Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3. Оорулар

3. Оорулар

3. Оорулар

«Жугуштуу оорулар... болот»​ (ЛУКА 21:11).

● Африканын жарандык согуштан улам бүлгүнгө учураган бир өлкөсүндө Маргбург вирусу жайыла баштаган *. Ал жактагы Бонзали деген медицина кызматкери өзүнүн шаарындагы шахтада иштегендерди дарылаш үчүн колунан келгендин баарын кылган. Ал чоңураак шаардагы бийлик башындагыларга жардам сурап кайрылган. Бирок эч кандай жооп болгон эмес. Акыры, төрт айдан кийин жардам келген. Өкүнүчтүүсү, кеч болуп калган болчу. Анткени Бонзали бейтаптардан вирус жуктуруп алып, каза болуп калган эле.

ФАКТЫЛАР ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ? Пневмония сыяктуу дем алуу органдарынын оорулары, ич өткөк, КИВ/ЖИКС (ВИЧ/СПИД), кургак учук жана безгек жыл сайын көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен ооруларга кирет. 2004-жылдын ичинде эле ошол беш оорудан 10 миллион 700 миңдей киши каза тапкан. Мындайча айтканда, болжол менен ар бир 3 секунда сайын 1 киши өмүрү менен кош айтышкан.

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕЙТ? Дүйнө калкынын саны өсүп жатат. Ооругандардын саны ошон үчүн көбөйүүдө.

ЧЫН ЭЛЕ ОШОНДОЙБУ? Дүйнөдөгү калктын саны дүркүрөп өсүп жатканы чын. Бирок ошол эле учурда ооруну аныктоо, көзөмөлдөө, дарылоо жагынан да көп жетишкендиктер болууда. Ушуну эске алганда, оорунун мизи майтарылышы керек эле да. Бирок баары тескерисинче болуп жатат.

СИЛЕР КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, адамдар оорулардан азап чегип жатабы?

Жер титирөө, ачарчылык, оору сыяктуу тилсиз жоо миллиондогон адамдардын жашоосун азапка айландырды. Бирок дагы миллиондогондор адамдардан, башкача айтканда, аларды коргошу керек болгон жакындарынан кордук көрүп жатышат. Бул тууралуу Ыйык Китептеги кайсы пайгамбарлыкта айтылганына көңүл буралы.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Маргбург гемморагиялык ысытмасы — Эбола вирусуна окшогон вирус козгогон оору.

[Кыстырма]

«Арстанга же дагы башка жырткычка жем болуу кандай гана коркунучтуу. Бирок ичиңдеги оорунун сени жеп жатканы ошондой эле коркунучтуу. Ал оорудан айланаңдагы көптөгөн адамдардын азап тартып жатканын көргөндө да жаның кейибей койбойт». ЭПИДЕМИОЛОГ МАЙКЛ ОСТЕРХОЛМ

[Сүрөттүн булагы]

© William Daniels/​Panos Pictures