Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Кудай Сөзүнөн билим ал

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Бул макаладагы суроолор жөнүндө ойлонуп жүргөндүрсүңөр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Үй-бүлө бактылуу болуш үчүн нике эмне үчүн мыйзамдуу түрдө катталышы керек?

Никени Жахаба Кудай негиздеген. Үй-бүлө бактылуу болушу үчүн нике мыйзамдуу түрдө катталышы керек, анткени бул жубайлардын бири-бирине берилгендик сакташына эле эмес, балдардын атасынын да, энесинин да мээримин көрүп чоңоюшуна шарт түзөт. Кудай никенин мыйзамдуу түрдө катталышын жана түбөлүккө созулушун каалайт (Лука 2:1—5). Ошондой эле жубайлардан бири-бирине берилгендик сакташын күтөт (Еврейлер 13:4). Жахаба Кудай ажырашканга жана башка бирөө менен турмуш курганга жубайлардын бири ойноштук кылганда гана жол берет (Оку: Матай 19:3—6, 9).

2. Жубайлар бири-бирине кандай мамиле кылышы керек?

Жахаба Кудай эркек менен аялды бири-бирин толуктап тургудай кылып жараткан (Башталыш 2:18). Күйөө үй-бүлө башчысы катары үй-бүлөсүн багышы керек, ошондой эле аларды Кудай жолунда жүргөнгө үйрөтүшү керек. Ал аялын чын жүрөктөн сүйүп, анын жыргалчылыгын көздөшү зарыл. Жубайлардын бири-бирин сүйүп, урматтаганы аябай маанилүү. Андан сырткары, баары ката кетирет, ошондуктан жубайлар кечиримдүү болгонго үйрөнүшү кажет. Бул үй-бүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзөт (Оку: Эфестиктер 4:31, 32; 5:22—25, 33; 1 Петир 3:7).

3. Бактылуу боло албай жатсаңар, бөлөк жашашыңар керекпи?

Ортоңордо келишпестиктер болсо, бири-бириңерге сүйүү менен мамиле кылганга умтулгула (1 Корунттуктар 13:4, 5). Ыйык Китепте жубайлардын ортосунда келишпестиктер болсо эле бөлөк жашаш керек деп кеңеш берилбейт. Бирок кээде айрым жагдайлардан улам жубайлардын бири өзүнчө жашаганга аргасыз болот (Оку: 1 Корунттуктар 7:10—13).

4. Балдар, Жараткан Кудай эмнени каалайт?

Кудай силердин бактылуу болушуңарды каалайт. Ошондуктан балалык кезиңерди кубанычтуу өткөрүшүңөр үчүн эң сонун кеңештерди берет. Ал силердин көптү билип, көптү көргөн ата-энеңерге баш ийишиңерди каалайт (Колосалыктар 3:20). Жахаба Кудай ата-энеңерге баш ийип жатканыңарды көргөндө абдан кубанат (Оку: Насаатчы 11:9—12:1; Матай 19:13—15; 21:15, 16).

5. Ата-энелер, балдарыңарды канткенде бактылуу кыла аласыңар?

Ата-энелер күжүрмөн эмгектенип, балдарын тамак-аш, кийим-кечек жана турак жай менен камсыз кылышы керек (1 Тиметей 5:8). Бирок балдарыңар бактылуу болушу үчүн аларга Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүткөнгө жана анын осуяттарын үйрөнгөнгө жардам беришиңер зарыл (Эфестиктер 6:4). Бул жагынан өзүңөр үлгү көрсөтсөңөр аларга жакшы таасир этет. Эгер балдарыңарды Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонуп тарбияласаңар, алардын ой жүгүртүүсү туура калыптанып, жакшы адамдардан болуп чоңоюшат (Оку: Мыйзам 6:4—7; Накыл сөздөр 22:6).

Балдарыңарды мактап, кубаттап турганыңар жакшы. Ошондой эле балдарыңарды оңдоп-түзөп, аларга кеп-кеңеш айтып турушуңар да зарыл. Ошондо алар жаман нерселерден алыс болуп, бактылуу боло алышат (Накыл сөздөр 22:15). Бирок балдарыңарды тарбиялап, оңдоп-түзөгөндө өтө катаал, ырайымсыз болбошуңар керек (Оку: Колосалыктар 3:21).

Жахабанын Күбөлөрү ата-энелерге жана балдарга пайдасы тие турган китептерди басып чыгарышат. Ал китептердеги кеңештер Ыйык Китепке негизделет (Оку: Забур 19:7, 11).

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 14-бөлүмүн кара.