Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эйден багы адамзаттын баштапкы үйү болгонбу?

Эйден багы адамзаттын баштапкы үйү болгонбу?

Эйден багы адамзаттын баштапкы үйү болгонбу?

АБДАН кооз бакты аралап жүргөнүңдү элестетсең. Тынчыңды алган эч нерсе жок, кулак-мээңди жеген шаардын ызы-чуусу да угулбайт. Айлана мемиреп, тынчтыкка бөлөнгөн. Андан да жакшысы, жүрөгүңдү өйүп, сарсанаа кылган эч нерсе жок, эч жериң оорубайт, аллергия деген эмне экенин унутуп койгонсуң. Айлана-чөйрөнүн кооздугуна суктанып, ырахаттанууга сага эч нерсе тоскоолдук кылбайт.

Эң биринчи эле көздүн жоосун алган түркүн-түстүү гүлдөр көзгө урунат. Күн нуруна жүзүн тосуп жалт-жулт этип, шылдырап аккан суунун үнү угулуп, кай жери күндүн нуруна бөлөнүп, кай жери жапжашыл дарактын көлөкөсүнө жашынган килем сымал төшөлгөн көк шибер жайылып жатат. Саамайыңды сылагандай акырын соккон сыдырым жел менен бирге аңкыган гүлдөрдүн жыты келет. Жалбырактардын шуудураганы, таштан ташка урунган суунун шарпылдагы, чымчыктардын кубулжуган үнү менен таңшып сайраганы жана кыбырап же учуп жүргөн курт-кумурскалардын ызылдаган үнү угулат. Эгерде ушундай жерде турсаң, ал жерден кеткиң келет беле?

Дүйнө жүзүндөгү адамдар түпкү ата-энебиз качандыр бир убакта ушундай бейиште жашаган дегенге ишенишет. Кылымдар бою иудаизм, христиан жана ислам динин туткандар Кудай Адам ата менен Обо энени Бейиш багына жайгаштырган деп окутуп келишкен. Ыйык Китепте айтылгандай, Адам ата менен Обо эне Бейиште тынчтыкта, бактылуу өмүр сүрүшкөн. Алар бири-бири менен да, жаныбарлар менен да тынчтыкта жашашкан, ошондой эле аларды кооз Бейиште түбөлүк өмүр сүрүү үчүн жараткан Кудай менен ынак мамиледе болушкан (Башталыш 2:15—24).

Индустар да байыркы убакта болгон бейиш тууралуу айтышат. Ал эми буддисттердин ишеними боюнча, диний жетекчилер — Буддалар — «алтын кылымда», башкача айтканда, жер бейишке айланган маалда келишет. Африкадагы көптөгөн диндерде да Адам ата менен Обо эне жөнүндөгү окуяга окшогон уламыштар бар.

Ооба, бардык диндерде жана элдерде байыркы убакта Бейиш болгону тууралуу айтылат. Буга байланыштуу бир окумуштуу мындай деген: «Көптөгөн элдер башында адамдар жеткилең болуп, согуш, зордук-зомбулук болбогон бейиште эркиндикте, тынчтыкта, молчулукта бактылуу жашаган деп ишенишет... Алар буга бекем ишенгендиктен качандыр бир убакта болгон, эч ким унута албаган ушундай бейиште кайрадан жашоону көксөп келишет».

Ушундай уламыштардын жана каада-салттардын тамыры бир жерде эмеспи? Адамдардын ушундай ойго келиши чынында эле болгон окуянын таасири астында болушу мүмкүнбү? Бейиш байыркы убакта чынында эле болгонбу? Адам ата менен Обо эне чынында эле жашаганбы?

Скептиктер Эйден багы жана Адам ата менен Обо эне жөнүндө айтылгандарды четке кагышат. Азыркы илим өнүккөн доордо көптөр Бейиш жөнүндөгү билдирүүлөрдү тек гана уламыш, ойдон чыгарылган окуя катары эсептешет. Таң калыштуусу, скептиктердин баарын эле Кудайга ишенбеген адамдар деп айтууга болбойт. Адамдардын Бейиш багы болгонуна ишенбей калышына көптөгөн диний жетекчилер себепкер болууда. Себеби алар андай жер эч качан болгон эмес, ал жөн гана уламыш, жомок деп окутушат.

Албетте, Ыйык Китепте ойдон чыгарылган аңгемелер бар. Иса пайгамбар да элди окутуп жатканда ойдон чыгарылган, көптөргө белгилүү болгон аңгемелерди колдончу. Бирок Ыйык Китепте Эйден багы тууралуу билдирүү уламыш катары эмес, чынында болгон тарыхый билдирүү катары баяндалат. Эгер ал билдирүү чындык эмес, ойдон чыгарылган болсо, анда Ыйык Китептин башка бөлүктөрүн ишенүүгө татыктуу деп айта алабызбы? Келгиле анда, эмне үчүн айрымдар Бейиш багынын болгонуна ишенбээрине токтололу. Алардын ырастоолору негиздүүбү же негиздүү эмеспи? Андан соң Ыйык Китептеги буга байланыштуу билдирүү эмне үчүн ар бирибизге тиешелүү экенин карап чыгабыз.