Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыбрайым Кудайды, үй-бүлөсүн сүйгөн

Ыбрайым Кудайды, үй-бүлөсүн сүйгөн

Ыбрайым Кудайды, үй-бүлөсүн сүйгөн

Өмүрлүк жары Саарадан айрылып, Ыбрайым пайгамбардын жүрөгү ачышып, күйүтүнөн өзөгү өрттөнүп турат. Жубайын жерге берип жатканда, сүйгөн жары менен өткөргөн бактылуу күндөрү көз алдына тартылат. Ан сайын кайгысы күчөп, жүрөгү мыкчылып, өксүп ыйлайт (Башталыш 23:1, 2). Ыбрайымдын төгүлгөн жашы анын алсыз, жүүнү бош киши болгонун эмес, жубайы Саараны абдан сүйгөнүн көрсөтүп турат.

СҮЙҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ? Сүйүү деген кимдир бирөөнү жакын көрүп, ага карата назик сезимдерди туюуну билдирет. Кимдир бирөөнү сүйгөн адам сүйөрүн иш жүзүндө көрсөтөт, атүгүл сүйгөн адамы үчүн баарына даяр болот.

ҮЙ-БҮЛӨСҮН, КУДАЙДЫ СҮЙӨРҮН КАНТИП КӨРСӨТКӨН? Ыбрайым пайгамбар үй-бүлөсүн сүйгөн. Анын иштери көп болгону шексиз. Ошентсе да ал үй-бүлөсүнө көңүл бурган жана аларга Кудайдын осуяттарын үйрөткөнгө убакыт бөлгөн. Анын дайыма ушундай кылганын Жахаба Кудайдын да көргөнүн Ыйык Китептен окуй алабыз (Башталыш 18:19). Андан тышкары, Жахаба Кудай Ыбрайымдын уулу Ыскак жөнүндө сөз кылганда: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң»,— деп айткан. Муну менен Кудай Ыбрайымдын өз үй-бүлөсүн абдан сүйөрүн баса белгилеген (Башталыш 22:2).

Жубайы Саара каза болгондо, Ыбрайымдын күйүт тартып, абдан кайгырганынан жубайын канчалык сүйгөнүн көрө алабыз. Ал сүйгөн жарын жоктоп, аябай ыйлаган. Ал кайраттуу, эрки күчтүү киши болсо да, ыйлагандан уялган эмес. Ооба, Ыбрайым пайгамбар кайраттуу, ошол эле учурда жүрөгү жумшак киши болгон.

Ыбрайым пайгамбар Кудайды сүйгөн. Анын Кудайды сүйгөнү жашоосунан көрүнүп турган. Эмне себептен минтип айта алабыз? Анткени Ыйык Китепте: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу»,— деп жазылган (1 Жакан 5:3). Ыбрайым пайгамбар Кудайдын осуяттарын дайыма аткаруу менен бизге мыкты үлгү калтырган.

Кудай кандай буйрук бербесин, ал аны дароо аткарган (Башталыш 12:4; 17:22, 23; 21:12—14; 22:1—3). Анын буйругун аткаруу оор болсо да, эмне үчүн аткарышы керектигин түшүнбөсө да, дайыма Жахаба Кудайга баш ийген. Ал Кудайдын буйруктарынын баарын маанилүү деп эсептеген. Жахаба эмнени талап кылбасын, аткарууга даяр болгон. Ыбрайым пайгамбар Кудайга баш ийүү менен аны сүйөрүн далилдей аларын билген.

ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ? Биз башкаларды, өзгөчө, үй-бүлөбүздү сүйсөк, Ыбрайым пайгамбарды туураган болобуз. Түйшүккө алдырбай, жакын адамдарыбызга дайыма убакыт бөлгөнгө аракет кылабыз.

Ошондой эле Кудайга болгон сүйүүбүздү өрчүткөнүбүз маанилүү. Анткени Кудайды сүйүү жашообузга күчтүү таасир этет. Мисалы, ага жагыш үчүн ой жүгүртүүбүздү, сүйлөгөн сөзүбүздү жана жүрүм-турумубузду өзгөрткөнгө түрткү берет (1 Петир 1:14—16).

Жахабанын осуяттарын аткаруу дайыма эле оңойго тура бербейт. Бирок Ыбрайым пайгамбарга жардам берген, аны «менин досум» деп атаган Кудайдын бизге да жардам берерине шектенбесек болот (Ышая 41:8). Ыйык Китепте анын бизди «бекем, күчтүү кылары» айтылган (1 Петир 5:10). Ыбрайымды досум деп атаган Кудайдын ушул сөздөрү кандай гана бекемдейт!

[11-беттеги кутуча]

Эркектин ыйлаганы уятпы?

Көптөр уят деп ойлошот. Ушундай көз карашта болгондор Ыйык Китептен Кудайга ишенген, кайраттуу кишилердин, анын ичинде Ыбрайым пайгамбардын кайгыга батканда ыйлаганын окуп таң калышы мүмкүн. Жусуп, Дөөтү пайгамбарлар, элчи Петир, Кудайдан корккон дагы башка эркектер, атүгүл Иса пайгамбар да ыйлагандан уялган эмес (Башталыш 50:1; 2 Шемуел 18:33; Лука 22:61, 62; Жакан 11:35; Элчилер 20:36—38). Ооба, Ыйык Китепте эркектердин ыйлаганы уят деп айтылбайт.