Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — менин үлүшүм

Жахаба — менин үлүшүм

Жахаба — менин үлүшүм

«Ысрайыл уулдарынын ичинен сенин үлүшүң да, энчиң да Менмин» (САН. 18:20).

1, 2. а) Жер бөлүштүрүлгөндө, үлүш баарына берилди беле? б) Жахаба лебилерди эмне деп ынандырган?

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР Убадаланган жердин көбүн басып алгандан кийин, Жашыя, башкы дин кызматчы Элазар жана уруу башчылары өкчөмө таш ыргытып, басылып алынган жерлерди Ысрайыл урууларына үлүш катары бөлүштүрүп беришкен (Сан. 34:13—29). Бирок лебилерге Убадаланган жерден үлүш берилген эмес (Жаш. 14:1—5). Эмне үчүн? Алар унутулуп калды беле?

2 Бул суроого Жахабанын лебилерге айткан сөздөрүнөн жооп ала алабыз. Алардын унутулуп калбаганын көрсөтүп, Жахаба: «Ысрайыл уулдарынын ичинен сенин үлүшүң да, энчиң да Менмин»,— деген (Сан. 18:20). «Сенин үлүшүң... менмин»,— деген сөздөр кандай гана бекемдээрлик! Эгер Жахаба ушул сөздөрдү сага айтса, кандай сезимде болот элең? Балким, дароо эле: «Кудуреттүү Кудайдын мага ушундай сөздөрдү айтышына татыктуумунбу?» — демектирсиң. Же сенде: «Жахаба чынында эле бүгүнкү күндөгү өзүнүн жеткилеңсиз кызматчыларынын үлүшү боло алабы?» — деген суроо пайда болмоктур. Бул суроолор сен үчүн да, сенин жакындарың үчүн да чоң мааниге ээ. Кел анда, Кудайдын жогорудагы сөздөрү эмнени билдирерин карап көрөлү. Бул Жахабанын Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларынын да үлүшү боло аларын түшүнүүгө жардам берет. Сен асманда жашоого же жер бетине орной турган бейиште жашоого үмүттөнгөндөргө киресиңби, Жахаба сенин да үлүшүң боло алат.

Жахаба лебилерге кам көргөн

3. Лебилер Кудайга кызмат кылууга кандайча тандалышкан?

3 Жахаба ысрайылдыктарга Мыйзамды бергенге чейин, үй-бүлө башчылары өзүнүн үй-бүлөсүнө дин кызматчы катары кызмат кылышкан. Ал эми Мыйзамды бергенден кийин Леби уруусунан ага бүт убактысын арнай турган дин кызматчыларды жана аларга жардам бере турган адамдарды дайындаган. Бул кандайча болгон? Кудай мисирликтердин тун балдарын өлүмгө дуушар кылганда ысрайылдыктардын тун уулдарын ыйыктап, аларды өзүнө таандык кылып бөлүп койгон. Бирок кийин «Ысрайыл уулдарынын... тундарынын ордуна лебилерди алууну» чечкен. Ысрайылдыктар каттоодон өткөндөн кийин башка уруулардын тун уулдарынын саны лебилердин санынан көп экени аныкталган. Ошондуктан лебилерден ашып калган тун балдар үчүн кун төлөнгөн (Сан. 3:11—13, 41, 46, 47). Ошентип, лебилер өздөрүн Ысрайылдын Кудайына кызмат кылууга арнай алышкан.

4, 5. а) Жахаба кандай мааниде лебилердин үлүшү болгон? б) Кудай лебилерге кантип кам көргөн?

4 Жахаба кандай мааниде лебилердин үлүшү болгон? Жахаба аларга үлүшкө жер берген эмес, ал аларга баа жеткис кызматты ишенип тапшырган. Ал лебилерге ошондой мааниде үлүшү болорун айткан. Алардын үлүшү Жахабанын чатырында «ыйык кызмат кылуу» болгон (Жаш. 18:7). Бирок, Сандар 18:20нын контекстинен көрүнүп тургандай, лебилер эч нерседен өксүгөн эмес (Оку: Сандар 18:19, 21, 24). Анткени аткарган кызматы үчүн аларга Ысрайылдагы бардык нерсенин «ондон бир бөлүгү» берилген. Ысрайылдыктардан түшүмүнүн жана мал-жанынын ондон бир бөлүгүн аларга берип туруу талап кылынган. Ал эми лебилер эл алып келген тартуулардын ондон бир бөлүгүн, «эң жакшыларын», дин кызматчылардын муктаждыктары үчүн берип турушу керек болчу * (Сан. 18:25—29). Ошондой эле дин кызматчыларга Кудайга сыйынуу үчүн караштырылган жайга алып келинген курмандыктардын баары берилген. Ошондуктан дин кызматчылар Жахабанын аларга кам көрөрүнө толук ишене алышмак.

5 Кыязы, Мусанын мыйзамында ондуктун дагы бир түрү караштырылган. Ысрайылдыктар аны жыл сайын өткөрүлгөн ыйык жыйындарга барганда үй-бүлөсүн тамак-аш менен камсыз кылыш үчүн жана көңүл ачыш үчүн бөлүп коюшу керек болчу (Мыйз. 14:22—27). Бирок ишемби жылына кирген ар бир үчүнчү жана алтынчы жылдын аягында ошол ондуктан кедей-кембагалдарга жана лебилерге жардам катары берилип турган. Эмне үчүн андан лебилерге да берилген? Анткени аларга Ысрайылда «үлүш бөлүнгөн» эмес (Мыйз. 14:28, 29).

6. Лебилер каякта жашашкан?

6 Балким, сен: «Эгерде лебилерге үлүш берилбесе, алар каякта жашашкан?» — деп сурашың мүмкүн. Жахаба бул жагын да караштырып койгон. Ал аларга 48 шаарды жана алардын тегерегиндеги жерлерди берген. Ал шаарларга баш калкалоочу алты шаар да кирген (Сан. 35:6—8). Демек, лебилердин Кудайдын ыйык жайында кызмат кылбаган учурда жашай турган жерлери болгон. Жахаба өздөрүн ага кызмат кылууга арнагандарга керектүү нерселерди ашыгы менен берген. Ооба, лебилер Жахабанын аларга кам көргүсү келерине жана кам көрүүгө кудурети жетерине толук ишенүү менен аны үлүшү катары эсептээрин көрсөтө алышмак.

7. Жахабаны үлүшү катары көрүш үчүн лебилерден эмне талап кылынган?

7 Ондук алып келбеген ысрайылдык жазага тартылчу эмес. Бирок эл ондук алып келбесе, лебилер менен дин кызматчылар зыян тартышмак. Мисалы, Некемиянын убагында ошондой болгон. Эл ондук алып келбей калгандыктан, лебилер кызматын таштап, өздөрүнүн талааларында иштөөгө мажбур болушкан (Оку: Некемия 13:10). Мындан көрүнүп тургандай, алардын муктаждыктарынын канааттандырылышы элдин Жахабанын ондукка байланыштуу мыйзамына баш ийгенинен көз каранды болгон. Бирок лебилер менен дин кызматчылар өздөрү да Жахабага таянышы жана анын аларга кам көрөрүнө ишениши керек эле.

Үлүшү Жахаба экенин унутпаган лебилер

8. Асаптын кандай кыйынчылыкка туш болгонун айтып бергиле.

8 Лебилер уруу катары Жахабаны өздөрүнүн үлүшү деп эсептешкен. Бирок, белгилей кетчү нерсе, лебилердин ар бири да Жахабага болгон берилгендигин жана ага таянарын көрсөтүп: «Теңир менин бөлүгүм [«энчим», «ЖД»]»,— деп айта алган (Жер. ый. 3:24). Ошондой лебилердин бири ырчы жана музыкант болгон. Аны Асап деп атасак болот, бирок ал Асаптын тукумунан болгон, Дөөтү падышанын күндөрүндө ырчыларды жетектеген леби да болушу мүмкүн (1 Жылн. 6:31—43). 72-забурдан окуганыбыздай, Асап (же анын тукумунан болгон киши) ыймансыздардын жыргап-куунап жатканын көрүп, нааразы болгон жана аларга көз арта баштаган. Ал ушунчалык бушайман болгондуктан: «Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазаладымбы? Колумду айыпсыздыгым менен бекер эле жуудумбу?» — деген сөздөрдү айткан. Ал сыймыктуу кызматты аткарып жатканын баалабай, Жахаба анын үлүшү экенин унутуп калган көрүнөт. Бирок анын көз карашы «Кудайдын ыйык жайына киргенден» кийин өзгөргөн (Заб. 72:2, 3, 12, 13, 17).

9, 10. Эмне үчүн Асап Кудайды өзүнүн «түбөлүк үлүшү» деп айта алган?

9 Кудайдын ыйык жайына барганда Асап бардык нерсеге Жахабанын көз карашы менен карай баштаган. Балким, сен да бир учурда Асаптай болуп, сыймыктуу кызматты аткарып жатканыңды эстен чыгарып, көңүлүңдү материалдык нерселерге топтой баштагандырсың. Бирок Кудайдын Сөзүн изилдөө жана жыйналыштарга баруу сага кайрадан Жахабанын көз карашына ээ болууга жардам бергендир. Асап ыймансыздардын акыры эмне болору жөнүндө да ой жүгүрткөн. Ошондой эле ээ болгон баталары тууралуу ойлонгон жана Жахабанын аны оң колунан кармап, жетектей турганын түшүнгөн. Андыктан Жахабага: «Жерде... Сенден башка эч нерсенин кереги жок»,— деген (Заб. 72:23, 25). Анан Жахабаны өзүнүн үлүшү экенин айткан (Оку: Забур 72:26). Асап алдан-күчтөн тайып, алсыраса да, Жахаба анын «түбөлүк үлүшү» болорун билген. Ал Жахабанын аны досундай көрүп, түбөлүккө эстеп жүрөрүнө бекем ишенген. Жахаба анын берилгендик менен аткарган кызматын унутмак эмес (Нас. 7:1). Бул Асапты кандай гана бекемдеген! Ошол себептен ал: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы! Кудай-Теңирди өзүмө баш калкалар жай кылдым»,— деп ырдаган (Заб. 72:28).

10 Асап Жахабанын анын үлүшү экенин айтканда леби катары ээ болгон материалдык нерселери жөнүндө эле айткысы келген эмес. Ал биринчи кезекте аткарып жаткан сыймыктуу кызматы жана Жахаба менен болгон мамилеси — Эң Жогорку Кудай менен болгон достугу — жөнүндө айткысы келген (Жкп. 2:21—23). Жахаба менен дайыма ошондой ынак мамиледе болуш үчүн ал ага ишениши жана таянышы керек болчу. Асап Жахабанын мыйзам-принциптерине ылайык жашаса, анын батасына ээ болуп, келечекте бактылуу өмүр сүрө аларына бекем ишене алмак. Сен да Кудурети Күчтүү Кудайдын батасына ээ боло аларыңа шектенбесең болот.

11. Жеремия эмне үчүн бушайман болгон жана суроосуна кандайча жооп алган?

11 Жахабаны үлүшү катары көргөн лебилердин дагы бири Жеремия пайгамбар болгон. Кел, анын Жахабаны өзүнүн үлүшү экенин айтуу менен эмнени айткысы келгенин карап көрөлү. Жеремия Иерусалимге жакын жерде жайгашкан Анатотто, лебилерге караштуу шаарда, жашаган (Жер. 1:1). Ал ыймансыздар эмне үчүн өз жолунда ийгиликке жетип, адил адамдар болсо кыйналып жатат деп бушайман болгон (Жер. 12:1). Иерусалимде жана Жүйүт жеринде болуп жаткан адилетсиздикти көргөндө ал Жахабага нааразычылыгын айткан. Себеби Жеремия Жахабанын адилеттүү экенин билген. Кийин Жахабанын ага айткан пайгамбарлык сөздөрүнөн жана ал пайгамбарлыкты кандайча аткарганынан Жеремия суроосуна канааттандырарлык жооп алган. Ал пайгамбарлыкка ылайык, Жахабанын тилин алгандарга «өзүнүн жаны олжо» катары берилген, ал эми жыргап жүргөндөй көрүнгөн ыймансыздар эскертүүгө кулак какпагандыктан, өлүм жазасына тартылышкан (Жер. 21:9).

12, 13. а) Жеремия эмнеден улам Жахабаны «энчим» деп айта алган жана ал кандай маанай чагылдырган? б) Эмне үчүн Ысрайылдын бардык уруулары Жеремияныкындай маанай чагылдырышы керек эле?

12 Туулуп-өскөн шаарынын кыйрап, талкаланып калганын көргөндө Жеремия өзүн караңгы жерде жүргөндөй, Жахаба аны эчак «өлгөндөрдөй кылып» койгондой сезген (Жер. ый. 1:1, 16; 3:6). Ал тоң моюн элди асмандагы Атасына кайрылып келүүгө чакырган, бирок алардын жаман иштери жеткен чегине жеткендиктен, Жахаба аргасыздан Иерусалимдин жана Жүйүт жеринин талкаланышына жол берген. Жеремия туура нерсени кылып жатканын түшүнсө да, Жүйүт жери менен Иерусалимдин талкаланарын билгенде жүрөгү ооруган. Бирок ал Кудайдын кайрымдуу экенин эсинен чыгарган эмес. Жеремия: «Биз жок болуп кеткен жокпуз»,— деген. Анткени Жахабанын ырайымы «ар бир таңда жаңырып турат». Ошондуктан ал: «Теңир — менин бөлүгүм [«энчим», «ЖД»]»,— деп айткан. Жеремия андан ары да Жахабанын пайгамбары болуп кызмат кылуу артыкчылыгына ээ боло берген (Оку: Жеремиянын ыйы 3:22—24).

13 Ысрайылдыктар мекенине 70 жыл өткөндөн кийин кайтып келишмек. Ошол убакка чейин ал жер ээн калмак (Жер. 25:11). Ошентсе да Жеремиянын Жахабаны «энчим» деп атаганы анын Жахабанын кайрымдуулугуна үмүттөнөрүн көрсөткөн. Бул ага Жахаба иш-аракет кыла турган убакты күтүүгө жардам берген. Ысрайылдын бардык уруулары үлүшүнөн айрылып калгандыктан, алар да Жеремияныкындай маанай чагылдырышы керек эле. Алардын үлүшү да, жалгыз үмүтү да Жахаба болгон. Кудайдын эли 70 жылдан кийин мекенине кайтып келип, кайрадан Жахабага кызмат кылуу артыкчылыгына ээ болгон (2 Жылн. 36:20—23).

Жахаба башкалардын да үлүшү болгон

14, 15. Лебилерден башка дагы ким Жахабаны үлүшү катары көргөн жана эмне үчүн?

14 Асап да, Жеремия да Леби уруусунан болгон. Бирок лебилерден башкалар да Жахабага кызмат кылуу сыймыгына ээ боло алат беле? Ооба. Кийин ысрайыл элинин падышасы болгон жаш Дөөтү Жахаба жөнүндө «тирүүлөр жашаган жерде менин үлүшүмсүң» деп айткан (Оку: Забур 141:1, 5). Дөөтү бул забурду жазган учурда падыша сарайында же үйүндө болгон эмес. Ал душмандарынан качып, үңкүрлөрдө жашынып жүргөн. Дөөтү, жок эле дегенде, эки жолу: бир жолкусунда Адуламга жакын жердеги үңкүрдө, экинчисинде Эн-Геди чөлүндөгү үңкүрдө жашынган. Ал 141-забурду ошол үңкүрлөрдүн биринде жазышы толук ыктымал.

15 Эгер чын эле ошондой болсо, ал ошол учурда аны өлтүрүүнү көздөгөн Шабул падышадан качып жүргөн. Дөөтү андан качып, адам оңой менен бара албаган үңкүргө барып жашынган (1 Шем. 22:1, 4). Ошол алыс жерде Дөөтү өзүн колдоо көрсөтө турган эч кимиси жоктой сезген (Заб. 141:4). Ошондо ал Кудайга жардам сурап кайрылган.

16, 17. а) Дөөтү эмнеден улам өзүн жардамсыз калгандай сезген? б) Дөөтү жардам сурап кимге кайрылган?

16 Кыязы, Дөөтү 141-забурду жазып бүткөн убакта башкы дин кызматчы Акимелектин эмне болгонун уккан. Акимелек Дөөтүгө Шабул падышадан качып жүргөндө жардам берген. Бирок ал анын Шабулдан качып жүргөнүн билген эмес. Дөөтүгө ичи күйгөн Шабул Акимелектин Дөөтүгө жардам бергенин укканда аны үйүндөгүлөрү менен кошо өлтүртүп салган (1 Шем. 22:11, 18, 19). Дөөтү алардын өлүмүнө өзүн күнөөлөп, ага жардам берген дин кызматчыны өзү барып өлтүрүп койгондой сезген. Эгер Дөөтүнүн ордунда болсоң, сен да өзүңдү ошондой сезет белең? Ушунун баарын ойлоп кыйналганы аз келгенсип, Дөөтүгө анын артынан сая түшкөн Шабулдан качып жүрүүгө да туура келген.

17 Ошондон көп өтпөй аны падыша кылып майлаган Шемуел пайгамбар да көз жумган (1 Шем. 25:1). Ошондо Дөөтү өзүн жардамсыз калгандай сезген болушу керек. Бирок ал жардам сурап кимге кайрылыш керектигин жакшы билген. Ал Жахабага кайрылган. Дөөтү лебилердикиндей кызматты аткарган эмес, бирок ал кызматтын башка түрүн аткарууга — Кудайдын элине падыша болууга — дайындалган болчу (1 Шем. 16:1, 13). Андыктан ал Жахабага жүрөгүндөгүсүнүн баарын төгүп, ага таянган. Эгер сен Жахабага кызмат кылууда бүт күчүңдү жумшап жатсаң жана ага толугу менен таянсаң, ал сенин да үлүшүң жана баш маанаң боло алат.

18. Бул макалада айтылган кызматчылар Жахабаны өздөрүнүн үлүшү деп эсептээрин кантип көрсөтүшкөн?

18 Бул макалада айтылган Жахабанын кызматчылары ал тапшырган кызматты аткаруу менен Жахабаны үлүшү катары эсептээрин көрсөтүшкөн. Алар Жахабанын аларга кам көрөрүнө бекем ишенишкен. Жахаба лебилердин да, Ысрайылдын башка урууларынан болгон Дөөтү сыяктуу кызматчыларынын да үлүшү болгон. Канткенде Жахаба сенин да үлүшүң боло алат? Кийинки макалада ушул тууралуу сөз жүрөт.

[Шилтеме]

^ 4-абз. Дин кызматчылардын кызматы эмненин аркасында улантылып турганы жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн 1991-жылдын «Күзөт мунарасынын» (ор.) 1-декабрындагы санынын 29, 30-беттериндеги 1—5-абзацтарды карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахаба кандай мааниде лебилердин үлүшү болгон?

• Асап, Жеремия жана Дөөтү Жахабанын алардын үлүшү экенин кантип көрсөтүшкөн?

• Жахаба сенин үлүшүң болушун кааласаң, сенден эмне талап кылынат?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги кыстырма]

Лебилер үлүшкө жер алышкан эмес. Алардын үлүшү Жахаба болчу, себеби аларга өзгөчө кызмат ишенип тапшырылган

[7-беттеги сүрөт]

Жахаба кандайча дин кызматчылар менен лебилердин үлүшү болгон?

[9-беттеги сүрөт]

Асапка Жахаба анын үлүшү экенин унутпоого эмне жардам берген?