Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Байге алгыдай чуркайлы»

«Байге алгыдай чуркайлы»

«Байге алгыдай чуркайлы»

«Байге алгыдай чуркагыла» (1 КОР. 9:24).

1, 2. а) Пабыл ишенимдештерин бекемдөө үчүн кандай мисал колдонгон? б) Кудайдын кызматчылары эмне кылууга чакырылат?

ЭВРЕЙЛЕРГЕ жазган катында элчи Пабыл ишенимдештерин бекемдөө үчүн күчтүү мисал колдонгон. Ал аларды жарышка түшкөн жөө күлүктөргө салыштырып, өмүр үчүн жарышта жалгыз чуркап баратышпаганын эсине салган. Ооба, аларды жарыштын аягына чейин ийгиликтүү чуркаган «көп күбөлөр» курчап турган. Алардын жакшы иштерин, жумшаган күч-аракетин эсине бек сактоо Исанын эврей жолдоочуларына өмүр жарышында багынбай, алдыга илгерилей берүүгө дем-күч бермек.

2 Мурунку макалада биз «көп күбөлөрдүн» айрымдарынын үлгүсүн карап чыкканбыз. Алардын баары жарыштын аягына чыгууга, башкача айтканда, өмүрүнүн аягына чейин Кудайга болгон берилгендигин сактоого күчтүү ишеним көмөк кылганын тастыкташкан. Канткенде биз да ийгиликтүү чуркап, жарыштын аягына чыга алабыз? Ошол макалада белгиленгендей, Пабыл ишенимдештерин, анын ичинде бизди: «Оордук келтирген нерселердин баарынан жана бизди оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн арылып, өзүбүзгө белгиленген жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы»,— деп үндөгөн (Эвр. 12:1).

3. Грек оюндарына катышкан жөө күлүктөр жөнүндө айтканда Пабыл эмнени баса белгилеген?

3 1-кылымда көптөр жакшы көргөн спорт мелдештеринин бири — жөө күлүктөрдүн жарышы — жөнүндө «Исанын алгачкы жолдоочуларынын тарыхы» деген китепте: «Гректер жылаңач машыгып, мелдешке жылаңач катышышчу»,— деп айтылат * («Backgrounds of Early Christianity»). Ылдамдыгы жайлабашы үчүн, жөө күлүктөр оордук келтире турган же жүк боло турган нерселердин баарынан арылышчу. Алардын жылаңач чуркаганы бүгүнкү күндө адепсиз, орунсуз көрүнүшү мүмкүн. Бирок мурун сыйлык алууну каалагандардын баары ошентүүгө даяр болушкан. Пабыл жогорудагы сөздөрдү айтуу менен өмүр жарышында сыйлыкка ээ болуу үчүн тоскоолдук кыла турган бардык нерседен арылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Бул Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары үчүн абдан зарыл кеңеш болгон, биз үчүн да зарыл. Анда өмүр жарышында бизге эмнелер оордук келтирип же жүк болуп, сыйлык алууга тоскоолдук кылышы мүмкүн?

«Оордук келтирген нерселердин баарынан... арылалы»

4. Нухтун күндөрүндөгү адамдардын көңүлүн эмне ээлеп алган?

4 Пабыл «оордук келтирген нерселердин баарынан... арылууну» кеңеш кылган. Буларга жарышыбызга бүт дитибизди коюуга жана бүт күчүбүздү жумшоого тоскоолдук кылган нерселердин баары кирет. Мисалы, эмнелер болушу мүмкүн? Пабыл санап өткөн күбөлөрдүн бири Нух жөнүндө окуганыбызда Исанын: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун күндөрүндө да ошондой болот»,— деген сөздөрүн эстейбиз (Лк. 17:26). Иса бул аятта негизинен алдыдагы улуу алаамат жөнүндө эмес, адамдардын жашоо мүнөзү жөнүндө сөз кылган (Оку: Матай 24:37—39). Нухтун күндөрүндөгү адамдардын басымдуу бөлүгү Кудайга жагууга умтулган эмес, ал тургай, ал жөнүндө билгиси да келген эмес. Аларды эмне алаксыткан? Жеп-ичүү, аял алуу, күйөөгө тийүү сыяктуу күнүмдүк эле иштер. Алардын көйгөйүнүн тамыры, Иса айткандай, «ойлонушпаганында» болгон.

5. Жарыштын соңуна чейин ийгиликтүү чуркоого эмне жардам берет?

5 Нух менен анын үй-бүлөсү сыяктуу, биз көп нерсе кылышыбыз керек. Мисалы, акча табышыбыз, өзүбүзгө, үй-бүлөбүзгө кам көрүшүбүз кажет. Буга көп убактыбызды, күч-кубатыбызды, каражатыбызды жумшоого туура келет. Өзгөчө каатчылык желкеден басып турган учурда жашоодогу зарыл нерселерди ойлоп сарсанаа болушубуз мүмкүн. Андан тышкары, Кудайга арналган кызматчылар катары биз маанилүү теократиялык жоопкерчиликтерди да аркалайбыз. Алсак, кызматка чыгабыз, жыйналыш жолугушууларына даярданып, аларга катышабыз, рухий жактан күчтүү болуу үчүн өздүк изилдөөнү жана үй-бүлө менен сыйынууну өткөрөбүз. Нух Кудайга кызмат кылууда көп нерсени кылышы керек болгон, бирок ал баарын Кудай кандай айтса, «так ошондой жасаган» (Башт. 6:22). Арийне, Исанын жолдоочулары түшкөн жарыштын аягына чыгууну кааласак, ага тоскоолдук кыла турган жүктү мүмкүн болушунча азайтып, кереги жок жүктөрдү албаганыбыз абдан маанилүү.

6, 7. Исанын кайсы кеңешин эсибизде бек сакташыбыз керек?

6 Пабыл «оордук келтирген нерселердин баарынан... арылуу» жөнүндө сөз кылганда эмнени айткысы келген? Албетте, аткарышыбыз керек болгон жоопкерчиликтерибиздин баарынан бошоно албайбыз. Бирок буга байланыштуу Исанын: «„Эмне жейбиз?“, „Эмне ичебиз?“ же „Эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла. Булардын баарын ойлоп, дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет»,— деген сөздөрүн эсибизде бек сактаганыбыз акылдуулукка жатат (Мт. 6:31, 32). Бул сөздөр көрсөтүп тургандай, тамак-аш, кийим-кечек сыяктуу жашоодогу зарыл нерселер деле, эгер аларды тийиштүү орунга койбосок, жүк же жолтоо болушу мүмкүн.

7 «Силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет»,— деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Бул Жахабанын Асмандагы Атабыз катары муктаждыктарыбызга өзү кам көрөрүн айгинелеп турат. Албетте, «мунун бардыгы» бизге жаккан же биз каалаган нерселер болбошу мүмкүн. Ошентсе да Иса «дүйнөнүн адамдары түйшүк тарткан» нерселерди ойлоп тынчсызданбашыбыз керектигин айткан. Эмне үчүн? Кийинчерээк ал угуучуларына: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын»,— деген кеңеш берген (Лк. 21:34).

8. Эмне үчүн азыр «оордук келтирген нерселердин баарынан... арыла» турган убак?

8 Мара сызыгына аябай эле аз калды. Жарыштын соңуна чыкканы калганда оордук келтире турган керексиз нерселерди үстүбүзгө үйүп алсак, кандай өкүнүчтүү болмок! Андыктан элчи Пабылдын: «Кудайга берилгендик жана колдо бар нерсеге ыраазы болуу — көп нерсеге ээ болуунун жолу»,— деген сөздөрүнө кулак какканыбыз акылдуулукка жатат (1 Тим. 6:6). Ошентсек, жарыштын аягына чыгып, байгеге ээ болорубуз шексиз.

«Бизди оңой эле чырмап ала турган күнөө»

9, 10. а) «Бизди оңой эле чырмап ала турган күнөө» деген сөздөр эмнени билдирет? б) Биз кантип чырмалып калышыбыз мүмкүн?

9 Пабыл «оордук келтирген нерселер» тууралуу айткандан сырткары, «бизди оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн» арылуу жөнүндө айткан. «Чырмап ала турган күнөө» эмне болушу мүмкүн? Ишенимдин жетишсиздиги. «Оңой эле чырмап ала турган» деп которулган грек сөзү Ыйык Китептин ушул аятында гана кездешет. Альберт Барнз деген окумуштуу: «Жөө күлүк чуркап баратканда бутуна оролуп, тоскоол боло турган кийимдерди кийбеши керек болгондой эле, Исанын жолдоочусу да жарыштын аягына чыгууга тоскоолдук кыла турган нерселердин баарынан арылышы керек»,— деп жазган. Исанын жолдоочусу кантип чырмалып калышы, атап айтканда, ишенимин алсыратып алышы мүмкүн?

10 Ал ишенимин кокусунан, бир заматта эле жоготуп албайт. Бул бара-бара, атүгүл байкалбай болушу мүмкүн. Эврейлерге жазган катынын баш жагында Пабыл ишенимден четтеп кетишибиз жана жүрөгүбүз «ишеними жок, катаал болуп калышы» мүмкүн экенин эскерткен (Эвр. 2:1; 3:12). Жөө күлүктүн кийими бутуна оролуп калса, анын жыгылары толук ыктымал. Ошондуктан ал бутка ороло турган кийимди кийип чуркоо опурталдуу экенин этибарга албай койбошу керек. Ал муну эмнеден улам этибарга албай коюшу мүмкүн? Шалаакылыктан же өзүнө өтө эле ишенгендиктен, же кайсы бир нерсеге алаксыгандыктан. Анда Пабылдын кеңешинен кандай сабак алабыз?

11. Ишенимибизди жоготуп алышыбызга эмнелер себеп болушу мүмкүн?

11 Ишенимибизди жоготуп коюшубузга жарыш учурунда кылган иш-аракеттерибиз себеп болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбаганыбыз маанилүү. Бир окумуштуу «оңой эле чырмап ала турган күнөөнүн» «жагдай-шартыбыз, табиятыбыз, чөйрөбүз аркылуу бизге үстөмдүк кыла турган күнөө» экенин белгилеп өткөн. Демек, айланабыздагы нерселер, алсыздыктарыбыз жана мамилелешкен адамдарыбыз бизге күчтүү таасир этет. Булар ишенимибиздин солгундашына, атүгүл аны жоготуп алышыбызга себеп болушу ыктымал (Мт. 13:3—9).

12. Ишенимибизди жоготуп албаш үчүн кандай эскертүүлөрдү көңүлүбүзгө түйүп алышыбыз керек?

12 Көп жылдардан бери ишенимдүү жана акылдуу кул эмнени көрүп, эмнени угуп жатканыбызга, атап айтканда, жүрөгүбүз менен акылыбызды эмнеге толтуруп жатканыбызга өзгөчө көңүл бурушубуз керектигин эскертип келет. Ошондой эле дүнүйө топтоонун кооптуу экенин да эсибизге салып келет. Көңүл ачуу дүйнөсүнүн жарк-журк эткен нерселерине, азгырыктарына же утуру жаңы чыга берген техникага кызыгуу да бизди ак жолдон тайдырышы мүмкүн. Мындай кеңештер эркиндигибизди өтө эле чектейт деп ойлоо же өзүбүздү рухий жактан күчтүү деп эсептегендиктен, алар бизге эмес, башкаларга тиешелүү деп ойлоо чоң жаңылыштык болуп калар эле. Шайтандын дүйнөсү жолубузга байкатпай чырмап ала турган жашыруун тузактарды коёт. Шалаакылык, өзүбүзгө өтө эле ишенүү же алаксытуулар айрымдарды ишенимден тайдырган, алар бизге да өмүр белегин алууга тоскоолдук кылышы ыктымал (1 Жкн. 2:15—17).

13. Өзүбүздү зыяндуу таасирлерден кантип коргой алабыз?

13 Бул дүйнөдөгү адамдар күнүгө бизге өздөрүнүн мүдөө-максаттарын, баалаган нерселерин, ой жүгүртүүсүн таңуулаганга аракет кылышат (Оку: Эфестиктер 2:1, 2). Бирок алардын таасирине алдырар-алдырбасыбыз көбүнесе өзүбүздөн көз каранды. Пабыл айткан «аба» өмүргө коркунуч туудурат. Андыктан ошол «аба» менен дем алып тумчугуп калып, жарыштын аягына чыкпай калбаш үчүн дайыма сак болушубуз керек. Ак жолдон тайбоого эмне жардам берет? Мыкты жөө күлүк Исанын үлгүсү (Эвр. 12:2). Мындан тышкары, Исанын жолдоочусу катары өмүр үчүн жарышка катышып, ишенимдештерин өзүн тууроого үндөгөн Пабылдын үлгүсү (1 Кор. 11:1; Флп. 3:14).

Канткенде «байге ала» алабыз?

14. Пабыл өзүнүн жарышка катышканына кандай караган?

14 Пабыл өзүнүн жарышка катышканына кандай караган? Эфестеги аксакалдарга акыркы жолу кайрылганда ал: «Мен жанымды эч аябайм... жарышымды жана Мырзабыз Иса тапшырган кызматымды аягына чыгарсам эле болду»,— деген (Элч. 20:24). Жарыштын аягына чыгуу үчүн ал баарынан, атүгүл өз жанынан кечүүгө даяр болгон. Пабыл, эгер жарыштын аягына чыга албай кала турган болсо, жакшы кабарды жарыялоодо жумшаган күч-аракети, оор эмгеги эч нерсеге арзыбай калмак деп эсептеген. Бирок ал өзүнө өтө эле таянып, сөз жок жарыштын соңуна чыгам деп ойлогон эмес (Оку: Филипиликтер 3:12, 13). Өмүрүнүн аягында гана Пабыл: «Мен ийгиликтүү күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимимди сактадым»,— деп ишенимдүүлүк менен айткан (2 Тим. 4:7).

15. Пабыл өзү менен чуркап бараткан ишенимдештерин эмнеге үндөгөн?

15 Пабыл ишенимдештеринин да орто жолдон жарыштан чыгып калбай, марага жетишин абдан каалаган. Мисалы, ал Филипидеги ишенимдештерин куткарылуу үчүн жан талашып аракет кылууга үндөгөн. Алар «өмүр сөзүнө бекем карманышы» керек болчу. Пабыл аларга: «Натыйжада, Машаяктын күнү келгенде, бекер чуркабаганыма жана бекер мээнеттенбегениме кубанам»,— деген (Флп. 2:16). Ошондой эле ал Корунттагы бир туугандарын: «Байге алгыдай чуркагыла»,— деп үндөгөн (1 Кор. 9:24).

16. Эмне себептен максатыбыз же байгебиз биз үчүн реалдуу болушу керек?

16 Алыс аралыкка чуркоодо, мисалы, марафондо жөө күлүк адегенде мара сызыгын көрбөйт. Ошентсе да ал чуркап баратканда аны көңүлүнүн борборунда сактайт. Ал эми марага аз калганын сезгенде, ал үчүн көздөгөнү ого бетер айкын боло баштайт. Биздин жарышта да ошондой болушу керек: көздөгөн максатыбыз же байгебиз биз үчүн реалдуу болушу зарыл. Бул бизге жарыштын аягына чыгууга бел байлап, жеңишке жетүүгө жардам берет.

17. Ишеним сыйлыкка көңүл топтоого кандайча жардам берет?

17 «Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү жана көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү»,— деп жазган Пабыл (Эвр. 11:1). Ыбрайым менен Саара майкөл-сүткөл жашоосун таштап, бөтөн жерде «убактылуу тургундар» катары жашашкан. Аларга ошондой курмандыктарга барууга эмне жардам берген? Алар «[Кудайдын убадаларынын аткарылышын] алыстан... көрүшкөн». Ал эми Муса «күнөөдөн убактылуу ырахат алуудан», «Мисирдин байлыгынан» баш тарткан. Ошентүүгө ал ишенимди, күчтү каяктан алган? Ал сыйлыктан көзүн алган эмес (Эвр. 11:8—13, 24—26). Ошондуктан Пабылдын ал ишенимдүү күбөлөрдүн ар бири жөнүндө жазганда сөзүн «ишенимдин аркасында» деп баштаганы таң калыштуу эмес. Ишеним аларга кыйынчылыктардын, сыноолордун аркасында турган сыйлыкты көрө билип, Кудайдын аларга кылып жаткан жана келечекте кыла турган жакшылыктарына көңүл топтоого жардам берген.

18. «Оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн арылуу» үчүн кандай кадамдарды жасасак болот?

18 Эврейлер китебинин 11-бөлүмүндө жазылган ишенимдүү эркек-аялдардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүп, аларды тууроо менен биз ишенимибизди өрчүтүп, «оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн арыла» алабыз (Эвр. 12:1). Андан сырткары, биз сыяктуу ишеним өрчүтүп жаткан бир туугандарыбыз менен чогулуп, бири-бирибизди «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөй» алабыз (Эвр. 10:24).

19. Байгеге көңүл топтоп чуркай берүү эмне үчүн маанилүү?

19 Жарышыбыз соңуна чыгып калды. Мара сызыгы көрүнө баштады. Ишенимибиздин, ошондой эле Жахабанын жардамы менен биз да «оордук келтирген нерселердин баарынан жана бизди оңой эле чырмап ала турган күнөөдөн арыла» алабыз. Ооба, биз байге алгыдай — Кудайыбыз жана Атабыз Жахаба убадалаган баталарга ээ болгудай — чуркай алабыз!

[Шилтеме]

^ 3-абз. Байыркы убактагы жүйүттөр муну уятсыздык деп эсептешчү. Апокрифтик деп эсептелген 2 Маккавейлер китебине ылайык, жүйүт дининен четтеген башкы дин кызматчы Жейсон жүйүт элине грек маданиятын сиңирүү максатында Иерусалимде гимнастикалык зал курууну сунуш кылганда, чоң талаш чыккан (2 Мак. 4: 7—17).

Эсиңердеби?

• «Оордук келтирген нерселердин баарынан... арылуу» эмнени билдирет?

• Исанын жолдоочусу эмнеден улам ишенимин жоготуп алышы мүмкүн?

• Эмне себептен байге биз үчүн реалдуу болушу керек?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

«Оңой эле чырмап ала турган күнөө» деген эмне жана ал кантип чырмап алышы мүмкүн?