Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны даңктап ырдагыла!

Жахабаны даңктап ырдагыла!

Жахабаны даңктап ырдагыла!

«Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңктап ырдайм» (ЗАБ. 145:2).

1. Жаш Дөөтүгө жүрөк козгоорлук забурларды чыгарууга эмне түрткү берген?

БАЛА кезинде Дөөтү нечендеген күндөрдү Бейт-Лехемдин чет жакасындагы талаада атасынын оторун кайтарып өткөргөн. Кой жайып жүрүп ал Жахабанын кастарлоо сезимин туудурган жаратууларына: жымыңдаган жылдыздарга толгон асманга, «талаадагы жырткычтарга», «асмандагы куштарга» далай жолу назар салып, көз кумарын кандырса керек. Көргөн нерселери аны ушунчалык таасирленткендиктен, ал ошол кереметтүү жаратуулардын Жаратманын даңктап жүрөк козгоорлук ырларды чыгарууга түрткү алган. Дөөтүнүн чыгармаларынын көбүн Забур китебинен табууга болот * (Оку: Забур 8:4, 5, 8—10).

2. а) Музыка адамга кандай таасир этет? Мисал келтиргиле. б) Забур 33:8, 9 жана 138:2—8-аяттардан Дөөтүнүн Жахаба менен болгон мамилеси жөнүндө эмнени билүүгө болот?

2 Дөөтү жашоосунун так ошол учурунда музыкалык шык-жөндөмүн арттырса керек. Ошол өнөрүн абдан мыкты өрчүткөндүктөн ал атүгүл Шабул падышага арфа ойноп берип турууга чакырылган (Накыл 22:29). Жакшы музыка бүгүнкү күндө көптөрдүн жанына жагымдуу болгондой эле, Дөөтүнүн ырлары менен обондору жаны жай албаган падышанын көңүлүн эргиткен. Дөөтү аспабын колуна алганда, Шабул жеңилдеп, көңүлү көтөрүлүп калчу (1 Шем. 16:23). Кудайдан корккон ал ырчынын жана жазуучунун ырлары мезгил элегинен өтүп, азыркыга чейин жашап келет. Ойлонуп көрсөңөр, Дөөтүнүн жарык дүйнөгө келгенинен бери 3000ден ашуун жыл өтсө да, бүгүнкү күндө жердин чар тарабында жашаган тек-жайы ар кандай миллиондогон адамдар көңүлүн жубатып, келечекке үмүт артуу үчүн анын забурларына кайрылып турушат (2 Жылн. 7:6; оку: Забур 33:8, 9; 138:2—8; Амос 6:5).

Музыканын чыныгы сыйынуудагы маанилүү ролу

3, 4. Дөөтүнүн күндөрүндө музыканын чыныгы сыйынуунун бөлүгү болушуна байланыштуу кандай чара көрүлгөн?

3 Дөөтү өз өнөрүн эң мыкты жол менен — Жахабаны даңктоо үчүн — колдонгон. Ысрайылга падыша болуп дайындалгандан кийин ал жагымдуу музыка ойноп, ыр ырдоону жыйын чатырында аткарылган кызматтын бир бөлүгү болушуна чара көргөн. Жыйын чатырында кызмат кылган лебилердин ондон бир бөлүгүнөн көбүрөөгү — 4 000 киши — «Теңирди мактап ырдоого» дайындалган жана алардын 288и «бул өнөрдү билген, Теңирдин алдында ырдоого үйрөнгөн» ырчы болгон (1 Жылн. 23:3, 5; 25:7).

4 Лебилер ырдаган ырлардын көбүн Дөөтү чыгарган. Дөтүнүн забурлары ырдалганда, аларды уккан ысрайылдыктардын жүрөк кылдары козголгону шексиз. Кийинчерээк, келишим сандыгы Иерусалимге алынып барылганда, Дөөтү «лебилердин башчыларына алардын ырчы бир туугандары музыкалык аспаптар менен, арфа чертип, лира тартып, жез табак кагып, катуу ырдап, элдин алдында турушун буйруган» (1 Жылн. 15:16).

5, 6. а) Дөөтү бийлик кылган учурда эмне себептен музыкага чоң маани берилген? б) Байыркы Ысрайылда музыка сыйынуунун маанилүү бөлүгү болгонун кайдан билебиз?

5 Дөөтүнүн күндөрүндө музыкага эмне себептен чоң маани берилген? Падыша өзү ырчы болгону үчүн элеби? Жок, мунун себеби башкада экени кылымдардан кийин, адил падыша Хиския ибадатканадагы кызматты калыбына келтиргенде, айкын болгон. 2 Жылнаама 29:25тен мындай дегенди окуйбуз: «Буйрук Теңирдин пайгамбарлары аркылуу берилгендиктен, Дөөттүн, падышанын көрөгөчү Гаттын, Натан пайгамбардын айткан буйругу боюнча, ал лебилерди жез табак, арфа, лира менен Кудай үйүнө койду».

6 Ооба, Жахаба өзүнүн пайгамбарлары аркылуу кызматчыларына аны ыр менен даңктоого көрсөтмө берген. Атүгүл дин кызматчылар уруусундагы ырчылар ыр чыгарууга жана ырдап көнүгүүгө жетиштүү убакыт бөлүшү үчүн лебилерден талап кылынган милдеттерден бошотулушкан (1 Жылн. 9:33).

7, 8. Падышалык ырларын ырдаганга келгенде жөндөмдүүлүктөн да эмне маанилүү?

7 Балким, сен: «Ырдаганга келгенде, мен эч качан жыйын чатырында кызмат кылган мыкты ырчылардын катарында боло алмак эмесмин»,— деп ойлойттурсуң. Бирок лебилердин баары эле чебер ырчы болушкан эмес. 1 Жылнаама 25:8ден көрүнүп тургандай, алардын арасында «шакирттер», башкача айтканда, үйрөнчүктөр да болгон. Айта кетчү нерсе, Ысрайылдын башка урууларында деле чебер ырчылар жана музыкалык аспаптарда мыкты ойногондор болсо керек, бирок Жахаба андай кызматты аркалоого лебилерди дайындаган. Мыкты музыкант же үйрөнчүк болобу, ишенимдүү лебилердин баары өз ишине бүт жүрөгүн арнаганы күмөнсүз.

8 Дөөтү музыканы абдан жакшы көргөн, өзү да ошого жөндөмдүү болгон. Бирок Жахаба адамдын шык-жөндөмүнө эле көңүл бурабы? Дөөтү: «Кыл терип, чын жүрөктөн ойногула, кубанычтуу үн салгыла»,— деп жазган (Заб. 32:3, «ЖД» [33:3]). Сөздүн төркүнү айдан-ачык: эң негизгиси, Жахабаны «чын жүрөктөн» даңктаганыбыз маанилүү.

Музыканын Дөөтүнүн күндөрүнөн кийинки убактагы ролу

9. Сулайман башкарган учурда ибадаткананын арноо аземине катышкан болсоң, эмнени угуп, эмнеге күбө болмоксуң?

9 Сулайман падыша башкарып турган убакта музыкага чыныгы сыйынууда өзгөчө орун берилген. Алсак, ибадаткананы арноо аземи курамында 120 сурнайчысы бар абдан чоң оркестрдин коштоосунда өткөн (Оку: 2 Жылнаама 5:12). Ыйык Китепте мындай делет: «Сурнайчылар менен ырчылар бир кишидей болуп Теңирди мактап, даңктап жатышты... Теңирди: „Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү“,— деп даңкташты». Алар ошентип кубанычтуу үн салышканда, «Теңирдин үйү булутка толгон». Бул болсо Жахабанын жактыруусун айгинелеген. Ошол сурнайчылардын баарын жана бир үндөн ырдаган миңдеген ырчыларды угуу ардактоо сезимин туудуруп, ушунчалык жүрөк толкутарлык болсо керек! (2 Жылн. 5:13).

10, 11. Исанын алгачкы жолдоочуларынын убагында да музыка сыйынууда маанилүү роль ойногонун эмне көрсөтүп турат?

10 Исанын алгачкы жолдоочуларынын убагында да музыка сыйынууда маанилүү роль ойногон. Албетте, алар жыйын чатырында же ибадатканада эмес, үйлөрдө чогулушкан. Ал жолдоочулар куугунтуктарга жана көптөгөн кыйынчылыктарга карабай Кудайды ыр менен даңкташкан.

11 Элчи Пабыл Колосадагы ишенимдештерин: «Мындан ары да бири-бириңерди забурлар, Кудайды даңктоо ырлары жана жагымдуу рухий ырлар менен насаатта[й]... бергиле»,— деп үндөгөн (Кол. 3:16). Пабыл менен Сылас абакка отургузулганда, ыр китеби жок болсо да, «Кудайга тиленип, аны даңктап ырдашкан» (Элч. 16:24, 25). Эгер сен түрмөгө отургузулган болсоң, Падышалык ырларынын канчасын ырдай алат элең?

12. Падышалык ырларын баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

12 Музыка сыйынуубузда маанилүү орунду ээлегендиктен, өзүбүзгө мындай суроолорду берип көргөнүбүз дурус: «Мен Падышалык ырларын баалаарымды көрсөтүп жатамбы? Жыйналыш жолугушууларында, жыйындарда алгы ырды бир туугандарым менен чогуу ырдоо үчүн өз убагында барууга жана шыктануу менен ырдоого аракет кыламбы? Балдарыма Теократиялык кызмат мектеби менен Кызмат жолугушуусунун же жалпыга арналган баяндама менен Күзөт Мунарасын изилдөөнүн ортосунда ыр ырдалчу убакытты кичине тыныгуу жасап же зарыл болбосо деле, сыртка чыгып, бир аз басып келе турган маал катары карабоого үндөймүнбү?» Ырдоо — сыйынуубуздун бир бөлүгү. Ооба, мыкты ырдайбызбы же үйрөнчүкпүзбү, баарыбыз Жахабаны бир добуштан даңктай алабыз жана даңкташыбыз керек (Салыштыр: 2 Корунттуктар 8:12).

Убакыттын өтүшү менен муктаждыктардын өзгөрүшү

13, 14. Жыйналыш жолугушууларында чын жүрөктөн ырдоо эмне үчүн маанилүү? Мисал менен түшүндүргүлө.

13 Мындан 100дөн ашык жыл мурун «Сион күзөт мунарасында» Падышалык ырлары эмне себептен абдан маанилүү экени түшүндүрүлгөн. Анда: «Чындык жөнүндө ырдоо Кудайдын элине аны акылга жана жүрөккө жеткирүүгө жакшы көмөк болот»,— делген. Ырас, көпчүлүк ырларыбыздын сөздөрү Жазмага негизделгендиктен, атүгүл айрым эле ырлардын сөздөрүн үйрөнүү чындыктын жүрөгүбүздөн түнөк табышына шарт түзөт. Адатта, жолугушуубузга биринчи жолу келгендерге жыйналыштагылардын чын жүрөктөн ырдаганы терең таасир этет.

14 1869-жылы кечинде Ч. Т. Рассел жумуштан келатып, жер төлөдөгү залда кишилердин ырдап жатканын кулагы чалып калат. Жашоосунун ошол учурунда ал Кудай жөнүндөгү чындыкты эч качан таппайм деп, үмүтүн үзүп койгон эле. Ошондуктан ал көбүрөөк акча тапсам, адамдарга рухий жактан болбосо да, материалдык жактан жардам көрсөтө алам деп ойлоп, жүргүзүп жаткан жеке ишине бүт көңүлүн бурууну чечкен. Ошентип, Рассел бир тууган чаң баскан, күңүрт залга кирип, ал жакта диний жолугушуу өтүп жатканын көрөт да, отуруп, угуп кетет. Кийинчерээк ал «Кудайдын жардамы менен анын Ыйык Китепти Кудай жаздырганына болгон солгундап бараткан ишенимин бекемдөөгө ошол кечте уккандары эле жетиштүү болгонун» жазган. Рассел бир тууганга алгач жолугушууга катышууга ыр түрткү бергенине көңүл бурсаңар.

15. Эмнеден улам ыр китебибизди жаңыртууга туура келди?

15 Убакыттын өтүшү менен ыйык китептик түшүнүгүбүзгө айрым тактоолор киргизилип турат. Накыл сөздөр 4:18де: «Адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет»,— деп айтылат. Жарык уламдан-улам жаркырагандыктан, рухий ырларыбыздын сөздөрүнө да тактоолор киргизилет. Акыркы 25 жыл бою көп өлкөлөрдөгү Жахабанын Күбөлөрү «Жахабаны мактап ырдагыла» * деген ыр китепти колдонуп келишкен. Ал китеп алгач басып чыгарылгандан бир канча убакыт өткөндөн кийин, айрым чындыктарга көбүрөөк жарык тийип, андагы кээ бир сөздөрдү өзгөртүүгө туура келди. Маселен, биз «рухтун жемиштери» дегендин ордуна «рухтун жемиши» деген сөз айкашын колдонуп калдык. Ошондой эле Жахабанын ысмы «акталат» деп эмес, «ыйыкталат» деп калдык. Ошентип, ыйык китептик окууларга байланыштуу түшүнүгүбүз тереңдегендиктен, ыр китебибизди жаңыртууга туура келди.

16. Жаңы ыр китебибиз Пабылдын Эфестиктер 5:19дагы кеңешине ылайык иш кылууга кандайча жардам берет?

16 Ушул жана башка себептерден улам Жетектөөчү Кеңеш «Жахабаны даңктап ырдагыла» деген жаңы ыр китепти басып чыгарууну чечти. Бул жаңы ыр китебибизде 135 ыр камтылат. Андагы айрым ырларды жаттап алууга эмне үчүн болбосун? Бул Пабылдын Эфестиктер 5:19дагы кеңешине шайкеш келет (Оку.).

Ырларды баалаарыңды көрсөт

17. Кайсы ойлор жыйналыш жолугушууларында ырдоодон уялбоого жардам берет?

17 Уялгандыктан эле жыйналыш жолугушууларында ырдабай коюшубуз керекпи? Буга мындай карасак болот: сүйлөгөнгө келгенде, «баарыбыз тең көп жаңылабыз», чынбы? (Жкп. 3:2). Бирок жеткилең түрдө сүйлөй албагандыктан эле Жахабаны үймө-үй кабар айтып даңктабай койбойбуз. Анда жеткилең үн менен ырдай албагандыктан эле Кудайды ыр менен даңктоодон баш тартышыбыз керекпи? Жахабаны, «адамга ооз берген» Кудайды, даңазалап ырдаганыбызда, үнүбүз анын жүрөгүнө жагымдуу болот (Чыг. 4:11).

18. Падышалык ырларынын сөздөрүн кантип үйрөнүүгө болот?

18 «Жахабаны даңктап ырдагыла. Хор» деп аталган компакт дисктер көптөгөн тилдерде чыкты. Аларда хордун жаңы ырларды оркестрдин коштоосунда көңүл термелте ырдаганы жаздырылган. Алар ары кулакка жагымдуу, ары жан дүйнөгө сыйымдуу. Эгер ал дисктер силер түшүнгөн тилде бар болсо, көп угуп тургула; ошентүү менен жаңы ырларыбыздын сөздөрүн жаттай аласыңар. Ырлардын көбүнүн сөздөрү бир сапты ырдагандан кийин кийинкисин оңой эстегидей кылып түзүлгөн. Ошондуктан ал дискти койгонуңарда, хор менен бирге ырдоого эмне үчүн болбосун? Жаңы ырлардын сөздөрүн жана музыкасын үйдөн жакшы үйрөнүп алсаңар, Падышалык залынан ишенимдүүрөк ырдай аласыңар.

19. Падышалык ырларынын обондорун оркестрдин коштоосунда даярдоого кандай аракеттер жумшалат?

19 Биз бир күндүк атайын, райондук жана облустук жыйындарыбызда коюлган музыкалык коштоону оңой эле боло жүргөн нерсе катары эсептеп калышыбыз мүмкүн. Бирок ал көп мээнет менен даярдалат. Музыка тандалгандан кийин, ал Күзөт мунара оркестринин 64 мүчөсүнүн ар бирине ылайыкташтырылып кылдат жазылат. Музыканттар алган материал менен таанышып чыгууга аябай көп убакыт жумшашат, андан соң Паттерсондогу (Нью-Йорк) студияда репетиция кылышат, анан барып жаздырышат. Ал бир туугандардын ону Кошмо Штаттардан башка өлкөлөрдө жашашат. Алар теократиялык аземдерибизге жан эргиткен жагымдуу музыканы белендөөгө катышууну чоң сыймык көрүшөт. Биз алардын сүйүү менен жумшаган күч-аракеттерине ыраазы экенибизди көрсөтсөк болот. Жыйындын төрагасы бизди ошентүүгө чакырганда, келгиле, дароо орундарыбызга отуруп, сүйүү менен даярдалган музыканы бүт дитибизди коюп угалы.

20. Эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

20 Жахабаны даңктап ырдаганыбызда, ал бизге назарын салат. Ал үчүн бул абдан маанилүү. Биз сыйынууга чогулган сайын чын көңүлдөн ырдоо менен анын жүрөгүн кубантабыз. Жакшы ырдайбызбы же буга үйрөнүп жатабызбы, мындан ары да Жахабаны даңктап ырдай берели! (Заб. 103:33).

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Кызыктуусу, Дөөтү көз жумгандан он кылым өткөндөн кийин, көп сандаган периштелер Машаяктын төрөлгөнүн Бейт-Лехемдин чет жакасындагы талаада оторун кайтарып жүргөн койчуларга кабарлашкан (Лк. 2:4, 8, 13, 14).

^ 15-абз. 225 ырдан турган ыр китеп 100дөн ашуун тилде чыккан.

Кандай деп ойлойсуңар?

• Музыканын сыйынуубузда маанилүү роль ойноорун ыйык китептик кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

• Исанын Матай 22:37деги осуятына кулак кагуу менен Падышалык ырларын чын жүрөктөн ырдоонун кандай байланышы бар?

• Падышалык ырларын баалаарыбызды кантип көрсөтсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Балдарыңарды ыр учурунда, зарыл болбосо, эшикке чыкпоого үндөйсүңөрбү?

[24-беттеги сүрөт]

Жаңы ырларыбыздын сөздөрүн үйдөн үйрөнүп жатасыңарбы?