Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимдештериңди эч качан таштаба

Ишенимдештериңди эч качан таштаба

Ишенимдештериңди эч качан таштаба

«ОН жыл бою бизнестин артынан сая түшүп, байлыкка тунуп жашадык. Бала кезибизден чындыкта чоңойсок да, жыйналыштан аябай эле алыстап, кайра кайрылып келүүгө алыбыз калбай калганчалык рухий жактан алсырап калдык»,— дейт Ярослав менен анын жубайы Бэата *.

Марэк аттуу дагы бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Польшадагы коомдук жана саясий абал туруктуу болбой улам бир жумуштан чыгып, абдан кыйналдым. Өзүнчө бизнес баштоодон коркуп жүрдүм, анткени бизнес жүргүзүүгө шыгым жок эле. Акыры, үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багам деген ойдо бизнес ачтым. Бул үй-бүлөмдүн рухийлигине зыян келтирбейт деп ойлогом. Бирок убакыттын өтүшү менен чоң жаңылганымды түшүндүм».

Кымбатчылык, жумушсуздук күчөгөн азыркы дүйнөдө айрымдардын айласы кетип, туура эмес чечимдерди чыгарышууда. Көптөгөн бир туугандар көп убакытты алган жумушка орношууну, кошумча жумушта иштөөнү же иштин көзүн билбесе да, жеке бизнес ачууну чечишет. Алар кошумча киреше ашыкча болбойт, үй-бүлөнүн рухийлигине таасир этпейт деп ойлошот. Бирок күтүлбөгөн жагдайлардан жана экономикалык туруксуздуктан улам жакшы эле ниет менен баштаган иши алардын рухийлигине терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада айрымдар ач көздүктүн тузагына түшүп, байлык үчүн рухий кызыкчылыктарынан кечүүдө (Нас. 9:11, 12).

Айрым ишенимдештерибиз дүйнөлүк иштерге баш оту менен кирип кеткендиктен, өздүк изилдөөгө, жыйналыш жолугушууларына жана кызматка убактылары калбай калууда. Ооба, рухий иштерге кош көңүл кароо алардын рухийлигине жана Жахаба менен болгон мамилесине залакасын тийгизүүдө. Алар дагы бир баалуу нерсеге — ишенимдештери менен болгон мамилесине — кол шилтөөдө (Гал. 6:10). Ошентип, айрымдар акырындык менен жыйналыштан алыстап кетүүдө. Бул канчалык олуттуу экенин карап көрөлү.

Ишенимдештерибиздин алдындагы милдетибиз

Бизде ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар (Рим. 13:8). Балким, жыйналышыңда «жардам сураган» бир туугандарды байкап жүргөндүрсүң (Аюб 29:12). Айрымдар күнүмдүк жашоосуна зарыл болгон акча-каражатка муктаждыр. Элчи Жакан мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керектигин айткан. Ал: «Кимдир бирөөнүн колунда бар болсо, бирок бир тууганынын муктаж экенин көрүп туруп боорукердик көрсөтпөсө, анда ал кантип Кудайды сүйсүн?» — деген (1 Жкн. 3:17).

Сен бир туугандарга бул жагынан жардам берип, марттык көрсөтүп келаткандырсың. Бирок биз бир туугандарыбызга материалдык жактан жардам берүү менен эле чектелбейбиз. Айрымдар жалгызсырагандыктан же көңүлү чөккөндүктөн жардамга муктаж болушу мүмкүн. Дагы башкалары өздөрүн татыксыз сезгендиктен, өнөкөт оору менен ооругандыктан же жакынынан айрылгандыктан кыйналып жүргөндүр. Ушундай бир туугандарды бекемдөөнүн бир жолу — аларды кунт коюп угуу жана алар менен пикир алмашуу. Ошентүү менен алардын эмоциялык жана рухий муктаждыктарына кам көрө алабыз (1 Тес. 5:14). Бул ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздү бекемдейт.

Мындай бир туугандарды өзгөчө аксакалдар боорукердик менен угушу, аларга түшүнүү менен мамиле кылышы жана Ыйык Китептин негизинде сүйүү менен кеңеш бериши зарыл (Элч. 20:28). Ошентүү менен көзөмөлчүлөр ишенимдештерине карата «назик сезимдерди туйган» элчи Пабылды туураган болушат (1 Тес. 2:7, 8).

Бирок Исанын жолдоочусу отордон алыстап кетсе, ал ишенимдештеринин алдындагы милдетин кантип аткарат? Сак болбосо, атүгүл көзөмөлчүлөр да байлыкка азгырылып кетиши мүмкүн. Эгер кимдир бирөө ушундай азгырыкка алдырса, эмне кылыш керек?

Турмуш түйшүктөрүнө алдыргандар

Буга чейин белгиленгендей, үй-бүлөбүздү кантип багууну ойлоп өтө эле тынчсыздана берсек, рухий жактан алсырап калышыбыз ыктымал (Мт. 13:22). Жогоруда сөз кылынган Марэк мындай дейт: «Бизнесим жүрбөй калганда, маянасы жакшы жумуш табуу үчүн башка өлкөгө барууну чечтим. Башында үч эле айга кеткем, анан дагы үч айга кеттим, ошентип үйгө тийип качып иштеп жүрдүм. Минтип иштегенимдин айынан ишенимде эмес жубайым абдан кыйналды».

Андан Марэктин үй-бүлөсү эле кыйналган эмес. «Мээ кайнаткан ысыкта бир күн кечке иштегенден тышкары, башкалардын эсебинен пайда көргөн кара ниет кишилердин жаман мамилесине да туш болдум,— дейт Марэк.— Алар мага бандиттерче мамиле кылышты. Басмырлап, такыр күн көрсөтүшкөн жок. Өзүмдү караганга да убакыт болбой калгандыктан, башкаларга жардам берүүгө күчүм жетерине шектене баштадым».

Марэктин туура эмес чыгарган чечиминин кесепеттүү болгону бизге бир азга токтоп, ойлонууга түрткү бериши керек. Башка өлкөгө барып иштөө акчага байланыштуу көйгөйлөрдү чече тургандай сезилиши мүмкүн, бирок бул башка көйгөйлөрдү жаратпайт деп ким кепилдик бере алат? Алсак, үй-бүлөбүздүн рухийлигине жана эмоциялык муктаждыктарына ким кам көрөт? Башка өлкөгө кетсек, жыйналыш менен болгон байланышыбыз үзүлүп калбайбы? Башкаларга кызмат кылуу артыкчылыгынан айрылып калбайбызбы? (1 Тим. 3:2—5).

Бирок өзүбүз байкагандай, өз өлкөсүндө иштеп жатып деле жумушка баш оту менен кирип кеткендер да бар. Ярослав менен анын жубайы Бэатанын мисалын карап көрөлү. «Башында ишти жакшы эле ниет менен баштагам,— дейт Ярослав.— Жубайым экөөбүз баш кошкондон кийин соода жакшы жүрө турган жерден ижарага жер алып, хот-дог сатып иштей баштадык. Киреше көп түшө баштаганда, бизнесибизди кеңейтүүнү чечтик. Барган сайын убактыбыз тар болуп, жыйналыштарды калтыра баштадык. Көп өтпөй пионердик кызматымды токтоттум жана кызмат жардамчысы болбой калдым. Ишибиз жакшы жүргөндүктөн, чоң дүкөн ачып, ишенимде эмес бир киши менен иш келишимин түздүк. Арадан көп өтпөй миллиондогон долларларга иш келишимин түзүү үчүн чет өлкөлөргө чыга баштадым. Үйгө да көп токтобой жубайым экөөбүздүн ортобуздан ынтымак кетип, кызыма чоочундай болуп калдым. Ошентип, бизнестин аркасынан жүрүп, акыр-аягы, рухий иштерге такыр көңүл бурулбай, өзүбүз менен өзүбүз болуп калганбыз. Жыйналышка барбай калгандыктан ишенимдештерибиз жөнүндө ойлобой деле калганбыз».

Бул окуялардан биз эмнеге үйрөнө алабыз? Элден кем калбай, дүр-дүнүйөгө ээ болуп жашоону каалоо — тузак. Андай каалоого алдырган Исанын жолдоочусу көзүн май басып, «сырт кийиминен», башкача айтканда, Исанын жолдоочуларына мүнөздүү сапаттарынан айрылат (Аян 16:15). Ошондой эле мурун жардам берип жүргөн ишенимдештеринен алыстайт.

Жагдайга туура баа бер

Биз: «Мен эч качан андай каалоого алдырбайм»,— деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок баарыбыз күнүмдүк жашообузга чынында канча жетери жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз дурус. Пабыл: «Биз дүйнөгө эч нерсе алып келген эмеспиз, андан эч нерсе да алып кете албайбыз, Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп жазган (1 Тим. 6:7, 8). Албетте, жашоо деңгээли ар кайсы өлкөдө ар башка. Өнүккөн өлкөлөрдө жашагандар үчүн аз деп эсептелген нерселер көптөгөн башка өлкөлөрдө жашагандар үчүн чоң байлык болуп эсептелиши мүмкүн.

Жашаган өлкөбүздө жашоо деңгээли кандай болбосун, Пабылдын: «Баюуга ниеттенгендер азгырылып, тузакка түшүшөт жана жок болууга, өлүмгө алып бара турган көптөгөн пайдасыз, жаман каалоолорго берилип кетишет»,— деген сөздөрүнө кулак какканыбыз оң (1 Тим. 6:9). Адатта, тузак жаныбарды же кушту байкатпай колго түшүрүү үчүн жашыруун жерге коюлат. Канткенде биз «жаман каалоолордун» тузагына түшпөйбүз?

Жашоодо эмнелер биринчи орунда турушу керектигин аныктап алуу рухий иштерге, анын ичинде өздүк изилдөөгө көбүрөөк убакыт табууга түрткү берет. Тиленүү менен изилдөө жүргүзүү Исанын жолдоочусун «ар тараптуу билимге» ээ кылып, башкаларга жардам берүүгө «толугу менен даяр» кылат (2 Тим. 2:15; 3:17).

Камкор аксакалдар Ярославка бир нече жыл бою рухий жактан кайра бутуна турууга жардам беришкен. Ошонун аркасында ал жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү алган. Ал мындай дейт: «Бир жолу аксакалдар мага Ыйык Китептен түбөлүк жашагысы келген, бирок байлыгынан ажырагысы келбеген бай жигит жөнүндөгү окуяны мисал келтиришти. Анан сылыктык менен менден ошол айтылгандардын мага тиешеси бар-жогун сурашты. Ошондо көзүм ачылып, кайсы жактан иштешим керек экенин түшүндүм» (Накыл 11:28; Мр. 10:17—22).

Ярослав жагдайга туура баа берип, чоң бизнесин токтотууну чечкен. Эки жылдын ичинде ал үй-бүлөсү менен рухий жактан бутуна турушкан. Учурда ал жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат. Ярослав: «Рухийликти баалабай, бизнестин артынан сая түшкөн бир туугандарга өзүмдүн башыман өткөн окуяларды айтып берип, ишенимдеш эместер менен бир моюнтурук кийүү канчалык акылсыздык экенин түшүндүрөм. Анткени дүйнөлүктөр менен иштегенде алардын ишке байланыштуу сунуштарын четке кагуу, чынчылдык менен иш алпаруу оңой эмес»,— дейт (2 Кор. 6:14).

Марэк да башынан оор кыйынчылыктарды өткөргөндөн кийин көп нерсени түшүнгөн. Ал башка өлкөдө иштеп, үй-бүлөсүн камсыз кылганы менен анын Кудай жана ишенимдештери менен болгон мамилеси солгундаган. Убакыттын өтүшү менен ал терең ойлонуп, жашоосунда эмне биринчи орунда турушу керектигин чечкен. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Мен көп жылдар бою өзүнө „чоң нерсени сураган“ байыркы замандагы Барухтай ой жүгүртүп жүрдүм. Акыры, жүрөгүмдү өйүгөн нерселердин баарын Жахабага айтып, бара-бара рухий жактан калыбыма келдим» (Жер. 45:1—5). Учурда Марэк «жакшы ишке», жыйналышта көзөмөлчү болуп кызмат кылууга, умтулуп жатат (1 Тим. 3:1).

Маянасы чоң жумуш издеп башка өлкөгө барууну чечкендерге Марэк мындай дейт: «Башка өлкөдө жүргөндө бул дүйнөнүн тузагына оңой эле түшүп каласың. Тилди жарытып билбегендиктен башкалар менен да кенен-кесир сүйлөшө албайсың. Үйгө акча алып келгениң менен оңой менен айыкпай турган рухий ооруга чалдыгасың».

Иштеген жумушубузду жана ишенимдештерибиздин алдындагы милдетибизди тең ала жүрсөк, Жахабанын жактыруусуна ээ болобуз. Ошондой эле башкаларга үлгү болуп, алардын туура чечим чыгарышына түрткү беребиз. Турмуш түйшүктөрү менен алпурушуп жүргөн ишенимдештерибиз биздин колдообузга, түшүнүү менен мамиле кылышыбызга муктаж. Биз аларга жакшы үлгү көрсөтүшүбүз керек. Жыйналыштагы аксакалдар жана рухий жактан жетилген бир туугандар ишенимдештерине тең салмактуу болууга жана турмуш түйшүктөрүнө алдырбоого жардам бере алышат (Эвр. 13:7).

Иштеген жумушубузга баш отубуз менен берилип кетип, ишенимдештерибизди таштап койбойлу (Флп. 1:10). Тескерисинче, Падышалыктын иштерин жашообузда биринчи орунга коюп, «Кудайдын алдында байый» берели (Лк. 12:21).

[Шилтеме]

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[21-беттеги сүрөт]

Жумушуңдун айынан жыйналыштарды калтырып жаткан жоксуңбу?

[23-беттеги сүрөт]

Ишенимдештериңе жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн баалайсыңбы?