Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эч нерсеге карабай ишенимдүү болгон

Эч нерсеге карабай ишенимдүү болгон

Ишенимдин үлгүсү

Эч нерсеге карабай ишенимдүү болгон

ШИЛО шаары. Шемуел пайгамбар жүрөгү сыздап, кайгырып отурат. Элдин көз жашы көлдөй төгүлүп, зар какшап, муңга батып турган учуру. Аталарынын, уулдарынын, күйөөлөрүнүн, бир туугандарынын согуштан каза таап, үйлөрүнө кайтып келбей турганын укканда канчалаган аялдар, балдар боздоп ыйлады болду экен? Бир билгенибиз, пелиштиликтер менен болгон биринчи согушта 4 000 ысрайылдык набыт болсо, кийинкисинде 30 000 киши каза тапкан (1 Шемуел 4:1, 2, 10).

Өкүнүчтүүсү, бул биринен сала бири келген кейиштүү окуялардын башталышы эле болчу. Башкы дин кызматчы Эйлинин Копни менен Пинехас деген эки уулу болгон. Алар Кудайга жакпаган иштерди кылышчу. Ал экөө Шилодон Кудайдын келишим сандыгын согуш талаасына алып чыккан эле. Келишим сандыгы, адатта, Шилодогу жыйын чатырынын — чатырга окшогон ибадаткананын — ыйык бөлүгүндө турчу жана ал Кудайдын ысрайыл эли менен экенин билдирип турган. Ысрайылдыктар ошол сандыкты тумар катары эсептеп, душмандарын жеңүүгө жардам берет деген жаңылыш ойдо майдан талаасына алып барышкан. Бирок пелиштиликтер Копни менен Пинехасты өлтүрүп, келишим сандыгын тартып алышкан (1 Шемуел 4:3—11).

Келишим сандыгы бир нече кылымдар бою Шилодогу жыйын чатырында тургандыктан, ысрайылдыктар жыйын чатырын ыйык тутушчу. Эми ал сандык пелиштиликтердин колуна өткөн эле. Бул кабарды укканда 98 жашка чыгып калган Эйли чалкасынан жыгылып, каза болот. Ал эми анын ошол эле күнү жесир калган келининин күтүлбөгөн жерден толгоосу келип, төрөттөн өлөт. Акыркы деми чыгарда ал: «Ысрайылдан атак-даңк кетти»,— деген сөздөрдү айтат. Ооба, Шило шаары эми эч качан мурункудай болмок эмес (1 Шемуел 4:12—22).

Шемуел пайгамбар мындай оор кыйынчылыкты кантип көтөрөт? Жахаба Кудайдын коргоосунан жана колдоосунан айрылып калган элге жардам берүүдө анын ишеними бекем бойдон калат беле? Баарыбыз эле кээде ишенимибиз сыналган кыйынчылыктарга, көңүлдү кайт кылган нерселерге туш болобуз. Андыктан, келгиле, Шемуелдин үлгүсүнөн эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

Ал «адил иштерди кылган»

Ыйык Китепте ушул жерден баштап Шемуел жөнүндө эмес, пелиштиликтердин келишим сандыгын алып кеткенден кийин кандай кыйналышканы жана аны кайрып берүүгө мажбур болушканы тууралуу баяндалат. Ал эми Шемуел тууралуу ошондон 20 жылдай өткөндөн кийин гана айтылат (1 Шемуел 7:2). Ошол жылдары ал эмне иш менен алек болгон? Бул тууралуу Ыйык Китептен билүүгө болот.

Ыйык Китепте ошол убакка чейин: «Шемуел Кудайдын айткандарын ысрайыл элине айтып турчу»,— делет (1 Шемуел 4:1, «ЖД»). Ал эми кайрадан Шемуел тууралуу айтылганда анын Ысрайылдагы үч шаарды жыл сайын кыдырып, сот жүргүзүп турганы жана андан кийин өзүнүн шаары Рамага кайтып келгени жөнүндө биле алабыз (1 Шемуел 7:15—17). Мындан Шемуелдин ошол 20 жыл аралыгында көп иштерди кылганы көрүнүп турат.

Эйлинин балдарынын адеп-ахлаксыз, туура эмес иштерди кылганы элге терс таасир тийгизип, ишенимин алсыраткан. Ушундан улам көптөр жалган кудайларга сыйына баштаган көрүнөт. Элди Кудайдын жолуна буруу үчүн 20 жыл бою талыкпай күч жумшагандан кийин Шемуел элге кайрылып мындай деген: «Эгер силер Теңирге бүт жүрөгүңөр менен кайрылып жатсаңар, анда өз араңардан бөтөн кудайлар менен Ашейраны алып салгыла да, жүрөгүңөрдү Теңирге буруп, бир гана Ага кызмат кылгыла. Ошондо Ал силерди пелиштиликтердин колунан куткарат» (1 Шемуел 7:3).

Пелиштиликтер Кудайдын элине катуу кысым көрсөтүп турушкан. Алар Ысрайыл аскерин талкалап, жеңишке жеткенден кийин аларды мурдагыдан да катуу кысымга ала башташкан. Бирок Шемуел, ысрайылдыктар Жахаба Кудайга кайрылышса эле, алардын жагдайы жакшы жакка өзгөрөрүн айткан. Алар эмне кылышкан? Бактыга жараша, ысрайылдыктар жалган кудайларынан баш тартып, «бир гана Теңирге [Жахабага] кызмат кыла башташкан». Шемуел элди Иерусалимдин түндүгүндө жайгашкан тоолуу аймактагы Миспа шаарына чогулткан. Чогулган эл орозо кармап, жалган кудайларга сыйынып күнөөгө баткандыгы үчүн өкүнгөн (1 Шемуел 7:4—6).

Пелиштиликтер элдин чогулганын укканда кол салууга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ойлоп, Жахабага сыйынган элди жок кылуу үчүн аскерин Миспаны көздөй жөнөтөт. Ысрайылдыктар муну угушканда абдан коркуп, Шемуелден алар үчүн Жахабага тиленишин суранышат. Шемуел курмандык чалып, Кудайга тиленет. Курмандыкты өрттөп жатканда, пелиштиликтердин аскери Миспага келип калат. Ошондо Жахаба Шемуелдин тиленүүсүнө жооп берет. Ал пелиштиликтерге абдан ачууланып, аларды дүрбөлөңгө түшүрүү үчүн асмандан катуу күн күркүрөтөт (1 Шемуел 7:7—10).

Пелиштиликтерди күндүн күркүрөгөнүнөн коркуп энесинин аркасына жашынуу үчүн тызылдап чуркап бараткан кичинекей балага салыштырсак болобу? Жок, алар согушка каныккан, дасыккан жоокерлер болчу. Пелиштиликтер ошондо чыккандагыдай катуу үндү буга чейин бир да жолу угушкан эмес. Ошол үн канчалык катуу чыкты болду экен? Ал чайыттай ачык асмандан угулганбы же тоо тараптан угулган жаңырыктай болгонбу? Эмнеси болсо да, ошол үндү укканда алардын үрөйү учуп, жүрөгү оозуна тыгылган. Азуу тишин кайрап, жеп-жутууга даяр турган пелиштиликтер заматта, мышыктан качкан чычкандай болуп, артын карабай безип жөнөшкөн. Ысрайылдыктар аларды Миспадан Иерусалимдин түштүк-батышына чейин кууп, кырып жүрүп отурушкан (1 Шемуел 7:11).

Ошол согуш Кудайдын элине чоң өзгөрүш алып келген. Шемуел пайгамбар ысрайыл элинде башкаруучу болуп турган убакта пелиштиликтер аларга кол салышкан эмес. Кудайдын эли пелиштиликтер басып алган шаарларды биринин артынан бирин кайтарып алышкан (1 Шемуел 7:13, 14).

Көптөгөн кылымдар өткөндөн кийин элчи Пабыл Шемуелди «адил иштерди кылган» башкаруучулар менен пайгамбарлардын катарына кошкон (Эврейлер 11:32, 33). Шемуел пайгамбар Кудайдын көз алдында туура деп эсептелген иштерди кылган жана элге да ушундай кылууга жардам берген. Ал Жахабаны күтө билгендиктен жана өзүнүн ишин ар кандай кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү аткаргандыктан кызматын ийгиликтүү уланта берген. Ошондой эле ал ыраазы боло билген киши болгон. Мисалы, ысрайыл эли Миспада жеңишке жеткенден кийин, Шемуел пайгамбар Жахаба Кудайдын өз элине кандайча жардам бергенин эске салып турушу үчүн ошол жерге таш койдуртуп койгон (1 Шемуел 7:12).

Сен да «адил иштерди кылгың» келеби? Эгер ошондой болсо, Шемуел пайгамбардан чыдамдуулукка, момундукка, ыраазы боло билүүгө үйрөнсөң болот. Мындай сапаттарды баарыбыз эле өрчүтүшүбүз керек эмеспи?! Шемуелдин жашыраак кезинде ушундай сапаттарды өрчүтүп, чагылдырганы ага кийинчерээк туш болгон оор сыноолорду көтөрүп кетүүгө жардам берген.

«Уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт»

Ыйык Китепте Шемуелдин Жоел жана Абия деген эки уулу болгону тууралуу айтылат. Шемуел «карыганда» өзүнө сот жүргүзүүгө жардам бериши үчүн эки уулун башкаруучу кылып дайындайт. Өкүнүчтүүсү, алар анын ишенимин актаган эмес. Шемуел өзү чынчыл, адилеттүү болсо да, анын уулдары өз кызыкчылыгын көздөп, сотту бурмалап, пара алышкан (1 Шемуел 8:1—3).

Бир күнү ысрайыл аксакалдарынын баары чогулуп пайгамбарга келип: «Уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт»,— деп нааразычылыгын билдиришет (1 Шемуел 8:4, 5). Шемуел уулдарынын ушундай кылып жүргөнүн буга чейин билчү беле? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бирок Шемуел, Эйлиден айырмаланып, балдарына жеткиликтүү тарбия бербеген, айыпталууга татыктуу киши болгон эмес. Жахаба Кудай Эйлини жаман иштерди жасаган уулдарын жазалап-тарбиялабастан, аларды Андан да артык көргөнү үчүн катуу эскертип, убагы келгенде жазалаган (1 Шемуел 2:27—29). Ал эми Шемуелден аны жазалоого себеп боло турган эч нерсе тапкан эмес.

Шемуелдин балдарынын жаман иштерди кылып жүргөнүн укканда уялганы, тынчсызданганы же капаланганы тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе деп айтылбайт. Тилекке каршы, мындайды көптөгөн ата-энелер башынан өткөрүшкөн. Азыркы бузулган дүйнөдө ата-энелердин тилин албай, аларга каршы чыгуу кеңири кулач жаюуда (2 Тиметей 3:1—5). Ушу сыяктуу кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткан ата-энелерди Шемуелдин үлгүсү жубатат жана алар андан көп нерсеге үйрөнө алышат. Ал балдарынын ишенимсиздигинин ага таасир этишине жол берген эмес. Балдарыңардын жүрөгүнө акыл-насаат, тарбия таасир этпей калган күндө да, көрсөткөн үлгүңөр күчтүү таасир этерин эсиңерден чыгарбагыла. Кандай болбосун, ата-энелер, Шемуелдей болуп, Жахаба Кудайдын жүрөгүн дайыма кубанта алышат.

«Биздин үстүбүзгө падыша кой»

Шемуелдин уулдары алардын ач көздүгү, өзүмчүлдүгү эмнеге алып келерин элестете да алышкан эмес. Ысрайылдын аксакалдары Шемуелге: «Башка элдердикиндей эле биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын»,— деп айтышкан. Шемуелге алардын койгон талабы аны четке каккандай сезилгенби? Ал канчалаган жылдар бою ысрайыл элин Жахабанын атынан башкарып келген эле. Бирок азыр алар Шемуел сыяктуу пайгамбарды эмес, аларды башкара турган падыша коюп беришин талап кылып жатышкан болчу. Тегерек четиндеги башка элдердин падышалары болгон. Ысрайылдыктар да аларды ошондой падыша башкарышын каалашкан. Шемуел буга кандай караган? Ыйык Китептен: «[Алардын сөзү] Шемуелге жаккан жок»,— дегенди окуйбуз (1 Шемуел 8:5, 6).

Шемуел бул туурасында Жахаба Кудайга тиленгенде, Кудайдын эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты». Бул сөздөр Шемуелди жубатканы шексиз, бирок ысрайылдыктардын кылганы кудурети күчтүү Кудайга абдан жагымсыз болгон. Кудай пайгамбарга ысрайылдыктардын өзүнө падыша шайлаганы эмнеге алып келерин эскертүүнү буйруйт. Шемуел пайгамбар Кудайдын сөздөрүн элге айтканда, алар анын сөзүнө макул болбой: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын»,— деп айтышат. Дайыма Кудайга баш ийген Шемуел пайгамбар Кудай тандаган адамга барып, аны падыша кылып дайындайт (1 Шемуел 8:7—19).

Шемуел пайгамбар Жахаба тапшырган ишти кантип аткарган? Таарынып же анча көңүлдөнбөй аткарганбы? Ал көңүлүн калтырган нерселердин жүрөгүн уулантышына же ызалануу сезиминин тамырлап кетишине жол бергенби? Көптөр мындай жагдайда ушундай сезимдерге алдырып коймок, бирок Шемуел пайгамбар андай кылган эмес. Ал Шабулду падыша кылып дайындап, аны Кудай тандаган падыша катары кабыл алган. Ошондой эле аны кабыл алганынын жана ага баш иеринин белгиси катары аны өпкөн. Андан соң элге: «Теңир кимди тандаганын көрдүңөрбү? Бүт элде буга тең келе турган эч ким жок»,— деп айткан (1 Шемуел 10:1, 24).

Шемуел пайгамбар Жахаба Кудай тандаган адамдын жаман жактарына эмес, жакшы жактарына көңүл бурган. Ал эми өзү тууралуу айта турган болсок, ал үчүн туруксуз, өзгөрүлмө адамдардын жактыруусуна ээ болуу эмес, Жахаба Кудайга карата актыгын сактоо маанилүү болгон (1 Шемуел 12:1—4). Ошондой эле кызматын берилгендик менен аткарып, ысрайыл элине Кудай менен болгон мамилесине коркунуч туудурган нерселерди эскертип турган жана Жахаба Кудайга ишенимдүү болууга үндөгөн. Анын айткандары элдин жүрөгүн козгогондуктан, Шемуелден Кудайга алар үчүн тиленишин суранышкан. Ошондо ал элге: «Мен да силер үчүн сыйынуумду токтотуп, Теңирдин алдында күнөөлүү болууга өзүмө жол бербейм, силерди жакшы, түз жолго багыттайм»,— деген жылуу сөздөрдү айткан (1 Шемуел 12:21—24).

Кимдир бирөө жогорку даражага жеткенде же кандайдыр бир жоопкерчиликтерге ээ болгондо көңүлүң чөккөн эмес беле? Шемуелдин үлгүсү көрө албастыктын же ачуунун жүрөгүбүздө тамырлап кетишине эч качан жол бербешибиз керектигин эскертип турат. Себеби Жахаба Кудай ишенимдүү кызматчыларынын ар бирине сыймыктуу жоопкерчиликтерди берип, кубаныч тартуулай турган иштерди тапшырат.

«Шабул үчүн качанкыга чейин кайгырасың?»

Шемуел пайгамбар Шабулдан чынында эле жакшы нерселерди көрө алган. Шабул бою узун, келбеттүү, эр жүрөк жана тапкыч адам болгон. Ошондой эле башында уялчаак жана жөнөкөй болчу (1 Шемуел 10:22, 23, 27). Ушундай сонун сапаттардан тышкары, анда чечим чыгаруу эркиндиги да болгон, башкача айтканда, ал өз эрки менен чечим чыгарып, кандай жолду тандоону өзү чече алмак (Мыйзам 30:19). Ал аны кандай колдонгон?

Колго тийген бийликтин нурлары, күн нуру музду эритип жиберген сымал, чу дегенде эле адамдагы жөнөкөйлүк, момундук сыяктуу сапаттарды эритип жиберет. Анын сыңарындай, падышалык такка отургандан көп өтпөй эле Шабулдун текебердене баштаганы байкалган. Ал Жахаба Кудайдын Шемуел пайгамбар аркылуу берген көрсөтмөлөрүнө баш ийбей баштайт. Бир жолу ал чыдамсыздык көрсөтүп, Шемуел пайгамбар гана чала турган курмандыкты чалууга батынган. Ошондо Шемуел ага катуу эскертүү берип, падышалык бийлик анын тукумунан тартылып алынарын айткан. Шабул берилген кеңешти кабыл алгандын ордуна, Кудайга ачык эле баш ийбей, мурункудан да жаман иштерди жасай берген (1 Шемуел 13:8, 9, 13, 14).

Кудай Шемуел пайгамбар аркылуу Шабулга амалыктыктар менен согушууну буйруйт. Шабул, Кудайдын буйругуна ылайык, амалыктыктардын ырайымсыз падышасы Агакты өлтүрүшү керек болчу. Тилекке каршы, Шабул Агакты да, олжого алынган малдын жакшысын да жок кылбай калтырып коёт. Шемуел Шабулга туура эмес кылганын айтуу үчүн келгенде, Шабулдун баштагыдай болбой таптакыр өзгөргөнүн көрөт. Пайгабардын айткандарын момундук менен кабыл алгандын ордуна, ал Агак менен олжодогу малды эмне үчүн тирүү алып калганын түшүндүрүп, өзүн актап кирет да, күнөөнү элге оодарганга аракет кылат. Ал Жахабага эң жакшы малдан курмандык чалганын айтып, пайгамбардын кеңешин четке кагууга аракет кылат. Ошондо Шемуел ага: «Тил алуу курмандыктан артык»,— дейт. Ооба, Шемуел кайраттуулук менен аны катуу эскертип, Жахаба Кудайдын анын колунан падышалык бийликти тартып алып, андан жакшы бирөөгө берерин айтат (1 Шемуел 15:1—33).

Шемуел пайгамбар Шабул анын ишенимин актабаганына абдан кайгырат. Бул жөнүндө ал Жахабага түнү менен тиленип чыгат. Шемуел ошондон кийин да көпкө чейин Шабул үчүн кайгырып жүрө берет. Пайгамбар Шабулдан көп жакшы нерселерди күткөн, бирок ойдогудай болбой, үмүтү ташка чабылат. Ал мурун жакшы билген адам эми таптакыр башка. Жакшы сапаттарынын изи да калбай, минтип Кудайга каршы чыгып отурат. Ошондон кийин Шемуел пайгамбар Шабулга жолуккан эмес, жолуккусу да келген эмес. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Жахаба Кудай Шемуелдин көз карашын жумшактык менен оңдоп, мындай дейт: «Ысрайылга падыша болбошу үчүн Мен четке каккан Шабул үчүн качанкыга чейин кайгырасың? Мүйүзүңдү зайтун майына толтургун да, баргын. Мен сени бейт-лехемдик Жышайга жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан Мен Өзүм үчүн падыша тандадым» (1 Шемуел 15:34, 35; 16:1).

Жахабанын ой-ниетинин аткарылышы берилгендигин сактабаган, жеткилеңсиз адамдардан көз каранды эмес. Эгер кимдир бирөө ишенимсиз болуп калса, ниетин ишке ашыруу үчүн ал башканы тандап алат. Ошентип, улгайып калган Шемуел пайгамбар Шабул үчүн кайгырганын токтотот. Шемуел пайгамбар Жахабага баш ийип, Бетлехемде жашаган Жышайдын үйүнө барат. Анын келбеттүү уулдары бар эле. Бирок Жахаба Шемуелге дароо эле: «Анын өңүнө, боюна караба... Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт»,— деп айтат (1 Шемуел 16:7). Шемуелге Дөөтүнү эң акырында көрсөтүшөт. Жахаба так ошол баланы падыша кылып тандаган эле.

Шемуел өмүрүнүн акыркы жылдары Жахаба Кудайдын Шабулдун ордуна Дөөтүнү тандаганы эң туура болгонуна ынанган. Шабул көрө албастыгынан улам киши өлтүрүүгө да даяр болгон, ошондой эле Жараткан Кудайдан баш тартып кеткен. Ал эми Дөөтү эр жүрөк, актыгын сактаган, бекем ишенимге ээ жана Кудайга берилген падыша экенин көрсөткөн. Шемуелдин өмүрү акырына жакындаган сайын анын ишеними уламдан улам өсө берген. Ал Жахаба чече албаган бир да кыйынчылык жок экенин жана кандай гана кыйынчылык болбосун, Жахаба аны жакшы нерсеге айлантып коё аларын өз көзү менен көргөн. Дээрлик бир кылым жашаган Шемуел эң сонун үлгү калтырып көз жумган. Андыктан ал каза болгондо, бүтүндөй ысрайыл элинин аза күтүп, кайгырганы таң калыштуу эмес. Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын: «Мен да Шемуелдей болуп ишенимдүүлүк менен кызмат кыла аламбы?» — деп ойлонуп көргөнү дурус.

[25-беттеги сүрөт]

Оор жоготууга учурап, кайгырып турган элине Шемуел пайгамбар кантип жардам берген?

[26-беттеги сүрөт]

Шемуел балдарынын айынан болгон кыйынчылыктар менен кантип күрөшкөн?