Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыр да, келечекте да жашооңорду маңыздуу кыла аласыңар

Азыр да, келечекте да жашооңорду маңыздуу кыла аласыңар

Азыр да, келечекте да жашооңорду маңыздуу кыла аласыңар

ЖАШООҢОРДУ азыр да маңыздуу кыла аласыңар. Кантип? Ыйык Китепте жазылган принциптерди колдонсоңор, жашооңор маңыздуу болот. Анда эмесе, келгиле, ошол принциптердин айрымдарына токтололу.

ЫЙЫК КИТЕПТИК ПРИНЦИП: «Адамдын ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүп жанын жыргатканынан өтөрү жок»,— деп жазган Сулайман падыша (НАСААТЧЫ 2:24, «ЖД»).

Биз жакшы, пайдалуу иштерди кылуудан канааттануу алгыдай болуп жаратылганбыз. Атүгүл оор жагдайларда да жан дилден, чынчылдык менен иштөөдөн канааттануу ала алабыз.

ЫЙЫК КИТЕПТИК ПРИНЦИП: «Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧИЛЕР 20:35).

Көптөр кыйынчылыктарга кабылган адамдарга жардам берүү үчүн күчүн, убактысын жумшоодон кубаныч алып, жашоосу маңыздуураак болорун байкашкан. Сулайман падыша: «Жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгүң бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа»,— деп жазган (Накыл сөздөр 3:27).

Ральф деген бир кишинин мисалына токтолсок. Ал ардактуу эс алууга чыккандан кийин жубайына кошулуп, башкаларга жакшы кабарды жеткирүү үчүн толук убакыт кызмат кыла баштаган. Алар ай сайын бир топ убактысын башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды окутуу үчүн жумшашат. Ал мындай дейт: «Биз күнүгө кечинде үйгө чарчап келебиз, бирок улгайып калган үчүн эле эмес, бүт күчүбүздү Кудайыбызга кызмат кылууга жумшагандыктан чарчап келебиз. Бул аябай жагымдуу». Ральф жубайы экөө «алганга караганда берген бактылуу» деген принципти колдонгондуктан өздөрүн абдан бактылуу сезишет.

ЫЙЫК КИТЕПТИК ПРИНЦИП: «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 17:17).

Жаныңда жакшы досуң болсо, кыйынчылыктарды оңой көтөрүп кетесиң. Англис философу Фрэнсис Бэкон жакын достору жок кишинин «чөлгө окшогон дүйнөдө каңгып жүргөндөй» болорун айткан. Чыныгы досторуң бар болсо жана өзүң да кимдир бирөөгө жакшы дос боло алсаң, жашооң кыйла жеңил, кубанычтуу жана маңыздуу болот.

ЫЙЫК КИТЕПТИК ПРИНЦИП: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (МАТАЙ 5:3, шилтеме).

Иса пайгамбар Кудайдын убадаларынын аткарылышын көргүсү келгендердин баары «рухий муктаждыгын» канааттандырышы керектигин айткан. Биз, жаныбарлардан айырмаланып, жашоонун маңызы жөнүндө ой жүгүртөбүз. Рухий муктаждыгыбызды бир гана Жахаба Кудай өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу канааттандыра алат. Буга чейинки макаладан билгенибиздей, Ыйык Китепте Кудайдын жерге карата ой-ниети жазылган. Ошондой эле андан биз эмне үчүн жаратылганыбызды, дүйнө эмне үчүн азап-кайгыга толгонун жана Кудай бизден эмне талап кыларын биле алабыз. Канааттануу алып, маңыздуу жашоо өткөрүү үчүн ыйык китептик ушул чындыктарды билүү зарыл. Ыйык Китепти изилдөөгө убакыт бөлүп, анда жазылгандарды жашоосунда колдонгондор бактылуу өмүр сүрүп жатышат. Эмне үчүн? Анткени алар ушундай кылуу менен бардыгын жараткан «бактылуу Кудай» менен ынак мамиле түзүүдө (1 Тиметей 1:11).

ЫЙЫК КИТЕПТИК ПРИНЦИП: «Оор күндөр келгенге чейин, „Жашоого ыраазы эмесмин“ дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба» (НАСААТЧЫ 12:1).

Сулайман падышанын жашоодо кыйынчылыктарга туш болору жөнүндө көп ойлоно бербеген жаштарга айткан кеңеши бизге да тиешелүү. Жараткан Кудайды эч убакта эсиңерден чыгарбагыла, ага жаккан нерселерди кылууну дайыма биринчи орунга койгула. Мына ушул жашоону чындап маңыздуу кылат. «Ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деген көз карашта болуудан качкыла (1 Корунттуктар 15:32). Кудайга жаккан нерселерди кылганга умтулсаңар, Насаатчы 8:12де айтылгандай, баары «жакшы болот».

Венди деген кыз бул сөздөрдүн калетсиздигине кошулат. Ал жаш кезинде сиңдиси экөө Доминикан Республикасында жашагандарга Ыйык Китептеги кабарды айтыш үчүн испан тилин үйрөнүшкөн. Ал жакта жарчылар аз болчу. Венди мындай дейт: «Жарчыларга муктаждык бар жерде кызмат кылыш үчүн көптөгөн курмандыктарга бардык, бирок ошол кезди өмүрүмдүн эң сонун учуру деп айта алам. Ошол жактагы 6 айлык кызматымды эч нерсеге алмаштырмак эмесмин. Кудайдан алган баталарыбыз курмандыктардан алда канча ашып түштү».

Кудайга берилгендик көрсөтүү жашоону маңыздуу кылат

Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүтүү жашоону өзгөчө маңыздуу кылат. Кандайча? Шайтан Адам ата менен Обо энени Кудайдын бийлигине каршы чыгууга эле түртпөстөн, бир да адам, сыноого дуушар болгондо, Кудайга берилгендигин сактабайт деп да ырастаган (Аюб 1:9—11; 2:4). Сен Шайтандын жалганчы экенин жана анын ырастоосу калп экенин далилдей аласың! Кантип? Кудайга берилгендигиңди сактап, анын мыйзамдарына бекем карманып жана эмне туура, эмне туура эмес экенин чечүүгө Жахаба Кудай гана укуктуу экенин түшүнгөнүңдү жашооңдо көрсөтүү менен Шайтандын жалганчы экенин далилдейсиң (Аян 4:11).

Туура жолдо жүрүү үчүн бизге, балким, көптөгөн кыйынчылыктар менен күрөшүүгө туура келиши мүмкүн. Ал кыйынчылыктардан улам жашообуз маңызсыз болуп калабы? Кара мүртөз душман эң жакын досуңду же үй-бүлөңдөн кимдир бирөөнү каралап жатканын элестетсең. Жакын адамыңды коргоо үчүн ар кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканың үчүн эле жашооң маңызсыз болуп калабы? Албетте, жок. Аны коргош үчүн бардык кыйынчылыктарды көтөрүүгө даяр болмоксуң. Кудайга берилгендик сактоо тууралуу да ушуну айтууга болот. Учурдагы кыйынчылыктарга карабай, Кудайга берилгендигибизди сактасак, анын жүрөгүн кубанта алабыз (Накыл сөздөр 27:11).

Түбөлүккө созулган маңыздуу жашоо

Ушундай жашоого жетүүгө умтул. Кудай жөнүндө жана анын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн бүт күч-аракетиңди жумша. Иса Машаяк: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Берилгендигин сактагандар Жахаба Кудайдын жерге карата баштапкы ой-ниети аткарылганда бейишке айланган жерде «түбөлүк өмүр» сүрүшөт. Ошондо жашообуз маңыздуу болуп, андан чындап канааттануу алабыз (Забур 144:16).

Иса Машаяк айткан билимди кайдан алууга болот? Ал Кудай жаздырган Ыйык Китепте камтылат. Эгер ушундай билим алууну кааласаңар, бул журналды басып чыгаргандарга жазып жиберсеңер болот. Алар Ыйык Китепте эмне тууралуу жазылганын билгиси келгендерге жардам берүүгө кубанычта болушат.