Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу Убак»

«Азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу Убак»

«Азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу Убак»

«Мына, азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак. Мына, азыр куткарылуу күнү» (2 КОР. 6:2).

1. Убактыбызды кайсы ишке жумшашыбыз керектигин аныктап алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

«БАРДЫК нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар» (Нас. 3:1). Бул сөздөр менен Сулайман айыл-чарбада болобу, саякаттоодобу, жеке иш жүргүзүүдөбү же башкалар менен пикир алышуудабы, кандайдыр бир олуттуу нерсеге киришерде өзгөчө ылайыктуу убакты баамдап билүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айткан. Бирок биз убактыбызды баарынан маанилүү кайсы ишке жумшашыбыз керектигин да аныктап алышыбыз кажет. Башкача айтканда, жашообузда эмнелер алдыңкы орунда турушу керектигин так аныктап алышыбыз керек.

2. Жерде жүргөндө Иса кайсы убакта жашап жатканын жакшы билгенин кантип көрсөткөн?

2 Жерде жүргөндө Иса кайсы убакта жашап жатканын жана эмнелерди кылышы керектигин жакшы билген. Ал Машаякка байланыштуу кылымдар мурун айтылган пайгамбарлыктардын аткарылар убактысы жакындап калганын түшүнгөндүктөн, жашоосунда эмнелер алдыңкы орунда турушу керектигин эсинде бек сактаган (1 Пет. 1:11; Аян 19:10). Ал адамдарга өзүнүн убадаланган Машаяк экенин аныктоого жардам бериши керек болчу. Ошондой эле Падышалык жөнүндө чындыкты жарыялап, келечекте Падышалыкта аны менен кошо башкара тургандарды чогултушу зарыл эле. Мындан тышкары, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинин жердин учу-кыйырына чейин жүргүзүлүшүнө кам көрө турган жыйналышка негиз салып кетиши керек эле (Мр. 1:15).

3. Кайсы убакта жашап жатканын билүү Исанын иш-аракеттерине кандай таасир эткен?

3 Кайсы убакта жашап жатканын билүү Исага Атасынын эркин ынталуулук менен аткарууга түрткү берген. Ал шакирттерине: «Түшүм, чынында эле, көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деп айткан (Лк. 10:2; Мал. 4:5, 6). Иса шакирттеринин арасынан 12ни, андан кийин 70ти тандап, аларга көрсөтмөлөрдү берип: «Асман падышалыгы жакындап калды»,— деген жүрөк козгоорлук кабар жарыялоого жиберген. Ал эми өзү жөнүндө: «Он эки шакиртине көрсөтмө берип бүткөндөн кийин Иса кабар айтып, элди окутуу үчүн ал жерден башка шаарларга жөнөп кетти»,— дегенди окуйбуз (Мт. 10:5—7; 11:1; Лк. 10:1).

4. Пабыл Иса Машаякты кантип туураган?

4 Иса ынталуулугу жана Кудайга берилгендиги менен бардык жолдоочуларына мыкты үлгү калтырган. Элчи Пабыл ушуну баса белгилеп, ишенимдештерин: «Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла»,— деп үндөгөн (1 Кор. 11:1). Пабыл Машаякты кантип туураган? Негизинен, жакшы кабар таратууга бүт күчүн жумшоо менен. Анын жыйналыштарга жазган каттарынан «ишиңерди аткарууда жалкоо болбогула», «Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла», «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенгиле», «эмне иш аткарсаңар да, аны... Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтулгула» деген сөздөрдү окуйбуз (Рим. 12:11; 1 Кор. 15:58; Кол. 3:23). Пабыл Дамаскка жол тартып баратканда Мырзабыз Иса Машаяк менен жолукканын жана анын Ананияга айткан: «Мен аны өзүмдүн атымды башка элдерге, падышаларга жана Ысрайыл уулдарына жарыялаш үчүн идишим катары тандап алдым»,— деген сөздөрүн эч качан унуткан эмес (Элч. 9:15; Рим. 1:1, 5; Гал. 1:16).

«Ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак»

5. Пабылга ынталуулук менен кызмат кылууга эмне түрткү берген?

5 Элчилер китебин окуп жатканда биз Пабылдын кызмат кылууда көрсөткөн эр жүрөктүгүн жана ынталуулугун байкабай койбойбуз (Элч. 13:9, 10; 17:16, 17; 18:5). Ал өзү жашаган учурдун маанилүүлүгүн түшүнгөн. «Мына, азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак. Мына, азыр куткарылуу күнү»,— деген ал (2 Кор. 6:2). Бабылда сүргүндө жүргөндөргө б.з.ч. 537-жыл мекенине кайтып келүүгө өзгөчө ылайыктуу учур болгон (Ыш. 49:8, 9). Бирок Пабыл жогорудагы аятта эмнени айткысы келген? Муну түшүнүүгө бизге ал аяттын контексти жардам берет.

6, 7. Пабылга жана Исанын мурунку жана азыркы майланган жолдоочуларына кандай сыймык берилген жана алар менен кимдер ийиндеш кызмат кылууда?

6 Пабыл жогорудагы сөздөрдү айтканга чейин өзүнө жана Исанын башка майланган жолдоочуларына зор сыймык берилгени тууралуу жазган (Оку: 2 Корунттуктар 5:18—20). Ал Кудайдын аларды өзгөчө бир максат менен, «элдештирүү кызматын» аткарышы үчүн, башкача айтканда, адамдардан: «Кудай менен элдешкиле»,— деп суранышы үчүн, тандап алганын түшүндүргөн. Бул Кудай менен достук мамилени калыбына келтирип, аны менен тынчтыкта болууну билдирет.

7 Эйдендеги козголоңдон улам бүтүндөй адамзат Жахабадан алыстап кеткен (Рим. 3:10, 23). Ошондон тартып жалпы адамзат рухий караңгылыкта жашап, азап-кайгыга жана өлүмгө дуушар болуп келет. «Жаратылгандын баары ушул убакка чейин бирге онтоп, бирге кыйналып жатканын билебиз»,— деп жазган Пабыл (Рим. 8:22). Бирок Кудай адамдарды ага кайрылып келүүгө, аны менен элдешүүгө чакырууда, чын-чынында, «суранууда». Мына ушул кызмат Пабылга жана анын күндөрүндөгү Исанын майланган жолдоочуларына тапшырылган. Ошол «ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак» Исага ишеним көрсөткөндөр үчүн «куткарылуу күнү» болмок. Бүгүнкү күндө Исанын майланган жолдоочуларынын шериктери «башка койлор» да алар менен ийиндеш кызмат кылып, адамдарды «ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убактан» пайда алууга чакырып жатышат (Жкн. 10:16).

8. Элдешүү чакырыгы эмнеси менен жүрөк козгоорлук?

8 Кудайдын адамдарды өзү менен элдешүүгө чакырганы чынында эле жүрөк козгоорлук. Себеби адамдар Эйденде козголоң чыгаруу менен Кудай менен болгон мамилесине жарака кетишине өздөрү себепкер болсо да, Кудай ал жараканы бүтөш үчүн өзү демилгени колго алган (1 Жкн. 4:10, 19). Ан үчүн ал эмне кылган? Пабыл: «Кудай адамдардын күнөөлөрүн эсепке албай, дүйнөнү Машаяк аркылуу өзү менен элдештирди; бизге болсо элдештирүү сөзүн тапшырды»,— деген (2 Кор. 5:19; Ыш. 55:6).

9. Пабыл Кудайдын ырайымдуулугуна ыраазы болгонун кантип көрсөткөн?

9 Куткаруу курмандыгын караштыруу менен Жахаба ал курмандыкка ишеним көрсөткөндөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилишине жана аны менен достук мамилени калыбына келтирип, тынчтыкта болууга жол ачкан. Андан тышкары, ал бардык жерлердеги адамдарды убакыт барда аны менен элдешүүгө жардам бериши үчүн, өкүлдөрүн жиберген (Оку: 1 Тиметей. 2:3—6). Кудайдын эркин жана кайсы убакта жашап жатканын түшүнгөндүктөн Пабыл «элдештирүү кызматын» жанын аябай аткарган. Жахабанын эрки өзгөргөн жок. Ал дагы деле элдешүүгө чакырып жатат. Пабылдын: «Мына, азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак. Мына, азыр куткарылуу күнү»,— деген сөздөрү бизге да тиешелүү. Жахаба кандай гана ырайымдуу жана боорукер Кудай! (Чыг. 34:6, 7).

«Кандай максатта көрсөтүлгөнүн көз жаздымда калтырып койбогула»

10. Мурунку жана азыркы учурдагы майлангандар үчүн «куткарылуу күнү» кандай мааниге ээ?

10 Кудайдын ырайымдуулугунан биринчилерден болуп «Машаяк менен биримдикте болгондор» пайда алышкан (2 Кор. 5:17, 18). Алар үчүн «куткарылуу күнү» б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамында башталган. Ошондо аларга «элдештирүү сөзүн» жар салуу тапшырмасы берилген. Бүгүн да Исанын майланган жолдоочуларынын калдыгы «элдештирүү кызматын» аткарууда. Алар Жакандын пайгамбарлык аянындагы төрт периштенин «жерге... эч кандай шамал сокпошу үчүн, ...жердин төрт шамалын бекем кармап турганын» түшүнүшөт. Демек, азыр да «куткарылуу күнү» жана «ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак» (Аян 7:1—3). Ошондуктан майланган калдык 20-кылымдын башынан тартып жердин учу-кыйырына чейин «элдештирүү кызматын» ынталуулук менен аткарып келет.

11, 12. Исанын 19-кылымдын аягындагы майланган жолдоочулары кайсы убакта жашап жатканын түшүнөрүн кантип көрсөтүшкөн? (15-беттеги сүрөттү карагыла.)

11 Мисалы, «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» китебинде белгиленгендей, 19-кылымдын аягында «Ч. Т. Рассел жана анын шериктери оруп-жыюу учурунда жашап жатканына жана адамдарга эркиндикке чыгара турган чындыкты жарыялоо зарыл экенине бекем ишенишкен». Бул аларга эмне кылууга түрткү берген? Орок маалында, «ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убакта», жашап жатканын түшүнгөндүктөн ал бир туугандар адамдарды диний чогулуштарга чакырып эле тим болушкан эмес. Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери узак убакыттан бери ошентип эле келишкен. Ал эми Исанын майланган жолдоочулары жакшы кабарды таратуунун башка натыйжалуу жолдорун издей башташкан. Алсак, алар ишин илгерилетүү үчүн акыркы технологияны акылдуулук менен колдонушкан.

12 Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу үчүн ынталуу кызматчылардан турган чакан топ басып чыгаруу ишинде жөндөмдүүлүктөрү, тажрыйбасы жок болсо да, баракчаларды, китепчелерди, журналдарды жана китептерди чыгарышкан. Ошондой эле рухий темада баяндамаларды, макалаларды даярдап, миңдеген гезиттерге басып чыгарылышына кам көрүшкөн. Улуттук жана эл аралык радио түйүндөрү аркылуу Жазмага негизделеген программаларды да беришкен. Андан тышкары, алар, атүгүл кино индустриясында үн менен коштолгон кинокартиналар пайда боло электе эле, үн менен коштолгон фильмдерди чыгарып, жалпыга көрсөтүшкөн. Алардын ынталуулугунан жазбай иш-аракет кылганынын натыйжасы кандай болгон? Бүгүн жети миллиондой киши: «Кудай менен элдешкиле»,— деген чакырыкка кулак кагып, ал чакырыкты жарыялап жатат. Ырас, Жахабанын 19-кылымдын аягында жашаган кызматчылары, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонуна карабай, ынталуулук көрсөтүп, бизге сонун үлгү калтырышкан.

13. Кудайдын кайсы максатын көз жаздымда калтырбашыбыз керек?

13 Пабылдын «азыр ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убак» деген сөздөрү биздин күндөргө да тиешелүү. Биз, Жахабанын ырайымдуулугун татып көргөндөр, элдешүү кабарын угууга жана кабыл алууга мүмкүнчүлүк берилгенине аябай ыраазыбыз. Бирок ыраазы болуп эле койбостон, Пабылдын: «Кудайдын ырайымына ээ болгон соң анын кандай максатта көрсөтүлгөнүн көз жаздымда калтырып койбогула»,— деген өтүнүчүнө ылайык иш кылгыбыз келет (2 Кор. 6:1). Кудай «дүйнөнү Машаяк аркылуу өзү менен элдештирүү» максатында ырайым көрсөтөт (2 Кор. 5:19).

14. Көп жерлерде кандай мүмкүнчүлүк түзүлүүдө?

14 Адамзаттын басымдуу бөлүгү, Шайтан аларды сокур кылып койгондуктан, дагы деле Кудайдан алыс жашап, анын ой-максатын билбей келет (2 Кор. 4:3, 4; 1 Жкн. 5:19). Анткен менен дүйнөдөгү абалдын күндөн-күнгө начарлап баратканынан улам көптөр, жамандыктын жана азап-кайгынын башкы себеби адам баласынын Кудайдан алыстап кеткенинде экенин көрсөткөнүбүздө, кабарыбызга кулак кагууда. Жадагалса кабар айтуу ишибизге адамдардын көбү кош көңүл караган жерлерде да жакшы кабарды кабыл алып, Кудай менен элдешүү үчүн тийиштүү иш-аракет кылгандар аз эмес. Бул бизге: «Кудай менен элдешкиле»,— деген өтүнүчтү мурдагыдан да ынталуулук менен айта турган убак экенин түшүнүп, аны бардыгына жар салууга түрткү бербейби?

15. Адамдар уккусу келген эле кабарды айтпастан биз алардын эмнени билишин каалайбыз?

15 Биздин максат адамдарга Кудайга кайрылсаңар, ал силерге көйгөйлөрүңөрдүн баарын чечип берет, ошондо жеңилдеп каласыңар деп айтуу эле болбошу керек. Көптөр чиркөөгө ушул сөздөрдү угуш үчүн эле барышат, чиркөө башчылары болсо адамдарды тартыш үчүн алар уккусу келген нерселерди айтышат (2 Тим. 4:3, 4). Ал эми биздин кызматыбыздын максаты анда эмес. Биз адамдарга Жахабанын сүйүүсүнөн улам Машаяктын каны аркылуу күнөөлөрүбүздү даярдуулук менен кечирери жөнүндө жакшы кабар айтабыз. Ушунун аркасында адамдар кайрадан Кудай менен элдешип, ага жакындай алышат (Рим. 5:10; 8:32). Бирок «ырайым көрсөтүүгө өзгөчө ылайыктуу убак» соңуна чыгып баратат.

«Рух менен жалындагыла»

16. Пабылга кайраттуу жана ынталуу болууга эмне жардам берген?

16 Чыныгы сыйынууга карата ынталуулук өрчүтүүгө жана ынталуулугубуздан жазбоого эмне жардам берет? Айрымдарга табиятынан эле уялчаак болгондуктан же көп сүйлөбөгөндүктөн, ой-сезимдерин ачык айтуу же башкалар менен пикирлешүү кыйынга турушу мүмкүн. Бирок ынталуу болуу сезимдериңди ачык көрсөтүүнү эле билдирбей тургандыгын жана ал адамдын кулк-мүнөзүнөн көз каранды эмес экендигин эстен чыгарбашыбыз абзел. Пабыл ынталуу болуунун сыры эмнеде экенин көрсөтүп: «Рух менен жалындагыла»,— деген (Рим. 12:11). Жахабанын руху элчиге кабар айтуу ишинде кайраттуу жана туруктуу болууга жардам берген. Иса тарабынан чакырылгандан тартып Римде камакка алынып, өлтүрүлгөнгө чейин, 30 жылдан ашуун убакыт бою, Пабылдын ынтасы басаңдаган эмес. Ал дайыма Кудайга таянган. Кудай руху аркылуу ага зарыл күч берип турган. «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деген Пабыл (Флп. 4:13). Арийне, анын үлгүсүнө кармансак, зор пайда алабыз!

17. Канткенде «рух менен жалындай» алабыз?

17 «Жалындоо» деп которулган сөз сөзмө-сөз «кайноо» дегенди билдирет («Падышалыктын сөзмө-сөз котормосу»). Самоордогу суу дайыма кайнап турушу үчүн, ага чок салып турушубуз зарыл. Анын сыңарындай, «рух менен жалындоо» үчүн биз дайыма Кудайдын рухунан кубат алып турушубуз керек. Ан үчүн Жахабанын бизди рухий жактан бекемдөө үчүн караштырып койгон чараларынын баарынан пайда алышыбыз кажет. Бул өз ичине үй-бүлө жана жыйналыш менен сыйынууга олуттуу кароону — өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөөнү дайыма өткөрүүнү, үзгүлтүксүз тиленүүнү, ишенимдештерибиз менен жолугушууларга катышууну — камтыйт. Бул биз үчүн дайыма «рух менен жалындашыбыз», мындайча айтканда, «кайнап» турушубуз үчүн зарыл болгон «чок» болуп берет (Оку: Элчилер 4:20; 18:25).

18. Жахабага арналган кызматчылар катары биз кайсы максатты көздөйбүз?

18 Өмүрүн бир нерсеге же кимдир бирөөгө арнаган киши көздөгөн максатына бүт көңүлүн топтоп, аны алаксыткан же ага жолтоо болгон нерселерге карабай ошол максатына жетүүгө умтулат. Жахабага арналган кызматчылар катары биздин максатыбыз — Исадай болуп, Кудай эмне кылышыбызды кааласа, ошону аткаруу (Эвр. 10:7). Бүгүнкү күндө Жахаба мүмкүн болушунча көп адамдын аны менен элдешишин каалайт. Андыктан, Исаны жана Пабылды туурап, азыркы таптагы эң эле маанилүү жана шашылыш ишке бүт күчүбүздү жумшап, аны ынталуулук менен аткаралы.

Эсиңердеби?

• Пабылга жана Исанын башка майланган жолдоочуларына кандай кызмат тапшырылган?

• Майланган калдык «ырайым кылууга өзгөчө ылайыктуу убакты» кантип туура колдонуп келет?

• Кудайдын кызматчылары канткенде «рух менен жалындай» алышат?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Мырзабыз Иса Машаяк менен жолукканын Пабыл эч качан унуткан эмес