Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жиндердин таасирине алдырба

Жиндердин таасирине алдырба

Жаш окурмандарга

Жиндердин таасирине алдырба

Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.

ОКУЯНЫ ТАЛДА. БАШТАЛЫШ 6:1—6-АЯТТАРДЫ ЖАНА ЭЛЧИЛЕР 19:1120-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Нефилимдерди (алп адамдарды) кандай элестетесиң? _______

Элчилер 19:13—16-аяттарда айтылган кишилерди ичинде жини бар киши сабап салганда, алар кандай сезимде болушкан деп ойлойсуң? _______

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Башка адабияттарды колдонуп, нефилимдер жөнүндө көбүрөөк изилдеп көр. Кандай деп ойлойсуң, алар эмне үчүн зөөкүр болушкан? _______

Каардуу жиндер «өздөрү жашашы керек болгон жайды кантип калтырып кетишкен»? (Оку: Жүйүт 6.) Алардын аялдарга үйлөнгөнү эмне үчүн табияттан тыш, атүгүл жийиркеничтүү болгон? _______

Жогорудагы эки билдирүүдөн каардуу жиндердин адеп-ахлаксыздыкты, зордук-зомбулукту жакшы көрөрү кандайча көрүнүп турат? _______

БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Жиндердин мыкаачылыгы, өзүмчүлдүгүнө байланыштуу. _______

КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?

Жиндер азыр адам болуп келе алышпаса да, сага таасир этүүгө кантип аракет кылышы мүмкүн?

Көңүл ачуунун кайсы түрлөрү жиндердин маанайын, көз карашын чагылдырат? _______

Жиндердин таасирине алдырбоого чечкиндүү экениңди кантип көрсөтө аласың? (Элчилер 19:18, 19ду дагы бир жолу оку.) _______

БУЛ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ ЭМНЕЛЕР ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

[31-беттеги сүрөт]

ЭГЕР ЫЙЫК КИТЕБИҢ ЖОК БОЛСО, ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНӨН СУРАСАҢ БОЛОТ