Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тил алуу курмандыктан артык»

«Тил алуу курмандыктан артык»

«Тил алуу курмандыктан артык»

ШАБУЛ байыркы Ысрайылдын биринчи падышасы болгон. Аны падыша кылып Кудай өзү тандаса да, ал кийинчерээк тил албастык көрсөткөн.

Шабул кандай туура эмес иштерди кылган? Ал ошондой иштерди кылбай коё алат беле? Бул билдирүүдөн кандай сабак алсак болот?

Жахаба падыша кылып кимди тандаганын элге билдирет

Шабул падыша болгонго чейин, Шемуел пайгамбар ысрайыл элине Кудайдын өкүлү катары кызмат кылган. Бирок Шемуел улгайып калган эле, балдары анын жолун жолдобой жаман чыгат. Ошол убакта ысрайыл элине душмандары тараптан коркунуч туулуп турган. Ысрайыл аксакалдары Шемуелге келип, аларды башкарып, согушта жетектеп жүрө турган падыша коюп беришин айтышат. Жахаба Шемуел пайгамбарга Шабулду падыша кылып тандаганын айтып, мындай дейт: «Ал Менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат» (1 Шем. 8:4—7, 20; 9:16).

Шабул «жаш, келишимдүү» жигит эле. Бирок ал келбеттүү эле болбостон, момун да болгон. Мисалы, ал Шемуелге: «Мен Ысрайылдын эң кичине уруусу Бенжеминдин уулу эмесминби? Менин үй-бүлөм Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөрдүн эң кичинекейи эмеспи? Сен муну мага эмнеге айтып жатасың?» — деген. Атасы абдан бай болсо да, Шабул өзү жана үй-бүлөсү жөнүндө жогору ойдо болгон эмес (1 Шем. 9:1, 2, 21).

Жахаба Ысрайылдын падышасы кылып кимди тандаганын Шемуел эл алдында билдиргенде, Шабулдун эмне кылганына көңүл бурсак. Шемуел алгач Шабулду эч ким жокто падыша кылып майлаганда ага: «Колуңдан эмне келсе, ошону кыл, анткени Кудай сени менен»,— деп айткан. Анан пайгамбар Жахаба кимди тандаганын жарыялоо үчүн элди чогултат. Бирок Шабулдун аты аталганда, аны издеп таппай коюшат. Ал уялчаак болгондуктан жашынып калган болчу. Жахаба Шабулдун кайсы жерде жашынып турганын көрсөтөт. Анан Шабул падыша катары жарыяланат (1 Шем. 10:7, 20—24).

Майдан талаасында

Ошондон көп өтпөй Шабул анын падыша болууга жарактуу экенине күмөн санагандардын жаңылганын далилдейт. Ысрайылдыктардын шаарына амондуктар тарабынан коркунуч туулганда, «Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түшөт». Ошондо ал чечкиндүүлүк менен ысрайыл жоокерлерин чогултуп, согушка жетектеп барат да, жеңишке ээ болот. Ал: «Бүгүн Теңир Ысрайылды куткарды»,— деп айтуу менен жеңишке Кудайдын жардамы менен жеткенин баса белгилейт (1 Шем. 11:1—13).

Шабулда жакшы сапаттар болгон жана Кудай ага батасын берген. Ал Жахабанын кудурети күчтүү Кудай экенин билген. Бирок ысрайыл элинин жана падышанын ийгиликке жетери бир маанилүү нерседен көз каранды болгон. Шемуел Ысрайыл элине: «Эгер Теңирден корксоңор, Ага кызмат кылсаңар, Анын үнүн уксаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыкпасаңар, анда силер да, силерге бийлик кылган падышаңар да Кудай-Теңириңерди ээрчип жүрөсүңөр»,— деп айткан. Эгер ысрайылдыктар Кудайга ишенимдүү болушса: «Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди Өз каалоосу менен Өз эли кылып тандап алган»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанышмак (1 Шем. 12:14, 22).

Мурун Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн тил алуу кандай маанилүү болсо, азыр да ошондой маанилүү. Жахабанын кызматчылары анын буйруктарына баш ийгенде, ал аларга батасын берет. Ал эми Жахабага баш ийбестик кылышса эмне болот?

«Жаман иш кылдың»

Шабулдун пелиштиликтерге каршы кылган иши алардын ачуусун козгогон. «Деңиз жээгиндеги кумдай сансыз» аскер Шабулга каршы көтөрүлгөн. «Ысрайылдыктар өздөрүнүн коркунучтуу абалда экенин, кысымга алынганын көрүшкөндө, уңкүрлөргө, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана аңгектерге жашынышкан» (1 Шем. 13:5, 6). Ошондо Шабул эмне кылган?

Шемуел Шабулга Гилгалда курмандык чаларын жана анын да ал жакка барып, күтүп турушун айтат. Шабул күтөт, бирок Шемуел белгиленген убакытта келбей кармалып калат, ал эми жоокерлер тарап кете баштайт. Ошентип, Шабул курмандык чалууга өзү киришет. Курмандык чалып бүтөрү менен Шемуел келип калат. Шемуел анын курмандык чалып койгонун укканда, ага мындай дейт: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың, анткени Теңир ушул күндө сенин Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгыңды түбөлүккө бекемдемек. Эми сенин падышачылыгың туруштук бере албайт. Теңир Өз жүрөгүнө жаккан кишини таап, аны Өз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Теңирдин буйругун аткарган жоксуң» (1 Шем. 10:8; 13:8, 13, 14).

Шабулга ишеним жетишпегендиктен Кудайдын буйругуна баш ийбей, Шемуелди күтпөстөн курмандык чалууга батынган. Шабулдун кылганы Ысрайылдын аскер башчысы Гидондун кылганынан кандай гана айырмаланган. Жахаба Гидондун 32000ден турган аскерин 300 кишиге чейин азайтууну буйруганда, Гидон Кудайдын айтканындай кылган. Эмне үчүн? Анткени ал Жахабага бекем ишенген. Ал Кудайдын жардамы менен душмандын 135000 кишиден турган аскерин талкалаган (Башк. 7:1—7, 17—22; 8:10). Жахаба Шабулга да сөзсүз жардам бермек. Бирок Шабул Кудайга баш ийбей койгондуктан, пелиштиликтер ысрайыл элинин аскерин кыйраткан (1 Шем. 13:17, 18).

Кыйынчылыктарга кабылганыбызда кандай чечим чыгарабыз? Ишеними жетишсиз адамдардын көз карашы менен караганда, Кудайдын принциптерине карманбай эле коюу туурадай сезилиши мүмкүн. Шемуел кечигип жатканда, Шабулдун кылганы өзүнө туурадай сезилгендир. Ал эми Кудайдын жактыруусуна ээ болууга чечкиндүү болгондор чечим чыгарууда ыйык китептик принциптерге кармануу эң туура деп эсептешет.

Жахаба Шабулду четке кагат

Амалыктыктарга каршы жүргүзүлгөн согушта Шабул дагы бир олуттуу күнөө кетирет. Жахаба Кудай амалыктыктарды ысрайылдыктар Мисирден чыгып келатканда аларга кол салгандыгы үчүн жок кылууну чечкен эле (Чыг. 17:8; Мыйз. 25:17, 18). Ошондой эле амалыктыктар башкаруучулардын тушунда Кудайдын тандалган элине башка элдер менен бирге кол салган болчу (Башк. 3:12, 13; 6:1—3, 33). Ошондуктан Жахаба амалыктыктарды жоопко тартып, Шабулга аларды жок кылууну буйруган (1 Шем. 15:1—3).

Шабул Жахабанын кас-душман амалыктыктарды кырып, алардын мал-мүлкүн жок кылгыла деген буйругуна баш ийбестен, алардын падышасын колго түшүрүп, малынын жакшысын өзүнө алып калат. Шемуел Шабулга анын бул кылыгын айтканда, ал эмне деген? Шабул актанууга аракет кылып: «Кудай-Теңириңе курмандыкка чалуу үчүн, эл эң мыкты койлор менен өгүздөрдү өлтүрүшкөн жок»,— деген. Шабул чынында эле ал малды курмандыкка чалууну ниет кылганбы, жокпу, кандай болбосун, ал Кудайга баш ийбестик кылган. Шабул өзүн «кичинекей эле адам» деп эсептебей калган эле. Ошондуктан Кудайдын пайгамбары ага Кудайдын тилин албай койгонун айтып: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык... Сен Теңирдин сөзүн четке каккандыктан, падыша болбошуң үчүн. Ал да сени четке какты»,— деп айткан (1 Шем. 15:15, 17, 22, 23).

Жахаба Шабулду ыйык руху менен колдобой, батасын бербей калганда, «жаман рух» ага үстөмдүк кыла баштаган. Бул анын Жахаба кийин падыша кылып дайындай турган Дөөтүгө ичи тардык жана көрө албастык менен кылган мамилесинен көрүнгөн. Шабул Дөөтүнү бир эмес, бир нече жолу өлтүрүүгө аракет кылган. Ыйык Китепте Шабул Жахабанын Дөөтү менен экенин көрүп, «ага өмүр бою душман болуп калганы» айтылат. Шабул Дөөтүнүн артынан сая түшүп, аны өлтүрүүнү көздөгөн. Ал атүгүл 85 дин кызматчыны жана башка адамдарды өлтүрүүнү буйруган. Андыктан Жахабанын Шабулду четке какканы таң калыштуу эмес (1 Шем. 16:14; 18:11, 25, 28, 29; 19:10, 11; 20:32, 33; 22:16—19).

Пелиштиликтер ысрайылдыктарга дагы бир жолу кол салганда, Шабул жардам бере албаган каардуу рухтарга сыйкырчы аял аркылуу кайрылган. Кийинки күнү ал согуштан катуу жарадар болуп, өз өмүрүн кыйган (1 Шем. 28:4—8; 31:3, 4). Ысрайылдын биринчи падышасынын Кудайга тил албастык көрсөткөнү жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет: «Шабул өзүнүн Теңирдин алдында кылган мыйзамсыздыгы үчүн, Теңирдин сөздөрүн сактабагандыгы үчүн жана Теңирдин эркин сурабай, сыйкырчы аялга кайрылгандыгы үчүн мына ушинтип өлдү» (1 Жылн. 10:13, 14).

Шабул менен болгон окуядан Жахабага тил алуу курмандыктан артык экени айкын көрүнүп турат. «Анткени Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп жазган элчи Жакан (1 Жкн. 5:3). Жахаба менен болгон достугубуздун бекем болушу ага тил алуудан көз каранды экенин эч качан эсибизден чыгарбайлы!

[21-беттеги сүрөт]

Шабул башында момун падыша болгон

[23-беттеги сүрөт]

Эмне үчүн Шемуел Шабулга «тил алуу курмандыктан артык» деген?