Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бейиште түбөлүк жашагандан тажайбызбы?

Бейиште түбөлүк жашагандан тажайбызбы?

Окурмандардын суроолору

Бейиште түбөлүк жашагандан тажайбызбы?

▪ Ыйык Китепте адамдардын Бейиште түбөлүк өмүр сүрөрү айтылат (Забур 37:29; Лука 23:43). Бирок адамдар ошондой жакшы шарттарда эч качан өлбөй жашашса, жашоодон тажап кетиши мүмкүнбү?

Бул суроо көңүл бурууга арзыйт. Окумуштуулардын айткандарына ылайык, дайыма зеригип, бардык нерседен тажап жүргөн адамда тынчсыздануу сезими, көңүл чөгөттүк пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле андай адам өмүрүн тобокелге салууга да жакын болушу ыктымал. Көр түйшүктөн чарчаган, көздөгөн максаты жок кишилер жашоодон тажап кетиши этимал. Бейиште коёндой окшош күндөр өтүп, жашоо маңызсыз болобу?

Эң алды, түбөлүк өмүрдү Ыйык Китепти жаздырган Жахаба Кудай убадалап жатканына көңүл бурсаңар (Жакан 3:16; 2 Тиметей 3:16). Кудайдын эң негизги сапаты — сүйүү (1 Жакан 4:8). Ооба, Жахаба бизди аябай сүйөт. Адам баласына жашоодогу ырахат тартуулаган нерселердин баарын Кудай берген (Жакып 1:17).

Жараткан Кудайыбыз бактылуу болуп жашашыбыз үчүн кубаныч тартуулаган иш менен алек болушубуз керектигин жакшы билет (Забур 139:14—16; Насаатчы 3:12). Бейиште баарыбыздын жашообуз маңыздуу болуп, кызыктуу өтөт. Ар бир адам эмгегинин үзүрүн көрүп, жакшы көргөн иши менен алек болот (Ышая 65:22—24). Эртеден кечке кызыктуу, күжүрмөн эмгекти талап кылган жумуш менен алек болсоңор, жашоодон тажайт белеңер?

Жахаба Кудай Бейиште түбөлүк өмүр сүргөнгө ар бир эле адамга жол бере бербейт. Ал Иса Машаяктан үлгү алып жашагандарга гана түбөлүк өмүр берет (Жакан 17:3). Иса Машаяк жерде жүргөндө Кудайдын эркин аткаруудан ырахат алган. Ал жолдоочуларына алган кишиге караганда берген бактылуу экенин сөзү менен да айтып, иши менен да көрсөткөн (Элчилер 20:35). Бейиште бардык адамдар Кудайды жана жакындарыңарды сүйгүлө деген эки осуятты аткарып жашашат (Матай 22:36—40). Өз ишин жакшы көргөн, силерди сүйгөн жүрөгү таза адамдардын арасында жашап жатканыңарды элестетсеңер. Ошондой чөйрөдө жашагандан тажайт белеңер?

Бейиште дагы кандай иштер менен алек болобуз? Күн сайын Кудай жөнүндө жаңы нерселерди биле беребиз. Азыркы тапта окумуштуулар Кудайдын жараткан нерселери жөнүндө көптөгөн кызыктуу ачылыштарды кылышты (Римдиктер 1:20). Бирок Кудайдын жаратуулары жөнүндө адамдардын билгенинен биле элеги көп. Аюп пайгамбардын Кудайдын жаратуулары жөнүндө миңдеген жылдар мурун: «Булар Анын жолдорунун чети гана, бизге Анын шыбыры эле жетет! Анда Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?» — деп айткан сөздөрүнүн калетсиз экендигине бүгүн да ынанып турабыз (Аюп 26:14).

Канча убакыт жашабайлы, Кудай жана анын жаратуулары жөнүндө бардыгын биле албайбыз. Ыйык Китепте Кудай жүрөгүбүзгө түбөлүк жашагыбыз келген каалоону салгандыгы айтылат. Бирок анда адамдардын Кудайдын «жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпай» тургандыгы да жазылган (Насаатчы 3:10, 11). Күн сайын Кудай жөнүндө жаңы нерселерди билип турсак, Бейиштеги жашоодон тажайт белек?

Кудайды даңкталышына өбөлгө түзгөн, башкаларга пайдалуу болгон иштер менен алек болгондор, адатта, жашоодон тажабайт. Ушу сыяктуу иштер менен алек болсок, эч качан, атүгүл түбөлүк өмүр сүрсөк да жашоодон тажабайбыз!

[10-беттеги сүрөт]

Earth: Image Science and Analysis Laboratory, NASA-Johnson Space Center; Galaxy: The Hubble Heritage Team (AURA/STScI/NASA)