Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп жашоону өзгөртөт

Ыйык Китеп жашоону өзгөртөт

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Коомчулукка каршы болуп жүргөн панк жигитке башкаларды жакшы көрүп, жардам бергенге эмне түрткү берген? Мексикалык бир жигитке адеп-ахлаксыз жашоосун таштап, оңолгонго эмне жардам берген? Жапониядагы велосипед менен жарышкан мыкты жигиттердин бири Кудайга кызмат кылыш үчүн спорттон эмне үчүн кетип калган? Алардын эмне дегенине көңүл бурсаңар.

«Ачуусу чукул, катаал киши элем» (ДЕНИС ОБЭРН)

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1958

ӨЛКӨСҮ: АНГЛИЯ

МУРУН: ПАНК БОЛЧУ

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН: Атам Ирландиядан болгондуктан кичинекей кезимен тартып эле Ирландиянын католик чиркөөсүнө мүчө болчумун. Чиркөөгө көбүнчө өзүм жалгыз барчумун, бирок анчалык деле күйүп-жанчу эмесмин. Бирок кандай болбосун рухий нерселер жөнүндө билгим келчү. Жаттап алган тилегимди айтып, Кудайдан көп тиленчүмүн. Түнүчүндө төшөгүмдө жатып жаттап алган тилегимдин мааниси жөнүндө ойлонгон күндөрүм эсимде. Аны бөлүктөргө бөлүп, ар бир бөлүгү эмнени билдирерин түшүнгөнгө аракет кылчумун.

Өспүрүм кезимде Растафариян агымына кызыга баштадым. Ошондой эле нацисттерге каршы лиганын саясий ойлорун жактырчумун. Бирок акыры козголоңчулдугу менен таанымал болгон панк-рок кыймылына баш отум менен кирип кеттим. Баңгизат колдоно баштадым, өзгөчө марихунага берилип кеттим. Аны күн сайын чекчүмүн. «Мага баары бир» деген ураан менен жашагандыктан ылжырап мас болгончо иччүмүн, өмүрүмдү тобокелге салчумун, башкаларга кайдыгер мамиле кылчумун. Кызыктырган кишилер менен эле сүйлөшпөсөм, негизи эч ким менен деле сүйлөшчү эмесмин. Сүрөткө түшкөндү жек көрчүмүн. Артка кылчая карап, өткөндү эстесем, ачуум чукул, катаал киши болчу экенмин. Өзүмө жакын кишилерге гана боорукер, берешен болчумун.

20 жаштарымда Ыйык Китепке кызыга баштадым. Баңгизат саткан бир досум түрмөдө отурган кезинде Ыйык Китепти окуй баштаптыр. Ал экөөбүз дин, чиркөө, Шайтандын дүйнөгө тийгизген таасири жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Ыйык Китеп сатып алып, өз алдымча окуп-изилдей баштадым. Досум экөөбүз Ыйык Китептен үзүндү окугандан кийин жолугуп, окугандарыбыз жөнүндө сүйлөшчүбүз. Талкуубуздун акырында кандайдыр бир тыянак чыгарчубуз. Бир нече ай бою ошентип жүрдүк.

Ыйык Китепти окуп жүрүп, чыгарган тыянагыбыз булар: бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатыптырбыз; Исанын жолун жолдогондор Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар таратышы керек турбайбы; ошондой эле алар бул дүйнөнүн иштерине, анын ичинде саясатка аралашпашы керек; Ыйык Китепте жакшы адеп-ахлак нормалар камтылат экен. Ошентип, Ыйык Китепте чындык жазылганына көзүбүз жетти. Демек, чыныгы дин да болушу керек деп ойлочубуз. Бир толгон токой диндердин арасынан кайсынысы чыныгы дин? Досум экөөбүз негизги диндер, алардын салтанаттуу жөрөлгөлөрү жана саясатка канчалык аралашары жөнүндө ойлонгондо Иса алар тууралуу айтпаганын түшүндүк. Ошентип, андай диндерди Кудай колдобогонуна көзүбүз жеткен соң, анча чоң эмес диндерди изилдеп көрөлү деп чечтик.

Ар кандай диндердин өкүлөдөрү менен жолугушуп, суроолорду бердик. Ал суроолорго Ыйык Китепте кандай жооп берилерин так билгендиктен, алардын жооптору Кудайдын Сөзүнө төп келип жатабы же жокпу оңой эле айырмалай алчубуз. Ошондой жолугушуулардан кийин Кудайга кайрылып: «Эгер ушул кишилер чыныгы динди тутушса, алар менен дагы жолугуп сүйлөшкөнгө каалоо берчи»,— деп тиленчүмүн. Бир нече ай бою ар ким менен сүйлөшкөндөн кийин суроолорума Ыйык Китептен жооп таап берген кишилерди жолуктурган жокмун. Ал эми сүйлөшкөндөр менен кайра такыр жолуккум келген жок.

Ошентип жүрүп, досум экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калдык. Башкалардан сурагандарыбызды алардан да сурадык. Кызыктуусу алар жоопторду Ыйык Китепке негиздеп берип жатышты. Айткандары буга чейин билгендерибизге да төп келип жатты. Анан аларга Ыйык Китептен өзүбүз жооп таба албаган, алсак, «Кудай тамеки тартканга жана баңгизат колдонгонго кандай карайт?» деген сыяктуу суроолорубузду бердик. Алар ошондо да Ыйык Китепти колдонуп жооп берип жатышты. Досум экөөбүз Падышалык залында өткөрүлгөн жыйналышына барып көргөнгө макул болдук.

Жыйналыштарга баруу кыйынга турду. Көпчүлүктү жаман көргөндүктөн жакшы маанайдагы, жакшынакай кийинген кишилердин мага келип таанышканы жаккан жок. Айрымдарынын ниетинен шектенип, жыйналышка баргым келбей калды. Бирок мурункудай эле Кудайга кайрылып: «Эгер ушул кишилердин дини чыныгы дин болсо, алар менен кайра жолугууну каалайынчы»,— деп тилендим. Ошондон кийин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти аябай изилдегим келе баштады.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ: Баңгизатты ташташым керектигин билип, аны оңой эле таштап койдум. Бирок тамекини ташташ өтө кыйын болду. Аны бир нече жолу таштаганга аракет кылдым, бирок болбой жатты. Башкалардын тамекини тез эле таштап, кайра эч качан чекпегенин укканда, мен да ошентейинчи деп Жахабадан суранчумун. Акыры, Жахабанын жардамы менен тамекимди таштадым. Ошондон кийин Жахабага баарын ачык, чынчылдык менен айтып тиленүү канчалык маанилүү экенин түшүндүм.

Мындан тышкары, сырткы көрүнүшүмдү оңдоп, адептүү кийине баштадым. Биринчи жолу Падышалык залына барганда чачым ар кайсы тарапты карап, типтик болуп тургудай болуп жасалгаланган болчу. Ортосунда ачык көк түскө боёлгон сызык бар эле. Кийинчерээк ал сызыкты ачык саргыч-кызыл өңгө боёп салгам. Дайыма джинсы менен ар кандай жазуулар жазылган булгаары куртка кийип жүрчүмүн. Жахабанын Күбөлөрү сырткы көрүнүшүм тууралуу жумшактык менен айтышса да, эч нерсени өзгөрткүм келчү эмес. Ошентип жүрүп, бир жолу 1 Жакан 2:15—17-аяттардагы: «Дүйнөнү да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөгүлө. Ким дүйнөнү сүйсө, ал Атабызды сүйбөйт»,— деген сөздөр жөнүндө ойлонуп калдым. Ошондон кийин сырткы көрүнүшүм менен Кудайды эмес, бул дүйнөнү сүйөрүмдү көрсөтүп жүргөнүмдү жана өзгөрүшүм керектигин түшүнүп, өзгөрдүм.

Убакыттын өтүшү менен жыйналыштарга барып турушумду Жахабанын Күбөлөрү эле эмес, башка бирөө да каалай турганын билдим. Еврейлер 10:24, 25те Кудай да ошентишимди каалай турганы айтылыптыр. Муну жакшы түшүнгөндөн кийин жыйналыштарга калтырбай бара баштадым. Ал жактагыларды жакшы билип, убакыттын өтүшү менен өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнап чөмүлдүм.

ПАЙДАСЫ. Жахаба ар бирибиздин аны менен жекече ынак мамиле түзүшүбүздү каалайт экен. Ушул нерсе жүрөгүмдү козгоду. Анын боорукердиги менен кам кордугун көрүп, андан жана Уулу — Иса Машаяктан — үлгү алганга түрткү алдым (1 Петир 2:21). Исанын жолдоочуларына мүнөздүү сапаттарды өрчүтүп жатып да, инсандык өзгөчөлүктөргө ээ болсо болорун түшүндүм. Башкаларды жакшы көргөнгө, аларга кам көргөнгө аракет кылып жаттым. Аялым менен балама да Иса башкаларга мамиле кылгандай мамиле кылганга аракет кылып келем. Кудай кошкон бир туугандарыма да колдон келишинче көңүл буруп, кам көргөнгө умтулам. Исанын жолун жолдогондун аркасында өзүмдү өзүм сыйлап калдым, башкаларды да жакшы көргөнгө үйрөндүм.

«Алар мага урмат-сый менен мамиле кылышты» (ГВАДЕЛУПЕ ВИЛЯРЕАЛ)

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1964

ӨЛКӨСҮ: МЕКСИКА

МУРУН: БУЗУЛГАН КИШИ БОЛЧУ

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН: Үй-бүлөдө жети баланын биримин. Мексиканын Сонора штатындагы Эрмосильо шаарында туулгам. Ал жактагылардын көбү жакыр жашачу. Атам бала кезимде эле каза болуп калган. Ошондуктан апама жети баланы багыш үчүн кара жанын карч уруп иштегенге туура келчү. Бут кийим алганга акчабыз жок болгондуктан дээрлик дайыма жылаңайлак жүрчүмүн. Апама жардам бериш үчүн бала кезимен тартып эле иштей баштагам. Башкалардай болуп биз да тар үйдө жашачубуз.

Апам күнү бою үйдө жок болгондуктан бизди эч ким коргочу эмес. Ошондой күндөрдүн биринде 15 жаштагы бир бала мени мажбурлап, жыныстык мамиледе болду. Мен 6 жашта болчумун. Ал көп убакыт бою ошентип жүрдү. Ошонун аркасында жыныстык мамилеге болгон көз карашым бузулуп калды. Эркек кишиге тартылып турганды кадимки нерсе катары эсептечүмүн. Жардам сурап доктурлар менен дин кызматчыларга кайрылгам. Бирок алар да баары жайында экенин, мындай сезимдер кадимки эле нерсе деп коюшчу.

14 жашымда гомосексуалдардай кийинип, өзүмдү ачык эле ошондой алып жүрө баштадым. 11 жыл бою ошентип жүрдүм. Ал аралыкта бир нече эркек киши менен чогуу жашадым. Чач тарач болуп, сулуулук салонун ачтым. Бирок бактысыз болчумун. Көңүл көп калды, далай азап тарттым. Сатып кеткендер көп болду. Туура эмес жолдо баратканымды түшүнчүмүн. «Жакшы, ыймандуу кишилер деги барбы?» — деп көп ойлончумун.

Эжемдин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлгөнүн эстедим. Ал мага билгендери жөнүндө айтып берсе да, мени ал нерселер кызыктырчу эмес. Бирок эжемди, үй-бүлөсүн карап суктанчумун. Жолдошу экөө бири-бирин сүйөрүн, бири-бирин урматтап мамиле кыларын көрчүмүн. Алар башкаларга да жакшы мамиле кылышчу. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнүн бири мени менен да Ыйык Китепти изилдей баштады. Башында көп деле көңүлдөнбөй изилдечүмүн. Бирок кийинчерээк баары өзгөрдү.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ: Жахабанын Күбөлөрү жыйналышына чакыргандыктан, барып көрдүм. Барганымда аябай таң калдым. Адатта, башкалар мени шылдыңдашчу. Бирок Жахабанын Күбөлөрү антишкен жок. Алар мени жылуу-жумшак тосуп алып, жакшы мамиле кылышты. Ошенткенине аябай таасирлендим.

Жыйынына барганда андан бетер таң калдым. Ал жактан эжемдей камкор, чын дилден мамиле кылган башка көптөгөн кишилер менен тааныштым. Анан: «Өзүм көптөн бери издеп жүргөн ак пейил, адеп-ахлактуу адамдар ушулар эмеспи?» — деп ойлондум. Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосундагы сүйүүгө, ынтымакка таң бердим. Бардык суроолорума Ыйык Китептен жооп берип жатышты. Жакшы адам болгонго Ыйык Китеп жардам берерин түшүндүм. Алардай болуш үчүн жашоомду түп-тамыры менен өзгөртүшүм керек болчу.

Өзүмдү аял кишидей алып жүрүп, ошондой жашагандыктан бүт нерсени өзгөртүш керек болду. Мисалы, сүйлөгөнүмдү, өзүмдү алып жүргөнүмдү, кийимимди, чач жасалгамды жана досторумду өзгөртүш керек болду. Мурунку досторум: «Эмне болуп жатасың? Бизге ушундай болгонуң эле жагат. Ыйык Китебиңди таштачы! Эмне кыласың муну»,— дешчү. Өзгөрүп, адеп-ахлаксыз иштерди таштап, туура жолго түшүш өтө кыйын болду.

Бирок баарын өзгөртүш мүмкүн экенин билчүмүн, себеби 1 Корунттуктар 6:9—11-аяттарда мындай делген: «Же адил эмес адамдардын Кудайдын Падышалыгын мурастабай турганын билбейсиңерби? Алданбагыла. Бузуктук кылып жүргөндөр да, бурканга табынгандар да, ойноштук кылып жүргөндөр да, табигый эмес жыныстык катнаштарга колдонулган эркектер да, эркектер менен жатып жүргөн эркектер да... Кудайдын Падышалыгын мурастабайт. Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер. Бирок... Кудайыбыздын руху аркылуу жуулдуңар». Жахаба адамдарга мурда өзгөргөнгө кандай жардам берсе, мага да ошондой жардам көрсөттү. Албетте, көнгөн адаттар менен күрөшүп, жеңгенче бир нече жыл өттү. Бирок Жахабанын Күбөлөрүнүн кеп-кеңештери, колдоп турганы кадимкидей күч берип жатты.

ПАЙДАСЫ. Бүгүнкү күндө Кудайдын жолундамын, кадимки адамдардай эле жашайм. Үйлөнгөм, келинчегим экөөбүз уулубузду Ыйык Китептеги принциптер боюнча тарбиялаганга аракет кылып келебиз. Мурункунун баары артта калды. Азыр рухий баталарды алып жатам, сыймыктуу жоопкерчиликтерим да бар. Жыйналышта аксакал катары кызмат кылам. Башкаларга Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты билип, кабыл алганга жардам бере алдым. Апам да кандай адам болуп өзгөргөнүмдү көрүп, аябай кубанды. Ошонун аркасында Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болду. Карындашым да адеп-ахлаксыз жашоосун токтотуп, Жахабанын Күбөсү болду.

Атүгүл мурун кандай адам болсом, ошонумду жактыргандар да жакшы жакка өзгөргөнүмдү моюнуна алышты. Жашоом эмненин аркасында өзгөргөнүн жакшы билем. Адистерге кайрылган күндө да, жакшы эч нерсе укчу эмесмин. Жахаба болсо мага чындап жардам берди. Мен өзүмдү эч нерсеге жарабаган киши катары көрсөм да, ал мага көңүл буруп, сүйүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылды. Негизинен, ушул нерсе — акылы чексиз, улуу, мээримдүү Кудайдын мага көңүл бурганы — бузуку жашоомду таштап, өзгөргөнгө түрткү берди.

«Көөдөнүм бош, бактысыз болуп, жалгызсырачумун» (КАДЗУХИРО КУНИМОТИ)

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1951

ӨЛКӨСҮ: ЖАПОНИЯ

МУРУН: ВЕЛОЖАРЫШ МЕНЕН МАШЫКЧУ

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН: Мен Сидзуоки префектурасындагы кеме токтоочу жайы бар тынч шаарда чоңоюп-өскөм. Сегиз кишиден турган үй-бүлөбүз менен чакан үйдө турчубуз. Атам велосипед сатып иштечү. Ал бала кезимде велосипед менен жарышкандарды көргөнгө мени дайыма алып алчу. Ошондон тартып велосипед менен жарышканга кызыгып калгам. Атам менин да ушул спорттун түрү менен машыгышымды каалачу. Орто класстарда окуп жүргөндө мени катуу машыктыра баштады. Ал эми жогорку класстарда үч жолу катары менен бир жылда бир болчу улуттук веложарышта жеңишке ээ болдум. Ошондон кийин мени университеттен окуганга чакырышты, бирок веложарыш мектебинен окугум келгендиктен сунушун кабыл алган жокмун. 19 жаштарымда веложарыш спортунун чебери болуп калдым.

Ошол кезде кыялымда Жапониядагы веложарыш спортунун алдыңкы спортчусу болсом деген бир максатым бар болчу. Үй-бүлөм эч нерседен кем болбой жакшы жашашы үчүн көп акча тапкым келчү. Ошентип, веложарыш спортуна баш-отум менен кирип кеттим. Машыгуулардан суй жыгыла чарчаганда же жарышып баратып жолдун кыйын жерлеринен кыйналганда: «Веложарыштын чебери болуш үчүн туулгансың, сен мунун кыла аласың, багынба!» — деп өзүмө өзүм кубат берчүмүн. Анан ошентип аракет кыла берчүмүн. Бара-бара аракетимдин акыбети кайта баштады. Чоң спортко аттангандардын арасында эң мыктысы боло алдым. Кийинки жылы веложарыш боюнча Жапониянын эң мыкты спортчусу деген атка ээ кыла турган жарышка катышканга уруксат алдым. Ал жарышта марага экинчи болуп алты жолу келдим.

Ошентип, мыктылардын катарына кошулдум. Мени «Токайдын күчтүү буттары» деп коюшчу (Токай — Жапониядагы район). Таймашта катаал, айбаттуу болгондуктан, мени менен жарышкандар менден коркуп турушчу. Акчаны көп таба баштагандыктан эмнени кааласам, ошону ала алчумун. Мыкты шаймандар коюлган машыгуу залы бар үй сатып алдым. Дээрлик үйдүн баасына тете чет өлкөдөн чыккан машине сатып алдым. Акчамды сактап коюш үчүн аларды кыймылсыз мүлккө жана баалуу кагаздарга сала баштадым.

Бирок көөдөнүм бош, бактысыз болуп, жалгызсырачумун. Ал кезде үй-бүлөлүү болуп калгам. Балдарыбыз да бар болчу. Үйдөгүлөргө болбогон нерселер үчүн эле атырыла берчүмүн. Алар маанайым кандай экенин билиш үчүн кабак-кашымды эле карап турушчу.

Аялым Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Ошонун аркасында көп нерсе өзгөрө баштады. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына баргысы келип жатканын айтты. Муну укканда баарыбыз баралы дедим. Бир жолу кечинде бир аксакал үйүбүзгө келип, мени менен Ыйык Китепти изилдей баштады. Ошол күн күнү бүгүнкүдөй эсимде. Окуп-билгендерим мага катуу таасир этти.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Эфестиктер 5:5теги сөздөр мага кандай таасир эткенин эч качан унутпайм. Ал жакта: «Бузуктук кылып жүргөн же ыпыластыкка берилген, же ач көз, башкача айтканда, бурканга табынып жүргөн бир да адам Машаяктын жана Кудайдын Падышалыгында мураска ээ болбойт»,— деп жазылган. Веложарыш кумар оюндары менен байланышта экенин жана ач көздүктү жаратарын түшүндүм. Жан дүйнөм кыйнала баштады. Эгер Жахаба Кудайга жаккым келсе, бул спортту ташташым керектигине көзүм жетти. Бирок антиш оңой болгон жок.

Ошондо спорттогу албан ийгиликтерге жеткен жылым аяктап жаткан. Андан да көп нерсеге жетким келип жаткан. Бирок Ыйык Китепти изилдегендиктен сабырдуу, жумшак боло баштаганымды байкадым. Мындай сапаттар менен жарышта жеңе албайсың. Изилдеп баштагандан кийин үч эле жолу жарышка катыштым. Ошентсе да веложарышты ташташ кыйын болду. Үй-бүлөмдү кантип багам деп кабатыр болуп жүрдүм. Туюкка кептелгендей сезилди: бир жагынан спортту таштай албай жатсам, бир жагынан андан ары машыга да албай калдым. Анын үстүнө, тууган-туушкандарым да туткан динимди жактырышкан жок. Атамдын болсо менден катуу көңүлү калып калды. Ушинтип бушайман болуп жүрүп, он эки эли ичегимде жара пайда болуптур.

Ошол кыйын кезеңде Ыйык Китепти окуп-изилдегеним жана жыйналыштарга барганым чоң жардам болду. Бара-бара ишенимим чыңдала берди. Жахабадан тилегимди угушун жана чындап эле угуп жатканына ынандырышын сурачумун. Бир күнү аялым бактылуу болуш үчүн чоң үйдүн кереги жок деп калды, ошондо кадимкидей жеңилдей түштүм. Ошентип, акырындап рухий жактан ийгиликтерди жасай бердим.

ПАЙДАСЫ. Исанын Матай 6:33тө жазылган сөздөрүнүн калетсиздигине өз тажрыйбаман ынандым. Ал: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет»,— деген. Иса убада кылгандай эле, зарыл нерселерден өксүгөн жокпуз. Азыр веложарыш спортунда жүргөндөгүдөн 30 эсе аз тапсам да, акыркы 20 жылдын ичинде үй-бүлөм эч нерседен кем болгон жок.

Негизгиси, ишенимдештерим менен ийиндеш туруп, Кудайга кызмат кылып жатканым үчүн көөдөнүм ток, бактылуумун. Мурун мындайды эзели сезип көргөн эмесмин. Бактылуу күндөрүм учкан куштай тез өтүп жатат. Үй-бүлөмө да жакшы мамиле кылып калдым. Учурда үч уулум келиндерим менен Жахабага кызмат кылып жатышат.