Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Башталыш 6:3тө мындай делет: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар — дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун». Бул сөздөр Жахабанын адамдардын өмүр жашын 120 жыл болсун деп чектеп койгонун жана Нухтун Топон суу болорун ушунча жыл жарыялаганын билдиреби?

Суроонун эки бөлүгүнө тең жок деп жооп берүүгө болот.

Топон сууга чейин адамдар бир нече кылым жашашкан. Мисалы, Нух Топон суу болгондо 600 жашта, ал эми көз жумганда 950 жашта болчу (Башт. 7:6; 9:29). Топон суудан кийин төрөлгөн кишилердин айрымдары 120 жылдан көп жашашкан, алсак, Арпакшат — 438 жыл, Шелах 433 жыл өмүр сүргөн (Башт. 11:10—15). Бирок Мусанын күндөрүндө адамдардын орто жашы 70—80 эле жыл болгон (Заб. 89:10). Демек, Башталыш 6:3төгү сөздөр Кудай адамдардын эң эле узак жашаганы же орто жашы 120 жыл болсун деп чектегенин билдирбейт.

Анда аяттагы сөздөр Кудайдын Нухка Топон суу жөнүндө башкаларга 120 жыл бою айтышы керектигин билдиргенби? Жок. Ыйык Китепте Кудайдын Нухка кайрылганы жөнүндө көптөгөн билдирүүлөр бар. Маселен, Башталыш 6:13төн төмөнкү сөздөрдү окуйбуз: «Кудай Нухка мындай деди: „Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти“». Ал эми бир канча жыл өткөн соң, Нух кемени курууга байланыштуу аябагандай зор ишти бүтүргөн. Ошондо «Теңир Нухка мындай деди: „Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир“» (Башт. 6:13; 7:1). Ошондой эле Ыйык Жазмада Жахабанын Нухка дагы башка көрсөтмөлөрдү бергени тууралуу жазылган (Башт. 8:15; 9:1, 8, 17).

Ал эми Башталыш 6:3төгү сөздөр жогорудагы аяттардан айырмаланып турат; ал жерде Кудайдын Нухка түзмө-түз кайрылганы айтылбайт. Аяттагы сөздөр тек гана Кудайдын ой-ниетин билдирген сөздөр болгону айдан ачык. Ыйык Жазмада Адам ата жаратылганга чейин эле «Кудай... деди» деген сөздөр кездешет (Башт. 1:6, 9, 14, 20, 24). Бул жерде Кудайдын адамдарга кайрылбаганы айтпаса да түшүнүктүү, анткени адамдар жаратыла элек болчу.

Демек, Кудай Башталыш 6:3төгү сөздөрдү айтуу менен зордук-зомбулукка толуп кеткен дүйнөнү жок кылууну ниет кылган деген жыйынтык чыгарсак болот. Жахаба бузулган дүйнөнү 120 жылдын ичинде жок кылууну чечкен, ал эми Нух бул жөнүндө эч нерсе билген эмес. Эмне үчүн Кудай белгилүү бир убакытты белгилеген? Эмне үчүн ошончо күткөн?

Бул суроолорго жоопту элчи Петирдин сөздөрүнөн табууга болот. Ал: «Нухтун күндөрүндө кеме курулуп жатканда, Кудай чыдамдуулук менен күткөн... Ал кемеде аз эле киши, тактап айтканда, сегиз эле жан суудан аман калган»,— деп жазган (1 Пет. 3:20). Ооба, Кудай 120 жыл деп чектегенде, алдыда али көп нерселер жасалышы керек эле. Ошондон 20 жылдай өткөн соң Нухтун тун уулу төрөлгөн (Башт. 5:32; 7:6). Нух үч уулду тарбиялап-чоңойтуп, үйлөнткөн. Ошентип, Нухтун үй-бүлөсүндө сегиз киши болуп калган. Анан алар кеме курушу керек эле. Кеменин чоңдугун жана Нухтун үй-бүлөсүнүн санын эске алганда, бул иш тез эле бүтмөк эмес. Ырас, Кудайдын 120 жыл чыдамдуулук көрсөткөнү жогоруда айтылгандардын ишке ашышына жана ишенимдүү сегиз кишинин «суудан аман калышына» шарт түзгөн.

Ыйык Китепте Жахабанын Нухка Топон суунун качан болорун канчанчы жылы айтканы жазылган эмес. Эгер ошол маалга чейин Нухтун балдары төрөлүп, чоңоюп, үйлөнгөн болсо, анда Топон суунун башталарына, кыязы, 40 же 50 жыл калган. Анан Жахаба Нухка: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү»,— деп айтып, чоң кеме куруп ага үй-бүлөсү менен кириши керектигин буйруган (Башт. 6:13—18). Топон суу башталганга чейин, Нух адилдиктин үлгүсүн көрсөткөндөн да көптү кылган. Ал «адилдиктин кабарчысы» катары Кудайдын бузулган дүйнөнү жок кыларына байланыштуу эскертүүсүн эр жүрөктүк менен жарыялаган. Нух Топон суунун качан болорун алдын ала билген эмес, бирок анын болоруна кымындай да шек санаган эмес. Биз билгендей, Топон суу, чынында эле, болгон (2 Пет. 2:5).