Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын жактыруусуна ээ болуу түбөлүк өмүргө ээ кылат

Кудайдын жактыруусуна ээ болуу түбөлүк өмүргө ээ кылат

Кудайдын жактыруусуна ээ болуу түбөлүк өмүргө ээ кылат

«Сен, Теңир, адил адамга батаңды бересиң, аны Өзүңдүн ырайымың менен калкан сымал калкалайсың» (ЗАБ. 5:13).

1, 2. Илияс сарепаттык жесир аялдан эмне сураган жана ага эмнени убадалаган?

ЖЕСИР аял менен баласы экөөнүн тең өзөгү карайып турган, Кудайдын пайгамбары да ачка эле. Сарепаттык жесир аял жегенге бир нерсе жасаш үчүн отун терип жүргөндө, Илияс пайгамбар андан суу менен нан сурайт. Ал суу бермекчи болот. Бирок анын «жыгач челекте бир ууч гана уну», «кумурада бир аз майы» эле калгандыктан, пайгамбарга жегенге берер эч нерсеси жок экенин айтат (1 Пад. 17:8—12).

2 «Адегенде мага ошондон кичине ачыткысыз нан жасап алып кел,— дейт Илияс.— Балаң менен өзүңө андан кийин жасайсың. Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: „Теңир жерге жамгыр жаадырган күнгө чейин үкөктөгү ун түгөнбөйт, кумурадагы май бөксөрбөйт“» (1 Пад. 17:13, 14).

3. Кандай маанилүү чечим чыгарышыбыз керек?

3 Жесир аял акыркы тамагы менен бөлүшөр-бөлүшпөсүнө эле эмес, андан да маанилүү нерсеге байланыштуу чечим чыгарышы керек эле. Ал Жахабага таянып, анын өзүн жана уулун сактап каларына ишенеби же материалдык муктаждыктарын Кудайдын жактыруусуна, достугуна ээ болуудан жогору коёбу? Биз да ушу сыяктуу чечим чыгарышыбыз керек. Материалдык коопсуздукка караганда Жахабанын жактыруусуна ээ болуу тууралуу көбүрөөк ойлонобузбу? Бизде Кудайга таянууга жана ага кызмат кылууга көптөгөн себептер бар. Анда анын жактыруусуна ээ болуу үчүн кандай кадамдарды жасашыбыз керек?

Жахаба сыйынуубузга татыктуу

4. Эмне үчүн Жахаба сыйынуубузга татыктуу?

4 Жахаба адамдардан ага жаккыдай сыйынышын талап кылууга укуктуу. Анын асмандагы кызматчыларынын тобу муну ырастап, бир үндөн: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— дешкен (Аян 4:11). Ырас, жандуу-жансыз нерселердин баарын жараткандыктан Жахаба биздин ага сыйынышыбызга татыктуу.

5. Эмне үчүн Кудайдын сүйүүсү ага кызмат кылууга түрткү бериши керек?

5 Жахабага кызмат кылышыбыз керектигинин дагы бир себеби — анын бизге болгон теңдешсиз сүйүүсү. Ыйык Китепте: «Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты»,— делет (Башт. 1:27). Кудай адам баласына тандоо эркиндигин, ошону менен бирге ой жүгүртүү жана чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгүн берген. Өмүр берүү менен Жахаба адамзаттын Атасы болуп калган (Лк. 3:38). Мээримдүү атадай болуп, ал уулдары менен кыздарына жашоодон ырахат алыш үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын берген. Ал Жер планетасында тамак-аш мол болуп, айлана-чөйрө ажайып кооз болушу үчүн, «күнүн... тийгизип», «жамгырын... жаадырат» (Мт. 5:45).

6, 7. а) Адам ата урпактарына кандай зыян келтирген? б) Кудайдын жактыруусуна ээ болгусу келгендер Машаяктын курмандыгынан кандай пайда алышат?

6 Жахаба бизди күнөөнүн азаптуу кесепеттеринен да куткарган. Күнөөгө баткан Адам атаны кумар оюнуна баш оту менен кирип кетип, үйүндөгүсүнүн баарын ташып, үй-бүлөсүн кур жалак калтырган кумарпозго салыштырууга болот. Жахабага каршы чыгуу менен Адам ата балдарын келечегинен — түбөлүккө бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн — ажыраткан. Ал өзүмчүлдүгүнөн улам адамзатты ырайымсыз кожоюнга, жеткилеңсиздикке, моюн сундуруп, кулга айландырган. Ошондуктан адамдардын баары ооруга чалдыгат, кайгыга батат жана акыры барып, өлүмгө дуушар болот. Кулду эркиндикке чыгаруу үчүн акы төлөө керек болгон сыңары, Жахаба бизди каргашалуу кесепеттерден куткаруу үчүн акы төлөгөн (Оку: Римдиктер 5:21). Иса Машаяк Атасынын эркине ылайык иш кылып, «көптөр үчүн жанын кун катары берген» (Мт. 20:28). Жакында Кудайдын жактыруусуна ээ болгондор кундун акысынан толук пайда алышат.

7 Жаратканыбыз Жахаба бизге бактылуу, маңыздуу жашоо тартуулоо үчүн бир да киши кыла албаган нерсени кылган. Кудайдын жактыруусуна ээ болсок, анын адам баласын азап-кайгыдан кантип арылтарына күбө болобуз. Ошондой эле ар бирибиз Жахабанын «аны тырышчаактык менен издегендерге» кантип Сыйлык берүүчү болорун көрөбүз (Эвр. 11:6).

«Элиң... даяр турат»

8. Ышаянын мисалынан Кудайга кызмат кылууга байланыштуу эмнеге үйрөнөбүз?

8 Кудайдын жактыруусуна ээ болуу чечим чыгаруу эркиндигин туура колдонууну камтыйт. Себеби Жахаба эч кимди ага кызмат кылууга мажбурлабайт. Ышаянын күндөрүндө Кудай: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» — деп сураган. Жахаба муну менен Ышая пайгамбардын чечим чыгарууга болгон укугун сыйлап, ага урмат көрсөткөн. Ошондо Ышая кубанып: «Мына мен, мени жибер»,— деп жооп берген (Ыш. 6:8).

9, 10. а) Кудайга кандай ниет менен кызмат кылышыбыз керек? б) Эмне үчүн Жахабага жан-дилден кызмат кылганыбыз акылдуулукка жатат?

9 Адамдар Кудайга кызмат кылар-кылбасын өздөрү чечишет. Жахаба ага өз каалообуз менен кызмат кылышыбызды каалайт (Оку: Жашыя 24:15). Кудайга кызмат кылууда бүт күчүн жумшоодон аянгандар ага жага алышпайт, ошондой эле Ал адамдарга жагуу үчүн ага кызмат кылгандардын сыйынуусун кабыл албайт (Кол. 3:22). Өз кызыкчылыктарыбыздын ыйык кызматыбызды «чын жүрөктөн» аткарууга тоскоолдук кылышына жол берсек, Кудайдын жактыруусуна ээ боло албайбыз (Заб. 118:2). Жахаба ага жан-дилден кызмат кылганыбыз бизге пайда алып келерин билет. Муса ысрайылдыктарды Жахабаны сүйүү, аны угуу, ага жабышуу менен өмүрдү тандап алууга үндөгөн (Мыйз. 30:19, 20).

10 Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү Жахабаны даңктап: «Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат. Сенин уулдарың таң ата электе эле түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Сага келишет»,— деп ырдаган (Заб. 109:3). Бүгүнкү күндө көптөр материалдык жактан коопсуз жашоону, көңүл ачууну баарынан маанилүү деп эсептешет. Бирок Жахабаны сүйгөндөр үчүн ыйык кызмат эң башкы орунда. Алардын жакшы кабарды ынталуулук менен таратканы алар үчүн жашоодо эмне маанилүү экенин көрсөтүп турат. Алар Жахабанын алардын күнүмдүк муктаждыктарына кам көрүүгө кудуреттүү экенине толук ишенишет (Мт. 6:33, 34).

Кудайдын жактыруусуна ээ кылган курмандыктар

11. Жахабага курмандыктарды чалуу менен ысрайылдыктар эмнеге үмүттөнүшкөн?

11 Мыйзам келишими боюнча Кудайдын элинен анын ырайымына ээ болуу үчүн ага жаккыдай курмандыктарды чалуу талап кылынган. Лебилер 19:5-аятта: «Теңирге тынчтык курмандыгын чалганыңарда, аны өзүңөргө ырайым табыш үчүн чалгыла»,— делет. Ошол эле китептен: «Эгерде Теңирге ыраазычылык билдирүү курмандыгын чалгыңар келсе, анда ырайым таба тургандай кылып чалгыла»,— дегенди окуйбуз (Леб. 22:29). Ысрайылдыктар Жахабанын курмандык жайында жарактуу жаныбарды курмандыкка чалганда, асманга көтөрүлгөн түтүндүн «жыты Теңирге жаккан» (Леб. 1:9, 13). Жахаба өз элинин сүйүүсүн айгинелеген мындай курмандыктарды кубаныч менен кабыл алчу (Башт. 8:21). Мыйзамдагы андай көрсөтмөлөрдө бүгүнкү күндө да колдонорлук принцип камтылат. Жахабанын жактыруусуна ээ болуу үчүн ылайыктуу курмандыктарды чалуу талап кылынган. Ал кандай курмандыктарды кабыл алат? Эки нерсеге: жүрүм-турумубуз менен сүйлөгөн сөзүбүзгө токтололу.

12. Денебизди «курмандык катары берүүдө» кандай иштер курмандыгыбызды Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү кылмак?

12 Римдиктерге жазган катында элчи Пабыл: «Денеңерди тирүү, ыйык жана Кудайга жага турган курмандыкка бергиле. Ошентип, ыйык кызматыңарды акыл жөндөмүңөрдү колдонуп аткаргыла»,— деген (Рим. 12:1). Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн адам денесин Кудайга жаккыдай сакташы керек. Эгер тамеки тартуу, арека пальмасынын уругун чайноо, баңгизат колдонуу же ичимдикти кыянат пайдалануу менен денебизди булгасак, курмандыгыбыз эч нерсеге татыбай калмак (2 Кор. 7:1). Андан тышкары, «бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылгандыктан», адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштердин баары анын курмандыгын Жахабанын көз алдында жийиркеничтүү кылат (1 Кор. 6:18). Кудайга жагуу үчүн адам «бардык жагынан ыйык болушу» кажет (1 Пет. 1:14—16).

13. Жахабаны мактаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

13 Биз сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүз менен да Жахабага жаккан курмандык алып келе алабыз. Жахабаны сүйгөндөр аны дайыма: эл алдында да, жалгыз болгондо да даңктап-макташат (Оку: Забур 33:2—4). 148—150-забурларды окуп, бул үч забурдун бизди Жахабаны мактоого канчалык көп үндөгөнүнө көңүл бурсаңар. Ырас, «Аны мактоо адилдерге жарашат» (Заб. 32:1). Бизге үлгү калтырган Иса Машаяк да Кудайды жакшы кабар айтуу менен мактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген (Лк. 4:18, 43, 44).

14, 15. Ошуя ысрайылдыктарды кандай курмандыктарды алып келүүгө үндөгөн жана Жахаба кандай жооп кайтарган?

14 Биз ынталуу кабар айтуу менен Жахабага болгон сүйүүбүздү, ага жагууну каалаарыбызды көрсөтөбүз. Мисалы, жалган сыйынууга иришип, Кудайдын жактыруусунан айрылган ысрайылдыктарга Ошуя пайгамбардын кандай чакырык айтканын карап чыгалы (Ош. 13:1—3). Ал аларды: «Кылган кылмышыбызды кечирип, жакшы нерселерибизди кабыл ала көр. Ошондо биз сага букачарлардай ооз курмандыгын чалабыз»,— деп жалынууга үндөгөн (Ош. 14:1, 2, «ЖД»).

15 Букачар ысрайылдыктар Жахабага тартуулаган эң кымбат мал болчу. Ошондуктан «букачарлардай ооз курмандыгы» Кудайды даңктоо максатында жакшы ойлонуштурулуп, чын жүрөктөн айтылган сөздөрдү билдирген. Жахаба ошондой курмандыктарды алып келгендерге кандай жооп кайтарган? Ал: «Аларды Өз каалоом менен сүйөм»,— деген (Ош. 14:5). Жахаба андай мактоо курмандыктарын тартуулагандарды кечирип, жактыруусуна жана достугуна ээ кылган.

16, 17. Ишенимиң жакшы кабар айтууга түрткү бергенде, Жахаба мактооңду кандай кабыл алат?

16 Жахабаны эл алдында даңктоо дайыма чыныгы сыйынуунун ажырагыс бөлүгү болуп келген. Забурчу үчүн чыныгы Кудайды даңктоо ушунчалык маанилүү болгондуктан, ал: «Теңирим, менин оозумдан чыккан мактоо курмандыгын кабыл ал»,— деп жалбарган (Заб. 118:108). Ал эми бүгүнкү күн жөнүндө эмне айтууга болот? Азыркы убакта жашап жаткан көп сандаган адамдар жөнүндө Ышая: «Теңирдин даңкын жар салышат... Алар [тартуулар] Менин курмандык чалынуучу жайыма Мага жаккан курмандык болуп чыгат»,— деген пайгамбарлык айткан (Ыш. 60:6, 7). Бул пайгамбарлык сөздөр аткарылып, миллиондогон адамдар «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, анын ысмын жарыялаган ооздун жемишин алып келип» жатышат (Эвр. 13:15).

17 Ал эми сен жөнүндө эмне айтууга болот? Кудайга жаккыдай курмандыктарды алып келип жатасыңбы? Эгер андай болбосо, зарыл өзгөрүүлөрдү жасап, Жахабаны эл алдында даңктайсыңбы? Ишенимиң жакшы кабар айтууга түрткү бергенде, Жахабага курмандыгың «букачарга караганда... көбүрөөк жагат» (Оку: Забур 68:31, 32). Мактоо курмандыгыңдын «жыпар жыты» Жахабага жетерине жана анын жактыруусуна ээ болоруңа эч күмөн санаба (Жез. 20:41). Ошондо теңдеши жок кубанычка бөлөнөсүң.

Жахаба адил адамга батасын берет

18, 19. а) Бүгүн көптөр Кудайга кызмат кылууга карата кандай ойдо? б) Кудайдын жактыруусунан айрылуу эмнеге алып барат?

18 Бүгүнкү күндө көптөр, Малахиянын убагындагы айрым кишилердей болуп: «Кудайга кызмат кылуу — курулай убаракерчилик, Анын буйруктарын сактап жүргөнүбүздөн... кандай пайда болду?» — дешет (Мал. 3:14). Материалисттик каалоолорго жетеленгендиктен алар Кудайдын ой-ниети аткарылбайт, ошондой эле анын мыйзамдары иш жүзүндө колдонорлук эмес деп эсептешет. Андан тышкары, жакшы кабар айтуу ишине катышуу убакытты текке кетиргендикке жатат жана элдин баарын кыжырдантат деп ойлошот.

19 Мындай көз караш тээ Эйден багында эле пайда болгон. Шайтан Обо энени Жахаба берген кереметтүү өмүрдүн жана анын жактыруусуна ээ болуунун баалуулугун баркка албай, аны четке кагууга көндүргөн. Бүгүнкү күндө да Шайтан Кудайдын эркин аткаргандан эч кандай пайда жок дегенге ишендирүүгө аракет кылып келет. Бирок Обо эне менен анын жолдошу Кудайдын жактыруусунан айрылуу өмүрдөн ажыратарын түшүнүшкөн. Жакында алардын жаман үлгүсүнө кармангандар да ошол ачуу чындыкты түшүнүшөт (Башт. 3:1—7, 17—19).

20, 21. а) Сарепаттык жесир аял эмне кылган жана анын натыйжасы кандай болгон? б) Сарепаттык аялды кантип туурасак болот жана аны эмне үчүн туурашыбыз керек?

20 Адам ата менен Обо эненин кылган ишинин кесепети жогоруда айтылып өткөн Илияс жана сарепаттык жесир аял менен болгон окуянын натыйжасынан кандай гана айырмаланат! Илиястын бекемдээрлик сөздөрүн уккандан кийин ал аял нан жасап, биринчи кезекте пайгамбарга берген. Ошондон кийин Жахаба Илияс пайгамбар аркылуу айттырган убадасын жүзөгө ашырган. Билдирүүдө мындай делет: «Илияс, аял жана анын үй-бүлөсү бир топ убакыт жан багышты. Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча үкөктөгү ун түгөнгөн жок, кумурадагы май бөксөргөн жок» (1 Пад. 17:15, 16).

21 Сарепаттык жесир аял кылган нерсени бүгүнкү күндө жашап жаткан миллиарддаган адамдардын аз гана бөлүгү кылууга даяр. Ал Куткаруучу Кудайга толугу менен таянган, ал эми Кудай аны оор учурда таштап койгон эмес. Ушул жана башка ыйык китептик билдирүүлөр Жахабага толугу менен таянсак болорун көрсөтүп турат (Оку: Жашыя 21:43—45; 23:14). Азыркы учурдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жашоосу да анын жактыруусуна ээ болгондорду ал эч убакта таштабай турганын тастыктап турат (Заб. 33:7, 8, 18—20) *.

22. Эмне үчүн Кудайдын жактыруусуна ээ болууга шашылыш түрдө умтулушубуз керек?

22 Жакында Кудайдын сот күнү «жер бетинде жашагандардын бардыгына» келет (Лк. 21:34, 35). Андан эч ким качып кутула албайт. Ошондо Кудайдын дайындалган Сотунун: «Атамдан бата алгандар, келгиле,.. силер үчүн даярдалган падышалыкты мурастагыла»,— деген сөздөрүн угууга эч бир байлыктын, эч бир материалдык жыргалчылыктын наркы тең келбейт (Мт. 25:34). Ооба, Жахаба адил адамга батасын берип, аны өзүнүн ырайымы менен калкан сымал калкалайт (Заб. 5:13). Анда Кудайдын жактыруусуна ээ болууга умтулушубуз керек эмеспи?

[Шилтеме]

^ 21-абз. «Күзөт мунарасынын» 2005-жылдын 1-апрелиндеги санын (10-бет, 15-абз.) жана 1997-жылдын 1-августундагы санын (20—25-бет, ор.) карагыла.

Эсиңердеби?

• Эмне үчүн Жахаба ага чын жүрөктөн кызмат кылышыбызга татыктуу?

• Жахаба бүгүн кандай курмандыктарды кабыл кылат?

• «Букачарлардай ооз курмандыгы» деген эмнени билдирет жана эмне үчүн Жахабага андай курмандыктарды чалышыбыз керек?

• Эмне себептен Кудайдын жактыруусуна ээ болууга умтулушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Кудайдын пайгамбары жакыр эненин алдына кандай маселе койгон?

[15-беттеги сүрөт]

Жахабага мактоо курмандыгын алып келүүдөн кандай пайда алабыз?

[17-беттеги сүрөт]

Жахабага чын жүрөктөн таянсак, эч качан өкүнбөйбүз