Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Деги жашоонун маңызы барбы?

Деги жашоонун маңызы барбы?

Деги жашоонун маңызы барбы?

«ДЕГИ жашоонун маңызы барбы?» Канчалаган адамдар ушул суроону берип келишет. Өкүнүчтүүсү, көптөр жашоого карата кандай көз карашта болушпасын, невролог Виктор Франкл айткандай, «жан дүйнөсү аңгырап, жашоосу маңызсыз» сезилген абалдан качып кутула алышпайт.

Көптөр эмне үчүн ушундай сезимде болушат? Мисалга алсак, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон кишилер адам чыдагыс, жан кейиткен абалда күн көрүп келишет. Аларга күн сайын жакырчылык, оору-сыркоо, таш боордук менен жасалган зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен алпурушууга туура келет. Адамдардын жашоосу, байыркы убакта жашаган Аюб пайгамбар кыйналганда айткандай, «азапка толгон» (Аюб 14:1). Алар эптеп эле эртеңки күндү көрсөк деп жашап келишет.

Миллиондогон башка адамдар болсо байлыкка тунуп жашашат. Бир караганда, алар эч нерседен кем болбой, телегейи тегиз болуп жашагандай көрүнөт. Бирок, чынында, андай деле эмес. Эмне үчүн? Анткени аларды да түйшүк, кайгы-капа мүңкүрөтпөй койбойт. Байлыгынан кол жууп же кандайдыр бир кырсыкка кабылганда, мисалы, баласынан айрылганда алардын үмүтү, ой-кыялдары бычырап сынган айнектей болуп талкаланат (Забур 89:10).

Ансыз деле «жан дүйнөсү бош болуп, жашоосу маңызсыз» сезилген адамдардын абалын оордоткон дагы бир нерсе бар. Ал эмне? Көз ирмемде өтүп кеткен өмүрдүн кыскалыгы. Көптөргө ушундай сонун жөндөмдүүлүктөр менен жаратылган адам баласынын өмүрү ушунчалык кыска болгону акылга сыйбас нерседей сезилет. Алар баарыбыз качып кутула албаган нерсенин эмне үчүн болорун, тактап айтканда, адамдардын баары эле кайгы-касыреттерге туш болушпаса да, эртеби-кечпи, акыры, өлүмгө эмне үчүн моюн сунарын түшүнө алышпайт (Насаатчы 3:19, 20).

Жашоо дайыма маңызсыз боло береби?

Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман адамдардын турмушуна байкоо салып, кандай жыйынтыкка келген? Ал замандаштарынын үй куруп, үй-бүлөсүнө кам көрүүдө шык-жөндөмдүүлүктөрүн колдонуп, көп эмгектенишкенин көргөн. Алар, бүгүнкү күндөгү адамдардай эле, багбанчылык, дыйканчылык кылышкан. Анан Сулайман падыша акыр-аягы эмне болору жөнүндө ой жүгүртүп: «Бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!» — деген жыйынтыкка келген (Насаатчы 2:17).

Сулайман падыша адамдардын кылгандарынын баары дайыма эле «курулай убаракерчилик» боло берерин айткысы келгенби? Жок. Ал тек гана адамдардын турмушун болгонун болгондой кылып сүрөттөп берген. Бирок рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзү бизди дайыма эле ушундай боло бербей турганына ынандырат.

Буга канткенде ынана аласыңар? Кийинки эки макалада ушул тууралуу сөз жүрөт. Алардан жашоо эмне үчүн маңызсыздай сезилерин жана бул жагдай кандайча өзгөрөрүн, ошондой эле азыртадан эле жашооңорду кантип маңыздуу кыла аларыңар жөнүндө билесиңер.