Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыбрайым кайраттуу болгон

Ыбрайым кайраттуу болгон

Ыбрайым кайраттуу болгон

Ыбрайым пайгамбар Канаан жеринин босогосунда турган үй-бүлөсүн, кулдарын карап турат (Башталыш 12:1—5). Ал ушунча адамды тамак-аш менен камсыз кылышы керектигин жакшы билет. Бөтөн жерде аларды кантип багат? Же жайыты кенен, жери түшүмдүү, суусу мол Ур шаарына кайтып барганы оңбу? Ооруп же каза болуп калса, үй-бүлөсүн ким багат? Ыбрайым ушул сыяктуу нерселерди ойлоп тынчсызданса керек, бирок коркунучка алдырып, артка кетенчиктеген эмес. Кандай болбосун, ал Кудайдын айткандарына баш ийүүгө чечкиндүү болгон. Бул Ыбрайым пайгамбардын кайраттуу киши болгонун айгинелеп турган жокпу?

КАЙРАТТУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ? Кайраттуулук чечкиндүү, бекем, эр жүрөк болууну билдирет. Бирок бул кайраттуу киши эч нерседен коркпойт дегенди билдирбейт. Кудайдын жардамы менен кайраттуу болгон киши корксо да, чечкиндүү иш-аракет кылат.

КАЙРАТТУУ ЭКЕНИН КАНТИП КӨРСӨТКӨН? Ыбрайым пайгамбар элден айырмалангандан корккон эмес. Ал көптөгөн жалган кудайларга сыйынган адамдардын арасында чоңоюп-өскөн. Ошондой болсо да көпчүлүктөн коркуп, Кудайдын алдында туура деп эсептелген иштерди кылбай койгон эмес. Тескерисинче, элдин шарданы менен кетпей, бир гана Кудайга — «Эң Жогорку Кудай» Жахабага — сыйынган (Башталыш 14:21, 22).

Ыбрайым пайгамбар жашоосунда байлыкты эмес, чыныгы Кудайга сыйынууну биринчи орунга койгон. Ал Жахаба Кудайдын кам көрөрүнө толук ишенип, Ур шаарындагы бардык шарты бар үй-жайын калтырып, чөлдүү жерге көчүп барган. Албетте, Ыбрайымдын Ур шаарындагы жашоосун эстеп, калтырып келген нерселери жөнүндө ойлогон учурлары болсо керек. Бирок Жахабанын аны жана үй-бүлөсүн эч качан калтырбай турганына күмөн санаган эмес. Ал Жахаба Кудайды аска-зоосу, таянар тоосу катары көргөндүктөн кайраттуу болуп, анын буйруктарына баш ийген.

ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ? Биз да, Ыбрайым пайгамбардай кайраттуу болуп, башкалар Жахаба Кудайга баш ийбеген күндө да, баш ийгенге чечкиндүү болушубуз керек. Ыйык Китепте Жахаба Кудай жөнүндө билим алып, алган билимине ылайык жашагандардын баарына достору же туугандары каршы чыгышы мүмкүн экени айтылган (Жакан 15:20). Бирок Жахаба Кудай жөнүндө окуп-билгендерибиздин чындык экенине бекем ишенсек, башкаларга Кудай жөнүндө чечкиндүүлүк менен, ошол эле учурда сылыктык менен айтып бере алабыз (1 Петир 3:15).

Андан сырткары, Кудайдын ага таянгандарга кам көрөрүнө толук ишенсек болот. Ошентсек, түйшүккө алдырып, дүнүйө топтоого умтулбастан, Кудайга сыйынууну жашообузда биринчи орунга коюуга чечкиндүү болобуз (Матай 6:33). Келгиле, ушундай кылган бир үй-бүлөнүн мисалына токтололу.

Кичинекей эки баласы бар болсо да, Даг менен Бекки башка өлкөгө көчүп барып, Ыйык Китептеги жакшы кабарды уга элек адамдарга кабар айтууну каалашкан. Алар баарын жакшылап таразалап көрүп, Кудайдан жардам сурап бир нече жолу тиленгенден кийин ойлогон оюн ишке ашырууну чечишкен. «Башка өлкөдө жагдай-шарт кандай болуп кетерин билбегендиктен, эки балаң менен көчүп барыш үчүн чынында эле кайраттуулук керек экен,— дейт Даг.— Бирок чечим чыгарардан мурун Ыбрайым менен Саара жөнүндө окуп, талкуулаганбыз. Алардын Жахаба Кудайга толугу менен таянганы жана Кудайдын аларга дайыма кам көргөнү жөнүндө ой жүгүртүү чечкиндүү болгонго жардам берди».

Даг жаңы көчүп барган жериндеги жашоосу жөнүндө мындай дейт: «Кудай батасын мол берди. Бул жерде жөнөкөй жашагандыктан убактыбыздын көбүн чогуу өткөрөбүз: чогуу кабар айтабыз, пикир алмашабыз, балдарыбыз менен ойнойбуз. Өзүбүздүн канчалык бактылуу экенибизди сөз менен айтып жеткире албайм».

Албетте, мындай чоң өзгөрүүлөрдү кылганга баарыбыздын эле жагдай-шартыбыз жол бербеши мүмкүн. Ошентсе да, Ыбрайым пайгамбардай болуп, Кудайдын бизге кам көрөрүнө толук ишенип, ага сыйынууну жашообузда биринчи орунга коё алабыз. Ушундай кылсак, Ыйык Китепте айтылгандай: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм»,— деп кайраттуулук менен айта алабыз (Еврейлер 13:5, 6).

[7-беттеги кыстырма]

Кудайдын жардамы менен кайраттуу болгон киши корксо да, чечкиндүү иш-аракет кылат

[8-беттеги сүрөт/кутуча]

Кудайдан корккон асыл зайып

Саара Кудайга бекем ишенген пайгамбардын жубайы болгон. Кудайдан корккон ал аял бизге эң сонун үлгү калтырган. Ыйык Китепте Сааранын Кудайдан корккон үлгүлүү аял болгону үч жолу баса белгиленет (Ышая 51:1, 2; Еврейлер 11:11; 1 Петир 3:3—6). Ыйык Жазмада Саара тууралуу аз эле айтылса да, анын көптөгөн жакшы сапаттары бар мыкты зайып болгонун биле алабыз.

Мисалы, Ыбрайым Саарага Кудай Ур шаарын калтырып, башка жерге көчүп кетүүнү буйруганын айтканда, анын эмне кылганы жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал кайсы жакка барабыз, эмне үчүн барабыз деп чочулап, ал жерге барсак, кантип жан багабыз деп сарсанаа болду беле? Бул жакка кайра кайрылып келебизби, ата-энем менен бир туугандарымды көрбөй каламбы деп кайгырды беле? Анын ушул сыяктуу нерселерди ойлоп тынчсызданганы шексиз. Ошондой болсо да Саара баш ийсе, Жахаба Кудай ага батасын берерине ишенип, күйөөсү Ыбрайым менен жолго чыккан (Элчилер 7:2, 3).

Кудайдан корккон аял болгондон тышкары, Саара эң сонун зайып болгон. Күйөөсүнүн үй-бүлөдөгү милдеттерине кийлигишип, аны менен атаандашкан эмес, тескерисинче, чечимдерин колдоп, аны үй-бүлөнүн башчысы катары терең урматтаган. Саара ушундайча жүрөгүндө катылган эң сонун сапаттары менен өзүн «жасалгалаган» (1 Петир 3:1—6).

Бүгүнкү күндөгү зайыптар Саарадан эмнеге үйрөнө алышат? Жолдошу менен 30 жылдан ашуун убактан бери бактылуу өмүр сүрүп келаткан Жил мындай дейт: «Сааранын үлгүсүнөн жолдошума өз оюмду, көз карашымды ачык айтканга үйрөндүм. Бирок ошол эле учурда үй-бүлөнүн башчысы катары акыркы чечимди жолдошум чыгарышы керектигин билем. Ал кандай чечим чыгарбасын, аны колдошум керек экенин да түшүнөм».

Саарадан дагы бир нерсеге үйрөнүүгө болот: ал абдан сулуу аял болсо да, сулуулугунан улам бой көтөрүп кеткен эмес (Башталыш 12:10—13). Тескерисинче, момундук менен күйөөсү Ыбрайымга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, аны өмүр бою жандап жүргөн. Ыбрайым менен Саара бири-бирине берилгендигин сактаган, бири-бирин сүйгөн, бири-бирин терең урматтаган жубайлардан болушкан.