Мазмунун көрсөтүү

Салык төлөшүңөр керекпи?

Салык төлөшүңөр керекпи?

Салык төлөшүңөр керекпи?

САЛЫК төлөгөн баарына эле жага бербейт. Көптөргө алар төлөгөн акча туура эмес колдонулуп же кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп жаткандай сезилет. Ал эми айрымдардын салык төлөгүсү келбегенинин себеби — акчанын жаман иштерге колдонулуп жатканы. Мисалы, Ортоңку Чыгыштагы бир шаардын тургундары эмне үчүн салык төлөбөй турганын түшүндүрүп: «Биз балдарыбыздын өмүрүн алып жаткан октор үчүн акча бербейбиз»,— дешкен.

Минтип айткандар мурун да болгон. Алсак, Мохандас Ганди аттуу индиялык жол башчы салык төлөгөнгө абийири жол бербей турганын айткан. Ал мындай деген: «Куралдуу күчтөргө басым жасаган өлкөнү түзмө-түз же кыйыр мааниде колдогон киши анын күнөөсүнө ортоктош. Андай өлкөгө салык төлөп ага колдоо көрсөткөн ар бир адам, жаш болобу же кары болобу, аны менен чогуу күнөөлүү болот».

19-кылымда жашаган Генри Дейвид Торо аттуу бир ойчул болсо салыктын эсебинен согуш чыгымдарын жапканга сарпталган акчаны төлөгүсү келбегенинин себебин мындай деп түшүндүргөн: «Өлкөнүн жараны абийиринин негизинде чечим чыгарууга укуктуу. Ал ошол укугун өкмөткө тапшырып бергенге милдеттүүбү? Андай болсо, анда адамга абийирдин эмне кереги бар?»

Салык маселеси Исанын жолдоочуларына да тиешелүү. Анткени Ыйык Китепте алардын абийири бардык жактан таза болушу керектиги айтылат (2 Тиметей 1:3). Ошол эле учурда Ыйык Китепте өкмөттүн салык чогултканга укуктуу экени да айтылат. Ал жакта мындай делет: «Ар бир адам жогорку бийликтерге [адам баласынын өкмөттөрүнө] баш ийсин, анткени Кудайдан болбогон бийлик жок. Бийликтердин баары Кудай белгилеген орундарды ээлеп турат. Демек, анын каарынан корккондуктан эле эмес, абийириңер таза болушу үчүн да баш ийишиңер керек. Салыктарды да ошол себептен төлөп жатасыңар. Анткени бийликтегилер — элге жакшы болушу үчүн коюлган Кудайдын кулдары; алар дайыма ошол максатта кызмат кылышат. Баарына тиешелүүсүн бергиле: салык талап кылганга салык, алым талап кылганга алым төлөгүлө» (Римдиктер 13:1, 5—7).

Ушул буйрукка ылайык, Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары салыктарды, алардын басымдуу бөлүгү аскерди каржылаганга кетсе да, көңүлдөнүп төлөшкөн. Элге ушул жагынан белгилүү болушкан. Азыр деле ошондой *. Анда эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү өздөрү колдобогон нерселер үчүн салык төлөшөт? Салык төлөгөнү алардын туура деп билген нерселерине каршы иш кыларын билдиреби?

Салык жана абийир

Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары төлөгөн алым-салыктардын кайсы бир бөлүгү согушту каржылаганга сарптала турган. Эгер алар ошол салыкты төлөсө, эмне үчүн Мохандас Ганди менен Генри Торонун абийири буга жол берген эмес?

Көңүлгө алчу нерсе, Исанын жолдоочулары Римдиктер 13-бөлүмдө жазылган буйрукка жазадан корккондуктан эмес, абийири «таза болушу үчүн» баш иет (Римдиктер 13:5). Исанын жолдоочусу салыктар кандай колдонулуп жатканын туура көрбөсө да, аларды төлөй берет. Анткени абийиринин таза болушун каалайт. Бул карама-каршылыктай сезилиши мүмкүн. Муну жакшыраак түшүнүш үчүн абийирдин кандай иштээрин билип алышыбыз керек. Абийир — иш-аракеттерибизди жаман же жакшы деп таразалап турган ички туюм.

Генри Торо байкагандай, андай туюм ар бир адамда бар. Бирок ага дайыма эле ишенип болбойт. Кудайга жагыш үчүн абийирибизди Кудай туура деп эсептеген нерселерге жараша тарбиялашыбыз керек. Ал бизден алда канча акылдуу. Ошондуктан бардык нерсеге аныкындай көз карашта болушубуз үчүн оюбузду өзгөртүп турушубуз керек (Забур 19:7). Мына ошол себептен Кудайдын өкмөттөргө карата көз карашын түшүнгөнгө аракет кылганыбыз маанилүү. Анда анын көз карашы кандай?

Элчи Пабыл бийликтегилерди «Кудайдын кызматчылары» деп атаган (Римдиктер 13:6, «Үмүт нуру»). Бул эмнени билдирет? Негизинен, бул алардын тартип болушуна кам көрөрүн жана жарандарын кызматтын ар кандай түрлөрү менен камсыз кыларын билдирет. Атүгүл жемкорлукка белчесинен баткан өкмөттөр да кат-кабар, билим берүү, өрт өчүрүү, коопсуздук сыяктуу кызматтар менен камсыз кылышат.

Бирок Кудай жердеги өкмөттөргө убактылуу эле бийлик кылганга жол берип жатат. Ал жакында аларды жок кылып, ордуна өзүнүн асмандагы өкмөтүн — Падышалыгын — орнотот. Ошондой эле алар кылымдардан бери келтирип келаткан залалдын баарын жок кылат (Даниел 2:44; Матай 6:10). Бирок Кудай азыркы учурда өзүнүн кызматчыларынын өкмөткө баш ийишин каалайт. Ал эми салык төлөгөндөн баш тартуу өкмөткө баш ийбестикке жатып калат.

Анткен менен баары бир деле Мохандас Гандидей болуп согушту колдоп калат, ошондуктан күнөөгө жатып калат деген ой менен салык төлөгүңөр келбей жатсачы? Тоонун этегинде турган кишиге караганда, тоонун чокусунда турган кишиге айлана алаканга салгандай көрүнөт. Анын сыңарындай, Кудай бардык нерсени бизге караганда жакшыраак түшүнөт. Ушуну аңдасак, Кудайдын көз карашын кабыл алуу оңоюраак болот. Ышая пайгамбар аркылуу Кудай: «Асман жерден канчалык бийик болсо, менин жолум силердин жолуңардан, менин оюм силердин оюңардан ошончолук бийик»,— деп айткан (Ышая 55:8, 9).

Өкмөттөрдүн бийлиги чексизби?

Ыйык Китепте салык төлөшүбүз керектиги айтылары чын. Бирок бул адам баласынын өкмөттөрүнүн бийлиги чексиз экенин, жарандарынан каалаган нерсесин талап кыла аларын билдирбейт. Иса ал өкмөттөрдүн бийлигинин чеги бар экенин айткан. Андан Рим өкмөтүнө салык төлөө туурабы же туура эмеспи деп сурашканда, ал: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген күчтүү сөздөрдү айткан (Марк 12:13—17).

«Падыша», тактап айтканда, өкмөттөр акча басып чыгарып, анын баасын аныктайт. Ошондуктан, Кудайдын көз карашы боюнча, алар өздөрү чыгарган акчаны салык түрүндө кайтарып алганга укугу бар. Бирок Иса «Кудайга тиешелүүнү» — өмүрүбүз менен сыйынуубузду — талап кылганга бир да өкмөттүн акысы жок экенин көрсөткөн. Адамдар чыгарган мыйзамдар, буйруктар Кудайдын мыйзамдарына карама-каршы келгенде, биз, Исанын жолдоочулары, «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек» (Элчилер 5:29).

Кудайдын айрым кызматчылары салыктардын кандай колдонулуп жатканына тынчсызданышы мүмкүн. Ошентсе да алар өкмөттүн иштерине кийлигишишпейт жана салык төлөгөндөн баш тартып ага каршы чыгышпайт. Андай кыла турган болсо, Кудайдын азап-кайгыны жок кылганга кудуреттүү экенине шектенип жаткандай болуп калмак. Анын ордуна, алар чыдамдуу болуп, өз убагы келгенде Кудай өзүнүн Уулунун Падышалыгы аркылуу адамзаттын иштерин оңдой турганына бекем ишенишет. Буга байланыштуу Иса: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жакан 18:36).

Кудайга баш ийүүнүн пайдасы

Эгер силер Ыйык Китептеги салыкка байланыштуу буйрукка ылайык иш кылсаңар, өзүңөргө эле жакшы болот. Мыйзамды бузганыңар үчүн качан жазаланам же качан кармап кетишет деп коркуп жашабайсыңар (Римдиктер 13:3—5). Баарынан маанилүүсү, Кудайдын алдында жүзүңөр жарык болот жана жүрүм-туруму үлгүлүү жаран катары анын ысмын даңктай аласыңар. Салык төлөбөй качып жүргөндөргө же алдап аз төлөгөндөргө салыштырмалуу чыгым болсоңор да, Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларын таштабайм деген убадасына бекем ишенсеңер болот. Буга байланыштуу забурчу Дөөтү: «Мен жаш элем, эми карыдым, бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деп жазган (Забур 37:25).

Мындан тышкары, Ыйык Китептеги салыкка тиешелүү буйрукту түшүнүп, ошого ылайык иш кылсаңар, жүрөгүңөр тынч болот. Батирин ижарага алган киши кожоюну ал берген акчаны кантип колдонуп жатканына жооптуу эмес. Анын сыңарындай, өкмөт салыктарды кантип колдонуп жатканына Кудай силерди жооптуу деп эсептебейт. Европанын түштүгүндө жашаган Стелвио деген бир киши Ыйык Китепти изилдегенге чейин өлкөсүндөгү саясий абалды өзгөрткөнгө көп жыл бою аракет кылып келген. Бирок эмне үчүн антпей калганынын себебин ал мындай деп түшүндүргөн: «Дүйнөгө адилеттүүлүктү, тынчтыкты орнотконго, адамдардын бири-бирине боор тартып жашагыдай кылганга адам баласынын кудурети жетпей турганын түшүндүм. Кудайдын Падышалыгы гана адамзат коомун жакшы жакка өзгөртө аларына көзүм жетти».

Стелвиодой болуп, «Кудайга тиешелүүнү Кудайга» гана бере берсеңер, Кудай бүтүндөй жер бетин башкара турган адилеттүү өкмөттү орнотуп, адам баласынын башкаруусу алып келген зыяндын баарын жоё турган заманды өз көзүңөр менен көрөсүңөр.

[Шилтеме]

^ 6-абз. Жахабанын Күбөлөрүнүн салык төлөгөн жагынан кандай абройго ээ экенин жөнүндө билиш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2002-жыл, 1-ноябрь, 12-бет, 15-абзац жана 1996-жыл, 1-май, 16-бет, 7-абзац.