Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба сенин үлүшүңбү?

Жахаба сенин үлүшүңбү?

Жахаба сенин үлүшүңбү?

«Биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (МТ. 6:33).

1, 2. а) Галатиялыктар 6:16да айтылган «Кудайдын Ысрайылы» деген кимдерди билдирет? б) Матай 19:28де айтылган «Ысрайылдын он эки уруусу» кимдерди билдирет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕН «ысрайыл» деген сөздү окуганда дароо эле эмнени эстейсиң? Балким, ысмы кийин Ысрайыл деп өзгөртүлгөн Ыскактын уулу Жакып эсиңе түшөттүр. Же Жакыптан тараган байыркы ысрайыл элин эстейттирсиң. Же рухий Ысрайыл жөнүндө ойлоноттурсуң. Адатта, «ысрайыл» деген сөз каймана мааниде айтылганда «Кудайдын Ысрайылын» — ыйык рух менен майланган жана асманда дин кызматчы болуп кызмат кыла турган 144 000 кишини — билдирет (Гал. 6:16; Аян 7:4; 21:12). Ал эми Матай 19:28деги «Ысрайылдын он эки уруусу» кимдерди билдирет? Кел, карап көрөлү.

2 Иса: «Кайра жаратуу убагында адам Уулу даңктуу тактысына отурганда, силер да, менин артымдан ээрчигендер, он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар»,— деген. Бул аяттагы «Ысрайылдын он эки уруусу» Исанын майланган жолдоочулары тарабынан соттоло турган жана жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрө турган адамдарды билдирет. 144 000 киши аларга дин кызматчы болуп кызмат кылат.

3, 4. Исанын майланган ишенимдүү жолдоочулары кандай үлгү көрсөтүшүүдө?

3 Исанын азыркы күндөгү майланган жолдоочулары, байыркы убактагы дин кызматчылар менен лебилердей болуп, кызматын жогору баалашат (Сан. 18:20). Бүгүнкү күндөгү майлангандар да үлүшкө жер алабыз деп үмүттөнүшпөйт. Алар Иса Машаяк менен кошо падыша жана дин кызматчы болуп кызмат кыла турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Аян 4:10, 11-аяттарда айтылгандай, алар Жахабага кылган кызматын асмандан улантышат (Жез. 44:28).

4 Жердеги майлангандар өткөргөн жашоосу менен Жахаба алардын үлүшү экенин айкын көрсөтүшөт. Алар Жахабага кызмат кылуу сыймыгын жашоосунда баарынан жогору коюшат. Ошондой эле Исанын куткаруу курмандыгына ишеним артып, аны дайыма жолдоо менен чакырылганына жана тандалганына ылайык жашоого бүт күчүн жумшашат (2 Пет. 1:10). Алардын шык-жөндөмдүүлүктөрү, жагдай-шарты ар башка. Бирок майлангандар Кудайга азыраак кызмат кылыш үчүн чектелген мүмкүнчүлүктөрүн шылтоо кылбайт. Тескерисинче, колунан келгендин баарын кылуу менен Кудайга кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюшат. Жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнгөндөргө алар кандай гана сонун үлгү көрсөтүшүүдө!

5. Исанын бардык жолдоочулары канткенде Жахаба алардын үлүшү экенин көрсөтүшөт жана эмне үчүн бул оңойго турбашы мүмкүн?

5 Жердеги жашоого үмүттөнөбүзбү же асмандагы жашоогобу, ар бирибиз өзүбүздөн баш тартып, жаза устунун алышыбыз жана дайыма Исанын жолун жолдошубуз керек (Мт. 16:24). Жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнгөн миллиондогон адамдар ошондой жол менен Жахабага сыйынып, Исанын жолун жолдошууда. Алар Кудайга көбүрөөк кызмат кыла аларын билип туруп, азыраак кызмат кылуунун жолун издешпейт. Алардын көбү жашоосун жөнөкөйлөтүп, пионердик кызматты башташкан. Айрымдары жыл сайын бир нече ай көмөкчү пионер болууга аракет кылышат. Ал эми башкалар, пионер боло албаса да, кабар айтуу кызматына ынталуу катышышат. Алардын иш-аракетин Исанын башын жыпар жыттуу май менен майлаган Мариямдыкына салыштырууга болот. Иса Мариям жөнүндө: «Бул мен үчүн жакшы иш кылды... Бул аял колунан келгенди кылды»,— деген (Мр. 14:6—8). Бирок Шайтан башкарып жаткан дүйнөдө жашап жаткандыктан, бизге колубуздан келгенди кылуу оңойго турбашы мүмкүн. Ошентсе да кызматка бүт күчүбүздү жумшап, Жахабага таянышыбыз керек. Эмесе, Жахабага таянарыбызды төмөнкү төрт нерседе кантип көрсөтө аларыбызды карап көрөлү.

Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын изде

6. а) Азыркы күндөгү адамдар эмнени көздөшөт? б) Эмне үчүн Дөөтүдөн үлгү алганыбыз жакшы?

6 Иса жолдоочуларын биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издөөгө үндөгөн. Азыркы күндөгү адамдар керт башынын кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, «бул дүйнөдөн» гана үлүш алууну көздөшөт (Оку: Забур 16:1, 13—15). Алар ыңгайлуу шарттарда жашоону, үй-бүлө күтүүнү, мурас калтырууну баарынан маанилүү деп эсептешет, ал эми Жаратканын эске алышпайт. Ооба, алар үлүшүн ушул жашоодон гана алууга умтулушат. Ал эми биз Дөөтүдөн үлгү алганыбыз маанилүү. Ал Кудайдын алдында «жакшы атка» ээ болууга умтулган. Кийинчерээк анын уулу баарын ушуга чакырган (Нас. 7:1). Дөөтү, Асаптай болуп, Жахаба менен дос болуу жашоодогу эң маанилүү нерсе экенин жакшы түшүнгөн. Ал Кудайдын жолунда жүрүүдөн кубаныч алган. Бүгүнкү күндө да Исанын көптөгөн жолдоочулары рухий иштерди жумушунан жогору коюшууда.

7. Бир ишенимдешибиз Падышалыкты биринчи орунга койгону үчүн кандай бата алган?

7 Борбордук Африка Республикасында жашаган Жан-Клоддун мисалына токтололу. Ал жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат, анын аялы, үч баласы бар. Ал жашаган өлкөдө жумуш табуу аябай кыйын болгондуктан, көптөр жумуш ордун сактап калыш үчүн баарына даяр. Бир күнү Жан-Клод иштеген мекеменин менеджери ага жума сайын жети күн бою кечки саат 18.30дан түнгө чейин иштеши керектигин айтат. Жан-Клод менеджерине үй-бүлөсүнө материалдык жактан эле эмес, рухий жактан да кам көрүшү керектигин, ошондой эле жыйналышында жоопкерчиликтери бар экенин түшүндүрөт. Менеджери буга эмне деген? Ал: «Жумушуңан айрылгың келбесе, башка нерселердин баарын: аялыңды, балдарыңды, деги эле көйгөйлөрүңдү унут. Сен өзүңдү жумушка арнашың керек, жумуштан башка эч нерсе жөнүндө ойлобошуң керек. Же жумушту танда, же диниңди танда»,— деген. Сен эмне кылат элең? Жан-Клод, эгер жумушсуз калса, Жахабанын ага кам көрөрүнө бекем ишенген. Эгер ал Жахабага кызмат кылууда мурдагыдай эле көп эмгектене берсе, ал ага үй-бүлөсүн багууга сөзсүз жардам бермек. Ошондуктан Жахабага таянып, ошол жумада кечинде боло турган жыйналышка барган. Эртеси ал жумушуна барууну чечкен, бирок жумушта калган-калбаганын билген эмес. Көп өтпөй жумушунан бирөө телефон чалып, Жан-Клоддун жумушта калганын, ал эми менеджери жумуштан чыгарылып калганын айткан.

8, 9. Дин кызматчылар менен лебилердей болуп, канткенде Жахаба биздин үлүшүбүз экенин көрсөтө алабыз?

8 Айрымдар жумушунан айрылып калышы мүмкүн болгон жагдайга кабылганда: «Иштебесем, үй-бүлөмдү кантип багам?» — деп тынчсызданышы мүмкүн (1 Тим. 5:8). Ушундай жагдайга кабылып жатасыңбы же жокпу, эгер Жахаба сенин үлүшүң болсо, тагыраак айтканда, ага кызмат кылуу сыймыгын жогору бааласаң, эч качан өкүнбөйсүң. Иса жолдоочуларын биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издөөгө үндөгөндөн кийин, Жахабанын аларга «баарын» — тамак-аш, кийим-кече жана башка ушул сыяктуу зарыл нерселерди — берерине ынандырган (Мт. 6:33).

9 Лебилерди эстесең: аларга үлүшкө жер берилген эмес. Алар жашоосунда таза сыйынууну биринчи орунга койгондуктан, Жахабанын: «Сенин үлүшүң... Менмин»,— деген убадасына ишенип, ага таянышы керек болгон (Сан. 18:20). Биз бүгүн дин кызматчылар менен лебилердей болуп, ибадатканада кызмат кылбайбыз. Бирок Жахабанын бизге кам көрөрүнө толук ишенүү менен алардын маанайын чагылдырсак болот. Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Шайтандын дүйнөсүнүн бөлүгү болбоого аракет кылгандардын жашоосу оорлой бериши мүмкүн. Андыктан Жахабанын бизге кам көрөрүнө болгон ишенимибизди арттыра бергенибиз абдан маанилүү (Аян 13:17).

Биринчи кезекте Кудайдын адилдигин изде

10, 11. Айрымдар жумушка байланыштуу маселеде Жахабага таянарын кантип көрсөтүшкөн? Мисал келтир.

10 Иса жолдоочуларын «биринчи кезекте Кудайдын... адилдигин издөөгө» да үндөгөн (Мт. 6:33). Бул Жахабанын эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу нормаларын адамдардыкынан жогору коюу дегенди билдирет (Оку: Ышайа 55:8, 9). Балким, мурда тамеки өстүргөн же саткан, башкаларды согушууга үйрөткөн, согуш куралдарын жасаган же саткан кимдир бирөөлөрдү билеттирсиң. Ыйык Китептеги чындык жөнүндө билгенден кийин алардын көбү жумушун алмаштырып, өздөрүн Кудайга арнап чөмүлтүлүшкөн (Ыш. 2:4; 2 Кор. 7:1; Гал. 5:14).

11 Мисалга Эндрюну алалы. Аялы экөө Жахаба жөнүндө билим алгандан кийин, ага кызмат кылууну чечишкен. Эндрю өзүнүн жумушун аябай жакшы көрсө да, аны таштаган. Эмне үчүн? Анткени ал согушту колдогон уюмда иштечү, эгер жумушун таштабаса, биринчи кезекте Кудайдын адилдигин издей алмак эмес. Эндрюнун эки баласы кичинекей болчу. Жумушун таштагандан кийин анын үй-бүлөсү кирешесиз калган, акчасы болсо бир нече эле айга жетмек. Адамдык көз караш менен караганда, алардын эч кандай «үлүшү» жоктой көрүнгөн. Бирок Эндрю Жахабага таянып, жумуш издей баштаган. Ошол учурда алар Жахабанын «колу» кыска эмес экенине ынанышкан (Ыш. 59:1). Жашоосун жөнөкөйлөтүп, Эндрю аялы экөө атүгүл үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылуу сыймыгына ээ болушкан. «Акча-каражатты, үй маселесин, ден соолугубузду, улгайып баратканыбызды ойлоп тынчсызданган учурларыбыз болгон,— дейт Эндрю.— Бирок Жахаба бизге дайыма колдоо көрсөтчү... Жахабага кызмат кылуу жашоодогу эң арзырлык, эң сыймыктуу, баа жеткис иш экенине кымындай да шектенбейбиз» * (Нас. 12:13).

12. Жахабанын нормаларына карманыш үчүн эмне талап кылынат? Жергиликтүү мисал айтып бер.

12 Иса шакирттерине: «Сары кычы данындай эле ишенимге ээ болуп, бул тоого: „Бул жерден тиги жерге жыл“,— десеңер, ал жылат»,— деген (Мт. 17:20). Жахабанын адил нормаларына, кыйынга турган учурларда да, карманасыңбы? Эгер ошенте аларыңа көзүң жетпей жатса, жыйналышыңдагы бир туугандар менен сүйлөшүп көр. Алардын башынан өткөн окуялар сени рухий жактан сергитери шексиз.

Рухий чындыктарды баала

13. Кызматыбызды жогору бааласак, эмнеден шектенбесек болот?

13 Эгер Жахабага кызмат кылуу сыймыгын жогору бааласаң, ал лебилерге кам көргөндөй, сага да материалдык жана рухий жактан кам көрөрүнө шектенбесең болот. Дөөтүнү эстесең. Үңкүрдө жашынып жүргөндө ал толугу менен Жахабага таянган. Биз да жагдайдан чыгуунун жолу жоктой сезилген учурларда Жахабага таянсак болот. Асап жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Ал «Кудайдын ыйык жайына киргенде» ой жүгүртүүсү туура эмес болуп жатканын түшүнгөн (Заб. 72:17). Анын сыңарындай, оор жагдайларда Жахабанын бизди рухий жактан жандандырыш үчүн караштырган чараларын колдонушубуз керек. Ошентүү менен, жагдайыбыз кандай болбосун, Жахабага кылган кызматыбызды жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз жана Жахабанын биздин үлүшүбүз экени айкын болот.

14, 15. Ыйык китептик кайсы бир түшүнүк жаңыча түшүндүрүлгөндө, аны кандай кабыл алышыбыз керек жана эмне үчүн?

14 Жахаба, рухий жарыктын Булагы, Ыйык Китептеги «терең сырларын» ачып бергенде, аларды кандай кабыл аласың? (1 Кор. 2:10—13). Исанын: «Адам Уулунун денесин жеп, канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар»,— деген сөздөрүн Петирдин кандай кабыл алганынан үлгү алсак болот. Исанын сөздөрүн түз мааниде түшүнүп алган шакирттери: «Бул эмне дегени?! Муну ким угуп тура алат?» — дешкен. Ошондон кийин алар «кайрадан мурунку иштери менен алектенип» кетишкен. Ал эми Петир: «Мырзам, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр сенде да»,— деген (Жкн. 6:53, 60, 66, 68).

15 Петир Исанын денесин жеп, канын ичиш керек деген сөздөрдүн маанисин толук түшүнбөсө да, Кудайдын чындыктарды Иса аркылуу ачып берерине ишенген. Ыйык китептик кайсы бир түшүнүк жаңыча түшүндүрүлгөндө, анын эмне себептен ушундайча түшүндүрүлүп жатканын талдап көрүүгө аракет кыласыңбы? (Накыл 4:18). Биринчи кылымда жашаган бероялыктар «Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеп, сөздү өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышкан» (Элч. 17:11). Аларды тууроо Жахабага кызмат кылуу сыймыгын — Жахабанын үлүшүбүз экенин — ого бетер баалаганга түрткү берет.

Мырзабыздын жолдоочусу менен гана

16. 1 Корунттуктар 7:39га ылайык, Исанын бойдок жолдоочулары канткенде Жахаба анын үлүшү экенин көрсөтө алышат?

16 Исанын бойдок жолдоочусу Ыйык Китептеги «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана турмуш куруу керектигине байланыштуу буйрукка баш ийүү менен Кудайдын эркин эсинде бек сактаганын көрсөтө алат (1 Кор. 7:39). Көптөр Кудайдын бул буйругун бузгандан көрө бойдок калууну туура көрүшөт. Мындай бир туугандарга Жахаба мээримдүүлүк менен кам көрөт. Дөөтү өзүн жалгыз, жардамсыз калгандай сезгенде эмне кылды эле? Ал: «Анын алдына жалынуумду төктүм, Ага зар-муңумду ачтым. Рухум алсырап калганда, Сен менин жолумду билгенсиң»,— деген (Заб. 141:1—3). Ондогон жылдар бою Жахабага бойдок кызмат кылган Жеремия пайгамбарда да ушундай сезимдер болгон болушу керек. Балким, Жеремиянын үлгүсү жөнүндө «Кудайдын бизге Жеремия аркылуу айткан сөзү» (ор.) деген китептин 8-бөлүмүн изилдеп көрөттүрсүң.

17. Бир бир тууган жалгызсыроо сезими менен кантип күрөшүп келет?

17 «Мен такыр турмушка чыкпайм деп чечим чыгарган эмесмин,— дейт АКШда жашаган бир бир тууган.— Мен ылайыктуу жар тапканда гана турмуш кургум келет. Жахабанын Күбөсү эмес болгондуктан апам мени турмушка чык деп кыйнай берчү. Бир жолу апама: „Эгер мен бактысыз болуп калсам, сиз жооптуу болуп калбайсызбы?“ — деп айткам. Апам менин жакшы жумушта иштеп, өз жанымды өзүм багып жатканымды жана бактылуу экенимди көрүп, мага мурункудай кысым көрсөтпөй калды». Албетте, ал ишенимдешибиз кээде жалгызсырайт. Бирок ал: «Менин таянычым — Жахаба. Ал мени эч качан таштаган эмес»,— дейт. Ага Жахабага толук таянууга эмне жардам берет? «Тиленүү мага Жахабанын тирүү Кудай экенин унутпоого жана өзүмдү жалгыз сезбөөгө жардам берет,— дейт ал.— Эгер мени ааламдын Эгедери өзү угуп жатса, демек, мен бактылуу адаммын да, анда эмне үчүн өзүмдү басынтылгандай сезишим керек деп ойлоном». Ал бир тууган «алганга караганда берген бактылуу» деген сөздөрдүн чындык экенине көзү жеткен. Ал мындай дейт: «Башкаларга жардам берүүдө өзүмдү аябайм, жардам бергенде бир нерсе алам деп да үмүттөнбөйм. Мен кимдир бирөөгө кантип жардам берсем болот деп ойлоном. Бул мага чоң кубаныч тартуулайт» (Элч. 20:35). Арийне, Жахаба бул ишенимдешибиздин үлүшү болгондуктан, ал ага кызмат кылуудан зор кубаныч алууда.

18. Кандай мааниде сен Жахабанын үлүшү боло аласың?

18 Жагдайың кандай болбосун, Жахаба сенин үлүшүң боло алат. Ошондо анын бактылуу элинин арасында болосуң (2 Кор. 6:16, 17). Анын аркасында байыркы убактагы кызматчылардай болуп, сен да Жахабанын үлүшү боло аласың (Оку: Мыйзам 32:9, 10). Жахаба ысрайыл элин башка элдердин арасынан тандап алып, өзүнүн үлүшү кылгандай, сени да өзүнө таандык кыла алат жана сага мээримдүүлүк менен кам көрөт (Заб. 16:8).

[Шилтеме]

^ 11-абз. Кара: «Ойгонгула!», 2009-жыл, ноябрь, 12—14-беттер, ор.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издөө жагынан...

• Рухий чындыктарды баалоо жагынан...

• «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана турмуш куруу жөнүндөгү буйрукка баш ийүү жагынан...

...канткенде Жахаба биздин үлүшүбүз болот?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги кыстырма]

Жахаба биздин үлүшүбүз болушу үчүн, ага кылган кызматыбызды жашоодо биринчи орунга коюшубуз керек

[15-беттеги сүрөт]

Жеремиянын үлгүсүн изилдөө бекемдейт