2. Ачарчылык
2. Ачарчылык
«Жер-жерлерде... ачарчылык болот» (МАРК 13:8).
● Нигердеги Кваратаги айылына бир киши баш маана издеп келет. Өлкөнүн алыскы жерлеринен ал жакка таяке-жээндери, инилери, карындаштары да келет. Алардын баары ачарчылыктын айынан келип отурушат. Бирок тиги киши үй-бүлөсүнөн өзүнчө жүрөт. Эмне үчүн? Анткени, айылдын башчысы Сиди түшүндүргөндөй, ал үй-бүлөсүн бага албай калгандыктан алардын бетин карай албайт.
ФАКТЫЛАР ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ? Дүйнө жүзү боюнча дээрлик 7 кишинин 1и күн сайын тамакты тоё жебейт. Сахаранын түштүгүрөөк жагында жагдай мындан да оор. Ал жакта 3 кишинин 1и чала тоюттан жапа чегет. Муну жакшыраак түшүнүш үчүн күйөөсү, аялы, анан бир баласы бар үй-бүлөнү элестетели. Эгер экөөнө эле жетерлик тамак-аш бар болсо, анда кимиси ачка калат? Күйөөсүбү? Аялыбы? Же баласыбы? Чала тоюттан жапа чеккен үй-бүлөлөр мындай кыйынчылыкка күн сайын туш болушат.
АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕЙТ? Жер ар бир кишиге ашыгы менен жетерлик азык-түлүк өндүрүп чыгарат. Аларды тек гана туура бөлүштүрүш керек.
ЧЫН ЭЛЕ ОШОНДОЙБУ? Дыйкандар азык-түлүктү болуп көрбөгөндөй деңгээлде өндүрүп, аларды башка жактарга жөнөтүп жатышат. Негизи, өкмөттөр өндүрүлгөн азык-түлүктү туура бөлүштүрүшсө, ачарчылыкты жеңүү мүмкүн. Бирок ондогон жылдардан бери аракет кылып жатышса да, алар бул көйгөйдү чече албай келишет.
СИЛЕР КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Марк 13:8де жазылгандар аткарылып жатабы? Технологиядагы жетишкендиктерге карабай дүйнө жүзүндөгү адамдар тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегип жатышабы?
Жер титирөө, ачарчылык дагы бир кыйынчылыктын болушуна алып барат. Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды көрсөткөн ал кыйынчылык жөнүндө кийинки макалада сөз жүрөт.
[Кыстырма]
«Эгер тамак-ашты тоё жешсе, пневмониядан, ич өткөктөн жана башка оорулардан каза болгон балдардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгүн сактап кала алмакпыз». М. ВИННЕМАН (БУУнун БАЛДАР ФОНДУНУН МУРУНКУ АТКАРУУЧУ ДЕРЕКТИРИ
[Сүрөттүн булагы]
© Paul Lowe/Panos Pictures