Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылдын эң маанилүү күнүнө даярсыңарбы?

Жылдын эң маанилүү күнүнө даярсыңарбы?

Жылдын эң маанилүү күнүнө даярсыңарбы?

ӨЛӨРҮНӨ бир нече эле саат калганда Иса өзүнүн өлүмүн эскерүүгө байланыштуу өзгөчө азем киргизген. Ал азем бүгүнкү күндө «Мырзабыздын кечки тамагы» же «Исанын өлүмүн эскерүү кечеси» деп аталат (1 Корунттуктар 11:20). Иса ошол кеченин маанилүүлүгүн көрсөтүп: «Муну мени эскерүү үчүн кылгыла»,— деп осуяттаган (Лука 22:19). Силер Исага баш ийүүнү каалайсыңарбы? Кааласаңар, анын өлүмүн эскерүү күнүн жылдын эң маанилүү күнү деп эсептээриңер шексиз.

Бирок аны качан белгилөө керек? Зор мааниге ээ болгон ал аземдин маанисин толук түшүнүү үчүн жүрөгүңөрдү кантип даярдай аласыңар? Бул суроолор тууралуу Исанын ар бир жолдоочусу ойлонуп көрүшү зарыл.

Канча жолу белгилөө керек?

Адатта, биз маанилүү окуяларды жыл сайын белгилейбиз. Мисалы, 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Эл аралык соода борборуна террордук чабуул жасалганда жакындарын жоготкондор ал каргашалуу окуяны эч качан унутпаса да, жыл сайын ошол күн келгенде ага өзгөчө маани беришет.

Ошо сыяктуу эле, байыркы убакта маанилүү окуялар жыл сайын эскерилип турган (Эстер 9:21, 27). Алсак, Жахаба ысрайылдыктарга Мисир кулчулугунан кереметтүү түрдө куткарылганын жыл сайын белгилөөнү буйруган. Ыйык Китепте ал майрам Пасах деп аталат жана ысрайылдыктар аны куткарылуу күнү катары жылына бир жолу белгилешкен (Чыгуу 12:24—27; 13:10).

Иса элчилери менен Пасах майрамын белгилеп бүткөндөн кийин анын өлүмүн кантип эскерүү керектигин көрсөткөн өзгөчө азем өткөргөн (Лука 22:7—20). Пасах жыл сайын майрамдалган. Ошондуктан Пасахтын ордуна киргизилген ал азем да жыл сайын өткөрүлүшү керек деген тыянак чыгарууга болот. Бирок кайсы күнү?

Кайсы күнү?

Бул суроого жооп алуу үчүн эки нерсени түшүнүп алышыбыз керек. Биринчиден, байыркы учурда жаңы күн кечке маал, тактап айтканда, күн баткандан кийин башталып, эртеси күн батканда бүтчү. Демек, бир күн кечтен кечке чейин созулчу (Лебилер 23:32).

Экинчиден, Ыйык Китепте бүгүн биз колдонгон календарь колдонулган эмес. Анда айлардын аттары, мисалы, март, апрель деп эмес, адар, нисан деп берилген (Эстер 3:7). Жүйүттөр айларын ай жаңыргандан ай жаңырганга чейин эсептешчү. Алар Пасах майрамын өздөрүнүн календары боюнча биринчи айдын, нисандын, 14-күнү белгилешкен (Лебилер 23:5; Сандар 28:16). Так ошол күнү, 14-нисанда, римдиктер Мырзабыз Иса Машаякты өлүмгө кыйышкан. Иса Пасах биринчи жолу майрамдалгандан 1545 жыл өткөндөн кийин өлгөн. 14-нисан кандай гана маанилүү күн!

14-нисан биздин календардын кайсы күнүнө туш келет? Муну жөнөкөй эле эсептөөнүн жардамы менен аныктоого болот. 1-нисан жазында күн менен түндүн теңелишине жакын ай жаңырганда (Түндүк жарым шарда жаз башталганда) башталат. Ошол учурда айдын жаңырышы Иерусалимде күн батып баратканда көрүнөт. Ошондон тартып 14 күндү санасак, 14-нисанга келип такалабыз. Ал учурда, адатта, ай толгон болот. Ушул ыйык китептик ыкма менен эсептегенде 2011-жылы 14-нисан 17-апрелде, жекшембиде, күн батканда башталат.

Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү быйыл да Исанын өлүмүн эскерүүнү каалагандар менен бирге ал аземди белгилөөгө даярдык көрүп жатышат. Алар ал жолугушууга силерди да чын жүрөктөн чакырышат. Анын убактысын жана кайсы жерде өткөрүлөрүн билүү үчүн жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү менен байланышкыла. Алар аны эртең менен же түштө эмес, күн баткандан кийин өткөрүшөт. Эмне үчүн? Анткени, Ыйык Китепке ылайык, ал «кечки тамак» болушу керек (1 Корунттуктар 11:25). 2011-жылдын 17-апрелинде, жекшемби күнү кечинде, Иса 1978 жыл мурун белгилеген өзгөчө кеченин жылдыгы болот. Ошондой эле ал Исанын өлгөн күнүнүн, 14-нисандын, башталышы болот. Анын өлүмүн эскерүү үчүн мындан ылайыктуу күн барбы?

Кантип даярданууга болот?

Жылына бир жолу болчу ал аземге кантип даярдык көрүүгө болот? Мунун бир жолу — Исанын биз үчүн кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүү. «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» * деген китеп миллиондогондорго Исанын эмне үчүн өлгөнүн терең түшүнүүгө жардам берип келет (Матай 20:28).

Жүрөгүбүздү ал өзгөчө аземге даярдоонун дагы бир жолу — Исанын жердеги жашоосунун акыркы күнүнө чейин болгон окуялар тууралуу окуу. Кийинки беттерде жайгашкан схема буга жардам берет. 1-тилкеде биздин жана байыркы убактагы календарь боюнча даталар жазылды. 2-тилкеде кандай окуялар болгону, ал эми 3-тилкеде ал окуялардын Инжилдердин жана «Тарыхтагы эң улуу адам» * китебинин кайсы жеринде жазылганы келтирилди. Убакыт бөлүп, Ыйык Жазмадан ошол күндөрдүн ар биринде болгон окуялар жөнүндө окууга эмне үчүн болбосун? Бул силерге жылдын эң маанилүү күнүнө даярдык көрүүгө жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган. 47—56, 206—208-беттерин карагыла. Аны www.watchtower.org веб-сайтынан да таба аласыңар.

^ 15-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[22-беттеги кыстырма]

Исанын өлүмүн эскерүү кечеси 2011-жыл, 17-апрель, жекшемби

[23, 24-беттеги таблица⁄сүрөттөр]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

АКЫРКЫ ЖУМА

2011-ж., 12-апрель, шейш.

Ишемби

Жакан 11:55—12:1

gt 101-б., 2—4-абз.

9-НИСАН (күн батканда башталат)

Байыркы убакта жаңы күн кечинде, күн батканда, башталып, эртеси күн батканда бүтчү

▪ Пес оорулуу Симондукунда конокто

▪ Мариям нард менен майлайт

▪ Жүйүттөр Иса менен Лазарды көргөнү келишет

Матай 26:6—13

Марк 14:3—9

Жакан 12:2—11

gt 101-б., 5—9-абз.

2011-ж., 13-апрель, шарш.

▪ Иерусалимге салтанат менен кирет

▪ Ибадатканада окутат

Матай 21:1—11, 14—17

Марк 11:1—11

Лука 19:29—44

Жакан 12:12—19

gt 102-б.

10-НИСАН (күн батканда башталат)

Бетанияда түнөйт

2011-ж., 14-апрель, бейш.

▪ Иерусалимге барат

▪ Ибадаткананы тазалайт

▪ Жахаба асмандан сүйлөйт

Матай 21:12, 13, 18, 19

Марк 11:12—19

Лука 19:45—48

Жакан 12:20—50

gt 103, 104-б.

11-НИСАН (күн батканда башталат)

2011-ж., 15-апрель, жума

▪ Ибадатканада мисал менен окутат

▪ Фарисейлерди ашкерелейт

▪ Жесир аялдын тартуусун байкайт

▪ Иерусалимдин кыйрашын айтат

▪ Катышуусунун белгисин айтат

Матай 21:19—25:46

Марк 11:20—13:37

Лука 20:1—21:38

gt 105—112-б., 1-абз.

12-НИСАН (күн батканда башталат)

2011-ж., 16-апрель, ишем.

▪ Бетанияда шакирттери менен болот

▪ Жүйүт чыккынчылык кылууну ойлонуштурат

Матай 26:1—5, 14—16

Марк 14:1, 2, 10, 11

Лука 22:1—6

gt 112-б., 2—4-абз.

13-НИСАН (күн батканда башталат)

2011-ж., 17-апрель, жекш.

▪ Петир менен Жакан Пасахка даярдык көрөт

▪ Иса 10 элчиси менен кечке жуук алардын артынан барышат

Матай 26:17—19

Марк 14:12—16

Лука 22:7—13

gt 112-б., 5-абз.—113-б., 1-абз.

14-НИСАН (күн батканда башталат)

▪ Пасахты белгилешет

▪ Элчилеринин бутун жууйт

▪ Жүйүттү кетирет

▪ Өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин уюштурат

Матай 26:20—35

Марк 14:17—31

Лука 22:14—38

Жакан 13:1—17:26

gt 113-б., 2-абз.—116-б.

түн жарым

2011-ж., 18-апрель, дүйш.

▪ Гетсемани багында сатылып, кармалып кетет

▪ Элчилери качып кетет

▪ Синедриондо суракка алынат

▪ Петир Исадан баш тартат

Матай 26:36—75

Марк 14:32—72

Лука 22:39—62

Жакан 18:1—27

gt 117—120-б.

▪ Кайрадан Синедриондун алдында турат

▪ Пилатка, Иродго, кайра Пилатка алып барылат

▪ Өлүм өкүмү чыгарылып, устунга кадалат

▪ Түштөн кийин саат үчтөрдө жан берет

▪ Сөөгү алынып, коюлат

Матай 27:1—61

Марк 15:1—47

Лука 22:63—23:56

Жакан 18:28—19:42

gt 121—127-б., 7-абз.

15-НИСАН (күн батканда башталат)

▪ Ишемби

2011-ж., 19-апрель, шейш.

▪ Пилат Исанын көрүнө сакчыларды коюуга макул болот

Матай 27:62—66

gt 127-б., 8—9-абз.

16-НИСАН (күн батканда башталат)

Марк 16:1

2011-ж., 20-апрель, шарш.

▪ Тирилтилет

▪ Шакирттерине көрүнөт

Матай 28:1—15

Марк 16:2—8

Лука 24:1—49

Жакан 20:1—25

gt 127-б., 10-абз.—129-б., 10-абз.