Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эйден багы чынында эле болгонбу?

Эйден багы чынында эле болгонбу?

Эйден багы чынында эле болгонбу?

АДАМ ата, Обо эне жана Эйден багы жөнүндөгү окуяны уктуң беле? Бул окуя дүйнө жүзүндөгү адамдардын көбүнө тааныш. Ал окуяны Ыйык Жазмадан окуп чыгууга чакырабыз. Аны Ыйык Жазмадагы Башталыш китебинин 1:26—3:24-аяттарынан окуй аласың. Төмөндө ал окуянын орчундуу жери кыскача баяндалды.

Жахаба Кудай * биринчи кишини топурактан жаратып, аны Адам деп атаган жана аны өзү өстүргөн Эйден деп аталган бейиш багына жайгаштырган. Ал бакча суусу мол жана көз жоосун алган кооз дарактарга, жемиш бактарына толгон эле. Анын так ортосунда «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак» болгон. Кудай тил албастык өлүмгө алып барарын эскертип, ал дарактын жемишинен жегенге тыюу салган. Кийинчерээк Жахаба Кудай Адам атага жардамчы кылып аялды — Обо энени — жаратып берген. Ал аны Адам атанын кабыргасынан жараткан. Кудай аларга бейиш багына кам көрүүнү жана укумдап-тукумдап жер жүзүн толтурууну тапшырган.

Обо эне жалгыз турганда жылан адамча сүйлөп, Кудай калп айтып, алардан жакшы нерсени — аларды Кудайдай кыла турган нерсени — жашырып жатат дегенге ишендирип, жемиштен жегенге азгырат. Обо эне анын сөздөрүнө азгырылып, тыюу салынган жемиштен жейт. Кийинчерээк Адам ата да ага кошулуп, Кудайга тил албастык көрсөтөт. Ошол окуядан кийин Жахаба Кудай Адам атага, Обо энеге жана жыланга өкүм чыгарат. Андан соң Адам ата менен Обо энени Бейиш багынан кууп чыгат да, бакчанын кире беришин периштелерге кайтартып коёт.

Мурун окумуштуулардын, билимдүү адамдардын жана тарыхчылардын арасында Башталыш китебинде айтылган окуянын чынында эле болгонун жана тарыхый жактан так экенин далилдөө кеңири жайылган болчу. Ал эми бүгүнкү күндө ошол билдирүүлөргө шектенүү абдан кеңири жайылууда. Адам ата, Обо эне жана Эйден багы жөнүндөгү Башталыш китебиндеги билдирүүгө шектенүүгө кандайдыр бир негиз барбы? Келгиле анда, шек саноону туудурган көз караштардын төртөөнө токтололу.

1. Эйден багы чынында эле жерде жайгашкан беле?

Эмне үчүн бул суроого байланыштуу шек саноолор болууда? Буга философия чоң таасир этти десек жаңылышпайбыз. Кылымдар бою теологдор Эйден багы дагы деле бар деп ырастап келишкен. Бирок кийинчерээк христиан дүйнөсүнө жерде эч нерсе жеткилең боло албайт деп ырастаган Платон, Аристотель сыяктуу грек философторунун көз караштары таасир эткен. Аталган философтор асман гана жеткилең боло алат деген ойдо болушкан. Ушундан улам теологдор Кудай жараткан Бейиш асманга жакыныраак жерде жайгашкан деген тыянакка келишкен *. Айрымдар Эйден багы булганган жерден өтө эле бийик жерде, бийик тоодо, жайгашкан десе, башкалары ал Түндүк уюлда же Түштүк уюлда болгон дешет, ал эми дагы башкалар Бейиш багы Айга жакын жайгашкан деп ырасташат. Андыктан көптөрдүн Эйден багы жөнүндөгү билдирүүнү тек гана уламыш деп ойлогону таң калыштуу эмес. Биздин күндөрдөгү айрым окумуштуулар Эйден багы эч качан болгон эмес деп ырастап, аны таптакыр жокко чыгарышат.

Бирок Ыйык Китеп бул ойду ырастабайт. Башталыш 2:8—14-аяттардан Эйден багы жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Ал бакча Эйден деген жердин чыгышында жайгашкан. Ал жерден бир дарыя агып чыгып, төрт дарыяга бөлүнүп кетчү. Башталыш китебинде ошол төрт дарыянын ар биринин аттары жана кандай багытта акканы кыскача жазылган. Ушул билдирүү байыркы Эйден багынын азыр кайсы жерде жайгашканын аныктоого жардам берет деп ойлоп, Башталыш китебиндеги маалыматты кылдаттык менен изилдеген окумуштууларга кыйынчылык туудурууда. Ушундан улам бакчанын жайгашкан жерине байланыштуу бири-бирине карама-каршы келген көз караштар абдан көп. Бул Эйден деген жер, андагы бакча жана дарыялар жөнүндөгү билдирүүнүн уламыш экенин билдиреби?

Төмөнкү маалыматка көңүл бурсаңар: Эйден багында болгон окуялар 6 000 жылдай мурун болгон. Аны Муса пайгамбар жазган. Ал билдирүүнү пайгамбар эл оозунда айтылгандардын же ошол учурдагы документтердин негизинде жазган көрүнөт. Башталыш китеби ошол окуя болгондон 2 500 жылдай өткөндөн кийин жазылган. Ал окуя Муса пайгамбардын күндөрүндө эле байыркы окуя болчу. Канчалаган кылымдардан бери Бейиш багындагы дарыялар өз багытын өзгөртүшү мүмкүн беле? Жер кыртышында дайыма чоң өзгөрүүлөр болуп турат. Эйден багы жайгашкан аймак деп божомолдонгон жер жер титирөө көп болуп турган аймакта жайгашкан; дүйнө жүзүндөгү эң чоң жер титирөөлөрдүн 17 пайызы ошол аймакта болот. Андай аймактарда жер кыртышынын өзгөрүп кетиши толук мүмкүн. Андан тышкары, Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суудан улам да жер бетинде биз билбеген чоң өзгөрүүлөр болсо керек *.

Башталыш китебинен Эйден багы чынында эле жерде жайгашканын билүүгө болот. Билдирүүдө айтылган төрт дарыянын экөө — Эфрат жана Тигр (Хидекел) дарыялары — бүгүнкү күндө да агып турат жана алардын башаты бири-бирине абдан жакын жайгашкан. Билдирүүдө ошондой эле дарыялар агып өткөн жерлердин аттары жана ошол жерлердеги баарына белгилүү болгон кен байлыктар тууралуу айтылат. Ушул билдирүүнүн түп нускасын окуган байыркы ысрайылдыктарга Эйден багы жөнүндөгү майда-чүйдөсүнө чейин айтылгандар жакшы маалым болгон.

Ал эми уламыштарда же жомоктордо ушу сыяктуу маалыматтар айтылабы? Аларда чын-төгүнүн текшерүүгө өбөлгө түзгөн маалыматтар камтылабы? Жомоктор, адатта, «илгери-илгери бир өткөн заманда тээ бир алыскы жерде...» деген сыяктуу сөздөр менен башталат. Ал эми тарыхый билдирүүлөр, Эйден багы тууралуу билдирүүдөй эле, так, майда-чүйдө маалыматтарды камтыйт.

2. Кудай Адам атаны топурактан, ал эми Обо энени анын кабыргасынан жараткан дегенге ишенүүгө болобу?

Бүгүнкү күндөгү окумуштуулар адамдын организми жер кыртышында кездешкен суутек, кычкылтек жана көмүртек сыяктуу элементтерден турарын аныкташкан. Бирок ушул элементтердин адамдын организминде болушун кантип түшүндүрүүгө болот?

Көптөгөн окумуштуулар тирүү организмдер өзүнөн өзү пайда болуп, жөнөкөй эле клетка миллиондогон жылдар бою акырындап өрчүп отуруп татаал формага айланган деп ырасташат. Бирок «жөнөкөй» деп айтуу жаңылыштык болуп калар эле, анткени бардык тирүү жандыктардын, атүгүл көзгө көрүнбөгөн бир клеткалуу жандыктардын да түзүлүшү өтө татаал. Тирүү жандыктар өзүнөн өзү пайда болгондугуна же пайда боло алмактыгына эч кандай далил жок. Тескерисинче, бардык тирүү жандыктардан аларды адамдардан алда канча жогору турган Бирөө жаратканы айкын көрүнүп турат * (Римдиктер 1:20).

Жан дүйнөнү сергиткен жагымдуу музыка угуп жатканыңды, укмуштуудай кооз тартылган сүрөттү көрүп жатканыңды же техникалык акыркы жетишкендиктерге суктанып жатканыңды элестетсең. Ушундай нерселер өзүнөн өзү эле пайда болуп калган деп айтат белең? Албетте, жок. Бирок мындай шедеврлерди татаал түзүлүштөгү, чебердик менен эң сонун жаратылган адамдын денесине салыштырып болбойт. Анан кантип адамдарды жараткан Жаратуучу жок деп айта алабыз? Мындан тышкары, Башталыш китебинде жер бетиндеги бардык жаратуулардын ичинен бир гана адам баласы Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганы айтылат (Башталыш 1:26). Ооба, жалгыз гана адамдар, Кудайды туурап, бир нерселерди жасоого жөндөмдүү; адамдар гана музыка чыгарып, искусствону жаратып, техниканын жаңы түрлөрүн ойлоп чыгара алат. Кудайдын жаратуулары адамдар жасаган нерселерге караганда алда канча мыкты экени бизди таң калтырышы керекпи?

Аялдын эркектин кабыргасынан жаратылганы жөнүндө сөз кыла турган болсок, бул чынында эле мүмкүнбү? * Кудай аялды башкача жол менен деле жарата алмак, бирок аны так ушундайча жаратканы терең мааниге ээ болгон. Ал эркек менен аялдын баш кошушун жана алардын, «бир денедей» болуп, бири-бирине жакын болушун каалаган (Башталыш 2:24). Эркек менен аялдын бири-бирин толуктап, бири-бирине жөлөк-таяк болгудай жаратылганы Кудайдын акылмандыгы менен сүйүүсүн тастыктап турган жокпу?!

Андан сырткары, бүгүнкү күндөгү генетиктер адамзат, сыягы, бир эле эркек менен аялдан тараган деген ойду айтышат. Ушуну эске алганда, Башталыш китебиндеги билдирүүнү ойдон чыгарылган деп айтууга болобу?

3. Жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак менен өмүр дарагы ойдон чыгарылганбы?

Башталыш китебинде аталган дарактардын өзгөчө же кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ээ болгону айтылбайт. Алар кадимкидей эле болгон, болгону, каймана мааниге ээ болчу.

Адамдар деле кээде ушу сыяктуу иш кылышпайбы? Алсак, сот кылмышкерге сотко каршы айткан же жасаган иши үчүн эскертүү бериши мүмкүн. Сот ал эскертүүнү сот жүрүп жаткан жердеги эмеректерди жана бөлмөнүн дубалдарын коргогусу келгендиктен эмес, кылмышкердин сот системасына урмат көрсөтүшүн каалагандыктан берет. Падышалар да бийликке ээ экенин көрсөтүш үчүн башына таажы кийип, падыша таягын колдонушат.

Анда Эйден багындагы эки дарак эмнени билдирген? Буга байланыштуу көптөгөн ойлор айтылган. Бул суроонун жообу жөнөкөй эле, бирок терең мааниге ээ. Жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак эмне жаман, эмне жакшыэкенин чечүүгө жалгыз гана Кудай укуктуу экенин билдирген (Жеремия 10:23). Андыктан биринчи эркек менен аялдын ошол дарактын жемишинен уурдаганы кылмыш кылгандык деп эсептелгени аша чапкандык эмес. Ал эми өмүр дарагы түбөлүк өмүрдү бир гана Кудай бере аларын билдирген (Римдиктер 6:23).

4. Жыландын сүйлөгөнүн тек гана жомок деп айтууга болобу?

Албетте, Башталыш китебиндеги бул билдирүү Ыйык Китептин башка жеринде жазылгандарын эске албаганда, акылга сыйбагандай көрүнүшү ыктымал. Бирок бул табышмактуу сыр Ыйык Китепте акырындык менен ачылып берилет.

Жыланды ким же эмне сүйлөп жаткандай кылып көрсөткөн? Байыркы ысрайылдыктар ошол жыландын ролун түшүнүүгө жардам берген башка окуяларды да билишкен. Мисалы, алар жаныбарлардын сүйлөй албай турганын, бирок рухий жаратуулар аларды сүйлөп жаткандай кылып көрсөтө аларын жакшы билишкен. Муса ошондой эле Кудайдын периштеси Биламдын эшегин адамча сүйлөй алгандай кылганы тууралуу билдирүүнү жазган (Сандар 22:26—31; 2 Петир 2:15, 16).

Башка периштелер, анын ичинде Кудайга душман болгон жин-перилер да керемет жасай алышабы? Муса пайгамбар Египеттеги сыйкырчылардын Кудай жасаган кереметтердин айрымдарын туурап, таяктарын жыланга айланта алышканын өз көзү менен көргөн. Алар мындай кереметтерди Кудайдын душмандары болгон жин-перилердин жардамы менен гана кыла алышканы айтпаса да түшүнүктүү (Чыгуу 7:8—12).

Калыбы, Муса пайгамбар Аюб китебин да жазган. Ал китептен Кудайдын бардык кызматчыларынын актыгына шек туудурган Шайтан — Кудайдын башкы душманы — жөнүндө көп нерсени билүүгө болот (Аюб 1:6—11; 2:4, 5). Байыркы учурда жашаган ысрайылдыктар Шайтандын Эйден багындагы жыланды сүйлөп жаткандай кылып көрсөтүп, Обо энени алдап, Кудайга болгон актыгынан тайдырганын түшүнүшкөнбү? Сыягы, түшүнүшкөн.

Чынында эле жыландын артында Шайтан турду беле? Кийинчерээк Иса пайгамбар Шайтанды «жалганчы жана жалгандын атасы» деп атаган (Жакан 8:44). Эң биринчи жалганды ким айтса, ошол «жалгандын атасы» болот, чынбы? Биринчи жалганды Обо энеге жылан айткан. Жылан Кудайдын тыюу салынган жемиштен жеген күнү өлөсүңөр деген сөздөрүнө карама-каршы ойду айтып, аялга: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деген (Башталыш 3:4). Шайтан жыланды сүйлөгөндөй кылып көрсөткөнүн Иса пайгамбар жакшы билген. Андыктан элчи Жаканга берген аянында Шайтанды «байыркы жылан» деп атоо менен ал жөнүндө көбүрөөк ачып берген (Аян 1:1; 12:9).

Рухий жаратуунун жыланды сүйлөп жаткандай кылып көрсөткөнүнө ишенүүнү акылга сыйбаган нерсе деп айтууга болобу? Атүгүл рухий жаратуулардан алсыз болгон адамдар да, эриндерин кыбыратпай үн чыгарып, башка бирөө сүйлөп жаткандай же үнү башка жерден чыгып жаткандай кылып сүйлөй алышат. Алар мындай жөндөмдүүлүктү фильм тартууда, телеберүүлөрдө жана театрларда колдонушат.

Төгүндөлгүс далил

Башталыш китебиндеги билдирүүгө болгон шек саноолор негизсиз экенине кошуласыңарбы? Ооба, ал билдирүүнүн тарыхый жактан так экенине төгүндөлгүс далилдер көп.

Мисалы, Иса Машаяк Ыйык Китепте «ишенимдүү, чыныгы күбө» делет (Аян 3:14). Жеткилең адам болуп жашаган Иса эч качан жалган сүйлөгөн эмес жана чындыкты бурмалаган эмес. Андан сырткары, ал адам болуп жерге келгенге чейин эле бар болгонун айткан. Ал «дүйнө жаралганга чейин» эле Жахаба Кудайдын жанында болгон (Жакан 17:5). Демек, ал Кудайдын жерди жаратып жатканын өз көзү менен көргөн. Бардык күбөлөрдүн ичинен эң ишенимдүү болгон Күбөнүн айткандарынан өткөн төгүндөлгүс далил барбы?

Иса Адам ата менен Обо эне тууралуу сөз кылганда аларды чынында эле жашаган адамдар катары сүрөттөгөн. Ал Кудайдын көп аял алууга кандай караарын түшүндүрүп жатканда аларды мисал келтирген (Матай 19:3—6). Эгер алар чынында эле жашаган эмес болсо, ал эми Эйден багы ойдон чыгарылган болсо, анда Иса Машаяк жалганчы болуп калмак. Албетте, мындай болушу мүмкүн эмес. Иса асмандан Эйденде болгон кайгылуу окуяга күбө болгон. Мындан артык дагы кандай далил болушу мүмкүн?

Башталыш китебиндеги билдирүүгө ишенбегендик Исага ишенбестикке тете. Ошондой эле Ыйык Китептин негизги темаларынын айрымдарын, үмүт байлаткан убадалардын маанисин түшүнүүгө тоскоолдук кылат. Келгиле, эмне үчүн мындай экенине токтололу.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысмы Жахаба экени айтылат.

^ 7-абз. Мындай ырастоо Ыйык Китепке дал келбейт. Анда Кудайдын бардык иштери жеткилең, ал эми жамандык Кудайдан эмес экени айтылат (Мыйзам 32:4, 5). Жахаба Кудай жердеги нерселердин баарын жараткандан кийин: «Абдан жакшы»,— деп айткан (Башталыш 1:31).

^ 9-абз. Кудайдын кудурети менен болгон Топон суу Эйден багынан эч кандай из калтырбай жууп кеткен көрүнөт. Жезекиел 31:18-аятта айтылгандардан «Эйден дарактары» б.з.ч. 7-кылымга чейин эле жок болгонун көрүүгө болот. Андыктан Эйден багынын жайгашкан жерин табууга далалат кылгандардын аракетинен эч майнап чыккан эмес.

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» деген китепчени карагыла, ор.

^ 16-абз. Кызыктуусу, медицина илими тарабынан кабырганын кайра калыбына келүүгө жөндөмдүү экени аныкталган. Кабырга, башка сөөктөрдөн айырмаланып, тутумдаштыргыч тканын каптап турган сөөк чели жабыркабаса, кайра өсүп чыга берет.