Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5. Жердин булганышы

5. Жердин булганышы

5. Жердин булганышы

«[Кудай] жерди кыйраткандарды кыйратат» (АЯН 11:18).

● Нигериянын Кпор деген айылында жашаган Пири деген бир киши пальмадан шарап жасап иштейт. Нигер дарыясынын дельтасына аябай көп мунай зат төгүлгөндүктөн, анын жумушу токтоп калган. «Ошонун айынан балыктар кырылды, терибизге зыян келди, сууларыбыз булганды, жумушсуз калдым»,— дейт Пири.

ФАКТЫЛАР ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮП ТУРАТ? Айрым адистердин айтымына караганда, дүйнөдөгү океандарга жыл сайын 6,5 миллион тонна таштанды төгүлөт. Болжол менен алардын 50 пайызы — желим. Алар жүздөгөн жылдар бою чирибей калкып жүрө берет. Жерди булгагандан сырткары, адамдар жаратылыш ресурстарын ач көздүк менен колдонуп жатышат. Бул тынчсыздандырбай койбойт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар бир жыл бою пайдаланган ресурстарды калыбына келтириш үчүн Жерге 1 жыл 5 ай керек болот. Австралияда чыккан «Сидней морнинг геральд» гезитинде: «Калктын саны жана табигый ресурстарды колдонуу ушундай деңгээлде өсө берсе, 2035-жылга чейин дагы бир Жер планетасы керек болуп калат»,— делген.

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕЙТ? Адамдар тапкыч келет. Биз азыркы көйгөйлөрдү чечип, Жерди сактап кала алабыз.

ЧЫН ЭЛЕ ОШОНДОЙБУ? Көптөгөн адамдар жана топтор айлана-чөйрөнүн булганып баратканына тынчсызданып, бул тууралуу көпчүлүккө маалым кылып жатышат. Бирок канчалык аракет кылышпасын, Жер булгангандан булганып баратат.

СИЛЕР КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Жер планетасын сактап калыш үчүн Кудайдын өз убадасын аткарышына муктажбызбы?

Буга чейин талкууланган 5 пайгамбарлыктан сырткары, Ыйык Китепте акыркы күндөрдө жакшы нерселердин болору да айтылган. Алардын бири тууралуу алтынчы пайгамбарлыктан биле алабыз.

[Кыстырма]

«Мен жашаган бейиштин төрүндөй болгон жер уулуу таштандылар ыргытылган жайга айланып бараткандай сезилет». ЭРИН ТАМБЕР (АКШДАГЫ МЕКСИКА БУЛУҢУНУН ЖЭЭГИНДЕ ЖАШАГАН ТУРГУН. АНЫН 2010-ЖЫЛЫ АЛ ЖАККА МУНАЙЗАТ ТӨГҮЛГӨНҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ АЙТКАН ПИКИРИ).

[Кутуча]

Кудай күнөөлүүбү?

Ыйык Китепте биз күбө болуп жаткан жамандыктардын болору алдын ала айтылган. Бул аларга Кудай күнөөлүү дегенди билдиреби? Кыйынчылыктардын болуп жатканы анын буйругубу? Бул суроолордун жообун Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китептин 11-бөлүмүнөн таба аласыңар.

[Сүрөттүн булагы]

U.S. Coast Guard photo