Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө менен сыйынууну, өздүк изилдөөнү кантип өткөрсө болот?

Үй-бүлө менен сыйынууну, өздүк изилдөөнү кантип өткөрсө болот?

Үй-бүлө менен сыйынууну, өздүк изилдөөнү кантип өткөрсө болот?

ДҮЙНӨ жүзү боюнча 2009-жылдын башында Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыш жолугушууларынын графигине өзгөртүү киргизилген. Жуманын ортосунда өткөрүлгөн эки жолугушуу бириктирилип, баарыбыз бошоп калган кечти үй-бүлөбүз менен сыйынууга же өздүк изилдөөгө арноого чакырылганбыз. Ошол убакытты туура колдонуп, жаңы чарадан толук пайда алып жатасыңарбы?

Айрымдарда үй-бүлө менен сыйынууда эмнени изилдесе болоруна байланыштуу суроолор туулган. Жетектөөчү Кеңеш бул жагынан бүт үй-бүлөлөргө бирдей көрсөтмө берүүнү көздөбөйт. Ар кимдин жагдай-шарты ар кандай болгондуктан, үй-бүлө башчылары же башкалар жума сайын ошол убакты кантип маңыздуу өткөрсө болорун өздөрү ойлонуштурганы оң.

Кээ бир үй-бүлөлөр сыйынуу кечинде жыйналыш жолугушууларына даярданышат, бирок ал кеч ошону менен эле чектелбеши керек. Башкалары Жазмада жазылгандарды окуп, талкуулап, өзгөчө, жаш балдарга пайдалуу болушу үчүн, айрым окуяларды сахналаштырышат. Сыйынуу кечин дайыма эле жыйналыш жолугушууларындагыдай суроо-жооп иретинде өткөрүү зарыл эмес. Баары өзүн эркин сезгидей атмосфера өкүм сүрсө, ар бири өз оюн ортого салып, талкууга катыша алат. Мындай атмосфера ойду өрчүтүүгө, элестетүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми мунун аркасында сыйынуу кечи бардыгы кубаныч алгыдай, эсте каларлык болот.

Үч балалуу бир ата мындай дейт: «Мектептин программасы боюнча Ыйык Китепти окуу сыйынуу кечибиздин негизги бөлүгүн түзөт. Адегенде ар бирибиз бөлүмдөрдү окуп чыгабыз, андан соң балдар тереңирээк изилдегиси келген ойлорду тандашат, анан аларды изилдеп келип, тапкандары менен бөлүшүшөт. Майкл (7де) көбүнчө сүрөт тартат же окугандарын өз сөзү менен жазып келет. Ал эми Дейвид (13тө) менен Кейтлин (15те) кээде ыйык китептик окуяларды байкоочунун көз карашы менен жазып келишет. Мисалы, Жусуптун фараондун наабайчысы менен шарап сунуучусунун түшүн жоруп бергени жөнүндө окуганыбызда, Кейтлин ошол окуяны зынданда жаткан башка кишинин көз карашы менен жазып келген» (Башт. 40-бөл.).

Адатта, ар кимдин жагдайы ар кандай болот. Ошондуктан кайсы бир үй-бүлөгө же кимдир бирөөгө ылайык келген нерсе башкасына ылайык келбеши мүмкүн. Кийинки бетте үй-бүлө менен сыйынуу кечин же өздүк изилдөө өткөрүүнүн айрым жолдору көрсөтүлдү. Албетте, өзүңөр да дагы башка көптөгөн жолдорун таба аларыңар шексиз.

[6, 7-беттердеги сүрөт]

Өспүрүм балдары бар үй-бүлөлөргө:

• «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» китебин окуп-талкуулагыла.

• Ыйык китептик окуяларга катышып жатканыңарды элестеткиле. (Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2011-ж., 15-май, 3—5-б.)

• Кыска жана узак мөөнөттүү максаттар жөнүндө сүйлөшкүлө.

• Мезгил-мезгили менен Ыйык Китепке негизделген видеотасмаларды көрүп-талкуулагыла.

• «Күзөт мунарасындагы» «Жаш окурмандарга» деген рубриканы талкуулагыла.

Балдары жок жубайларга:

• «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китептин 1, 3, 11—16-бөлүмдөрүн талкуулагыла.

• Ыйык Китепти Мектептин программасы боюнча окуп-изилдегенде тапкан ойлоруңар менен бөлүшкүлө.

• Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүнө же «Күзөт мунарасын» изилдөөгө даярдангыла.

• Кызматыңарды кеңейтүүнүн жолдорун талкуулагыла.

Бойдок же диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдөгү бир туугандарга:

• Облустук жыйындан алган жаңы адабияттарды изилдегиле.

• Азыркы жана мурунку «Жылдык китептерди» окугула.

• Аймагыңарда көп берилген суроолорду изилдегиле.

• Кабар айтуу кызматына сунуштоо даярдагыла.

Кичинекей балдары бар үй-бүлөлөргө:

• Ыйык китептик окуяларды драмалаштыргыла.

• «Ойгонгула!» журналынын 30, 31-беттериндегидей эс тутумду жакшырта турган оюндарды ойногула.

• Окуганыңарды айкын элестетүүгө шарт түзүп тургула. (Карагыла: «Ойгонгула!», 1996-ж., 8-март, 16—19-б., «Ыйык Китепти зоопаркта изилдөө!», ор.)

• «Күзөт мунарасындагы» «Балдарыңарды үйрөткүлө» деген рубриканы талкуулагыла.