Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эли үчүн өлүмгө башын байлаган

Эли үчүн өлүмгө башын байлаган

Ишенимдин үлгүсү

Эли үчүн өлүмгө башын байлаган

ЭСТЕР ажалын оозуна тиштеп, Шушандагы ак сарайга жакындап келатат. Улам жакындаган сайын ою онго, санаасы санга бөлүнүүдө. Ак сарайдын түркүн түскө боёлуп, оймо-чиймеленген заңкайган дубалдары, дубалдарга чегилген канатын жайган букалар, жаачылар, айбаттуу арстандар жана жол-жол болуп оюлуп жасалган көк тиреген тирөөчтөрү, төбөсү асманга жеткен айкелдери ары сүрдүү, ары сестүү көрүнөт. Ак сарай чокусунан кар кетпеген Загрос тоолоруна жакын жердеги дөбөдөн орун алгандыктан ал жерден Хоаспес дарыясы алаканга салгандай көрүнүп турат. Ушунун баары ал жерге келген кишиге падышанын чексиз күчкө, бийликке ээ экенинен кабар берет. Ак сарайдын падышасы, чынында эле, дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү, өзүн «улуу падыша» деп атаган киши эле. Ал Эстердин күйөөсү да болчу.

Акашбейроштой болгон кишиге турмушка чыгам деген ой Кудайга ишенимдүү кызмат кылган жүйүт кызынын үч уктаса түшүнө кирген эмес болуш керек! * Ал киши Кудайдын айтканына момундук менен баш ийип, аялы Сааранын кеңешин кабыл алган Ыбрайым пайгамбар сыяктуу кишилерден кыйла айырмаланган (Башталыш 21:12). Акашбейрош падыша Эстер ишенген Жахаба Кудайды да, анын мыйзамдарын да билчү эмес. Бирок падыша перстердин мыйзамын, анын ичинде Эстер бузган мыйзамды жакшы билген. Ал кандай мыйзам эле? Ал мыйзам боюнча, чакырылбай туруп, падышанын алдына барган киши өлүм жазасына тартылмак. Эстер ушул мыйзамды бузуп, чакырылбаса да падышанын алдына барганга аргасыз болгон. Тактыда отурган падышага көрүнгүдөй жерге жакындап калганда Эстерге ажал менен беттешкени тургандай сезилгендир (Эстер 4:11; 5:1).

Эстер эмне үчүн өмүрүн тобокелге салган? Кудайга бекем ишенген Эстерден эмнеге үйрөнө алабыз? Бул суроолорго жооп алардан мурун, келгиле, Эстер кандайча Персиянын канышасы болуп калганын карап чыгалы.

«Келбети келишкен, сулуу»

Эстер жетим кыз болчу. Ата-энеси ага Хадаса деп ат койгон. Бирок Ыйык Китепте анын ата-энеси жөнүндө дээрлик эч нерсе айтылбайт. Анын Хадаса деген аты «мирт» деген өсүмдүктүн, ак гүлдүү бадалдын, атынан коюлган. Ата-энеси каза болуп калганда, аны аталаш бир тууганы Мордохай асырап алып, өз кызындай тарбиялап-чоңойткон (Эстер 2:5—7, 15).

Мордохай менен Эстер башка жүйүт туткундары менен бирге Персиянын борборунда жашашкан. Ал жердегилер жүйүттөрдү, кыязы, туткан дини жана өздөрүнүн мыйзамдарына бекем карманганы үчүн жактырышкан эмес. Ошого карабай Эстер Мордохайдын ага өз элин далай жолу куткарган кайрымдуу Жахаба Кудай жөнүндө айтып бергендерин угуп, таалим-тарбиясын ала берген (Лебилер 26:44, 45). Ушунун аркасында экөө атасы менен кызындай болуп, ынак болуп калышкан.

Калыбы, Мордохай Шушандагы ак сарайда кызмат кылган, анткени ал падышанын кызматчылары менен бирге дайыма ак сарайдын дарбазасынын алдында отурчу (Эстер 2:19, 21; 3:3). Эстердин балалык кези кандай өткөнүн белгисиз, бирок ал багып алган атасы Мордохайга күйүмдүү жана үй-иштерине тың кыз болгон деп элестетсек болот. Алар дарыянын аркы өйүзүндө, шаардын жакырлар отурукташкан жеринде, турушчу. Эстер алтын-күмүш жасалгалар жана түркүн буюмдар сатылган Шушандагы базарга барганды жакшы көрсө керек. Көздүн жоосун алган андай кымбат баалуу жасалгаларга, буюм-тайымдарга ээ болом деп ал такыр ойлогон эместир.

Каныша алмашат

Күндөрдүн биринде Шушандагы эл падыша сарайында болгон бир окуяны угуп, аябай уу-дуу болот. Акашбейрош падыша аттуу-баштуу кишилерин чоң тойго чакырып, аларды эң мыкты шарап, тамак-аш менен сыйлайт. Анан аларга чүрөктөй сулуу канышасы Баштини көрсөтүп, мактангысы келет. Ошол учурда Башти каныша башка аялдар менен өзүнчө көңүл ачып жаткан. Падыша канышаны чакыртып жиберет, бирок Башти тойго келбей коёт. Конокторуна уят болгон падыша каары кайнап, кеңешчилеринен Баштини кантип жазалаш керектигин сурайт. Алар падышага кандай кеңеш беришет? Кеңешчилери Баштинин ордуна башка канышаны тандоону айтышат. Ошондо падышанын кызматчылары бардык дубандарды кыдырып, эң сулуу кыздарды таап келгенге жиберилет. Ал кыздардын арасынан бирөө каныша болгонго тандалмак (Эстер 1:1—2:4).

Эстердин күндөн күнгө чоңоюп, гүлү бирден ачылып, сулуу болуп келаткан көрүп, Мордохай бир чети сыймыктанып, бир чети тынчсызданган чыгар. Ыйык Китепте Эстер тууралуу: «Ал келбети келишкен, сулуу кыз эле»,— деп айтылат (Эстер 2:7). Сулуулук, албетте, жакшы, бирок сулуу адам акылдуу, момун болбосо, сулуулук адамды бузат. Тагыраак айтканда, андай киши сулуулугуна чиренип, бой көтөрүп, текеберденип кетиши жана дагы башка жаман сапаттарды өрчүтө башташы мүмкүн (Накыл сөздөр 11:22). Силер да ушундай экенине кошулат чыгарсыңар. Ал эми Эстер сулуулугуна чиренип, бой көтөрүп кетет беле, муну убакыт көрсөтмөк.

Падышанын кызматчылары Эстердин гүл мүчөсү келишкен аябай сулуу кыз экенин байкап, аны Мордохайдын үйүнөн дарыянын берки өйүзүндөгү падышанын ак сарайына алып келишет (Эстер 2:8). Ошондо атасы менен кызындай болуп калган Мордохай менен Эстерге аябай эле кыйын болгону шексиз. Мордохай асырап алган кызын Кудайга ишенбеген кишиге, мейли ал падыша болсун, такыр бергиси келген эмес. Бирок кызын бербеске аргасы жок эле. Мордохай менен коштошуп жатканда Эстер анын акыл-насаатын жүрөгүнө түйүп алганы күмөнсүз! Шушандагы ак сарайга келгенде анын оюна эмнелер гана келген эмес. Анын келечеги кандай болот эле?

«Эстер көргөндөрдүн баарына жаккан»

Эстер ага чейин таптакыр угуп-көрбөгөн башка дүйнөгө келген. Ал Персия империясынын чар тарабынан алынып келген «көп кыздардын» арасында эле. Алардын каада-салттары, тилдери, көз караштары аныкынан кыйла айырмаланган. Падышанын алдына алынып барганга чейин Хегайдын көзөмөлү астындагы кыздарды сулуулаш үчүн бир жыл бою жыпар жыттуу майлар менен майлап, аябай карашкан (Эстер 2:8, 12). Бардыгы белен ушундай жерде жашаган кыздар «мен сулуумун» дегенсип, бири-бирин көрө албай, бой көтөрүп, бири-бирине атаандашкан болушу керек. Ал эми Эстерчи?

Эстердин кандай жүргөнү жөнүндө ойлонуп Мордохайдын аябай эле сары санаа болгону айтпаса да түшүнүктүү. Ыйык Китепте ал Эстердин ал-жайын билиш үчүн күн сайын аялдар үйүнүн короосуна келип турганы айтылат (Эстер 2:11). Мордохай, сыягы, падыша сарайында кызмат кылган кимдир бирөө аркылуу Эстердин ал-акыбалын, эмне кылып жүргөнүн билип турган. Ал бапестеп баккан кызы менен аябай сыймыктанган. Эмне үчүн?

Эстер Хегайга жагып калгандыктан, ага мээримдүүлүк менен мамиле кылып, кызмат кыла турган жети кызды тандап берген жана аялдар үйүнүн эң жакшы жерине жайгаштырган. Ыйык Китепте: «Эстер көргөндөрдүн баарына жакты»,— деп айтылат (Эстер 2:9, 15). Көпчүлүккө Эстер сулуу болгон үчүн эле жакканбы? Жок, алар Эстерден анын сулуулугунан да маанилүү нерсени байкашкан.

Ыйык Китепте: «Эстер өзүнүн эли, туугандары жөнүндө эч кимге эч нерсе айткан жок, анткени Мордохай айтпа деген болчу»,— делет (Эстер 2:10). Мордохай кан сарайдагылардын жүйүттөрдү аябай жек көрөрүн билген көрүнөт. Ошондуктан Эстерге өзүнүн жүйүт элинен экенин айтпашы керектигин айткан. Ал Эстердин андан алыс жүрсө да, акылдуулук менен иш кылып, дагы деле анын тилин алып жатканын билгенде абдан сүйүнгөн чыгар.

Бүгүнкү күндөгү жаштар да, Эстердей иш кылып, ата-энесинин жүрөгүн кубанта алышат. Алар ата-энеси жанында болбогон учурларда да, атүгүл, акылсыз, ыймансыз, ырайымсыз адамдардын арасында жүрсө да, алардын таасирине алдырбай, ата-энеси үйрөтүп келген акыл-насааттарга бекем карманып, туура иш кыла алышат. Ушундай кылуу менен алар, Эстердей болуп, Жараткан Кудайдын да жүрөгүн кубантышат (Накыл сөздөр 27:11).

Падышанын алдына алынып бара турган күн келгенде Эстерге буюмдардан, балким, өзүн дагы жасалгалаш үчүн керек боло турган жасалгалардан, алганга уруксат берилет. Бирок ал момун болгондуктан Хегай айткан нерселерден башка эч нерсе сураган эмес (Эстер 2:15). Анткени ал сырткы сулуулук менен падышага жага албасын жакшы түшүнгөн. Ошондой эле сулуулукка караганда, падыша сарайындагылардын дээрлик көптөрүндө жок жөнөкөйлүк жана момундук сапаты алда канча жогору турарын билген. Чынында эле Эстер ойлогондой болду беле?

Ыйык Китептен: «Бардык кыздардын ичинен падыша Эстерди жактырып калды. Ал аны башка кыздарга караганда көбүрөөк жакшы көрүп, ага көбүрөөк мээримдүүлүк көрсөттү. Падыша анын башына таажы кийгизип, Баштинин ордуна каныша кылды»,— дегенди окуйбуз (Эстер 2:17). Момун болгон жүйүт кызына жашоосундагы мындай чоң өзгөрүүгө көнүп кетүү аябай эле оор болгону шексиз. Ал жер жүзүнө атагы чыккан улуу падышанын канышасы болуп калган! Эстер каныша болгондо эч кимди теңине албай, менменсинип кетти беле?

Жок, түк да анткен эмес. Ал каныша болгондон кийин деле өзүн багып чоңойткон атасы Мордохайга тил ала берген. Мисалы, өзүнүн жүйүт элинен экенин эч кимге айткан эмес. Ошондой эле Мордохай Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү көздөгөндөрдүн арам ой-максатын билип калып, Эстерге ал тууралуу падышага кабарлоону айтканда, Эстер момундук менен аны падышага билдирген. Ошондо падышага кол салууну ойлонуштуруп жүргөндөрдү устунга асып салышкан (Эстер 2:20—23). Эстер, андан сырткары, Кудайга болгон ишениминен жазган эмес. Ал ага момундук жана тил алчаактык менен кызмат кыла берген. Бүгүнкү күндө адамдар тил алчаактыкты анча деле баалашпайт. Тескерисинче, баш ийбес, текебер болуп баратышат. Бирок Эстердей болуп, тил алчаактык көрсөткөн, Кудайга чындап ишенген адамдар да аз эмес.

Эстердин Кудайга болгон ишеними сыналат

Падыша ак сарайда кызмат кылган Аман деген кишини кызматынан жогорулатат. Ал аны өзүнүн башкы кеңешчиси кылып, бардык төрөлөрдүн үстүнөн жогору коёт жана өзүнөн кийинки башкаруучу кылып дайындайт. Атүгүл, баарына Аманды көргөн жерден алдына жыгылып, таазим кылышы керектигин буйрук кылат (Эстер 3:1—4). Ал буйрук Мордохайга кыйынчылык туудурган. Мордохай падышанын мыйзамына баш ийиши керектигин билген, бирок адамга таазим кылуу Кудайды урматтоого жатпасын жакшы түшүнгөн. Анын үстүнө, Аман Шемуел пайгамбар өлтүргөн Агактын тукумдарынан чыккан киши эле (1 Шемуел 15:33). Ал эми Агак Амалыктын тукумдарынын падышасы болгон. Амалыктын тукумдары ушунчалык бузулган эл болгондуктан Жахаба Кудайга жана анын элине душман болуп калышкан. Ошондуктан Кудай ал элдин жок кылынарын айткан * (Мыйзам 25:19). Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Мордохай Амалыктын тукумдарынан чыккан ушундай кишиге таазим кылат беле? Ал таазим кылган эмес. Мордохай Кудайга болгон берилгендигинен жазбоого чечкиндүү болгон. Азыркы күндө да Кудайга ишенген көптөгөн эркектер менен аялдар, өмүрүн тобокелге салганга туура келсе да: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деген буйрукка баш ийишет (Элчилер 5:29).

Мордохайдын таазим кылбай жатканына Амандын каары кайнайт. Ошондуктан Мордохайдын өзүнүн эле көзүн тазалоонун эмес, анын элин да тукум курут кылып салуунун жолун издей баштайт! Ал падышага барып, жүйүт эли жөнүндө жалган сөздөрдү айтып, каралайт. Аман ал элдин «элдердин арасына чачырап кеткен, өздөрүн обочо алып жүргөн» болбогон эле бир эл экенин айтат. Бирок падышага ал элдин кайсы эл экенин айтпайт. Андан тышкары, аларды падышанын мыйзамдарына баш ийбеген, элге коркунуч туудурган козголоңчулар деп жамандайт. Анан жүйүттөрдү кыра турган кишилерге көп акча берерин жана ал акча падышанын казынасына түшөрүн айтат *. Ошондо Акашбейрош падыша Аманга колундагы мөөр шакегин чечип берип, оюндагысын ишке ашырганга макулдугун берет (Эстер 3:5—10).

Ошондо чабармандар Персия империясынын чар тарабына жөнөтүлүп, жүйүттөргө чыгарылган өлүм өкүмү жөнүндө жарыялай башташат. Бабыл туткунунан кайтып барып, дубалдары тургузулуп бүтө элек Иерусалимде жашап жаткан жүйүттөр жүрөктүн үшүн алган ал кабарды укканда кандай гана үрөйү учканын элестетип көрсөңөр. Мордохай да ал суук кабарды укканда ошол жердеги жүйүттөрдү, Шушандагы туугандарын, досторун ойлоп тынчсызданганы шексиз. Ал ушунчалык кайгыргандыктан кийимин айрып, таар жамынып, үстүнө күл чачып, шаардын ортосуна барып, боздоп ыйлаган. Ал эми Аман болсо, ошол учурда Шушандагы жүйүттөрдү жана аларга жан тарткан элди кайгыга салганына түк да башын оорутпай, падыша менен шарап ичип, көңүл ачып отурган (Эстер 3:12—4:1).

Мордохай кандайдыр бир иш-аракет кылышы керек экенин жакшы түшүнгөн. Бирок ал эмне кыла алмак? Эстер Мордохайдын катуу кайгырып жатканын угуп, ага үстүндөгү таарын чечип, башка кийим кийсин деп кийим берип жиберет, бирок Мордохай албай коёт. Балким, Мордохай мурун Эстердин жүйүт элинен болбогон кишиге турмушка чыгып, ал элдин канышасы болушуна Жахаба Кудайдын эмне үчүн жол бергени жөнүндө көп ойлонгондур. Эми болсо анын себебин түшүнсө керек. Ошондуктан Эстерге падышага барып, «өз эли үчүн суранышы керектигин» айттырып жиберет (Эстер 4:4—8).

Муну укканда Эстер айласы кетип, катуу тынчсызданганы күмөнсүз. Ошондо анын Кудайга канчалык бекем ишенери сыналган. Мордохайга айттырып жиберген сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал падышага барып, эли үчүн сурангандан корккон. Ал Мордохайга падышанын алдына чакырылбай туруп барган кишиге өлүм өкүмү чыгарыларын жана падыша алтын таягын кимге сунса, ошол гана аман каларын айткан. Эстер Башти менен болгон окуядан кийин падышанын ага ырайым кыларынан үмүттөнө алат беле? Ал Мордохайга падышанын алдына чакырылбаганына 30 күн болуп калганын да айткан. Эстер ошончо күндөн бери чакырылбагандыктан, ага оюндагысын кылып, тез-тез эле өзгөрө берген падышага жакпай калдымбы деген да ой келгендир * (Эстер 4:9—11).

Мордохай Эстердин ишенимин бекемдеш үчүн чечкиндүүлүк менен жооп берип, эгер ал иш-аракет кылбаса, жүйүттөргө жардам жана куткарылуу башка жактан келерин айтат. Бирок жүйүттөргө көрсөтүлгөн кысым күчөп жатса, Эстер алардын аман каларынан үмүттөнө алат беле? Ошондо Мордохай өз элинин тукум курут болуп кетишине жол бербей турган, өз убадаларын так аткарган Жахаба Кудайга бекем ишенерин көрсөтөт (Жашыя 23:14). Анан Эстерге: «Ким билет, балким, сен ушундай оор мезгил үчүн канышалык даражага жеткендирсиң»,— деп айттырып жиберет (Эстер 4:12—14). Ооба, Мордохай Жахаба Кудайга толугу менен таянган. Биз да кыйынчылык учурда Кудайга таянабызбы? (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Өлүмдөн күчтүү ишеним

Эстер, акыры, падышанын алдына барууну чечет. Ал Мордохайга жүйүттөрдү чогултуп, үч күн бою наар албай, аны менен бирге орозо кармашы керектигин айтат. Анан: «Өлсөм өлөм»,— деп сөзүн бүтүрөт. Анын бул сөздөрү Кудайга бекем ишенгенин, эр жүрөк болгонун көрсөтүп турат (Эстер 4:15—17). Эстер ошол үч күн бою тынымсыз тиленгени шексиз. Ал өмүрүндө анчалык көп тиленбесе керек. Ошентип, падышанын алдына бара турган күн келет. Падышанын көңүлүнө жагыш үчүн Эстер эң кооз каныша кийимин кийип, жасанып алып, ак сарайга бармакчы болот.

Анан, макаланын башында айтылгандай, падыша сарайын көздөй жөнөйт. Ал жолдо баратып эмнелерди гана ойлободу болду экен. Жүрөгү уйгу-туйгу болуп, кадам сайын Кудайга жалынып, тиленип барса керек. Ал ак сарайдын ички короосуна кирип, тармалдашкан чачы менен сакалы төрт бурчтуу болуп тегиз кыркылган, тактыда отурган Акашбейрош падышаны көрөт. Эстер ошол жерден падышанын кабагы ачыкпы же ачууланып турабы, байкаш үчүн анын жүзүн көргөнгө аракет кылгандыр. Эгер Эстерге падыша байкамайынча күткөнгө туура келсе, ага убакыт түбөлүккө созулгандай сезилмек болуш керек. Бирок ал көпкө күткөн эмес, падыша аны дароо эле көрөт. Падыша Эстерди көргөндө таң калганы шексиз. Бирок ал Эстерге ырайым кылып, колундагы алтын таягын аны көздөй сунат (Эстер 5:1, 2).

Эстер көпчүлүктүн оозуна алынып, көптөрдүн көңүлүнө жаккан. Ал Кудайга болгон берилгендигинен жазган эмес жана элин куткарыш үчүн өмүрүн тобокелге салган. Ошентүү менен Кудайга бекем ишенерин көрсөтүп, Кудайдан корккон адамдарга мыкты үлгү калтырган. Бирок бул окуянын башталышы гана. Эстер падышага анын жакшы көргөн кеңешчиси Аман кара ниет киши экенин кантип далилдей алат? Өз элин кантип сактап калат? Бул суроолордун жообу ушул журналдын кийинки сандарында каралат.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Көптөр Акашбейрошту б.з.ч. 5-кылымдын башында Персия империясын башкарган Ксеркс 1 деп эсептешет.

^ 24-абз. Аман Амалыктын тукумдарынын акыркылары болсо керек, анткени Амалыктын тукумдарынын «аман калгандары» Хиския падышанын күндөрүндө жок кылынган (1 Жылнаама 4:43).

^ 25-абз. Аман он миң талант күмүш, бүгүнкү акча менен эсептегенде, 300 миллиондон ашуун доллар берерин айткан. Эгер Акашбейрош, көптөр эсептегендей, Ксеркс I болсо, ага Амандын ошончо акча сунуш кылганы аябай эле жакса керек. Себеби Ксеркс I, кыязы, Эстерге үйлөнгөнгө чейин гректер менен согушканда көп байлыгынан айрылып калган.

^ 28-абз. Ксеркс I оюн тез-тез эле өзгөртүп, каалаганын кыла берген, таш боор киши катары белгилүү болгон. Грек тарыхчысы Геродот анын гректерге каршы жүргүзгөн согуш маалында болгон окуялардын айрымдарын жазган. Падыша Геллеспонт кысыгы аркылуу өтө турган чоң көпүрө курдурган. Деңизде болгон катуу шамал көпүрөнү талкалап кеткенде, Ксеркс I көпүрөнү курган кишилердин башын алууну, атүгүл Геллеспонт кысыгын «жазалап», ага чыгарган өкүм окулуп жатканда сууну сабоону буйруган. Ошол эле согуш учурунда бир бай киши келип, баласын аскерден алып калууну өтүнгөндө, анын уулун экиге бөлүп, сөөгүн элге эскертүү катары көрсөткөн.

[15-беттеги сүрөт]

Мордохайдын асырап алган кызы чындап эле сыймыктана турган кыз болчу

[16-беттеги сүрөт]

Эстер сулуулукка караганда момундук менен акылмандык алда канча маанилүү экенин билген

[18-беттеги сүрөт]

Эстер Кудайдын элин сактап калыш үчүн өлүмгө башын байлаган