Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга кызмат кылууга эч качан кеч эмес

Кудайга кызмат кылууга эч качан кеч эмес

Кудайга кызмат кылууга эч качан кеч эмес

2009-жылдын 19-декабрында Испаниянын түштүгүндөгү Малага шаарында энеси менен кызы чөмүлтүлгөн — экөөнүн тең ысмы Анна. Алар 2009-жылы Испанияда чөмүлтүлгөн 2 352 кишинин катарында болушкан. Баарынан кызыктуусу, энеси — 107де, ал эми кызы 83 жашта эле.

Аларга Жахабага арналганын көрсөтүп чөмүлтүлүүгө эмне түрткү берген? 1970-жылдардын башында кенже Аннанын кошунасы аны бир Күбөнүн үйүндө өткөрүлгөн жыйналыштын китеп изилдөөсүнө көп чакырчу экен. Анна кээде барып туруптур. Бирок жумушунан улам рухий жактан ийгиликтерди жасабаптыр.

Болжол менен 10 жылдан кийин кенже Аннанын балдары Ыйык Китепти изилдеп, убакыттын өтүшү менен Жахабанын кызматчысы болушкан. Алардын бири Мэри Кармен апасына ыйык китептик чындыкка болгон баштапкы сүйүүсүн кайрадан жандандырууга жана ыйык китептик изилдөө баштоого жардам берген. Мэри Кармендин таенеси Анна да Ыйык Китепке кызыгып калган. Акыры, ал үй-бүлөнүн 10 мүчөсү чөмүлтүлгөн.

Чөмүлтүлгөн күнү эки Анна тең, энеси да, кызы да кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн. «Жахаба аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен мага зор ырайым көрсөтүп келет»,— дейт 107 жаштагы Анна. «Бейиш заман келгиче,— деп кошумчалайт 83 жаштагы Анна,— Жахабага кызмат кылгым келет, анын эркин аткарууга жана жакшы кабарды жарыялоого бүт күч-аракетимди жумшоого ынтызармын».

Бул эки жесир апага жыйналыш жолугушууларына катышуу өзгөчө кубаныч тартуулайт. «Алар бир да жолугушууну калтырышпайт,— дейт жыйналышындагы аксакалдардын бири.— Алар „Күзөт мунарасын“ изилдөөдө комментарий берүүгө дайыма даярданып келишет».

Ал ишенимдүү эки апа «орозо кармап, Кудайга жалынып, күнү-түнү ыйык кызмат кылуу менен дайыма ибадатканада жүргөн» Анна аттуу жесир аялды эсибизге салат. Ишенимдүү кызмат кылгандыктан ал ымыркай Исаны көрүү сыймыгына ээ болгон (Лк. 2:36—38). 84 жаштагы Аннага Жахабага кызмат кылууга кеч эмес болгондой эле, жогоруда айтылган эки Анна апага да кеч болгон эмес.

Жакшы кабарга кулак кагышы мүмкүн болгон туугандарың барбы? Же кабарда жүргөнүңдө, үйдөн кары киши чыгып кабарыңды жакшы угуп, кызыгуу көрсөткөн учурлар болду беле? Балким, алар да, эки Анна ападай болуп, чыныгы Кудай Жахабага кызмат кылууга эч качан кеч эмес экенин түшүнүшөттүр.

[25-беттеги кыстырма]

«Жахаба... мага зор ырайым көрсөтүп келет»

[25-беттеги кыстырма]

«Бейиш заман келгиче, Жахабага кызмат кылгым келет»