Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өлгөндөр үчүн үмүт барбы?

Өлгөндөр үчүн үмүт барбы?

Кудай сөзүнөн билим ал

Өлгөндөр үчүн үмүт барбы?

Бул макалада каралган суроолор силерди ойлондуруп жүргөндүр. Макалада алардын жообун Ыйык Китептен тапса болору көрсөтүлөт. Жахабанын Күбөлөрү ал суроолорду силер менен талкуулоого кубанычта болушат.

1. Өлгөндөр үчүн кандай үмүт бар?

Иса пайгамбар Иерусалимдин жанындагы Бетания шаарына келгенде, досу Лазардын каза болгонуна 4 күн болуп калган. Ал Лазардын мүрзөсүнө анын бир туугандары Марта, Мариямдар менен барган. Көп өтпөй ал жакка бир топ эл чогулуп калган. Иса пайгамбар Лазарды тирилткенде, Марта менен Мариямдын кандай гана сүйүнгөнүн элестетсеңер! (Оку: Жакан 11:20—24, 38—44).

Марта өлгөн адамдардын тирилерине мурун эле ишенчү. Жахаба Кудайдын ишенимдүү кызматчылары өлгөндөрдүн тирилерине дайыма ишенип келишкен (Оку: Аюб 14:14, 15).

2. Өлгөн адамдар кандай абалда болушат?

Адамдардын өлбөс жаны жок (Жезекиел 18:4). Кудай адамдарды топурактан жараткан (Башталыш 2:7; 3:19). Адамдын мээсинин функциясы токтогондо, анын ой жүгүртүүсү да жок болот. Ошондуктан Лазар тирилгенден кийин өлгөндөн кийинки абалы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Анткени өлгөн адам эч нерсени билбейт да, сезбейт (Оку: Забур 145:4; Насаатчы 9:5, 10).

Ооба, өлгөндөр азап чегип, кыйналышпайт. Кудай адамдарды өлгөндөн кийин кыйнайт деген окуу жалган. Бул окуу Кудайды жаманатты кылат. Адамдарды отко күйгүзүү жөнүндөгү ойдун өзү эле Кудай үчүн жийиркеничтүү (Оку: Жеремия 7:31).

3. Өлгөн адамдар менен сүйлөшө алабызбы?

Өлгөн адамдар тирүүлөр менен сүйлөшө алышпайт (Забур 113:25). Бирок жин-перилер адамдарды алдап, өздөрүн өлгөн адамдай кылып көрсөтүшү мүмкүн (2 Петир 2:4). Жахаба Кудай өлгөн адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салат (Оку: Мыйзам 18:10, 11).

4. Кимдер тирилтилет?

Келечектеги Бейиш заманда миллиондогон адамдар тирилтилет. Атүгүл Кудайды билбегендиктен жаман иштерди кылып жүргөндөр да тирилтилет (Оку: Лука 23:43; Элчилер 24:15).

Тирилгендер Кудай жөнүндө билим ала алышат жана Иса Машаякка баш ийүү менен ага ишеним көрсөтө алышат (Аян 20:11—13). Тирилгенден кийин жакшы иштерди кылган адамдар жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт. Тилекке каршы, тирилгенден кийин да жамандык кылганды уланткандар болот. Андай адамдар «соттолуу үчүн тирилишет» (Оку: Жакан 5:28, 29).

5. Өлгөндөрдү тирилткенинен Жахаба Кудай жөнүндө эмнени билүүгө болот?

Кудай бизге өмүр берүү үчүн Иса Машаякты жерге жиберген. Мунун аркасында адамдарга тирилүүгө жол ачылган. Бул Жахаба Кудайдын чексиз ырайымдуу экенин көрсөтүп турат (Оку: Жакан 3:16; Римдиктер 6:23).

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 6, 7-бөлүмдөрүн карагыла.

[14-беттеги сүрөт]

Адам ата топурактан жаратылган