Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарыңарды сылык-сыпаа болууга үйрөткүлө

Балдарыңарды сылык-сыпаа болууга үйрөткүлө

Балдарыңарды сылык-сыпаа болууга үйрөткүлө

КЫРГЫЗ элинде: «Сыйга — сый, сыр аякка — бал»,— деген макал бар. Анын мааниси башкаларды сыйласаң, алардан да сый көрөсүң дегенди билдирет. Ооба, сылык-сыпаа, адептүү адамдарга көптөр жакшы, жылуу-жумшак мамиле кылышат.

Жакшы тарбия көргөн, адептүү жаштарды көрүү абдан жагымдуу. Гондураста кызмат кылган бир райондук көзөмөлчү ар кандай курактагы жарчылар менен үйдөн үйгө кабар айтып жүргөндө «үй ээсине анын айткандарына караганда, жакшы тарбия көргөн, сылык-сыпаа балдар көбүрөөк таасир этерин байкаганын» айткан.

Бири-бирине урмат-сый көрсөтпөгөн адамдар көбөйүп бараткан азыркы заманда башкаларга кандай мамиле кылуу керектигин билүү маанилүү десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле Ыйык Жазма бизди «Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарга татыктуу жашоого» үндөйт (Флп. 1:27; 2 Тим. 3:1—5). Андыктан балдарыбызды башкаларга сылык-сыпаа мамиле кылууга үйрөтүшүбүз зарыл. Аларды жөн гана сыпайы көрүнүүгө эмес, чындап эле сылык болууга канткенде үйрөтө алабыз? *

Жакшы үлгү болгула

Куш уясынан эмнени көрсө, учканда ошону алат дегендей, балдар, адатта, эмнени көрсө — ошону туурашат. Ошондуктан аларды сылык-сыпаа болууга үйрөтүү үчүн, ата-энелер өздөрү да ошондой болушу керек (Мыйз. 6:6, 7). Бала менен сылыктык жөнүндө сүйлөшүү абдан маанилүү, бирок бул аздык кылат. Аларга эскертип туруудан тышкары, үлгү көрсөтүшүңөр да зарыл.

Поланын * мисалына токтолсок. Аны Исанын жолун жолдогон энеси жалгыз тарбиялап-чоңойткон. Бардык адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасоо анын кан-жанына сиңип, кулк-мүнөзүнө айланып калган. Эмне үчүн? Ал: «Апам бул жагынан жакшы үлгү көрсөткөндүктөн, биз адамдарга сылык мамиле кылууга кичинебизден эле көнүп калганбыз»,— дейт. Исанын Уолтер деген жолдоочусу балдарын чындыкта эмес апасына дайыма урмат-сый менен мамиле кылууга үйрөткөн. Ал: «Аялым жөнүндө такыр жаман сөз айтпай, аларга үлгү болууга аракет кылчумун»,— деп ой бөлүшөт. Уолтер жардам сурап Жахабага тиленип, уулдарын Ыйык Китептин негизинде тарбиялай берген. Анын эки уулунун бири учурда Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарынын биринде кызмат кылса, экинчиси үзгүлтүксүз пионердик кызматты аркалоодо. Алар атасын да, апасын да жакшы көрүшөт жана терең урматтап-сыйлашат.

Ыйык Китепте: «Кудай — башаламандыктын эмес, тынчтыктын Кудайы»,— делет (1 Кор. 14:33). Жахаба бардык нерсени ирети менен кылат. Анын кызматчылары да аны тууроого аракет кылып, үйүн таза, иреттүү күтө билиши керек. Айрым ата-энелер балдарын мектепке кеткенге чейин төшөгүн жыйноого, кийимдерин өз ордуна коюуга жана үй жумуштарына жардам берүүгө үйрөтүшөт. Эгер үй таза, иреттүү болсо, балдар да өз бөлмөсүн жана буюмдарын таза кармоого үйрөнүшөт.

Балдарыңар мектептен үйрөнгөн нерселерине кандай карашат? Алар мугалимдерине ыраазычылык билдиришеби? Ал эми силер, ата-энелер, мугалимдерге ыраазычылык билдиресиңерби? Эгер ошондой кылсаңар, балдарыңар силерди туурап, мектептеги иш-чараларды баалап, мугалимдерге ыраазычылык билдирүүгө түрткү алышат. Аларды мугалимдерге дайыма ыраазычылык билдирип турууга үндөөгө эмне үчүн болбосун? Ошондой эле мугалимдерге, догдурларга, сатуучуларга же тейлөө кызматын өтөгөн башка адамдарга болобу, ыраазычылык билдирүү — аларга урмат-сый көрсөтүүнүн эң мыкты жолу (Лк. 17:15, 16). Классташтарынан сылык-сыпаалыгы, жакшы жүрүм-туруму менен айырмаланып турган жаш ишенимдештерибиз, чынында эле, мактоого татыктуу.

Жыйналыштын ар бир мүчөсү сылык-сыпаа болуу жагынан жакшы үлгү болушу керек. «Рахмат», «эч нерсе эмес» деген сөздөрдү айтып, жыйналыштагыларга сылык мамиле кылып жаткан жаштарды көрүү кандай жагымдуу. Жыйналыштан берилген көрсөтмөлөрдү кунт коюп угуу менен Жахабага урмат көрсөтүп жаткан чоңдорду көргөн жаштар аларды тууроого түрткү алышат. Ошондой эле алар Падышалык залынан бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылып жаткандарды көрүп, кошуналарына сылык-сыпаа мамиле кылууга үйрөнүшөт. Алсак, 4 жаштагы Эндрю чоң кишилердин жанынан өтүп баратканда «кечиресиз» деген сөздү айтууну үйрөнүп алган.

Балдарына жакшы жүрүм-турумга ээ болууга жардам берүү үчүн ата-энелер дагы эмнелерди кыла алышат? Алар Кудай Сөзүндөгү көптөгөн мисалдардан эмнеге үйрөнсө болору жөнүндө балдарына айтып берүүгө убакыт бөлүшү керек (Рим. 15:4).

Ыйык Китептеги мисалдар менен окуткула

Шемуелдин апасы, калыбы, уулун башкы дин кызматчы Эйлиге ийилип таазим кылууга үйрөткөн. Апасы аны жыйын чатырына алып барганда, ал үч же төрт эле жашта болсо керек (1 Шем. 1:28). Силер жашаган жакта элдер кантип учурашканын эске алып, кичинекей балаңарды чоңдор менен дайыма учурашууга үйрөтө аласыңарбы? Эгер ушундай кылсаңар, силердин балдарыңар да, кичинекей Шемуелдей болуп, «элге да, Теңирге да сүймөнчүктүү боло берет» (1 Шем. 2:26).

Мындан тышкары, башкаларга урмат көрсөтүү менен урмат көрсөтпөөнүн айырмасы кандай болорун баса белгилөө үчүн Ыйык Китептеги мисалдарды келтирсеңер болот. Мисалы, Кудайга жакпаган иштерди кылган Ахазай падыша Илияс пайгамбарды кармап келүү үчүн элүү башыны элүү кишиси менен жөнөткөндө болгон окуяга токтололу. Элүү башы пайгамбардан аны менен барууну талап кылган. Анын кылганы Кудайдын өкүлүнө урмат көрсөтпөгөндүккө жаткан. Илияс пайгамбар ага эмне деп жооп берген? Ал: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин»,— деген. Анан так ошондой болуп, «асмандан от түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кеткен» (2 Пад. 1:9, 10).

Андан соң падыша Илияс пайгамбарга экинчи элүү башыны жөнөтөт. Ал дагы пайгамбардан аны менен барууну талап кылат. Ошондо да асмандан от түшүп, аны жана анын кишилерин жалмап кетет. Акырында Илияска үчүнчү элүү башы жиберилет. Ал пайгамбарга урмат-сый менен мамиле кылып, ага буйрук бербестен, алдына келип тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элүү кулуңдун жанын бааласаң экен. Асмандан от түшүп, мурдагы эки элүү башыны элүүдөн кишиси менен өрттөп кетти. Бирок менин жанымды бааласаң экен!» — деп жалбарат. Абдан корккон, бирок ага урмат көрсөткөн кишиге Кудайдын пайгамбары асмандан от түшүрөт беле? Албетте, андай кылмак эмес. Тескерисинче, Жахабанын периштеси Илияс пайгамбарга ошол элүү башы менен чогуу барууну айтат (2 Пад. 1:11—15). Ушул окуя башкаларга урмат-сый көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп турган жокпу?

Элчи Пабылды римдик аскерлер ибадатканадан кармашканда, ал эл алдында сүйлөөгө укуктуу экенин айтып туруп алган эмес. Ал миң башыга сылыктык менен кайрылып: «Бир нерсе айтсам болобу?» — деген. Ошондо ал Пабылга өзүн коргоп сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берген (Элч. 21:37—40).

Исаны кармап кетишкенде, сакчылардын бири аны жаакка чапкан. Бирок ал кантип коргонушту жакшы билгендиктен: «Эгер туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. Ал эми айтканым туура болсо, анда эмнеге урасың?» — деген. Анын бул сөздөрүнө каршы эч ким эч нерсе дей алган эмес (Жкн. 18:22, 23).

Мындан тышкары, жаңылыш көз карашыбызды оңдоо үчүн олуттуу кеңеш берилгенде жана мурунку кылган күнөөлөрүбүздү момундук менен моюнга алууда эмне десек болоруна байланыштуу Ыйык Китепте көптөгөн мисалдар бар (Башт. 41:9—13; Элч. 8:20—24). Алсак, Абигейил күйөөсү Набалдын Дөөтүгө катаал мамиле кылганы үчүн кечирим сураган. Ал кечирим сурагандан тышкары, Дөөтүгө жана анын кишилерине көп азык алып барып берген. Дөөтү Абигейилдин кылганына ушунчалык таасирленгендиктен, Набал өлгөндөн кийин аны аялдыкка алууну чечкен (1 Шем. 25:23—41).

Жагдай курчуп турганда болобу же жөн эле башкаларга урмат көрсөтүүдөбү, балдарды сылык-сыпаа болууга үйрөткүлө. Келгиле анда, асмандагы Атабызды даңкташ үчүн, жарыгыбызды башкалардын алдында жаркырата берели (Мт. 5:16).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Албетте, ата-энелер балдарына улууларды сыйлоо менен жаман ою бар адамдарга тил алуунун ортосунда чоң айырма бар экенин түшүнүүгө жардам бериши кажет. 2007-жылдын октябрындагы «Ойгонгула!» журналынын 3—11-беттерин карагыла, ор.

^ 7-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.