Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шайтан Обо энени азгырууда эмне үчүн жыланды колдонгон?

Шайтан Обо энени азгырууда эмне үчүн жыланды колдонгон?

Окурмандардын суроолору

Шайтан Обо энени азгырууда эмне үчүн жыланды колдонгон?

▪ Ушул журналдын 8-бетинде жазылгандай, Обо энеге сүйлөгөн жыландын аркасында Шайтан турган дегенге кошулат чыгарсың. Ыйык Китептен так ушундай экенин билүүгө болот. Бирок: «Эмне үчүн күчтүү рухий жаратуу жыланды колдонуп сүйлөгөн?» — деп таң калышың мүмкүн.

Ыйык Китепте Шайтандын колдонгон ыкмалары анын «айла-амалдары» деп аталат жана бул окуядан ушул сөздөрдүн чындык экенин билүүгө болот (Эфестиктер 6:11). Мындан Эйден багындагы жыландын сүйлөгөнү жомок эмес экенин көрө алабыз. Бул Шайтандын адамдарды Кудайдан алыстатуу үчүн, куулук менен абдан ойлонуштурулган ыкмасы. Кандайча?

Шайтан кимге чабуул коюу керектигин кылдаттык менен тандаган. Анткени Обо эне ааламдагы акыл-эстүү жаратуулардын эң эле жашы болчу. Шайтан анын тажрыйбасыздыгынан пайдаланып, аны куулук менен алдаган. Ал жыланды, абдан сак жандыкты, колдонуп, кара ниеттик менен көздөгөн максатын жашырган (Башталыш 3:1, «ЖД»). Шайтан жыланды сүйлөгөндөй кылып көрсөтүү менен кандай максатка жеткен?

Биринчиден, ал Обо эненин көңүлүн бурдуруп, кызыктырган. Обо эне жыландар сүйлөй албай турганын билген. Адам ата бардык жаныбарларды, анын ичинде жыланды кылдат изилдеп чыккандан кийин аларга ат койгон (Башталыш 2:19). Обо эне да сак жандыкка, жыланга, байкоо салган көрүнөт. Андыктан Шайтандын куулук менен кылган иши Обонун кызыгуусун туудурган, ал анын көңүлүн Эйден багындагы бардык бактардын ичинен Кудай тыюу салган бакка бурган. Экинчиден, жыландын тыюу салынган бактын бутактарына оролуп турганын көргөн Обо энеде кандай ой пайда болушу мүмкүн эле? Ал сүйлөй албай турган жандык дарактын жемишинен жегендиктен сүйлөп калды деген ойго келиши мүмкүн беле? Эгер тыюу салынган жемиштен жеген жыланга тил бүтүп жатса, анда Обо эне жесе эмне болмок? Биз Обо эненин эмне жөнүндө ойлонгонун жана жыландын жемиштен жеген-жебегенин, албетте, билбейбиз, бирок ал жыландын жемиштен жесеңер, «Кудайдай болуп каласыңар» деген сөзүнө ишенип калган.

Шайтандын тандаган сөздөрү да көп нерсени айтып турат. Ал Обо энени Кудай анын эркиндигин чектеп, андан жакшы нерсени жашырып жатат деп ойлогонго түрткөн. Обо эненин Кудайга болгон сүйүүсүнөн өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшу Шайтандын ниетинин ишке ашышына шарт түзмөк (Башталыш 3:4, 5). Өкүнүчтүүсү, Адам ата да, Обо эне да жүрөгүндө Кудайга болгон сүйүүнү жана ыраазычылык сезимин өстүрбөгөндүктөн, Шайтан көздөгөн максатына жеткен. Ал бүгүнкү күндө деле өзүмчүлдүккө жана ошондой ой жүгүртүүгө үндөйбү?

Шайтандын ниети кандай болгон? Кандай максаты көздөгөн? Ал Эйден багында өзүнүн ким экенин да, чыныгы ниетин да жашырууга аракет кылган. Бирок убакыттын өтүшү менен ниети кандай экени айкын көрүнгөн. Ал Иса пайгамбарды азгырып жатканда өзүнүн ким экенин жашыруунун кажети жок экенин жакшы билген. Ошондуктан ага ачык эле: «Алдыма жыгылып, мага бир эле жолу сыйын»,— деп айткан (Матай 4:9). Анын Жахаба Кудайга гана тиешелүү болгон сыйынууну узак убакыт бою эңсеп келгени айдан ачык. Ал көптөрдү Кудайдан алыстатуу үчүн же Кудайга жакпаган жол менен сыйынууга түртүү үчүн колунан келгендин барын кылат. Ошондой эле биздин актыгыбыздан тайышыбызды абдан каалайт.

Ооба, Ыйык Китепте максатына жетиш үчүн Шайтан бүт күч-аракетин жумшаары айтылат. Бактыга жараша, «анын [Шайтандын] айла-амалдары бизге белгилүү», ошол себептүү, Обо энедей болуп, акылсыз иш кылбайбыз (2 Корунттуктар 2:11).