Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды... сыйлагыла»

«Араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды... сыйлагыла»

«Араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды... сыйлагыла»

«Араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды, Мырзабыздын ишинде силерди жетектеп, насааттап жаткандарды сыйлагыла» (1 ТЕС. 5:12).

1, 2. а) Пабыл тесалоникалыктарга биринчи катын жазганда, алардын жагдайы кандай эле? б) Пабыл аларды эмне кылууга үндөгөн?

БИРИНЧИ кылымдагы Тесалоникадагы жыйналыштын, Европадагы биринчилерден болуп уюшулган жыйналыштын, мүчөсү экениңерди элестетсеңер. Элчи Пабыл ал жактагы бир туугандарды бекемдөөгө көп убактысын арнаган. Ал башка жыйналыштарга жетекчиликти колго ала турган аксакалдарды дайындагандай эле, Тесалоникадагы жыйналышка да аксакалдарды дайындаса керек (Элч. 14:23). Бирок жыйналыш уюшулгандан кийин, жүйүттөр сүрмө топ чогултуп, Пабыл менен Сыласты шаардан кууп чыгышкан. Ошондо ал жакта калган Исанын жолдоочулары өздөрүн баш-көз болор кишиси жок калгандай сезишсе керек, атүгүл коркушкан чыгар.

2 Албетте, Тесалоникадан кеткенден кийин Пабыл ал шаардагы жаңы уюшулган жыйналышты ойлоп тынчсызданбай койгон эмес. Ошол себептен ал жакка кайра барууга аракет кылган. Бирок Шайтан жолун «тороп», тоскоолдук кылгандыктан, ал жыйналышты бекемдеш үчүн Тиметейди жөнөткөн (1 Тес. 2:18; 3:2). Тиметей жакшы кабар менен кайтып келгенде, Пабыл тесалоникалыктарга кат жазууга түрткү алган. Ал көп акыл-насааттарды айтуу менен бирге аларды: «Араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды... сыйлагыла»,— деп үндөгөн (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:12, 13).

3. Тесалоникалыктарда аксакалдарды өзгөчө урматтоого кандай себептер бар болчу?

3 Тесалоникадагы жетекчиликти колго алган бир туугандар Пабыл менен анын шериктериндей же Иерусалимдеги аксакалдардай тажрыйбалуу болушкан эмес. Анткени ал жыйналыштын негизделгенине бир жыл да боло элек болчу. Ошентсе да ал жыйналыштагылардын «талыкпай эмгектенген», бир туугандарды «жетектеп, насааттаган» аксакалдарга ыраазы болушуна, аларды «өзгөчө урматтап», сүйүшүнө орчундуу себептер бар эле. Пабыл аларды аксакалдарга ушундай мамиле кылууга үндөгөндөн кийин, бири-бири менен тынчтыкта болууга чакырган. Эгер ошондо Тесалоникада болсоңор, аксакалдарга кылган эмгеги үчүн терең ыраазы болот белеңер? Кудайдын Машаяк аркылуу берген «адам түрүндөгү белектерине», жыйналышыңардагы аксакалдарга, кандай карайсыңар? (Эф. 4:8).

«Талыкпай эмгектенишет»

4, 5. Эмне себептен Пабылдын күндөрүндө аксакалдар жыйналышты окутуу үчүн талыкпай эмгектенишкен? Эмне үчүн бүгүнкү күндөгү аксакалдар да ошентишет?

4 Пабыл менен Сылас Берояга кеткенден кийин, Тесалоникадагы аксакалдар кантип «талыкпай эмгектенишкен»? Алардын, Пабылдан үлгү алып, жыйналыштагыларды Жазманын негизинде окутушканы шексиз. Ыйык Китепте тесалоникалыктарга караганда бероялыктардын «көзкарашы кеңири адамдар» болгону, «Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдешкени» айтылгандыктан, силерде: «Тесалоникалыктар Кудайдын Сөзүн баалашканбы?» — деген суроо туулушу мүмкүн (Элч. 17:11). Бирок бул аятта Пабыл Исанын жолдоочулары жөнүндө эмес, тесалоникалык жүйүттөр жөнүндө айткан. Жакшы кабарга ишенгендер «Кудайдын сөзүн... адамдын сөзү катары эмес, Кудайдын сөзү катары кабыл алышкан» (1 Тес. 2:13). Ошондуктан аларды рухий жактан азыктандырыш үчүн аксакалдар талыкпай эмгектениши керек болгон.

5 Бүгүн ишенимдүү жана акылдуу кул тобу Кудайдын оторуна «өз убагында тамак берип турат» (Мт. 24:45). Кул тобунун жетекчилиги менен жергиликтүү аксакалдар бир туугандарын рухий жактан тамактандырыш үчүн жан үрөп эмгектенишет. Жыйналыштагыларга Ыйык Китепке негизделген адабияттар мол берилип жатат; айрым тилдерде «Күзөт мунарасынын адабияттар индекси», «Күзөт мунарасынын электрондук китепканасы» жана «Күзөт мунарасы» журналынын декабрдагы санына чыгып турган тематикалык индекс сыяктуу куралдар бар. Аксакалдар берилген маалыматты жеткиликтүү кылып ачып берип, жыйналыштагылардын рухий муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жолугушуулардын өздөрүнө берилген бөлүктөрүн даярдоого абдан көп убактысын жумшашат. Алардын жыйналыш жолугушууларынын, жыйындардын өздөрүнө берилген бөлүктөрүн даярдоого канча убакыт сарпташары жөнүндө ойлонуп көрдүңөр беле?

6, 7. а) Тесалоникадагы аксакалдарга Пабыл кандай үлгү калтырган? б) Эмне үчүн аксакалдарга Пабылдан үлгү алуу оңой болбошу мүмкүн?

6 Тесалоникадагы аксакалдар Пабылдын оторду кайтарууда көрсөткөн мыкты үлгүсүн дайыма эсинде сакташкан. Ал оторду кайтаруу ишин милдет катары эле көрүп, көңүлсүз аткарган эмес. Мурунку макалада талкуулангандай, Пабыл ишенимдештерине «балдарын бөпөлөп баккан энедей... жумшак мамиле кылган» (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:7, 8). Ал аларга атүгүл жанын берүүгө да даяр болгон! Оторду кайтарууда башка аксакалдар да аныкындай сапаттарды чагылдырышы керек болгон.

7 Азыркы күндө да аксакалдар, Пабылга окшоп, оторго назиктик менен кам көрүшөт. Айрым жарчылар табиятынан жумшак болбошу, башкалар менен көп аралашпашы мүмкүн. Бирок аксакалдар андай бир туугандарга түшүнүү менен мамиле жасап, алардын жакшы жактарын көрө билгенге аракет кылышат. Албетте, жеткилеңсиз болгондуктан аксакалдарга ар бир адамга карата оң көз карашта болуу оңойго турбашы мүмкүн. Анткен менен алар баарына жылуу-жумшак мамиле кылууга бүт күч-аракетин жумшап жатканы үчүн Машаякка баш ийген жакшы койчу катары мактоого татыктуу эмеспи?

8, 9. Аксакалдар кандай жолдор менен жаныбыз үчүн «күндүр-түндүр кам көрүшөт»?

8 Баарыбызда аксакалдарга «баш ийүүгө» орчундуу себептер бар. Пабыл жазгандай, алар жаныбыз үчүн «күндүр-түндүр кам көрүшөт» (Эвр. 13:17). Бул сөздөр түнү бою көз ирмебей оторун кайтарган койчуну эсибизге салат. Койчу сыяктуу эле, аксакалдар ооруп жаткан же эмоциялык же рухий жактан кыйналып жаткан бир туугандарга жардам бериш үчүн кээде уйкудан калышат. Алсак, медициналык жардам алууга байланыштуу оор жагдайлар пайда болгондо, Ооруканалар менен байланышуу комитетиндеги бир туугандар түн уйкусунан да кечүүгө даяр. Ошондой кыйын учурларда көрсөткөн жардамы үчүн аларга кандай гана ыраазыбыз!

9 Региондук курулуш комитеттеринде жана жардам берүү комитеттеринде кызмат кылган аксакалдар да бир туугандарга көмөк көрсөтүү үчүн талыкпай эмгектенишет. Алар биздин чын жүрөктөн колдоо көрсөтүшүбүзгө татыктуу! Маселен, 2008-жылы Мьянмага бүлгүн түшүргөн «Наргис» циклонунан кийин жабыр тарткандарга кандай жардам көрсөтүлгөнүн карап көрөлү. Катуу жабыркаган Иравади дельтасында жайгашкан Ботингон айылындагы жыйналышка жетүү үчүн жардам берүү тобундагы бир туугандарга таш-талканы чыккан, жайнаган өлүктөр жаткан жерлер аркылуу өтүүгө туура келген. Ботингонго биринчи болуп жеткен ошол топту, ошондой эле алардын арасындагы өздөрүнүн мурунку райондук көзөмөлчүсүн көргөндө жергиликтүү бир туугандар: «Карасаңар! Биздин райондук көзөмөлчү келатат! Жахаба бизди сактап калды!» — деп кыйкырып жиберишкен. Күн дебей, түн дебей, оор эмгектенип жатканы үчүн аксакалдарга ыраазысыңарбы? Кээ бир аксакалдар юридикалык маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн атайын комитеттерде кызмат кылышат. Албетте, андай аксакалдар эмнелерди кылганын айтып мактанышпайт, бирок алардын кызматынан пайда алгандар абдан ыраазы (Мт. 6:2—4).

10. Аксакалдар баарына эле көрүнө бербеген кандай иштерди аткарышат?

10 Көптөгөн аксакалдарга документ, кагаздар менен иштөөгө да туура келет. Айта турган болсок, аксакалдар кеңешинин координатору жума сайын өткөрүлчү жолугушуулардын графигин түзөт. Жыйналыштын катчысы ай сайын жана жыл сайын кабар айтуу кызматынын отчётун түзөт. Мектептин көзөмөлчүсү кылдат ойлонуп, тапшырмаларды бөлүштүрөт. Үч айда бир жыйналыштын эсеп-кысабы текшерилет. Андан тышкары, аксакалдар филиалдан келген каттарды окуп, алардагы «ишеним жагынан биримдикке» жетүүгө өбөлгө түзгөн көрсөтмөлөрдү аткарышат (Эф. 4:3, 13). Ооба, күжүрмөн эмгектенген аксакалдардын кызматынын аркасында «бардыгы өз орду, өз тартиби менен» болот (1 Кор. 14:40).

«Силерди жетектешет»

11, 12. Жыйналышта ким жетекчилик кылат жана буга эмнелер кирет?

11 Пабыл Тесалоникадагы аксакалдардын жыйналышта «жетекчилик» кыларын айткан (1 Тес. 5:12). Ал ошол эле аксакалдарды «талыкпай эмгектенгендер» катары сүрөттөгөн. Пабыл бул жерде жыйналыштагы бардык аксакалдар жөнүндө сөз кылган. Бүгүнкү күндө аксакалдардын көбү жыйналышта жетекчиликти колго алып, жолугушууларды өткөрүшөт. «Аксакалдар кеңешинин координатору» деген терминди колдонууга байланыштуу жакында киргизилген өзгөртүү аксакалдардын баарын биримдикте иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү катары кароого жардам берет.

12 Жыйналышта жетекчилик кылуу окутууну эле билдирбейт. 1 Тиметей 3:4тө Пабыл көзөмөлчүнүн «үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билген, балдары ага урмат-сый менен баш ийген адам болушу» керектигин айткан. Бул аяттагы «башкара билүү» деген сөз айкашы балдарын окутууну эле эмес, үй-бүлөсүнө жетекчилик кылууну жана балдарын урмат-сый менен баш ийүүгө үйрөтүүнү да камтыйт. Ырас, аксакалдар жыйналышта жетекчиликти колго алып, баарына Жахабага баш ийүүгө жардам беришет (1 Тим. 3:5).

13. Аксакалдардын жолугушуусунда чечим чыгаруу үчүн эмне себептен убакыт талап кылынышы мүмкүн?

13 Оторго жакшы жетекчилик кылыш үчүн аксакалдар жыйналыштын муктаждыктарын кантип канааттандыруу керектигин талкуулашат. Кээде бардык чечимди бир эле аксакал чыгарса болчудай сезилиши мүмкүн. Бирок аксакалдар кеңешиндеги бир туугандар, 1-кылымдагы жетектөөчү кеңештин үлгүсү боюнча, кайсы бир маселени карап жатканда ойлорун ортого салып, Ыйык Жазмадан жетекчилик издешет. Алардын максаты — ыйык китептик принциптерди жыйналыштын муктаждыктарына ылайык колдонуу. Эгерде ар бир аксакал аяттарды, ишенимдүү жана акылдуу кул берген көрсөтмөлөрдү карап чыгып, аксакалдардын жолугушуусуна даярданып келсе, натыйжасы жакшы болот. Албетте, бул убакытты талап кылат. Талкуу учурунда, 1-кылымда жетектөөчү кеңеш сүннөткө отургузууга байланышкан маселени карагандагыдай эле, аксакалдардын ою ар башка болуп калышы мүмкүн. Андайда Ыйык Жазманын негизинде бир чечимге келиш үчүн, убакыт жана изилдөө жүргүзүү талап кылынышы ыктымал (Элч. 15:2, 6, 7, 12—14, 28).

14. Аксакалдар кеңешинин эриш-аркак кызмат кылганын баалайсыңарбы? Эмне үчүн?

14 Эгер аксакалдардын бири өзүнүн оюн таңуулап туруп алса же 1-кылымдагы Диотрефтей болуп, бир туугандардын ортосуна жик салууга умтулса, эмне болушу мүмкүн? (3 Жкн. 9, 10). Бул бүт жыйналышка залакасын тийгизет. Эгер Шайтан 1-кылымдагы жыйналыштын ынтымагын ыдыратууга аракет кылган болсо, анда бүгүнкү күндө да жыйналыштын биримдигин бузууну каалаары турган иш. Ал адамдын өзүмчүлдүгүн, мисалы, көрүнүктүү абалга ээ болуу каалоосун колдонушу мүмкүн. Андыктан аксакалдардын момундук сапатын өрчүтүп, бирдиктүү кеңеш катары эриш-аркак кызмат кылганы маанилүү. Биз аксакалдардын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, момундук менен кызматташканын абдан баалайбыз!

Насаат айтышат

15. Ишенимдешине насаат айтканда аксакалдын ниети кандай болуш керек?

15 Пабыл аксакалдардын оңой-олтоң эмес, бирок маанилүү дагы бир ишти аткарарын — оторго насаат айтарын — баса белгилеген. Грек Жазмаларында «насаат айтуу» деп которулган грек сөзүн Пабыл гана колдонгон. Ал сөз олуттуу кеңеш берүүнү туюнтат, бирок жаман көрүүнү билдирбейт (Элч. 20:31; 2 Тес. 3:15). Мисалы, Пабыл корунттуктарга: «Мунун баарын силерди уяткаруу үчүн эмес, сүйүктүү балдарым катары насааттоо үчүн жазып жатам»,— деп айткан (1 Кор. 4:14). Ооба, ал башкаларга кам көргөндүктөн насаат айткан.

16. Аксакалдар насаат айтканда эмнени эстен чыгарбашы керек?

16 Аксакалдар акыл-насаатты кантип айтары да маанилүү экенин эстен чыгарышпайт. Алар насаат айтып жатканда, Пабылга окшоп, боорукер, мээримдүү болууга, башкаларга жардам берүүгө умтулушат (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:11, 12). Бирок, албетте, алар «туура окутуунун жардамы менен үндөө» үчүн «башкаларды окутууда Кудайдын ишенимдүү сөзүнө бек карманышат» (Тит 1:5—9).

17, 18. Аксакал насаат айтып калса, эмнени унутпашың керек?

17 Жеткилеңсиз болгондуктан аксакалдар кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып алышы мүмкүн (1 Пад. 8:46; Жкп. 3:8). Ошондой эле алар бир туугандарга кеңеш угуу адатта «кубанычтай эмес, кайгыдай сезилерин» билишет (Эвр. 12:11). Андыктан кимдир бирөөгө насаат айтардан мурун алардын көпкө ойлонуп, тиленери күмөнсүз. Эгер аксакал сага насаат айтса, анын камкордугуна, сүйүүсүнө ыраазы болосуңбу?

18 Мисалы, бир ооруга чалдыгып, анын эмне болгон оору экенин билбей жатасың деп коёлу. Дарыгер сени текшерип көрүп, ооруңду так аныктап берсе, бирок сага анын койгон диагнозун кабыл алуу кыйын болсо, ага нааразы болот белең? Албетте, жок! Атүгүл ал операция кылыш керектигин айтса да, дарылануу өзүңө эле пайдалуу болорун түшүнгөндүктөн, анын сунушун кабыл алмак болушуң керек. Эгер сага дарыгердин маалыматты кантип айтканы катуу тийип калса, ошон үчүн эле анын сөздөрүнө кол шилтеп коёт белең? Антмек эместирсиң. Анын сыңарындай, насааттын кантип айтылганы катуу тийип калгандыктан эле, Жахаба менен Иса сага жардам алуунун, өзүңдү рухий жактан коргоонун жолун көрсөтүш үчүн колдонуп жаткан адамдарды укпай койбо.

Жахабанын чарасын баала

19, 20. «Адам түрүндөгү белектерге» ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың?

19 Бирөө атайын сен үчүн даярдалган белек берсе, кандай сезимде болот элең? Аны колдонуу менен ыраазы экениңди көрсөтөт белең? «Адам түрүндөгү белектерди» Жахаба Иса Машаяк аркылуу атайын сен үчүн караштырган. Алар үчүн ыраазы экениңди көрсөтүүнүн бир жолу — алар сөз сүйлөп чыкканда, кунт коюп угуп, айткан ойлорун колдонууга аракет кылуу. Жыйналыш жолугушууларында жакшы ойлонуштурулган жоопторду берүү менен да ыраазычылыгыңды билдире аласың. Ошондой эле аксакалдар жетекчиликти колго алган иштерге, мисалы, кабар айтуу ишине колуңдан келишинче колдоо көрсөт. Эгер аксакалдын берген кеңешинен пайда алган болсоң, бул тууралуу ага айтууга эмне үчүн болбосун? Андан сырткары, аксакалдардын үй-бүлөлөрүнө да ыраазычылык билдирип тур. Аксакалдар жыйналышка талыкпай кам көрүшү үчүн, алардын үй-бүлөлөрү чогуу өткөрө турган убактысын курмандыкка чаларын унутпа.

20 Арийне, арабызда талыкпай эмгектенип, бизди жетектеп, насааттап жаткандарга ыраазы болууга бизде көптөгөн себептер бар. «Адам түрүндөгү белектер», чынында эле, Жахабанын сүйүүсүнүн далили!

Эсиңердеби?

• Тесалоникалыктарда жетекчиликти колго алган бир туугандарга ыраазы болууга кандай себептер бар эле?

• Жыйналышыңардагы аксакалдар силер үчүн кандай жолдор менен талыкпай эмгектенишет?

• Аксакалдардын силерди жетектегенинен кандай пайда аласыңар?

• Аксакал насаат айтканда, эмнени унутпашыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги сүрөт]

Аксакалдардын жыйналышка ар кандай жолдор менен кызмат кылганын баалайсыңбы?