Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам»

«Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам»

Кудайга жакындагыла

«Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам»

МАШИНЕ тынбай зуулдап өтүп жаткан чоң жолдон өтөрдө атасы баласына: «Колуңду бер, балам»,— дейт. Быйтыйган кичинекей колу менен атасынын чоң колун кармап бараткан бала эч нерседен коркпойт. Өйдө-төмөн боло берген жашоодо силер да кимдир бирөөнүн «колуңардан бекем кармап», кыйынчылыктардан «алып өтүшүн» каалайт белеңер? Анда Ышая пайгамбардын сөздөрү силерди жубатары шексиз. (Оку: Ышая 41:10, 13.)

Ышая пайгамбар ушул аяттардагы сөздөрдү байыркы учурда жашаган ысрайыл элине айткан. Кудай аларды өзүнүн «өзгөчө эли» кылган. Бирок аларга тишин кайраган душмандар болбой койгон эмес (Чыгуу 19:5). Ысрайыл эли алардан коркушу керек беле? Жахаба Кудай элин колдоп-коргооруна ынандырыш үчүн Ышая пайгамбарды жиберген. Жахаба Кудайдын пайгамбар аркылуу айткан сөздөрү Кудайдан корккон адамдардын баарына тиешелүү болгондуктан, келгиле, аларды тереңирээк карап көрөлү (Римдиктер 15:4).

10-аяттан Кудайдын: «Коркпо»,— деп айтканын окуйбуз. Бул жөн эле айтылган куру сөз эмес. Ал: «Анткени мен сени мененмин»,— деп айтуу менен эмне үчүн коркпошубуз керектигин түшүндүрөт. Кудай бизге жардам керек болгондо эле колун сунуп жардамга келерин убада кылбайт. Ал дайыма биздин жаныбызда экенин, күн сайын колдоп туруш үчүн биз менен экенин билишибизди каалайт. Муну билүү бизди абдан бекемдейт!

Ошондой эле Кудайдын андан ары: «Элеңдебе»,— деп айтканын окуйбуз (10-аят). «Элеңдөө» деп которулган еврей сөзү «тегерек-четти коркуп, чочулап карай берүү» деген маанини туюнтат. Кудай алардын эмне үчүн айланасын элеңдеп карабашы керектигин, башкача айтканда, коркпошу керектигин түшүндүрүп: «Анткени мен сенин Кудайыңмын»,— деген. Мындан өткөн бекемдээрлик сөздөр барбы? Жахаба — «Эң Жогорку», «Кудурети Күчтүү» Кудай (Забур 91:1). Ушундай кудурети чексиз Кудайга кызмат кылгандар коркушу керекпи?

Жахаба Кудайга ишенгендер эмнеден шектенбесе болот? Ал: «Сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деп убада берет (10-аят). Ошондой эле: «Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам»,— дейт (13-аят). Ушундай сөздөрдү укканда эмнени элестетесиңер? Бир эмгекте: «Ушул эки аятты окуганда көз алдыңа ата менен баланын элеси тартыла түшөт. [Атасы] баласын коргош үчүн жөн эле жанында тура бербейт. Анын колунан бек кармап, дайыма жанында болот»,— делген. Жахаба Кудай, эли кандай гана кыйынчылыктарга дуушар болбосун, дайыма алардын жанында болуп, эч качан таштабайт (Еврейлер 13:5, 6).

Ышая пайгамбардын сөздөрү Жахаба Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларын абдан бекемдейт. Азыркы «өзгөчө оор мезгилде» кыйынчылыктарды көтөрө албачудай сезилген учурлар көп эле болот (2 Тиметей 3:1). Бирок биз жалгыз эмеспиз, анткени Жахаба колубуздан бекем кармап, жардам бергенге даяр. Атасына таянган кичинекей балага окшоп, Кудайдын кубаттуу колун «кармап», бизди туура жолго саларына, жардам керек болгондо бир да мүнөт кечикпей турганына бекем ишенсек болот (Забур 63:7, 8).

[18-беттеги кыстырма]

ЯНВАРЬ АЙЫНДА ОКУЛА ТУРГАН ЫЙЫК КИТЕПТИК АЯТТАР

Ышая 24—42