Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла»

«Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла»

«Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла»

«Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун... аргасыздан эмес, даярдуулук менен [кайтаргыла]» (1 ПЕТ. 5:2).

1. Петир биринчи катын жазганда, Исанын жолдоочуларынын жагдайы кандай эле?

ИМПЕРАТОР Нерон Исанын Римдеги жолдоочуларын куугунтукка алар алдында, элчи Петир өзүнүн биринчи катын жазган. Ал ишенимдештерин бекемдегиси келген. Анткени Ибилис Исанын жолдоочуларын жутуп жиберсем деп жортуп жүргөн. Ага каршы туруу үчүн алар сак болуп, «Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болушу» керек эле (1 Пет. 5:6, 8). Ошондой эле биримдикти сакташканы да маанилүү болгон. Эгер алар ошондой оор учурда бири-бирин «кемирип-кесип, жей» берсе, бири-бирин «жок кылып салышмак» (Гал. 5:15).

2, 3. Биз ким менен күрөшүшүбүз керек жана ушул катар макалаларда эмнени карап чыгабыз?

2 Бүгүнкү күндө биздин жагдай да так эле ошондой. Ибилистин бизди жутуп жиберсем дегенде эки көзү төрт (Аян 12:12). Анын үстүнө, «дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алааматтын» карааны көрүнө баштады (Мт. 24:21). Андыктан, Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай эле, биз да болор-болбос нерселер үчүн бири-бирибиз менен урушуп-талашуудан сак болушубуз керек. Кээде бул жагынан тажрыйбалуу аксакалдардын жардамына муктаж болобуз.

3 Келгиле, адегенде аксакалдарга Кудайдын өздөрүнө тапшырылган оторун кайтаруу сыймыгын жогору баалоого эмне жардам берерин карап көрөлү (1 Пет. 5:2). Андан соң кайтаруучулук ишин кантип туура аткаруу керектигине токтолобуз. Ал эми кийинки макалада жыйналыштагылар оторду жетектеп, талыкпай эмгектенип жаткандарды сыйлаарын кантип көрсөтө алышарын талкуулайбыз (1 Тес. 5:12). Буларды карап чыгуу бизге күрөшүшүбүз керек болгон башкы Душманыбыз Ибилис экенин унутпай, ага чечкиндүүлүк менен каршы турууга жардам берет (Эф. 6:12).

Кудайдын оторун кайтаргыла

4, 5. Аксакалдар оторго кандай карашы керек? Мисал менен түшүндүргүлө.

4 Петир 1-кылымдагы жыйналыштардын аксакалдарын өздөрүнө тапшырылган оторго Кудайдыкындай көз карашта болууга үндөгөн (Оку: 1 Петир 5:1, 2). Ал өзү жыйналыштын тиреги деп эсептелсе да, өзүн башка аксакалдардан жогору койбостон, аларга кызматташтары катары насаат айткан (Гал. 2:9). Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш да жыйналыш аксакалдарын Кудайдын оторун кайтарууга байланыштуу оор жоопкерчиликтерин аткарууга үндөгөндө Петирдикиндей маанай чагылдырышат.

5 Элчи Петир аксакалдарга: «Кудайдын өзүңөргө тапшырылган оторун кайтаргыла»,— деп жазган. Алардын отордун Жахабага жана Иса Машаякка таандык экенин түшүнүшү абдан маанилүү болгон. Аксакалдар Кудайдын койлорун кандай кайтарып жатканына байланыштуу анын алдында жооптуу. Мисалы, жакын досуң бир жакка кетип баратып сенден балдарына баш-көз болуп турушуңду суранды дейли. Сен аларга жакшы кам көрүп, курсагын тойгузуп турбайт белең? Балдарынын бири ооруп калса, анын медициналык жардам алышына чара көрбөйт белең? Анын сыңарындай, аксакалдар «Кудайдын өз Уулунун каны менен сатып алган жыйналышын кайтарышы» керек (Элч. 20:28). Алар ар бир койдун Машаяк Исанын кымбат баалуу каны менен сатылып алынганын эстен чыгарышпайт. Өздөрүнүн жооптуу экенин сезгендиктен алар оторду азыктандырышат, коргошот жана кам көрүшөт.

6. Байыркы убактагы койчулардын кандай жоопкерчиликтери болгон?

6 Байыркы убактагы койчулардын кандай жоопкерчиликтери болгону жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Аларга оторун кайтаруу үчүн күндүзү ысыкка, түнкүсүн суукка чыдоого туура келчү (Башт. 31:40). Койчулар койлору үчүн атүгүл өмүрүн тобокелге салышчу. Мисалы, бала кезинде Дөөтү оторун далай жолу жапайы жырткычтардан, анын ичинде арстандан жана аюудан коргогон. Ал коюна тийген жырткычты «желкесинен алып, кармашып жатып өлтүргөнүн» айткан (1 Шем. 17:34, 35). Дөөтү кандай эр жүрөк болгон! Койлорун сактап калыш үчүн ал ажалды оозуна тиштеп, азуулуу жырткыч менен кармашуудан тайманган эмес!

7. Аксакалдар кандайча койлорду каймана мааниде Шайтандын азуусунан жулуп алышат?

7 Бүгүн аксакалдар арстан сыяктуу кол салган Ибилистин чабуулдарына каршы турушу керек. Ан үчүн кээде койлорду каймана мааниде анын азуусунан жулуп алуу талап кылынышы ыктымал. Аксакалдар, мындайча айтканда, жапайы жырткычты желкеден алып, койлорду сактап калышат. Мисалы, Шайтанга жем болгону турган бир туугандарга туура эмес жолдо турганын түшүнүүгө жардам бериш үчүн алар менен сүйлөшүшү мүмкүн (Оку: Жүйүт 22, 23). Албетте, аксакалдар муну Жахабанын жардамы менен гана кыла алышат. Алар жабыр тарткан койлорго назик мамиле кылып, жараатын таңышат жана аларга жардам бериш үчүн дартка даба болчу бальзамды — Кудайдын Сөзүн — колдонушат.

8. Аксакалдар оторду каякка багытташат жана кантип?

8 Кадимки койчу оторун оттуу, суусу мол жайытка айдап барат. Ошо сыяктуу эле, аксакалдар койлорду жыйналышка багытташат, башкача айтканда, алар өз убагында берилген тамак менен азыктанып, ток жүрүшү үчүн, жолугушууларга үзбөй катышууга үндөшөт (Мт. 24:45). Ошондой эле рухий жактан ооруп жаткандарга Кудай Сөзүнөн азыктануунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берүү үчүн кошумча убакыт бөлүшөт. Балким, адашып калган кой оторго кайтып келүүгө аракет кылып жүрүшү мүмкүн. Андайда аксакалдар бир тууганын коркутпастан, ага Жазмадагы принциптерди жылуу-жумшак түшүндүрүп, жашоосунда кантип колдонсо болорун көрсөтүп беришет.

9, 10. Аксакалдар рухий жактан ооруп жаткандарга кантип кам көрүшү керек?

9 Ооруп калсаң, кандай дарыгерге көрүнгүң келет эле? Сени чала-була угуп, кийинки бейтапты кабыл алуу үчүн шаша-буша дары жазып бере салган дарыгергеби? Же сени кунт коюп угуп, эмнең ооруп жатканын жана кандай жолдор менен дарылансаң болорун жакшылап түшүндүрүп бергенинеби?

10 Анын сыңарындай, аксакалдар рухий жактан ооруп жаткан кишини угуп, жараатын айыктырууга жардам беришет, ошентип, каймана мааниде аны «Жахабанын атынан май менен майлашат» (Оку: Жакып 5:14, 15). Гилат бальзамындай эле, Кудайдын Сөзү ооруп жаткан кишини айыктыра алат (Жер. 8:22; Жез. 34:16). Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу рухий жактан аксап жүргөн кишиге кайра бутуна турууга жардам берет. Ооба, аксакалдардын ооруп жаткан койдун тынчсызданууларын угуп, аны менен чогуу тиленгени ага чоң жардам болот.

Аргасыздан эмес, даярдуулук менен

11. Аксакалдарга Кудайдын оторун даярдуулук менен кайтарууга эмне түрткү берет?

11 Петир аксакалдарга кайтаруучулук ишин кантип аткарышы жана кантип аткарбашы керектигин эскерткен. Аксакалдар Кудайдын оторун «аргасыздан эмес, даярдуулук менен» кайтарышы кажет. Аларга бир туугандарына даярдуулук менен кызмат кылууга эмне түрткү берет? Петирге Исанын койлорун кайтарууга жана багууга эмне түрткү берген? Эң негизгиси, Мырзасына болгон сүйүүсү (Жкн. 21:15—17). Машаякты сүйгөндүктөн аксакалдар «өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашат» (2 Кор. 5:14, 15). Ага болгон сүйүүсү, ошондой эле Кудайга жана бир туугандарына болгон сүйүүсү аксакалдарга оторду кайтарыш үчүн күч-аракетин, каражатын жана убактысын жумшоого түрткү берет (Мт. 22:37—39). Ооба, алар оторго кыйылып эмес, даярдуулук менен, жанын аябай кызмат кылышат.

12. Пабыл оторду кайтарууга өзүн канчалык деңгээлде арнаган?

12 Аксакалдар оторду кайтарууга өздөрүн канчалык деңгээлде арнашы керек? Койлорго кам көрүүдө алар Исадан үлгү алган элчи Пабылды тууроого умтулушат (1 Кор. 11:1). Тесалоникалык бир туугандарын ушунчалык жакшы көргөндүктөн Пабыл менен анын шериктери аларга Кудайдын жакшы кабарын айтып эле койбостон, жанын берүүгө да даяр болушкан. Аларга, «балдарын бөпөлөп баккан энедей болуп», жумшак мамиле кылышкан (1 Тес. 2:7, 8). Пабыл эненин баласына карата кандай сезимдерди туярын билген. Эне түн уйкусун бөлүп, эмизгенден эринбейт. Ал баласы үчүн баарын кылууга даяр.

13. Аксакалдар эмнеде тең салмактуулукту сакташы керек?

13 Аксакалдар кайтаруучулук ишке байланыштуу жоопкерчиликтери менен үй-бүлөсүндөгү милдеттерин аткарууда тең салмактуу болууга тийиш (1 Тим. 5:8). Аксакалдардын жыйналышка бөлгөн убактысы абдан баалуу, себеби алар ошол убактысын үй-бүлөсүнө арнай алышмак. Аларга эки жоопкерчилигин бирдей алып кетүүгө үй-бүлө менен сыйынуу кечине башкаларды чакырып туруу жардам берет. Жапонияда жашаган Масанао деген аксакал көп жыл бою өзүнүн үй-бүлөлүк изилдөөсүнө бойдок бир туугандарды жана атасы жок же атасы чындыкта эмес үй-бүлөлөрдү чакырып турган. Ал жардам берген бир туугандардын айрымдары убакыттын өтүшү менен өздөрү аксакал болуп, анын үлгүсүнө карманып келишет.

Арам жол менен пайда көрүү үчүн эмес, чын көңүлдөн

14, 15. Эмне үчүн аксакалдар «арам жол менен пайда көрүүдөн» сак болушу керек жана бул жагынан алар Пабылды кантип туурай алышат?

14 Андан сырткары, Петир аксакалдарды оторду «арам жол менен пайда көрүү үчүн эмес, чын көңүлдөн» кайтарууга үндөгөн. Аткарган кызматы көп убакытты талап кылса да, аксакалдар кылган эмгеги үчүн акы төлөнүшүн күтүшпөйт. Петир аксакалдарга оторду кайтарууда «арам жол менен пайда көрүүнү» көздөө кооптуу экенин эскертүүнү туура көргөн. Буга Улуу Бабылдын диний жетекчилеринин жашоосу далил: көптөр жакырчылыктын азабын тартууга аргасыз болуп жаткан учурда алар башкалардын эсебинен пайда көрүп, байлыкка тунуп жашашат (Аян 18:2, 3). Бүгүнкү тапта аксакалдардын ушул сыяктуу нерселерден сак болушуна орчундуу себеп бар.

15 Пабыл Исанын жолун жолдогон аксакалдарга мыкты үлгү калтырган. Ал элчи болгондуктан Тесалоникадагы ишенимдештеринин эсебинен деле жашай алмак. Бирок ал «эч кимдин нанын бекер жебестен», «күнү-түнү эмгектенип», кара жанын карч уруп иштеген (2 Тес. 3:8). Азыр да көптөгөн аксакалдар, анын ичинде кыдыруучу көзөмөлчүлөр бул жагынан сонун үлгү көрсөтүшөт. Алар ишенимдештеринин меймандостугун ыраазычылык менен кабыл алышса да, эч кимди «чыгым кылышпайт» (1 Тес. 2:9).

16. Оторду «ынталуулук менен» кайтаруу деген эмнени билдирет?

16 Аксакалдар оторду «чын көңүлдөн» кайтарышат. Алардын оторго кам көрүүнү чын көңүлдөн каалаары койлорго жан аябастык менен жардам бергенинен көрүнөт. Анткен менен бул оторду Жахабага кызмат кылууга мажбурлоону же ага кызмат кылууда башкаларга атаандашып, алардан ашып түшүүгө үндөөнү билдирбейт (Гал. 5:26). Аксакалдар ар бир койдун бөтөнчө экенин түшүнүшөт. Ооба, алар бир туугандарга Жахабага кубанычтуу кызмат кылууга ынталуулук менен жардам беришет.

Үстөмдүк кылуу менен эмес, үлгү көрсөтүү менен

17, 18. а) Эмне үчүн кээде элчилерге Исанын момундукка байланыштуу айткандарын түшүнүү кыйын болгон? б) Биз алардан кандай сабак алсак болот?

17 Жогоруда талкуулаганыбыздай, аксакалдар отордун өздөрүнө эмес, Жахабага таандык экенин эстен чыгарбашы керек. Алар «Кудайдын аманаты болгондорго үстөмдүк кылуудан» сак болушу зарыл (Оку: 1 Петир 5:3). Исанын элчилеринин туура эмес ниет менен көрүнүктүү абалга умтулган учурлары болгон. Алар, элди башкаргандарга окшоп, жогорку абалга жетүүнү каалашкан (Оку: Марк 10:42—45).

18 Бүгүнкү күндө «көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жаткандар» ал кызматты эмне себептен каалап жатканын текшерип көргөнү абзел (1 Тим. 3:1). Ошондой эле аксакалдардын өздөрүнөн: «Кээ бир элчилердей болуп бийликке же жогорку абалга умтулуп жаткан жокмунбу?» — деп чынчылдык менен сурап көргөнү оң. Эгер мындай туура эмес каалоо менен күрөшүү атүгүл элчилерге да кыйын болгон болсо, анда аксакалдардын дүйнөгө мүнөздүү ушундай маанайдан — башкаларга үстөмдүк кылуудан — сак болуш үчүн бүт күч-аракетин жумшашы керектигин түшүнгөнү маанилүү.

19. Оторду коргоодо аксакалдар эмнени эстен чыгарбашы керек?

19 Албетте, айрым учурларда аксакалдарга оторду «ач карышкырлардан» коргош үчүн бийлигин колдонуп, олуттуу кеңеш берүүгө туура келиши мүмкүн (Элч. 20:28—30). Алсак, Пабыл Титке: «Өзүңө берилген укукту толук пайдаланып, мындан ары да... үндө, ашкереле»,— деп жазган (Тит 2:15). Бирок ошондой учурда да аксакалдар кеңеш берилип же ашкереленип жаткан кишинин кадыр-баркын сыйлашат. Алар катуу сындаганга караганда, жумшактык менен ынандыруу адамдын жүрөгүн козгоодо жана ага туура жолго түшүүгө түрткү берүүдө алда канча натыйжалуу болорун түшүнүшөт.

20. Аксакалдар жакшы үлгү көрсөтүүдө Исаны кантип туурай алышат?

20 Машаяктын мыкты үлгүсү аксакалдарга оторду сүйүүгө түрткү берет (Жкн. 13:12—15). Исанын өзүнүн шакирттерин кабар айтууга жана шакирт даярдоого кантип үйрөткөнү жөнүндө окуганыбызда таасирленбей койбойбуз. Анын момундугу шакирттеринин жүрөгүн козгоп, момундук менен башкаларды өздөрүнөн жогору көрүүгө түрткү берген (Флп. 2:3). Бүгүнкү күндө да аксакалдар Исаны тууроого, ошону менен бирге «оторго үлгү көрсөтүүгө» умтулушат.

21. Аксакалдарды кандай сыйлык күтүп турат?

21 Петир насаатынын аягында аксакалдардын көңүлүн келечекке байланышкан убадага бурган (Оку: 1 Петир 5:4). Майланган көзөмөлчүлөр асманда Машаяк менен бирге «даңктын соолубас таажысын алышат». Ал эми «башка койлордон» болгон койчулар «башкы койчунун» башкаруусу астында жерде Кудайдын оторун кайтаруу сыймыгына ээ болушат (Жкн. 10:16). Кийинки макалада жыйналыштагылар жетекчилик кылууга дайындалган бир туугандарга кандай жолдор менен колдоо көрсөтө алышары талкууланат.

Кайталоо үчүн суроолор

• Эмне үчүн Петир аксакалдарды Кудайдын өздөрүнө тапшырылган оторун кайтарууга үндөөнү туура көргөн?

• Аксакалдар рухий жактан ооруп жаткандарды кантип кайтарышы керек?

• Аксакалдарга Кудайдын өздөрүнө тапшырылган оторун кайтарууга эмне түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Байыркы койчулардай эле, аксакалдар өздөрүнө тапшырылган «койлорду» коргошу керек