Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба сени билеби?

Жахаба сени билеби?

Жахаба сени билеби?

«Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет» (2 ТИМ. 2:19).

1, 2. а) Иса үчүн эмне баарынан маанилүү болгон? б) Кандай суроолор тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек?

БИР жолу бир фарисей Исага келип: «Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сураганда, ал: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деп жооп берген (Мт. 22:35—37). Иса асмандагы Атасын жан-дили менен сүйгөн жана муну иш жүзүндө көрсөткөн. Ошондой эле өткөргөн жашоосу менен ал үчүн Жахабанын жактыруусуна ээ болуу баарынан маанилүү экенин айгинелеген. Андыктан өлөрүнө аз калганда Жахаба аны буйруктарын берилгендик менен аткарган кызматчысы катары билерине эч шектенген эмес. Ырас, Жахабанын буйруктарына баш ийүүнүн аркасында Иса анын сүйүүсүнөн айрылган эмес (Жкн. 15:10).

2 Бүгүнкү күндө көптөр Кудайды сүйөбүз деп ырасташат. Биз да ушундай адамдардын катарына киребиз деп айта алабыз. Бирок төмөндөгү суроолордун үстүнөн ойлонуп көргөнүбүз маанилүү: Кудай мени билеби? Жахаба мага кандай карайт? Жахаба мени өзүнө таандык деп эсептейби? (2 Тим. 2:19). Ааламдын Эгедерине таандык болуу кандай гана чоң сыймык!

3. Эмне үчүн айрымдар Жахабага таандык боло аларына шектениши мүмкүн жана мындай ой жүгүртүүдөн качууга эмне жардам берет?

3 Ошентсе да Жахабаны сүйгөндөрдүн айрымдары Жахабанын аларга карата жакшы ойдо экенине шектенишет. Алар өздөрүн татыксыз сезгендиктен, Жахабага таандык боло аларына күмөн санашат. Бирок Жахабанын бизге такыр башкача караарын билүү кандай гана жубатат! (1 Шем. 16:7). Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ким Кудайды сүйсө, Кудай аны билет»,— деп жазган (1 Кор. 8:3). Эгер Кудай сени билишин кааласаң, аны сүйүшүң керек. Бул жөнүндө ойлонуп көрсөң: эмне үчүн сен колуңдагы журналды окуп жатасың? Эмне себептен Жахабага бүт жүрөгүңдү, бүт жаныңды, бүт акылыңды, бүт күчүңдү берип кызмат кылууга умтуласың? Эгер өзүңдү Жахабага арнап, чөмүлтүлгөн болсоң, бул кадамдарды жасоого сага эмне түрткү берди эле? Ыйык Китепте жүрөктөрдү сынаган Жахаба «элдердин асыл заттарын» өзүнө жакындатары айтылат (Акай 2:7, «ЖД»; оку: Жакан 6:44). Демек, сен Жахабага ал сени өзүнө жакындаткандыктан, кызмат кылып жатасың. Ал өзүнө жакындаткан адамдарды, эгер алар ишенимдүүлүгүн сактаса, эч качан калтырбайт. Жахаба аларды абдан баалайт жана абдан жакшы көрөт (Заб. 93:14).

4. Жахаба менен болгон достугубуз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

4 Жахаба бир кездерде бизди өзүнө жакындаткан, бирок анын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн бизден да күч-аракет жумшоо талап кылынат (Оку: Жүйүт 20, 21). Анткени Ыйык Китепте Кудайдан четтеп же андан алыстап кетишибиз мүмкүн экени эскертилет (Эвр. 2:1; 3:12, 13). Алсак, 2 Тиметей 2:19дагы сөздөрдү жазардан мурун элчи Пабыл Именей менен Пилетти айта кеткен. Сыягы, алар Жахабага таандык болуп жүрүп, кийин чындыктан четтеп кетишкен (2 Тим. 2:16—18). Галатиядагы жыйналыштагылардын айрымдары да Жахабадан алыстап, рухий жарыкта жүрбөй калышкан (Гал. 4:9). Биз Жахаба менен болгон достугубуз баа жеткис сыймык экенин эч качан унутпашыбыз керек!

5. а) Кудай баалаган сапаттардын айрымдары кайсылар? б) Кандай адамдар жөнүндө билебиз?

5 Жахабанын бизди билишин кааласак, ал баалаган сапаттарды өрчүтүшүбүз керек (Заб. 14:1—5; 1 Пет. 3:4). Кудай таанып-билген адамдарды ишеним жана момундук айырмалап турат. Бул макалада ушул сапаттарды чагылдыруу менен Жахабага жаккан эки адамдын үлгүсүнө токтолобуз. Ошондой эле текеберденип кеткендиктен Жахабанын жактыруусунан айрылып калган бир киши жөнүндө да билебиз. Алар жөнүндө билүүнүн аркасында көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Ишеним көрсөткөндөрдүн «атасы»

6. а) Ыбрайым ишенимин иш жүзүндө кантип көрсөткөн? б) Жахаба Ыбрайымды эмне үчүн жакшы билген?

6 Ыбрайым «Теңирге ишенген» адам болгон. Ошондуктан «бардык ишенгендердин атасы» деп аталып калган (Башт. 15:6; Рим. 4:11). Ишениминин аркасында ал үйүн, мүлкүн, досторун калтырып, Кудай айткан жерге жөнөгөн (Башт. 12:1—4; Эвр. 11:8—10). Көп жылдар өтсө да, Ыбрайымдын күчтүү ишеними солгундаган эмес. Муну анын Кудайдын буйругуна баш ийип, жалгыз уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгонунан көрүүгө болот (Эвр. 11:17—19). Ыбрайым Жахабанын убадаларына ишенгендиктен, Жахаба аны өзгөчө баалаган жана жакшы билген (Оку: Башталыш 18:19). Жахаба Ыбрайымды жерде жашаган бир киши катары эле көргөн эмес, ал аны өзүнүн досу катары жогору баалаган (Жкп. 2:22, 23).

7. Ыбрайым Жахабанын убадаларына карата кандай көз карашта болгон жана бул ага кандай таасир эткен?

7 Белгилей кетчү нерсе, Ыбрайым Кудай убадалаган жерди көзү тирүү кезинде мурастаган эмес. Ошондой эле тукумунун «асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйгөнүн» көргөн эмес (Башт. 22:17, 18). Бул убадалар анын көзү тирүү кезинде аткарылбаса да, ал Кудайга болгон ишенимин бекем сактаган. Ыбрайым Кудайдын убадаларын аткарылгандай эле эсептесе болорун билген. Ошондуктан ишенимине ылайык жашоо өткөргөн (Оку: Эврейлер 11:13). Жахаба сени да Ыбрайымдыкындай ишеним көрсөткөн адам катары билеби?

Жахабаны күтүү — ишенимдин белгиси

8. Көптөр кандай каалоолорун ишке ашыргысы келет?

8 Балким, айрым каалоолорубуз көптөн бери аткарылбай жаткандыр. Ылайыктуу жар табууну, балалуу болууну, ден соолукту чыңдоону каалоо табигый эле нерсе жана андай каалоолордун эч жаман жери жок. Бирок көптөрүбүз каалаган нерселерибизге жетпей келебиз. Сенин да жагдайың ушундайбы? Анда жагдайыңды кантип чечериңден ишенимиңдин канчалык бекем экени көрүнөт.

9, 10. а) Айрымдар каалоолорун кандай жол менен ишке ашырууга умтулат? б) Кудайдын убадаларынын аткарылышына карата кандай ойдосуң?

9 Ушул сыяктуу каалоолорубузду Кудайдын принциптерин бузуу менен ишке ашыруу кандай гана акылсыздык болмок! Бул биздин рухийлигибизге зыян келтирмек. Мисалы, айрымдар Жахабанын принциптерине каршы келген дарылоо ыкмаларын тандашкан. Башкалар болсо үй-бүлөсүнөн, жыйналыштан алыстаткан жумушка орношушкан. Дагы бирөөлөр ишенимдеш эмес адамга карата махабат сезимин өстүрүп алышкан. Эгер Исанын жолдоочусу ушундай кылса, ал чындап эле Жахабанын аны билишин каалап жаткан болобу? Эгер Ыбрайым Кудайдын убадаларынын аткарылышын күтпөсө, Жахаба кандай ойдо болмок? Же жагдайын өзү каалагандай чечүүгө аракет кылып, жашоосун кайрадан ыңгайлуу кылууга умтулса же атын чыгарганга аракет кылса, эмне болот эле? (Салыштыр: Башталыш 11:4). Жахаба жакшы билген адам катары белгилүү болот беле?

10 Сен кайсы каалоолоруңдун аткарылышын эңсеп келесиң? Орундуу каалоолоруңду ишке ашырууну убадалаган Жахабаны күткүдөй күчтүү ишенимге ээсиңби? (Заб. 144:16). Ыбрайымга берилген убадалар сыяктуу эле, балким, Кудайдын айрым убадалары биз каалаган убакта аткарылбашы мүмкүн. Бирок Жахаба биздин Ыбрайымдыкындай ишеним өрчүтүп, ошол ишенимибизге ылайык иш-аракет кылышыбызды каалайт. Ушундай кылсак, сыйлык аларыбызга шектенбесек болот (Эвр. 11:6).

Момундук менен текебердиктин айырмасы

11. Корак кандай сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгон жана бул эмнени көрсөтүп турат?

11 Муса менен Корак Жахабанын чараларын жана чечимдерин колдоо жагынан абдан айырмаланышкан. Жахабанын аларга карата кандай көз карашта болору алардын Жахабанын чечимдерине канчалык урмат көрсөткөнүнөн көз каранды болгон. Корак Каат уулдарынан чыккан леби болгон жана көптөгөн сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болчу. Алсак, сыягы, ал ысрайылдыктардын Кызыл деңиз аркылуу өткөнүн көргөн, ысрайылдыктар Синай тоосунда күнөө кылганда Жахабанын аларга каршы чыгарган өкүмүн ишке ашырууга катышкан, ошондой эле келишим сандыгын көтөрүп жүргөндөрдүн арасында болгон (Чыг. 32:26—29; Сан. 3:30, 31). Бул анын Жахабага көптөгөн жылдар бою ишенимдүү кызмат кылганын жана ысрайылдыктар кадырлап-сыйлаган киши болгонун көрсөтүп турат.

12. 28-бетте көрсөтүлгөндөй, Корактын текебердиги эмнеге алып келген?

12 Бирок ысрайыл эли Убадаланган жерге баратканда, Корак Жахабанын өз элин жетектөө үчүн караштырган чарасынын тууралыгына шек санай баштаган. Ысрайыл элинин 250 жамаат башчысы да анын тарабына кошулуп, өзгөртүү киргизүүнү талап кылышкан. Корак да, анын жактоочулары да Жахабанын жактыруусуна ээбиз деп ойлошкон. Ошондуктан Муса менен Арунга келип: «Силердики жетишет, бүт жамаат ыйык, бардыгы ыйык. Теңир алардын арасында!» — дешкен (Сан. 16:1—3). Алар өздөрүн көтөрүп, кандай гана текеберденишкен! Муса аларга: «Теңир ким Өзүнүкү экенин... көрсөтөт»,— деп жооп берген (Оку: Сандар 16:5). Эртеси кечинде козголоң чыгарган Корак менен анын жактоочулары өлүмгө дуушар болушкан (Сан. 16:31—35).

13, 14. Муса момун экенин кантип көрсөткөн?

13 Алардан айырмаланып, «Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон» (Сан. 12:3). Ал жумшак жана момун экенин Жахабанын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө чечкиндүү болуу менен көрсөткөн (Чыг. 7:6; 40:16). Муса Жахабанын туура иш кыларына шектенген же Жахаба берген көрсөтмөлөргө баш ийүүдөн тажаган деп Ыйык Китептин эч бир жеринде айтылбайт. Жахаба ага жыйын чатырынын кандай курулушу керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүргөн. Мисалы, жиптин өңү кандай болушу керектигин, жыйын чатырынын жабуусунун илмектери канча болушу керектигин айткан (Чыг. 26:1—6). Балким, Кудайдын уюмунда жетекчиликти колго алган көзөмөлчүдөн өтө эле майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн көрсөтмөлөрдү алганда, кыжырданган учурларың болгондур. Ал эми Жахаба — жеткилең көзөмөлчү, ал кызматчыларына кандайдыр бир тапшырма бергенде, алардын ал тапшырманы мыкты аткара аларына ишенет. Бирок айрым нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берип жатса, демек, буга орчундуу себептер бар болушу мүмкүн. Жахаба жыйын чатырына байланыштуу көрсөтмөлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп бергенде, Муса өзүн басынтылгандай же Жахаба анын эркиндигин чектеп жаткандай сезип, кыжырданган эмес. Тескерисинче, ал жумушчулардын жыйын чатырын Кудай кандай айтса, «так ошондой» курушуна кам көргөн (Чыг. 39:32). Ооба, Муса чынында эле момун болгон. Ал өзүнө тапшырылган иштин Жахабанын иши экенин жана ошол ишти аткарууда Жахаба аны «куралы» катары колдонуп жатканын түшүнгөн.

14 Муса момун экенин көңүл кайтыкка кабылганда да көрсөткөн. Мисалы, бир жолу ысрайыл эли наалыганда, ал ачууланганынан улам, Жахабага таандык даңкты өзүнө ыйгарып алган. Натыйжада Жахаба Мусанын ысрайыл элин Убадаланган жерге алып барбай тургандыгын айткан (Сан. 20:2—12). Ал агасы Арун экөө элдин наалыганына көптөгөн жылдар бою чыдап келишкен. Бирок бир эле жолу жаңылганынын айынан Муса көптөн бери эңсеп келген нерсесине жетпей калган! Ал муну кандай кабыл алган? Бул, албетте, анын көңүлүн чөгөргөн, бирок Муса Жахабанын чечимин момундук менен кабыл алган. Ал Жахабанын адил Кудай экенин жана анда адилетсиздик жок экенин билген (Мыйз. 3:25—27; 32:4). Муса жөнүндө ойлонгондо, аны Жахаба жакшы билген киши катары эсептейсиңби? (Оку: Чыгуу 33:12, 13).

Жахабага баш ийүү үчүн момундук талап кылынат

15. Корактын текебердиги эмнеге алып барганынан кандай сабак алсак болот?

15 Жахабанын бизди билишин кааласак, дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарда болгон өзгөртүүлөрдү жана жетекчиликти колго алгандар чыгарган чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Корак жана анын тарабын жактагандар өздөрү жөнүндө жогору ойдо болуп, текеберденгендиктен жана ишеними жетишпегендиктен Жахабадан алыстап кетишкен. Корак Мусаны карып калган киши катары көрүп аны өзү билгендей чечим чыгарып жатат деп ойлогон. Ал Жахабанын Муса аркылуу өз элин жетектеп жатканын унутуп калган. Натыйжада Кудай колдонгон кишилерге берилгендик көрсөтпөй калган. Корактын Жахабаны күткөнү акылдуулукка жатмак. Жахаба ага жагдайды толугураак түшүнүүгө жардам бермек же зарыл болсо, кайсы бир нерсени өзгөртмөк. Бирок ал күткөн эмес, ошондуктан, ал Жахабага көптөгөн жылдар бою ишенимдүү кызмат кылса да, бүгүн биз аны текебер киши катары билебиз.

16. Мусадай болуп, момундукту чагылдырсак, натыйжасы кандай болот?

16 Бул билдирүү бүгүнкү күндөгү аксакалдар жана жыйналыштын башка мүчөлөрү үчүн олуттуу эскертүү. Жахабаны күтө билүү үчүн жана жетекчиликти колго алгандардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү үчүн момундук талап кылынат. Мусага окшоп, биз да момундукту, жумшактыкты чагылдырабызбы? Арабызда жетекчиликти колго алгандарды Жахаба дайындаган адамдар катары кабыл алып, көрсөтмөлөрүнө баш иебизби? Көңүл кайтыкка кабылганда сезимдерибизди башкара алабызбы? Эгер ушундай кылсак, Жахаба билген адамдардын катарында болобуз. Ооба, момундук жана тил алчаактык Жахабанын жактыруусуна ээ кылат.

Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет

17, 18. Кудайга таандык адамдардын катарында болууга бизге эмне жардам берет?

17 Жахаба өзүнө жакындаткан жана жакшы билген адамдар жөнүндө ой жүгүртүү пайдалуу. Ыбрайым менен Муса бизге окшогон эле жеткилеңсиз, ката кетирген адамдардан болушкан. Ошентсе да Жахаба аларды өзүнө таандык адамдар катары жакшы билген. Бирок биз, Корак менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, Жахабадан алыстап, анын жактыруусунан айрылып калышыбыз мүмкүн. Андыктан өзүбүздөн: «Жахаба мага карата кандай көз карашта? Ыйык Китептеги үлгү калтырган адамдардан эмнеге үйрөнө алам?» — деп сурап көргөнүбүз жакшы.

18 Жахаба өзүнө жакындаткан ишенимдүү кызматчыларын өзүнө таандык деп эсептээрин билүү абдан жубатарлык. Мындан ары да ишенимиңди, момундугуңду жана Жахабанын жактыруусуна ээ болууга жардам берген дагы башка сапаттарды өрчүтүүгө аракет кыла бер. Жахаба билген адамдардын катарында болуу чоң сыймык. Бул азыркы жашообузда бизге канааттануу тартуулайт, ал эми келечекте болсо кереметтүү баталарга ээ кылат (Заб. 36:18).

Эсиңердеби?

• Жахаба бизди билишин кааласак, эмне кылышыбыз керек?

• Ишеним көрсөтүү жагынан Ыбрайымды кантип туурай алабыз?

• Корак жана Муса менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Ыбрайымга окшоп, Жахабанын өз убадаларын аткарарына ишенебизби?

[28-беттеги сүрөт]

Корак текеберденип кеткен жана жетекчиликке баш ийген эмес

[29-беттеги сүрөт]

Жахаба сени көрсөтмөлөргө момундук менен баш ийген адам катары билеби?