Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын ачык-айкын эскертүүлөрүнө кулак кагасыңбы?

Жахабанын ачык-айкын эскертүүлөрүнө кулак кагасыңбы?

Жахабанын ачык-айкын эскертүүлөрүнө кулак кагасыңбы?

«Жол мына, ушул жол менен жүргүлө» (ЫШ. 30:21).

1, 2. Шайтандын көксөгөнү эмне жана Кудайдын Сөзү бизге кандайча жардам берет?

ТУУРА эмес багытты көрсөткөн жол белги жолоочуну адаштыргандан тышкары, өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Досуң сага бир кара ниет кишинин абайлабаган жолоочуларга зыян келтириш үчүн жол белгини атайлап өзгөртүп салганын эскертсе, анын сөзүнө кулак кагат белең?

2 Арийне, Шайтан — бизди ак жолдон буруп кетүүнү көксөгөн кара ниет душман (Аян 12:9). Ал — мурунку макалада талкууланган таасирлердин башкы булагы. Алардын баары бизди түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон адаштырууга багытталган (Мт. 7:13, 14). Бактыга жараша, бизге жакшылык гана каалаган Жахаба Кудай Шайтандын жалган «жол белгилерине» ишенбешибиз керектигин эскертет. Келгиле, Шайтандын адамдарга дагы кандай үч жол менен терс таасир этерин карап көрөлү. Кудайдын Сөзү бизге адашпаганга кандайча жардам берерин талкуулап жатканда Жахабанын артыбыздан келатканын жана бизге: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө» — деп, туура багыт берип жатканын элестетсек болот (Ыш. 30:21). Анын ачык-айкын эскертүүлөрү жөнүндө ой жүгүртсөк, аларга карманганга ого бетер чечкиндүү болобуз.

«Жалган окутуучуларды» ээрчибе

3, 4. а) Жалган окутуучулар какшыган кудукка эмнеси менен окшош? б) Жалган окутуучулар көбүнчө каяктан чыгат жана алардын көздөгөнү эмне?

3 Өзүңдүн какыраган жерде саякаттап баратканыңды элестетсең. Алыстан бир кудукту байкайсың да, суусунуңду кандырайын деп, аны көздөй жөнөйсүң. Бирок кудукка жеткенде анын бир да тамчы суусу жок какшып калган кудук экенин көрөсүң. Ошондо кандай жаман болосуң! Жалган окутуучулар так эле какшып калган кудуктай. Чындыкка суусагандар аларга келишет, бирок көңүл кайттыкка учурашат. Жахаба элчи Пабыл жана Петир аркылуу бизге жалган окутуучулардан сак болууну эскерткен (Оку: Элчилер 20:29, 30; 2 Петир 2:1—3). Ал окутуучулар кимдер? Эки элчинин рухтун жетеги менен айткан сөздөрү бизге жалган окутуучулардын каяктан чыгарын жана кантип иш жүргүзөрүн аныктоого жардам берет.

4 Пабыл Эфестеги жыйналыштын аксакалдарына: «Өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп айткан. Петир болсо ишенимдештерине: «Силердин араңарда да жалган окутуучулар болот»,— деп жазган. Бул аяттардан жалган окутуучулардын жыйналыштын ичинен эле чыгышы мүмкүн экени көрүнүп турат. Алар — чындыктан четтегендер *. Алардын максаты эмне? Чындыктан четтегендер, балким, бир учурда өздөрү сүйүп жүргөн жыйналыштан четтеп кетип эле тим болушпайт. Пабыл түшүндүргөндөй, алар «шакирттерди ээрчитип кетүүнү» көздөшөт. Чындыктан четтегендер жыйналыштан сырткары өздөрүнүн шакирттерин даярдабастан, Машаяктын шакирттерин ээрчитип кетүүгө аракет кылышат. «Жырткыч карышкырлардай» эле, жалган окутуучулар жыйналыштын ишенчээк мүчөлөрүнүн ишенимин кыйратып, чындыктан алыстатуу менен аларды жара тартып салууну көздөшөт (Мт. 7:15; 2 Тим. 2:18).

5. Жалган окутуучулар кандай иш-аракеттерди кылышат?

5 Чындыктан четтегендер кандай иш-аракеттерди кылышат? Куулук менен иш кылып, адамды буза турган ой-түшүнүктөрүн «тымызын жайылтышат». Өлкөгө кайсы бир нерселерди жашыруун алып кирген кылмышкерлердей эле, алар чындыкка карама-каршы келген көз караштарын тымызын киргизүүгө аракет кылышат. Ошондой эле жалган документ жасаган киши жасалма документин чыныгы документтей кылып көрсөтүүгө аракет кылгандай эле, чындыктан четтегендер «анткорлоно сүйлөп», башкача айтканда, жалган аргументтерди келтирип, өздөрүнүн ой-толгоолорун чындыктай кылып көрсөтүүгө умтулушат. Алар Ыйык Жазманы өздөрүнө ылайыкташтырып бурмалап, «жалган окууларын» таратышат (2 Пет. 2:1, 3, 13; 3:16). Чынында, чындыктан четтегендер биздин жыргалчылыгыбызды түк да көздөшпөйт. Аларды ээрчүү түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон тайдырат.

6. Ыйык Китепте жалган окутуучуларга байланыштуу ачык-айкын кандай кеңеш берилет?

6 Өзүбүздү жалган окутуучулардан кантип коргой алабыз? Ыйык Китепте буга байланыштуу ачык-айкын кеңеш берилет (Оку: Римдиктер 16:17; 2 Жакан 9—11). Кудай Сөзүндө «алардан алыс болушубуз» керектиги айтылат. Ыйык Китептин башка котормолорунда бул сөз айкашы «алардан баш тартуу», «оолак болуу», «обочо болуу» деп берилген. Ыйык рухтун жетеги менен жазылган бул кеңештин мааниси айдан ачык. Мисалы, догдур сага өлүмгө дуушар кыла турган жугуштуу оору менен ооруган кишиден оолак бол деп айтты дейли. Анын эмне үчүн андай эскертүү бергенин жана аларга бек карманышың керектигин түшүнөсүң. Анын сыңарындай, чындыктан четтегендер ооруга чалдыккан кишиге окшош; алар өздөрүнүн бурмаланган окууларын башкаларга жугузууга умтулушат (1 Тим. 6:3, 4). Улуу Дарыгер Жахаба бизге алар менен байланышпашыбыз керектигин эскертет. Биз анын эскертүүлөрү эмнени билдирерин жакшы түшүнөбүз. Бирок ал эскертүүлөрдүн баарына кулак кагууга чечкиндүүбүзбү?

7, 8. а) Жалган окутуучулардан оолак болууга эмнелер кирет? б) Алардан оолак болууга эмне үчүн чечкиндүүсүң?

7 Жалган окутуучулардан оолак болууга эмнелер кирет? Биз аларды үйүбүзгө чакырбайбыз, алар менен учурашпайбыз. Ошондой эле адабияттарын окубайбыз, алар жөнүндөгү телеберүүлөрдү көрбөйбүз, Интернеттеги веб-сайттарына кирбейбиз, блогдоруна (тармактык журнал же күндөлүктөрүнө) ой-пикирлерибизди жазбайбыз. Алардан оолак болууга эмне үчүн чечкиндүүбүз? Анткени биз, баарынан мурда, «чындыктын Кудайын» жакшы көрөбүз, ошондуктан анын чындык Сөзүнө карама-каршы келген бурмаланган окууларга кызыкпайбыз (Заб. 30:6; Жкн. 17:17). Андан тышкары, Жахабанын уюмун жакшы көрөбүз, себеби ал уюм аркылуу жүрөк толкуткан чындыктар тууралуу, мисалы, Жахабанын ысмы жана анын мааниси, анын жерге байланыштуу ой-ниети, өлгөндөрдүн абалы, тирилүүгө болгон үмүт тууралуу окуп-билгенбиз. Ушул жана башка чындыктар жөнүндө биринчи жолу билгенде кандай сезимде болгонуң эсиңдеби? Анда ошол чындыктарды таанып-билүүгө жардам берген уюмга көө жапкан адамдарга алданып, жүрөгүңду бузганың акылдуулукка жатабы? (Жкн. 6:66—69).

8 Жалган окутуучулар эмне дебесин, биз аларды ээрчибейбиз. Какшып калган кудукка барып, алданып, көңүл кайттыкка учуроонун бизге эмне кереги бар? Андан көрө, Жахабага жана анын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзүндөгү таза, сергитерлик суу менен суусунубузду кандырып келаткан уюмуна болгон берилгендигибизди сактайлы (Ыш. 55:1—3; Мт. 24:45—47).

«Ойдон чыгарылган жомокторго» ишенбе

9, 10. Пабыл Тиметейге «ойдон чыгарылган жомокторго» байланыштуу кандай эскертүү берген жана ал, сыягы, эмне жөнүндө айткан? (Шилтемени да карагыла.)

9 Кээде жолго коюлган белгинин өзгөртүлүп, туура эмес багытты көрсөтүп жатканын байкоо оңой болсо, айрым учурларда кыйынга турушу мүмкүн. Шайтандын терс таасирлери жөнүндө да ушуну айтууга болот: алардын айрымдарын дароо эле байкасак, кээ бирлерин аныктоо кыйын. Алсак, элчи Пабыл бизге Шайтандын тымызын колдонгон ыкмаларынын бири «ойдон чыгарылган жомокторду» колдонуу экенин эскерткен (Оку: 1 Тиметей 1:3, 4). Түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон адашып калбашыбыз үчүн ойдон чыгарылган жомокторго эмнелер кирерин жана канткенде алардан кача аларыбызды билип алышыбыз керек.

10 Пабылдын ойдон чыгарылган жомокторго байланышкан эскертүүсү анын Тиметейге, жыйналыштын тазалыгына кам көргөн жана ишенимдештерине берилгендигин сактоого жардам берген көзөмөлчүгө, жазган биринчи катында кездешет (1 Тим. 1:18, 19). Пабыл ал жерде колдонгон грек сөзү ойдон чыгарылган нерсе, миф, калп дегенди билдирет. «Эл аралык стандарттуу ыйык китептик энциклопедияда» ал сөздүн «чындыкка коошпогон (диний) жомокторго» карата колдонулары жазылган. Пабыл, сыягы, ал аяттарда бүйүрдү кызыткан тамсилдерден же ойдон чыгарылган уламыштардан келип чыккан диний жалган түшүнүктөр жөнүндө айтса керек *. Андай нерселердин маани-маңызы жок изилдөөлөрдү талап кылган болбогон эле суроолорду туудургандан башка пайдасы жок. Ойдон чыгарылган жомоктор — диний калпты жана зыяндуу мифти колдонуп, ишенчээк адамдарды изден тайдырган башкы алдамчы Шайтандын амалы. Андыктан Пабылдын кеңешинин мааниси айдан ачык: ойдон чыгарылган жомокторго кулак какпа!

11. Шайтан адамдарды адаштырыш үчүн диний калпты кантип амалкөйлүк менен колдонот жана кайсы эскертүүгө кулак каксак, түз жолдон тайбайбыз?

11 Ишенчээктерди жолдон адаштырган жомокторго эмнелер кирет? Жалпы жонунан алганда, «чындыкты четке кагууга» түрткөн мифтер менен диний калптын баары (2 Тим. 4:3, 4). «Өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөткөн» Шайтан адамдарды адаштырыш үчүн диний калпты амалкөйлүк менен колдонот (2 Кор. 11:14). Маселен, христиан дүйнөсүндөгүлөр өздөрүн Исанын жолдоочуларыбыз деп аташканы менен, Троица, тозок оту, жандын өлбөстүгү сыяктуу миф менен калпка негизделген окууларды таратышат. Ошондой эле башкаларды эч жаман жери жоктой көрүнгөн, бирок мифологиядан жана бутпарастык каада-салттардан тамыр алган Рождество, Пасха сыяктуу майрамдарды белгилөөгө үндөшөт. Эгер Кудайдын «арам нерсеге жолобоого» жана андан бөлүнүүгө карата берген эскертүүсүнө дайыма кулак каксак, андай жомокторго ишенип, түз жолдон тайбайбыз (2 Кор. 6:14—17).

12, 13. а) Шайтан кандай калптарды жайылтат, бирок чынында кандай? б) Канткенде Шайтандын жомокторуна алданбайбыз?

12 Сак болбосок, Шайтан дагы башка жалган түшүнүктөрдү колдонуп, бизди адаштырышы мүмкүн. Алардын айрымдарын карап көрөлү. Өзүң бий, өзүң хан. Эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүң чечесиң. Кудайдын нормаларына ылайык келбеген мындай көз караш маалымат каражаттарында, көңүл ачуу тармактарында көп баса белгиленет жана адеп-ахлактык жактан өзүбүзгө эч кандай чек койбогонго үндөйт. Бирок чынында биз адеп-ахлактык жактан жетекчиликке абдан муктажбыз жана андай жетекчиликти Кудай гана бере алат (Жер. 10:23). Кудай жер бетинде болуп жаткан иштерге эч качан кийлигишпейт. Эгер бүгүнкү күн менен гана жашаш керек деген ушундай көз караштын таасирине алдырып койсок, «иш-аракетсиз же жемишсиз» болуп калабыз (2 Пет. 1:8). Чынында, Жахабанын күнү тездик менен жакындап келатат жана биз аны күтүшүбүз керек (Мт. 24:44). Кудай сага кам көрбөйт. Шайтандын бул калпына ишенсек, Кудай мени эч качан сүйбөйт деп ойлоп, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Чынында, Жахаба ар бир кызматчысын сүйөт жана баалайт (Мт. 10:29—31).

13 Шайтандын дүйнөсүндө кеңири таралган мындай ой-түшүнүктөр, көз караштар бир караганда туурадай көрүнүшү мүмкүн, андыктан сак болушубуз керек. Шайтандын жеткен куу, алдамчы экенин унутпа. Кудайдын Сөзүндөгү кеңештер менен эскертүүлөргө кулак какканда гана Шайтандын «амалкөйлүк менен ойдон чыгарылган жомокторуна» алданбайбыз (2 Пет. 1:16).

«Шайтанды ээрчибе»

14. Пабыл жаш жесирлерге кандай эскертүү берген жана анын сөздөрүн эмне үчүн көңүлүбүзгө түйүп алышыбыз керек?

14 Жолдо «Бул жол — Шайтандын жолу» деген белги турганын элестетсең. Андай жолго кимибиздин түшкүбүз келет эле? Анткен менен Исанын чыныгы жолдоочулары да «Шайтанды ээрчип кетиши» ыктымал. Пабыл мунун кандайча болушу мүмкүн экенин көрсөткөн (Оку: 1 Тиметей 5:11—15). Ал айрым «жаш жесирлер» жөнүндө айтса да, анын сөздөрүндө камтылган принцип баарыбызга тиешелүү. 1-кылымдагы Исанын жолун жолдогон ал аялдар Шайтанды ээрчип жатабыз деп деле ойлошпосо керек, бирок алардын иштери ошого эле тете болгон. Анда Шайтанды өзүбүз билбей эле ээрчип кетүүдөн сак болуш үчүн эмне кылсак болот? Пабылдын ушак-айыңга байланыштуу эскертүүсүн карап чыгалы.

15. Шайтан эмнени көздөйт жана Пабыл анын кандай айла-амалдарды колдонорун көрсөткөн?

15 Шайтан ишенимибиздин үнүн басып салууну, башкача айтканда, жакшы кабар айтуу ишибизди токтотууну көздөйт (Аян 12:17). Ошол максатына жетүү үчүн ал бизди убактыбызды уурдаган же ортобузга жик салган иштерди кылууга азгырууга аракет кылат. Пабыл Шайтандын кандай айла-амалдарды колдонорун көрсөткөн. Ал айтып өткөндөй, жогоруда айтылган жесир аялдар «кыларга иши жоктой... бекер жүрүшкөн». Азыркы технология доорунда убакытты уурдай турган нерселер чачтан көп. Мисалы, башкалар менен анча маанилүү эмес же чындыкка жатпаган маалыматтар менен бөлүшүү үчүн электрондук кат жазууга, телефон аркылуу сүйлөшүүгө көп убактыбыз кетиши мүмкүн. «Ушакташышкан». Ушактын айынан кимдир бирөөнүн жакшы аты булганышы мүмкүн, бул болсо көбүнчө чыр-чатактын чыгышына себеп болот (Накыл 26:20). Кара ниеттик менен ушак тараткандар, алар өздөрү мойнуна алабы, жокпу, Шайтан Ибилисти * туураган болушат. «Башкалардын ишине кийлигишишкен». Бирөөнүн жеке иштерине кийлигишип, тигиндей же мындай кыл деп айтууга укугубуз жок. Башкалардын тынчын алган, пайдасы жок ушу сыяктуу иш-аракеттер бизди Кудай тапшырган иштен, Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишинен, алаксытат. Эгер Жахабанын ишин жигердүүлүк менен колдобой калсак, Шайтанды ээрчий баштаган болобуз. Үчүнчү жол жок (Мт. 12:30).

16. Кайсы кеңештерди колдонуу бизди «Шайтанды ээрчип кетүүдөн» сактайт?

16 Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу бизди «Шайтанды ээрчип кетүүдөн» сактайт. Мисалы, Пабылдын даанышман кеңештеринин айрымдарына токтололу. «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенгиле» (1 Кор. 15:58). Дайыма Падышалыктын иштери менен алек болуу бизди бекерчиликтен, убакытты уурдаган иштерден коргойт (Мт. 6:33). «Бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгүлө» (Эф. 4:29). Ушак-айыңга кулак салбоого, аны таратпоого чечкиндүү бол *. Бир туугандарга ишеним артууга, аларды урматтоого аракет кыл. Бул көңүлдү чөгөрө турган эмес, бекемдей турган сөздөрдү сүйлөөгө жардам берет. «Өз ишиңер менен алектенгиле» (1 Тес. 4:11). Башкаларга жеке кызыгуу көрсөт, бирок алардын да баарына эле айта бербей турган нерселери болорун түшүнүп, кадыр-баркын сыйла. Ошондой эле өздөрү чече турган иштерине байланыштуу өз оюбузду таңуулабашыбыз керектигин унутпа (Гал. 6:5).

17. а) Эмне үчүн Жахаба бизге кайсы жол менен жүрбөшүбүз керектигин эскертет? б) Эмне кылууга чечкиндүүсүң?

17 Жахабанын бизге кайсы жол менен жүрбөшүбүз керектигин так-айкын эскертип жатканына кандай гана ыраазыбыз! Анын ушул жана мурунку макалада талкууланган эскертүүлөрдү бизге болгон зор сүйүүсүнөн улам берерин унутпа. Ал биздин Шайтандын адаштыра турган «жол белгилери» боюнча жүрүп, азап-кайгыга кабылышыбызды каалабайт. Жахаба жүрүшүбүздү каалаган жол кууш, бирок ал түбөлүк өмүргө алып барат (Мт. 7:14). Андыктан, келгиле, мындан ары да анын: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылууга чечкиндүү бололу (Ыш. 30:21).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. «Чындыктан четтөөчүлүк» чыныгы сыйынуудан четтөөнү, бөлүнүп кетүүнү, таштап кетүүнү, чыккынчылыкты, козголоңду билдирет.

^ 10-абз. Мисалы, болжол менен б.з.ч. 3-кылымда жазылып, Пабылдын күндөрүнө чейин жеткен Товийдин (Товиянын) апокрифтик эмгеги ырым-жырымдарга, сыйкырчылык менен көз байлоочулук жөнүндөгү жомокторго жык толгон жана алар чындык катары көрсөтүлгөн. («Жазманы түшүнүү» эмгегинин 1-томунун 122-бетин карагыла, англ.)

^ 15-абз. «Ибилис» деп которулган диаболос деген грек сөзү «жалаачы» дегенди билдирет. Бул сөз башкы жалаачы Шайтандын наамдарынын бири катары колдонулат (Жкн. 8:44; Аян 12:9, 10).

Эмне деп жооп берет элең?

Төмөнкү аяттарда айтылган эскертүүлөрдү кантип колдонсоң болот?

2 Петир 2:1—3

1 Тиметей 1:3, 4

1 Тиметей 5:11—15

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги кутуча/сүрөт]

 Куштун жүнүн шамалга сапыруу

Жүйүт элинин илгертен айтылып келаткан бир аңгемеси ушак-айың таратуунун канчалык кесепеттүү экенин таамай сүрөттөйт. Ар кандай айтылып жүргөн ал аңгеменин мааниси мындай:

Бир киши шаарчаны аралап, анда жашаган бир акылман кишини жамандайт. Кийин ал ушакчы туура эмес кылганын түшүнүп, акылман кишиден кечирим сурап, айыбын жууш үчүн баарын кылууга даяр экенин айтат. Акылман бир шарт коёт: ага куштун жүнүнөн жасалган жаздык алып, аны кесип, жүнүн шамалга сапырышы керектигин айтат. Анын эмне үчүн ошондой көрсөтмө бергенин түшүнбөсө да, ушакчы акылмандын айтканындай кылып, кайра ага барат.

— Эми мени кечирдиңизби? — деп сурайт ал.

— Адегенде барып, жүндөрдүн баарын кайра чогултуп кел,— дейт акылман.

— Кантип чогултам? Шамал учуруп кетпедиби...

— Учуп кеткен жүндөрдүн баарын кайра чогулта албаганыңдай эле, айткан сөздөрүңдүн кесепетин толугу менен жоё албайсың,— дейт акылман.

Аңгеменин маңызы айдан-ачык: айтылган сөз — атылган ок; анын кесепетин толук жоюу мүмкүн эмес болушу ыктымал. Андыктан ушак айтардан мурун куштун жүнүн шамалга сапырганы жатканыбызды эстегенибиз акылдуулукка жатат.

[16-беттеги сүрөт]

Айрымдар кандайча чындыктан четтегендерди үйүнө чакырышы мүмкүн?