган ишти бүтүрүүгө канча убактысы бар экенин биле алмак (Дан. 9:27). Алдын ала айтылгандай, анын жердеги кызматы «жуманын ортосунда», тактап айтканда, үч жарым жылдан кийин соңуна чыкмак. Б.з. 33-жылынын жазында Иерусалимге салтанаттуу түрдө киргенинен көп өтпөй, Иса: «Адам Уулунун даңкталар убагы келди»,— деген (Жкн. 12:23). Ал өлөрүнө аз калганын билсе да, ошого эле көңүлүн топтогон эмес жана ошол себептен эле күжүрмөн эмгектенген эмес. Иса баарынан мурда Атасынын эркин аткаруу жана адамдарга сүйүү көрсөтүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонууга ынтызар болгон. Ошол сүйүүсүнөн улам ал шакирттерди чогулткан, аларды окуткан жана кабар айтууга жөнөткөн. Иса буларды шакирттери ал баштаган ишти улантып, ал аткаргандан да көптү аткарышы үчүн, кылган (Оку: Жакан 14:12).

7, 8. Исанын ибадаткананы тазалаганы шакирттерине кандай таасир эткен жана Иса эмне үчүн ошенткен?

7 Исанын жашоосундагы бир окуя анын канчалык ынталуу болгонун айкын көрсөтүп турат. Ал окуя анын жердеги кызматы жаңы башталганда, б.з. 30-жылы Пасах учурунда, болгон. Иса шакирттери менен Иерусалимге барып, ибадатканадан өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көргөн. Ошондо Иса эмне кылган жана ал шакирттерине кандай таасир эткен? (Оку: Жакан 2:13—17).

8 Исанын шакирттери анын ошондогу иш-аракетин көрүп, Дөөтүнүн забурундагы: «Сенин үйүңө болгон кызганыч мени жеп жатат»,— деген пайгамбарлык сөздөрүн эстешкен (Заб. 68:10) Эмне үчүн? Себеби чыныгы сыйынууга карата зор ынталуулукту чагылдырган киши гана ошентип өмүрүн тобокелге салмак. Ошол учурда ибадаткананын аттуу-баштуулары — дин кызматчылар, китепчилер жана башка кишилер — ал жакта көп киреше алып келген ыпылас иш жүргүзүшкөн. Иса диний жетекчилердин митаамдыкка жаткан ишинин бетин ачып, ага бөгөт коюу менен алардын душманына айланган. Шакирттер туура баа бергендей, Исанын ошондогу иш-аракети Кудайдын үйүнө, башкача айтканда, чыныгы сыйынууга болгон ынтасын айгинелеген. Анда ынталуулук деген эмне? Ал убакыттын тардыгын сезүүдөн айырмаланабы?

Ынталуулуктун убакыттын тардыгын сезүүдөн айырмасы

9. Ынталуулукту кантип сүрөттөп берет элеңер?

9 Бир сөздүккө ылайык, «ынталуулук» «кайсы бир нерсени аткарууга ынтызар болуу, күйүп-жануу» деген маанини билдирет жана анын жалындоо, бүт дитин коюу, кызуу демилге көрсөтүү деген синонимдери бар. Арийне, Иса кызматында ушул сапаттардын баарын чагылдырган. Ошондуктан «Бүгүнкү англис котормосунда» жогорудагы аят: «Сенин үйүңө болгон берилгендигим, о Кудай, ичимде оттой жалындап жатат»,— деп берилген. Кызыктуусу, айрым чыгыш тилдеринде «ынталуулук» сөзмө-сөз «ысык жүрөк» деген эки сөздөн туруп, жүрөк жалындап жаткандай ойду берет. Ошондуктан шакирттердин Исанын ибадатканадагы иш-аракетин көргөндө Дөөтүнүн сөздөрүн эстегени таң калыштуу эмес. Исанын жүрөгү эмнеден улам, мындайча айтканда, жалындап, ошондой иш-аракет кылууга түрткү берген?

10. Ыйык Китепте айтылган «ынталуулуктун» мааниси кандай?

10 Дөөтүнүн забурундагы «ынталуулук» деген сөз Ыйык Китептин башка жерлеринде көп учурда оң мааниде «кызганчаак» же «кызганчаактык» деп которулган эврей сөзүнөн алынган. Ошондуктан ал сөз «Жаңы дүйнө котормосунда» айрым учурларда «толук берилгендикти талап кылган» деп которулган (Чыг. 20:5; 34:14; Жаш. 24:19). Ыйык китептик бир сөздүктө ал эврей сөзү жөнүндө мындай делет: «Ал көбүнчө никедеги мамилеге карата колдонулат... Кызганыч күйөөгө же аялга ага гана таандык болгон жарынан берилгендикти талап кылууга түрткү бергендей эле, Кудай да өзүнө гана таандык болгондордон берилгендикти талап кылат жана ошол укугун коргойт». Демек, Ыйык Китептеги ынталуулук деген сөз спорттун жакшы көргөн түрүн жактаган фанаттардай болуп күйүп-бышуудан көптү билдирет. Дөөтү көрсөткөн ынталуулук оң маанидеги кызганчаактыкка жаткан, тагыраак айтканда, ал Жахабанын ысмына жалаа жабылганына, ага карата атаандаштык көрсөтүлгөнүнө чыдаган эмес. Мындай ынталуулук кишиге башка бирөөнүн жакшы ысмын коргоого жана ага келтирилген зыянды оңдоого түрткү берет.

11. Исага кызматка бүт күч-аракетин жумшоого эмне түрткү берген?

11 Шакирттердин Исанын ибадатканадагы иш-аракетин Дөөтүнүн сөздөрүнө байланыштырганы жаңылыштык болгон эмес. Иса убактысы аз калгандыктан эле эмес, Атасынын ысмына жана таза сыйынууга болгон ынтасынан же кызганычынан улам кызматка бүт күч-аракетин жумшаган. Адамдардын Кудайдын ысмын каралап, тил тийгизип жатышканын көргөндө ал адилеттүү түрдө кызганчаактык, тактап айтканда, ынталуулук көрсөткөн жана жагдайды оңдоо үчүн тийиштүү иш-аракет кылган. Диний жетекчилер өз кызыкчылыгына пайдаланган, кысымга алган момун адамдарды көргөндө анын ынталуулугу ага алардын жүгүн жеңилдетүүгө, ал эми жүрөгү таш диний жетекчилерди катуу ашкерелөөгө түрткү берген (Мт. 9:36; 23:2, 4, 27, 28, 33).

Чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдо

12, 13. Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери а) Кудайдын ысмына, б) Кудайдын Падышалыгына байланыштуу эмне кылууда?

12 Учурда дүйнөдөгү диний абалдын начардыгы Исанын күндөрүндөгүдөн ашып эле түшпөсө, кем калышпайт. Мисалы, Иса жолдоочуларын эң биринчи эле Кудайдын ысмы жөнүндө тиленүүгө үйрөтүп: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— дегенин эстесең (Мт. 6:9). Диний жетекчилер, айрыкча, христиан дүйнөсүнүн дин башчылары адамдарга Кудайдын ысмын ачып берип, аны ыйыктоого, урматтоого үйрөтүп жатышабы? Кайдан. Тескерисинче, алар Троица, жандын өлбөстүгү, тозок оту сыяктуу жалган окуулары менен Кудайды табышмактуу, таанып билгис, ырайымсыз, атүгүл мыкаачы кылып көрсөтүшөт. Андан сырткары, өздөрүнүн адеп-ахлаксыздыгы, эки жүздүүлүгү менен Кудайдын ысмына сөз тийгизишет (Оку: Римдиктер 2:21—24). Ошондой эле Кудайдын ысмын жашыруу үчүн, атүгүл аны өздөрү колдонгон Ыйык Китептин котормолорунан алып салуу үчүн колунан келгендин баарын кылышат. Ошентип алар адамдарга Кудайга жакындоого жана аны менен жекече мамиле түзүүгө тоскоолдук кылышат (Жкп. 4:7).

13 Иса өзүнүн жолдоочуларын Кудайдын Падышалыгы жөнүндө да тиленүүгө үйрөтүп: «Падышалыгың келсин. Сенин эркиң, асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын»,— деген (Мт. 6:10). Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери ушинтип көп тиленишсе да, башкаларды адамдардын саясий жана башка уюмдарын колдоого үндөшөт. Ал эле эмес, алар ошол Падышалык жөнүндө кабарлап, күбөлөндүрүп жаткандарды жамандап, кадырын түшүрүшөт. Натыйжада Исанын жолдоочуларыбыз деп ырастагандар Кудайдын Падышалыгы жөнүндө талкуулашпайт жана ага ишенишпейт.

14. Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилер кантип Кудай Сөзүн бурмалоодо?

14 Иса Кудайга тиленип жатып: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп таамай айткан (Жкн. 17:17). Асманга кетер алдында ал Кудайдын элин рухий тамак менен камсыздай турган «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаарын айткан (Мт. 24:45). Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери Кудайдын Сөзүнө окутабыз деп ырастаганы менен, Мырзабыз тапшырган ишти ишенимдүүлүк менен аткарып жатышабы? Жок. Алар Ыйык Китепте айтылгандарды уламыш же миф катары көрүшөт. Ошондой эле оторун рухий тамак менен камсыз кылып, сооротуп, билим бергендин ордуна адамдык философия менен карамагындагылардын кулак курчун кандырышат. Андан тышкары, алар чиркөөгө келгендерге жагынуу үчүн Кудайдын адеп-ахлак нормаларын бурмалап, өздөрүнүн нормаларын чыгарышат (2 Тим. 4:3, 4).

15. Диний жетекчилердин Кудайдын атынан кылып жаткан иштери жөнүндө кандай ойдосуң?

15 Алар ушунун баарын Кудайдын атынан кылгандыктан, көптөгөн жүрөгү таза адамдар Кудайга жана Ыйык Китепке таптакыр ишенбей калышкан. Ошентип, алар Шайтанга жана анын каардуу дүйнө түзүлүшүнө жем болушкан. Ушундай нерселердин болуп жатканын көрүп-укканда кандай сезимде болосуң? Жахабанын кызматчысы катары Кудайдын ысмы караланып жатканда, аны ыйыктоого түрткү албайсыңбы? Жүрөгү таза, ак ниет адамдардын адаштырылып, эзилип, кайгыга батканын көргөндө аларды соороткуң келбейби? Иса өзүнүн күндөрүндөгү «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калган» элди көргөндө аларга жөн эле боору ооруп койгон эмес, «аларды көп нерсеге окута баштаган» (Мт. 9:36; Мр. 6:34). Бизде, Исадай болуп, чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдоого көп себептер бар.

16, 17. а) Кызматка бүт күчүбүздү жумшоого эмне түрткү бериши керек? б) Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

16 Кызматта ушундай ынталуулук көрсөтсөк, элчи Пабылдын 1 Тиметей 2:3, 4-аяттардагы сөздөрү биз үчүн өзгөчө мааниге ээ болот (Оку.). Биз акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды билгендиктен эле эмес, Кудайдын адамдардын чындыкты таанып-билип, ага сыйынышын, кызмат кылышын жана андан бата алышын каалаарын билгендиктен да күжүрмөн кызмат кылабыз. Ошондой эле убакыттын чектелүү экенин түшүнгөндүктөн эле эмес, Кудайдын ысмына урмат көрсөтүлүшүн жана адамдардын анын эркин билишин каалагандыктан да кызматка бүт күчүбүздү жумшайбыз. Ооба, биз чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдойбуз (1 Тим. 4:16).

17 Жахабанын эли катары биз Кудайдын адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниети жөнүндөгү чындыкты билебиз. Бул — биз үчүн чоң бата. Биз адамдарга бакытка ээ болууга жана келечекке ишенимдүү кароого жардам бере алабыз. Ошондой эле аларга Шайтандын дүйнө түзүлүшү кыйратылганда кантип аман калууга болорун көрсөтө алабыз (2 Тес. 1:7—9). Жахабанын күнү создуктурулуп жаткандай сезилгенине көңүлүбүздү чөгөргөндүн ордуна, чыныгы сыйынууну ынталуулук менен жактоого дагы да убакыт бар экенине ыраазы болушубуз керек (Мих. 7:7; Хаб. 2:3). Мындай ынталуулукту кантип өрчүтсөк болот? Муну эмки макалада талкуулайбыз.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Исага өмүрүнүн аягына чейин талыкпай кызмат кылууга эмне түрткү берген?

• Ыйык Китепке ылайык, «ынталуулук» деген эмне?

• Бүгүн бизге чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдоого эмнелер түрткү бериши керек?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Иса бүт көңүлүн Атасынын эркин аткарууга жана адамдарга сүйүү көрсөтүүгө топтогон

[10-беттеги сүрөт]

Бизде чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдоого көп себептер бар