Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмнелер алдын ала айтылган?

Ыйык Китепте эмнелер алдын ала айтылган?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Ыйык Китепте эмнелер алдын ала айтылган?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар так аткарылганбы?

Кудурети Күчтүү Кудай гана алдыда эмне болорун так айта алат (Амос 3:7). Мисалы, ал Машаяктын келери жөнүндө көп убакыт мурун эле айткан. Машаяк Кудайдан корккон Ыбрайым пайгамбардын тукумунан чыкмак. Ошондой эле Кудай Машаяктын Падыша болорун жана ал башкарган убакта адил адамдардын баары оору-сыркоодон арылып, чың ден соолукта түбөлүк өмүр сүрөрүн айткан (Башталыш 22:18; Ышая 53:4, 5). Машаяктын Бетлехем шаарында төрөлөрү да алдын ала айтылган. (Оку: Микей 5:2.)

Убакыттын өтүшү менен Иса пайгамбардын Машаяк экени анык болгон. Ыйык Китепте Машаяк төрөлгөнгө чейин 700 жылдан ашуун убакыт мурун эле анын кыздан төрөлөрү, жек көрүндү болору айтылган. Ал күнөөкөр адамдар үчүн өмүрүн бермек жана бай кишинин мүрзөсүнө коюлмак (Ышая 7:14; 53:3, 9, 12). Андан сырткары, 500 жылдан ашуун убакыт мурун эле анын Иерусалим шаарына кодик минип кирери, Иса пайгамбарды 30 күмүш тыйынга сатып жиберишери жазылган. Ушул пайгамбарлыктардын баары майда-чүйдөсүнө чейин так аткарылган. (Оку: Закарыя 9:9; 11:12.)

2. Пайгамбарлыктардын качан аткарылары так айтылганбы?

Ыйык Китепте Иса пайгамбар төрөлгөнгө чейин 500 жылдан ашык убакыт мурун эле Машаяктын качан келери айтылган. Пайгамбарлыкка ылайык, Машаяк келгенге чейин 69 «жума» өтмөк. Ал жумалардын ар бири 7 жылга барабар болгон. 69 жуманы жылга айлантканда 483 жыл болот. 483 жылды кайсы убактан баштап эсептеш керек? Ыйык Китепке ылайык, 483 жылды Кудайдын Некемия деген кызматчысы Иерусалимге барып, шаарды кайра кура баштаган жылдан тартып эсептеш керек. Некемия Иерусалимге б.з.ч. 455-жылы барган (Некемия 2:1—5). Алдын ала айтылгандай эле, Иса пайгамбар б.з.ч. 455-жылдан туптуура 483 жыл өткөндөн кийин б.з. 29-жылы чөмүлтүлүп, Машаяк болгон. (Оку: Даниел 9:25.)

3. Пайгамбарлыктар биздин күндөрдө аткарылып жатабы?

Иса пайгамбар биздин күндөрдө кандай окуялар болорун пайгамбарлык кылган. Алсак, Кудайдан корккон адамдарды азап-кайгыдан арылта турган Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын бүт дүйнө жүзүнө тарай турганын айткан. Ал Падышалык азыр биз жашап жаткан ыймансыз дүйнөнү жок кылат. (Оку: Матай 24:14, 21, 22.)

Ыйык Китепте акыркы күндөрдө эмнелер болору ийне-жибине чейин айтылган. Илим, техника өнүгүп, жашоо жакшырчудай сезилсе да, Ыйык Китепте адамдардын жерди талкалап, зыян келтирери жөнүндө жазылган. Жер-жерлерде согуштар, жер титирөөлөр, ачарчылык болору, жугуштуу оорулардын көбөйөрү айтылган (Лука 21:11; Аян 11:18). Адамдардан ыйман кетип, абдан бузулары да жазылган. Ушундай оор күндөрдө Исанын жолдоочулары бардык улуттагы адамдарга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратышмак. (Оку: Матай 24:3, 7, 8; 2 Тиметей 3:1—5.)

4. Адамзаттын келечеги кандай болот?

Кудуреттүү Кудай ага баш ийген адамдарга эң сонун келечекти убада кылган. Иса Машаяк жерден тандалып алынган адамдар менен бирге асмандан миң жыл бийлик жүргүзөт. Өлгөн адамдар тирилип, аларга түбөлүк өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк берилет. Бардык адамдар оору-сыркоодон арылып, сакайышат. Оору да, өлүм да түбөлүккө жок болот. (Оку: Аян 5:10; 20:6, 12; 21:4, 5.)

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн бул китептин 23—25-беттерин жана 2, 3, 4-тиркемелерин карагыла.

[17-беттеги сүрөт]

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?