Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жаккыдай эс алып жатасыңбы?

Кудайга жаккыдай эс алып жатасыңбы?

Кудайга жаккыдай эс алып жатасыңбы?

«Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле» (ЭФ. 5:10).

1, 2. а) Ыйык Китепте Жахабанын жашоодон ырахат алышыбызды каалаары кандайча көрсөтүлгөн? б) Эс алууну Кудайдын белеги катары көрүү бизге эмне кылууга түрткү берет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Жахабанын жөн эле күн көрүшүбүздү эмес, жашоодон ырахат алышыбызды каалаарын көрсөткөн билдирүүлөр арбын. Маселен, Забур 103:14, 15те Жахаба жөнүндө: «Жерден азык өндүрөсүң. Адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты, адамдын жүзүн жылтыраткан зайтун майын, адамга кубат берген нанды бересиң»,— делет. Ооба, ал бизге азык болушу үчүн, дан өсүмдүктөрүн жана май алына турган, шарап жасала турган ар кандай өсүмдүктөрдү өстүрөт. Шарап өмүр сүрүшүбүз үчүн абдан зарыл азык болбосо да, жүрөгүбүздү кубандырат (Нас. 9:7; 10:19). Арийне, Жахаба жүрөгүбүз кубанычка толуп, жадырап-жайнап жүрүшүбүздү каалайт (Элч. 14:16, 17).

2 Андыктан «көктө учкан канаттууларга», «талаадагы лилия гүлдөрүнө» көз чаптырууга же жан сергиткен, жашообузду байыткан башка иштерге убакыт бөлгөнүбүз үчүн өзүбүздү күнөөлүү сезбешибиз керек (Мт. 6:26, 28; Заб. 8:4, 5). Чынында, адамдын жашоонун ырахатын көрүп, бактылуу өмүр сүрүшү — «Кудайдын белеги» (Нас. 3:12, 13). Эс алууну Кудайдын белеги катары көрүү бизге ал белекти ага жаккыдай колдонууга, башкача айтканда, ал туура көргөндөй эс алууга түрткү берет *.

Ар түрдүүлүк жана чек коюу

3. Ар ким эс алуунун ар кандай түрүн тандоого укуктуу экенин түшүнүү эмне үчүн акылдуулукка жатат?

3 Эс алууга карата тең салмактуу көз карашта болгондор анын ар кандай түрлөрүн тандай аларын, бирок ошол эле учурда кайсы бир жактардан чек коюу да маанилүү экенин түшүнүшөт. Эмне үчүн? Бул суроого жооп алуу үчүн көңүл ачууну тамакка салыштыралы. Дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы адамдар ар кандай тамак-ашты жакшы көрүшөт. Бир жерде адамдар тамшанып жеген тамакты башка жердегилер анча деле жактыра бербеши мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, дүйнөнүн бир бурчундагы Исанын жолдоочуларына жаккан эс алуунун түрү башка жактагыларына жакпашы ыктымал. Атүгүл бир эле жерде жашаган Исанын жолдоочуларынын да көз карашы бири-бириникинен айырмаланган учурлар болот. Алсак, кимдир бирөө кайсы бир нерседен, мисалы, жакшы китеп окуудан ырахат алса, башка бирөө бат эле тажап кетиши ыктымал же кимдир бирөө кайсы бир нерсени, мисалы, велосипед же ат менен кооз жерлерди кыдырууну дем-күч берип, жандандырат деп эсептесе, башка бирөө шайды оодарат деши мүмкүн. Анткен менен алар ар ким тамак-аштын ар кандай түрүн тандагандай эле, эс алуунун да ар кандай түрүн тандоого укуктуу экенин түшүнүшөт (Рим. 14:2—4).

4. Эмне үчүн көңүл ачууга байланыштуу белгилүү бир чектерди коюп алышыбыз керек? Мисал менен түшүндүр.

4 Бирок эс алуунун ар кандай түрүн тандай алсак да, бул баарын татып көрө беришибиз керек дегенди билдирбейт. Муну түшүнүү үчүн кайрадан тамак жөнүндөгү мисалга кайрылалы. Биз ар кандай тамакты татып көрө алсак да, бузулган тамакты жемек эмеспиз. Андай тамакты жегенибиз акыл-эстүүлүккө жатмак эмес, ошондой эле ден соолугубузга да зыян келтирмек. Анын сыңарындай, көңүл ачуунун ар түрдүү жолдору бар болсо да, биз өмүрүбүзгө коркунуч туудурган, зордук-зомбулукту чагылдырган же адеп-ахлактык жактан бузулган түрлөрүн тандабайбыз. Мындай жолдор менен көңүл ачуу ыйык китептик принциптерге карама-каршы келип, ден соолугубузга жана рухий саламаттыгыбызга доо кетирмек. Ошондуктан көңүл ачууга байланыштуу белгилүү бир чектерди коюп алганыбыз жана алардан чыгып кетпеш үчүн өзүбүзгө жаккан эс алуунун түрү пайдалуубу же жокпу, алдын ала аныктап алганыбыз дурус (Эф. 5:10). Муну кантип кыла алабыз?

5. Эс алуубуз Кудайдын талаптарына жооп берер-бербесин кантип аныктай алабыз?

5 Эс алуубуз Жахабага жагышы жана бизге пайда алып келиши үчүн Ыйык Китепте жазылган талаптарга жооп бериши керек (Заб. 85:11). Сага жаккан көңүл ачуунун ошол талаптарга жооп берер-бербесин аныкташ үчүн, жөнөкөй суроолордун тизмесин түзүп алсаң болот. Жалпы жонунан ал тизме «кандай?», «канча убакыт?» жана «ким менен?» деген суроолордон турат. Анда эмесе, ал суроолорду өз-өзүнчө карап көрөлү.

Кандай көңүл ачууга кирет?

6. Көңүл ачуунун кандай түрлөрүн четке кагышыбыз керек жана эмне үчүн?

6 Кайсы бир жол менен көңүл ачардан мурун, биринчиден: «Бул кандай көңүл ачууга кирет?» — деп ойлонуп көрүшүбүз кажет. Бул суроого жооп издеп жатканда көңүл ачуунун негизинен эки топко бөлүнөрүн эске алганыбыз жакшы. Биринчи топко киргендеринен жаа бою качсак, экинчи топтогуларын туура көрүшүбүз да, туура көрбөшүбүз да мүмкүн. Биринчи топтогусуна эмнелер кирет? Көңүл ачуунун Ыйык Жазмадагы принциптерге же мыйзамдарга таптакыр карама-каршы келген жана азыркы ыймансыз дүйнөдө басымдуулук кылган түрлөрү кирет (1 Жкн. 5:19). Исанын чыныгы жолдоочулары андай көңүл ачуунун баарынан чечкиндүүлүк менен баш тартышат. Аларга садизм (бирөөнү кыйноодон ырахат алуу), жиндер менен байланышуу, гомосексуализм, порнография, зордук-зомбулук сыяктуу ыпылас, адеп-ахлаксыз иштерди даңазалаган көңүл ачуунун түрлөрү кирет (1 Кор. 6:9, 10; оку: Аян 21:8). Жалгыз көңүл ачабызбы же башкалар мененби, андай көңүл ачууну четке кагуу менен Жахабага «жамандыктан жийиркенерибизди» көрсөтөбүз (Рим. 12:9; 1 Жкн. 1:5, 6).

7, 8. Көңүл ачуунун кайсы бир түрүнүн сапатын кантип аныктасаң болот? Мисал менен түшүндүр.

7 Көңүл ачуунун экинчи тобуна Кудайдын Сөзүндө ачык айыпталган иштерди камтыбаган көңүл ачуулар кирет. Андай көңүл ачуунун кайсы бир түрүн тандаардан мурун Ыйык Китептеги принциптердин жардамы менен анын Жахабага жагар-жакпасын кылдат текшерип көрүшүбүз зарыл (Накыл 4:10, 11). Анан абийирибиз булганбай тургандай чечим чыгарышыбыз керек (Гал. 6:5; 1 Тим. 1:19). Буга эмне жардам берет? Мурда жеп көрбөгөн тамактан даам сызардан мурун анын эмнеден жасалганын билгибиз келет, туурабы? Анын сыңарындай, көңүл ачуунун кайсы бир түрүн тандаардан мурун анын өзүнө эмнелерди камтый турганын талдап көргөнүбүз маанилүү (Эф. 5:17).

8 Маселен, сен спортту жакшы көрүшүң мүмкүн. Бул таң калыштуу эмес, себеби спорт оюндарынын айрымдары аябай кызыктуу, көңүл толкутарлык болот. Бирок спорттун кээ бир түрлөрүндө катуу эрегишүү, өмүрдү тобокелге салуу, жаракат алуу, чаң-тополоң түшүп салтанат куруу же улутчулдук боло жүргөн нерсеге айланган. Сага ушу сыяктуу нерселерди камтыган оюндар жаксачы? «Курамын» жакшылап изилдегенден кийин, балким, алардын Жахабанын көз карашына, ошондой эле биз жарыялап жаткан тынчтык жана сүйүү жөнүндөгү кабарга төп келбей турганын байкайттырсың (Ыш. 61:1; Гал. 5:19—21). Эгер эс алуунун сен тандаган түрү Жахабага жаккан нерселерден «жасалса», ал сага пайда алып келип, көңүлүңдү сергитет (Гал. 5:22, 23; оку: Филипиликтер 4:8).

Канча убакыт бөлөм?

9. «Эс алууга канча убакыт бөлөм?» деген суроого берген жообубуздан эмне айкын болот?

9 Экинчиден, өзүбүзгө: «Эс алууга канча убакыт бөлөм?» — деген суроону берип көрүшүбүз абзел. «Кандай?» деген суроого берген жообубуз эмнени жактырарыбызды, атап айтканда, эмнени туура деп, эмнени туура эмес деп эсептээрибизди айгинелейт. Ал эми «канча убакыт?» деген суроого берген жообубуздан эмнени биринчи орунга коёрубуз, башкача айтканда, эмнени маанилүү деп, эмнени маанилүү эмес деп эсептээрибиз айкын болот. Анда көңүл ачууга канчалык маани берип жатканыбызды кантип аныктасак болот?

10, 11. Исанын Матай 6:33төгү сөздөрү эс алууга канча убакыт бөлүүнү аныктоого кандайча жардам берет?

10 Иса Машаяк жолдоочуларына: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен жана бүт күчүң менен сүй»,— деген (Мр. 12:30). Ошондуктан Жахабага болгон сүйүүбүз биз үчүн баарынан маанилүү болушу керек. Муну биз Исанын: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылуу менен көрсөтө алабыз (Мт. 6:33). Бул сөздөр бизге эс алууга канчалык маани берип, канча убакыт бөлүшүбүз керектигин аныктоого кандайча жардам берет?

11 Исанын бизди «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издөөгө» үндөгөнүнө көңүл бурсаң. Ал: «Кудайдын падышалыгын гана издегиле»,— деген эмес. Арийне, Иса Падышалыкты издегенден тышкары, дагы башка көп иштерди кылышыбыз керектигин билген. Алсак, биз баш калкалоочу жайыбыз, тамак-ашыбыз жана кийим-кечегибиз болушуна кам көрүшүбүз, орто билим алышыбыз, иштешибиз, эс алышыбыз жана башка нерселерди кылышыбыз керек. Бирок ушулардын ичинен бир эле нерсе — Падышалыктын иштери — биринчи орунда турушу талап (1 Кор. 7:29—31). Бул негизги чындыкты түшүнсөк, экинчи орунда турушу керек болгон иштерди, анын ичинде эс алууну тийиштүү орунга коёбуз, башкача айтканда, алардын Падышалыктын иштерин аткарууга өбөлгө түзгүдөй болушуна чара көрөбүз. Ырас, орду менен эс алуу бизге пайда алып келет.

12. Лука 14:28деги принципти кантип колдонсок болот?

12 Ошондуктан эс алууга байланыштуу чечим чыгарарда биз «чыгымды», тактап айтканда, ага канча убакыт кетерин алдын ала эсептеп алганыбыз абзел (Лк. 14:28). Кайсы бир нерсени сатып алуу үчүн акча төлөш керек болгондой эле, эс алуу үчүн да убактыбызды сарпташыбыз керек болот. Андыктан көңүл ачуунун кайсы бир түрүнө канча убактыбыз кетерин билип, анан ага канча убактыбызды бөлсөк туура болорун аныктап алганыбыз оң. Албетте, эс алууга өздүк изилдөө, үй-бүлө менен сыйынуу, жыйналыш жолугушууларына катышуу же Падышалык жөнүндө кабар айтуу сыяктуу маанилүү иштерге орун калбай калганчалык көп убакыт бөлгөнүбүз туура болбой калмак (Мр. 8:36). Бирок мезгил-мезгили менен көңүл ачып туруу бизге Падышалыктын иштерин илгерилете берүүгө күч берип жатса, анда андай көңүл ачуу өзүнүн «баасын» актайт деп айтууга болот.

Ким менен эс алам?

13. Эмне үчүн кимдер менен эс аларыбыз жөнүндө терең ойлонуп көрүшүбүз керек?

13 Үчүнчүдөн, биз: «Ким менен эс алгым келет?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көрүшүбүз керек. Эс алуунун бул жагын да көз жаздымында калтырбаганыбыз маанилүү. Эмне үчүн? Анткени эс алуубуздун сапаты канчалык жакшы болору чөйрөбүздөн көз каранды. Тамакты жакын досторуң менен чогуу отуруп жегенде көбүрөөк ырахат алганыңдай эле, жакшы жоро-жолдошторуң менен көңүл ачуу да көбүрөөк кубаныч тартуулайт. Ошондуктан көбүбүздүн, айрыкча, жаштардын башкалар менен чогуу көңүл ачканды жакшы көрөрү таң калыштуу эмес. Анткен менен көңүл ачуу пайдалуу болушу үчүн, кимдер менен эс алып, кимдерден оолак болушубуз керектигин күн мурун чечип алганыбыз дурус (2 Жылн. 19:2; оку: Накыл сөздөр 13:20; Жкп. 4:4).

14, 15. а) Иса жакшы досторду тандоо жагынан кандай үлгү калтырган? б) Досторубузга байланыштуу өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?

14 Досторду тандоодо Исанын үлгүсүнө кармануу абдан пайдалуу. Иса адамдарды алар жаратылгандан бери эле сүйөт (Накыл 8:31). Жерде жүргөндө ал бардык адамдарга сүйүү менен мамиле кылган (Мт. 15:29—37). Бирок Иса дос болуу менен жакшы мамиледе болуунун ортосунда чоң айырма бар экенин билген. Ал бардыгына жакшы мамиле кылса да, белгилүү бир талаптарга жооп бергендер менен гана ынак дос болгон. Өзүнүн ишенимдүү 11 элчисине ал: «Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар»,— деген (Жкн. 15:14; Жакан 13:27, 30ду да кара). Ооба, Иса анын жолун жолдоп, Кудайга кызмат кылгандар менен гана дос болгон.

15 Андыктан кимдир бирөө менен ынак дос болор-болбосуңду чечүүдө Исанын жогорудагы сөздөрүн эске алганың акылдуулукка жатат. Өзүңө мындай суроолорду берип көр: анын сүйлөгөн сөзүнөн, кылган ишинен Жахаба менен Исанын осуяттарын аткарып жатканы көрүнүп турабы? Ал мен маанилүү деп эсептеген ыйык китептик принциптер менен адеп-ахлак нормаларына карманабы? Аны менен ынак мамиледе болуу мага жашоомдо Падышалыкты биринчи орунга коюуга жана Жахабага берилгендик менен кызмат кылууга түрткү береби? Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берсең, анда бирге көңүл ачсаң боло турган жакшы досту тапкансың (Оку: Забур 118:63; 2 Кор. 6:14; 2 Тим. 2:22).

Көңүл ачуубуз электен өтөбү?

16. Көңүл ачууга байланыштуу эмнелерди аныктап алышыбыз керек?

16 Биз эс алууга байланыштуу үч нерсени: кандай көңүл ачууну тандаганыбыз, ага канча убакыт бөлгөнүбүз жана кимдер менен эс алганыбыз туура болорун кыскача карап чыктык. Эс алуу бизге пайда алып келиши үчүн ал ушул үч жагынан тең ыйык китептик нормаларга ылайык келиши кажет. Андыктан эс алуунун кайсы бир түрүн тандаардан мурун аны электен өткөрүп көрүшүбүз керек. Көңүл ачуунун кандай экенин аныктоо үчүн: «Ал эмнелерди камтыйт? Ал пайдалуубу же тескерисинче, зыяндуубу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң (Накыл 4:20—27). Ал эми канча убакыт эс аларыбызды аныктоо үчүн өзүбүзгө: «Буга канча убактым кетет? Ушунча убакыт бөлгөнүм туурабы?» — деген суроолорду берип көрүшүбүз зарыл (1 Тим. 4:8). Кимдер менен эс аларыбызды чечүү үчүн: «Кандай адамдар менен чогуу көңүл ачканы жатам? Алар мага жакшы таасир этишеби?» — деген суроолорго жооп алышыбыз керек (Нас. 9:18; 1 Кор. 15:33).

17, 18. а) Көңүл ачуубуздун Ыйык Китептеги талаптарга ылайык келер-келбесин кантип текшерсек болот? б) Көңүл ачууга байланыштуу кандай чечимге келдиң?

17 Эгер көңүл ачуунун кайсы бир түрү ушул үч нерсенин бирөөндө эле Ыйык Китептеги талаптарга ылайык келбесе, электен өтпөй калат. Ал эми тандаган көңүл ачуубуз ушулардын бардыгында тең Жазмадагы талаптарга жооп берсе, Жахабага даңк, бизге пайда алып келет (Заб. 118:33—35).

18 Андыктан, келгиле, көңүл ачуунун түрүн, убакытты жана адамдарды туура тандайлы. Ар бирибиз Ыйык Китептеги: «Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген кеңешке кулак кагууга дилгир бололу (1 Кор. 10:31).

[Шилтеме]

^ 2-абз. Бул макалада «эс алуу», «көңүл ачуу» деген сөз айкаштары бирдей мааниде колдонулду. Ал сөз айкаштары бизге ырахат тартуулаган жагымдуу иштер менен алек болууну билдирет.

Түшүндүрө аласыңбы?

Төмөнкү аяттарда камтылган принциптерди эс алууга байланыштуу кантип колдонсоң болот?

Филипиликтер 4:8

Матай 6:33

Накыл сөздөр 13:20

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги схема]

Кандай?

[10-беттеги схема]

Канча убакыт?

[12-беттеги сүрөт]

Ким менен?

[10-беттеги сүрөт]

Көңүл ачууга жана досторду тандоого байланыштуу Исадан эмнеге үйрөнө алабыз?