Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын сезимдери барбы?

Кудайдын сезимдери барбы?

Кудайга жакында

Кудайдын сезимдери барбы?

БУЛ суроого ооба деп жооп бере турган болсок, анда: «Кылган иштерибиз Кудайга кандай таасир этет?» — деген башка суроо пайда болот. Башкача айтканда, кылган иштерибиз менен Кудайдын жүрөгүн кубантышыбыз же оорутушубуз мүмкүнбү? Байыркы убакта жашаган айрым философтор: «Кудайга эч ким таасир эте албайт, ошондуктан ал сезимдерди чагылдыра албайт»,— деп ырасташкан. Бирок Ыйык Китепте таптакыр андай эмес экени, биздин кылгандарыбыз Жахабанын жүрөгүн оорутары же кубантары айтылат. Келгиле, Забур 77:40, 41-аяттарга («ЖД» [78: 40, 41]) токтололу.

77-забурда («ЖД» [78]) Кудайдын байыркы Ысрайыл элине кандай мамиле кылганы айтылат. Жахаба аларды кулчулуктан бошотуп, Мисирден алып чыккандан кийин өзү менен өзгөчө мамиледе болууну сунуш кылган. Тактап атканда, ал ысрайыл эли Мыйзамга баш ийип жашашса, анын өзгөчө эли болорун жана ой-ниетин аткарыш үчүн аны өзгөчө жол менен колдонорун убадалаган. Ысрайыл эли буга макул болуп, Кудай менен келишим түзгөн. Алар ошол келишимди бек сакташканбы? (Чыгуу 19:3—8).

Албетте, биз Жахаба Кудайга эч нерсе бере албайбыз. Бирок Жахаба Кудай үчүн эң мыкты тартуубуз — анын жүрөгүн кубантып, туура иштерди кылуу. Забурчу: «Алар чөлдө ага каршы канча жолу козголоң чыгарышкан»,— деген сөздөрдү жазган («ЖД» [78:40]). Андан кийинки аяттан болсо: «Кудайды кайра-кайра сынашкан»,— деген сөздөрдү окуйбуз («ЖД» [78:41]). Забурчунун алардын кандайча козголоң чыгарганын сүрөттөгөнүнө көңүл бурсаңар. Алардын мындай маанайы Мисирден чыккандан көп өтпөй эле чөлдө жүргөндө айкын болгон. Эл Кудайдын аларга кам көрө аларына жана кам көргүсү келерине шек келтирип, наалый баштаган (Сандар 14:1—4). Ыйык Китепти которгондор үчүн чыгарылган бир көрсөтмөдө «козголоң чыгарышкан» деген сөздөрдү: «Алар Кудайга жок дешти, тактап айтканда, жүрөктөрүн Кудайга каршы катуулантышты»,— деп да түшүнсө болору айтылган. Ошентсе да Жахаба Кудай абдан ырайымдуу болгондуктан өз эли өкүнгөндө, аларды кечирген. Бирок ысрайыл эли көп өтпөй эле баягы жолуна түшүп, кайра-кайра баш ийбестик көрсөтө берген (Забур 77:10—19, 38).

Жахаба Кудай ишенимсиз, туруксуз эли козголоң чыгарган сайын кандай сезимде болгон? Забур 77:40-аятта («ЖД» [78:40]): «Канча жолу көңүлүн оорутушкан»,— делет. Ыйык Китептин башка котормосунда бул сөздөр: «Кайгырганга себеп болушту»,— деп берилген. Ошондой эле ыйык китептик бир эмгекте «ысрайылдыктардын кылган иштери менен Кудайды каардантканын баш ийбеген, тил албаган балдардын ата-энесин кайгыртканына салыштырууга болору» айтылган. Ооба, тил албаган бала ата-энесинин жүрөгүн ооруткандай эле, ысрайылдыктар Кудайга баш ийбестик кылганы менен «Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен» (Забур 77:41, «ЖД» [78:41]).

Бул забурдан эмнеге үйрөнсөк болот? Жахаба Кудайдын өз кызматчыларына туруктуулук менен сүйүү көрсөтө берерин жана аларды эч качан таштабай турганын билүү бизди бекемдейт. Ошол эле учурда Жахабанын сезимдери бар экени жана кылган иштерибиз менен аны капалантып же кубанта аларыбызды билүү терең ой жүгүртүп иш кылууга түрткү берет. Муну билүү сага кандай таасир этет? Бул туура иштерди кылганга түрткү бербейби?!

Биз Жахабанын жүрөгүн оорута турган иштерди кылбастан, туура иштерди кылып, анын жүрөгүн кубанта алабыз. Ал өзүнүн кызматчыларынан так ушуну талап кылып, мындай дейт: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант» (Накыл сөздөр 27:11). Албетте, биз Жахаба Кудайга эч нерсе бере албайбыз. Бирок Жахаба Кудай үчүн эң мыкты тартуубуз — анын жүрөгүн кубантып, туура иштерди кылуу.