Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исанын элчилеринен сергек болууга үйрөнөлү

Исанын элчилеринен сергек болууга үйрөнөлү

«Мени менен сергек тургула» (МТ. 26:38).

1—3. Элчилер Исанын жердеги жашоосунун акыркы түнүндө сергек болушкан эмес деп эмне үчүн айта алабыз жана алардын кетирген катасынан сабак алышканы эмнеден көрүнүп турат?

ИСАНЫН жердеги жашоосунун акыркы түнүндө болгон окуяны көз алдыңа элестетсең. Ал ишенимдүү элчилери менен бирге өзү жакшы көргөн жерге, Иерусалимдин чыгышында жайгашкан Гетсемани багына, барат. Санаасы санга бөлүнүп, жүрөгү түпөйүлдөнүп жаткандыктан, ал эч ким жок жерге барып, тиленгиси келет (Мт. 26:36; Жкн. 18:1, 2).

2 Анын үч элчиси: Петир, Жакып жана Жакан аны коштоп, бакты аралай арыраак барышат. Иса аларга: «Бул жерде калып, уктабай, мени менен сергек тургула»,— дейт да, тиленгени кетет. Кайра келгенде досторунун катуу уктап жатканын көрөт. Анан алардан: «Сергек болгула»,— деп дагы суранат. Бирок алар андан кийин дагы эки жолу уктап калышат. Ошол эле түнү элчилердин баары рухий жактан сергек болбой, Исаны таштап, качып кетишет (Мт. 26:38, 41, 56).

3 Арийне, ал ишенимдүү элчилердин ошол түнү сергек болбогонуна өкүнүшкөнү, кетирген катасынан сабак алышканы шексиз. Анткени Ыйык Жазмадагы Элчилер китебинен алардын сергек болуу жагынан мыкты үлгү көрсөтүшкөнүн билүүгө болот. Алардын үлгүсү ишенимдештерине сергек болууга түрткү берсе керек. Бүгүнкү күндө биздин да сергек болгонубуз болуп көрбөгөндөй маанилүү (Мт. 24:42). Анда эмесе, Элчилер китебинен сергек болуу жагынан кайсы үч нерсеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

КАЯКТА КАБАР АЙТУУ КЕРЕКТИГИН АҢДАШ ҮЧҮН СЕРГЕК БОЛОЛУ

4, 5. Ыйык рух Пабыл менен анын шериктерин кандайча жетектеген?

4 Алгач, элчилерден каякта кабар айтуу керектигине байланыштуу берилген жетекчиликти аңдаш үчүн сергек болуу жагынан эмнеге үйрөнө аларыбызды карайлы. Элчилер китебиндеги бир билдирүүдө Исанын Жахаба берген ыйык рух аркылуу элчи Пабыл менен анын шериктерин кызыктуу окуяларга бай миссионердик сапарында кандайча жетектегени баяндалат (Элч. 2:33). Кел анда, алар менен кошо саякаттап келели. (Оку: Элчилер 16:6—10.)

5 Пабыл, Сылас жана Тиметей Галатиянын түштүгүндөгү Листра шаарынан чыгып, бир нече күндөн кийин римдиктердин чоң жолуна жетишет. Ал жол батышка, Азиянын эл жыш отурукташкан аймагына, алып бармак. Алар Азияга барып, Машаяк жөнүндө кабар уга элек миңдеген адамдар жашаган шаарларды кыдырууну каалашкандыктан ошол жолго түшмөкчү болушат. Бирок аларды жолдон бир нерсе токтотуп калат. 6-аятта: «Ыйык рух аларга сөздү Азияда айтууга тыюу салгандыктан, алар Фригия менен Галатия жерлерин аралап өтүштү»,— делет. Ооба, ыйык рух аларга бизге белгисиз бир жол менен Азия провинциясына барып кабар айтууга тыюу салган. Ушундан улам Пабыл менен анын шериктери Исанын ыйык рух аркылуу аларды башка жакка багыттагысы келгенин түшүнүшкөн.

6, 7. а) Пабыл менен анын шериктери Битинияга жакындаганда, эмне болот? б) Алар кандай чечим чыгарышат жана анын натыйжасы кандай болот?

6 Ошондо Кудайдын ал ынталуу кызматчылары каякка барышкан? 7-аятта: «Анан Мусияга жеткен соң Битинияга барууга аракет кылышты. Бирок Иса рух аркылуу ага жол берген жок»,— деп айтылат. Азияда кабар айтууга тыюу салынгандыктан, Пабыл менен анын шериктери Битиниядагы шаарларда кабар айтыш үчүн түндүккө бет алышат. Бирок Битинияга жакындап калышканда, Иса ыйык рух аркылуу дагы тыюу салат. Ошондо алар эмне кыларын билбей, башы маң болсо керек. Алар эмне жөнүндө жана кантип кабар айтыш керектигин билишкен, бирок каякта айтыш керектигин билишкен эмес. Алар, мындайча айтканда, Азиянын эшигин тыкылдатышкан, бирок эшик ачылган эмес. Анан Битиниянын эшигин тыкылдатышкан, андан да майнап чыккан эмес. Ошондо алар тыкылдатканын токтотуп коюшканбы? Жок, ал ынталуу кабарчылар чечкиндүүлүгүнөн жазган эмес!

7 Алардын андан кийин чыгарган чечими бир караганда кызыктай көрүнүшү мүмкүн. 8-аятта: «Алар Мусия аркылуу өтүп, Троаска барышты»,— делет. Пабыл менен анын шериктери батышка карай сапар тартып, бир далай шаарларды кыя өтүп, Троаска чейин 563 км жол жүрүшөт. Ошол шаардагы кеме жайдан Македонияга кемелер каттачу. Ал жактан алар үчүнчү жолу эшикти тыкылдатышат: мунусунда эшик кенен ачылат! Андан ары эмне болгону жөнүндө 9-аятта мындай делет: «Түн ичинде Пабыл аян алды. Аянында македониялык бир кишинин турганын көрдү. Ал: „Македонияга келип, бизге жардам бер“,— деп жалбарып жатты». Ошентип, акыр-аягы, Пабыл каякта кабар айтышы керектигин түшүнөт. Ошондуктан шериктери менен бирге дароо Македонияга сүзүп кетет.

8, 9. Пабылдын миссионердик сапары жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Бул билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Көңүл бурсаң, Пабыл Азияга бет алгандан кийин гана, Кудайдын руху аны жетектей баштаган. Ошондой эле ал Битинияга жакындагандан кийин гана, Иса аны андан ары жетектеген жана ал Троаска жеткенден кийин гана, Иса аны Македонияга багыттаган. Жыйналыштын Башчысы катары Иса бизге да ушундай жол менен жетекчилик кылышы мүмкүн (Кол. 1:18). Балким, сен пионер болууну же жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылууну ойлонуп жүргөндүрсүң. Бирок максатыңа жетиш үчүн белгилүү бир кадамдарды жасагандан кийин гана, Иса сага Кудайдын руху аркылуу багыт бериши ыктымал. Мисалы, айдоочу машинесин жүргүзгөндө гана солго же оңго бура алат. Анын сыңарындай, Иса бизге, «жүрө» баштаганыбызда, тактап айтканда, максатыбызга жетиш үчүн аракет кыла баштаганыбызда гана, кызматыбызды кеңейтүүнүн жолун көрсөтүшү мүмкүн.

9 Бирок кылган аракетиңден майнап чыкпай жатсачы? Кудайдын руху жетектебей жатат деп, шаабайыңды суутасыңбы? Пабылдын да максатына дароо эле жетпегенин унутпа. Анткен менен ал, ачыла турган эшикти тапмайынча, издей берген, тыкылдата берген. Сен да кенен ачыла турган эшикти туруктуулук менен издей берсең, жумшаган күч-аракетиңдин акыбети сөзсүз кайтат (1 Кор. 16:9).

ТИЛЕНҮҮ ЖАГЫНАН СЕРГЕК БОЛОЛУ

10. Сергек болуу үчүн үзгүлтүксүз тиленүү абдан маанилүү экенин эмнеден көрүүгө болот?

10 1-кылымдагы ишенимдештерибизден сергек болууга байланыштуу үйрөнсөк боло турган экинчи нерсеге токтололу: алар тиленүү жагынан сергек болушкан (1 Пет. 4:7). Сергек болуу үчүн үзгүлтүксүз тиленүү абдан маанилүү. Гетсемани багында Исаны душмандар кармап кетер алдында, анын үч элчисине: «Сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деп айтканын эстесең (Мт. 26:41).

11, 12. Ирод Исанын жолдоочуларын, анын ичинде Петирди эмне үчүн жана кантип куугунтуктаган?

11 Анын сөздөрүн уккандардын бири Петир жалындуу тиленүүнүн зор күчкө экенине кийинчерээк өз тажрыйбасынан ынанган. (Оку: Элчилер 12:1—6.) Элчилер китебинин 12-бөлүмүнүн алгачкы аяттарынан Ироддун жүйүттөргө жагынуу үчүн Исанын жолдоочуларын куугунтуктаганын окуйбуз. Сыягы, ал Жакыптын Иса менен өзгөчө жакын мамиледе болгон элчи экенин билсе керек. Ошондуктан ал «Жакыпты кылыч менен өлтүрткөн» (2-аят). Ошентип, жыйналыштагылар жакшы көргөн элчисинен айрылган. Бул алар үчүн кандай чоң сыноо болгон!

12 Ирод андан кийин эмне кылган? 3-аятта: «Мунун жүйүттөргө жакканын көрүп, Петирди да карматты»,— делет. Мурунураак айрым элчилер түрмөдөн кереметтүү түрдө бошотулушкан, алардын арасында Петир да бар болчу (Элч. 5:17—20). Бул Иродго жакшы маалым болсо керек. Ал амалкөй башкаруучу Петирдин дагы бошонуп кетишин каалабагандыктан, «аны пасах майрамынан кийин эл алдына алып чыкмакчы болуп, төрт жоокерден турган төрт топко кезеги менен кайтартып койгон» (4-аят). Элестетсең, Ирод Петирди, качып кетпеши үчүн, эки сакчыга чынжырлап койгон. Ошентип, аны бардыгы болуп 16 күзөтчү кезеги менен күнү-түнү кайтарышкан. Ирод көпчүлүктүн көңүлүн алыш үчүн Петирди пасах майрамынан кийин эл алдында өлтүрүүнү көздөгөн. Ушундай оор жагдайда Петирдин ишенимдештери эмне кыла алмак?

13, 14. а) Петир түрмөгө камалганда, жыйналыштагылар эмне кылган? б) Петирдин күндөрүндөгү бир туугандарыбыздан тиленүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Жыйналыштагылар эмне кылуу керектигин жакшы билишкен. 5-аяттан: «Ошентип, Петир түрмөдө отурду. Жыйналыш болсо ал үчүн Кудайга жалындуу тиленип жатты»,— дегенди окуйбуз. Ооба, алар сүйүктүү ишенимдеши үчүн Жахабага чын жүрөктөн, жалындуу тиленишкен. Демек, Жакып өлтүрүлгөндөн кийин, алар кайгыга моюн сунуп, тиленүүнүн эч кандай пайдасы жок деп эсептеп калышкан эмес. Тескерисинче, Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүсүнө сөзсүз назар саларына бекем ишенишкен. Эгер андай тиленүүлөр Жахабанын эркине ылайык келсе, ал аларды эч качан жоопсуз калтырбайт (Евр. 13:18, 19; Жкп. 5:16).

14 Петирдин күндөрүндөгү бир туугандарыбыздан эмнеге үйрөнө алабыз? Өзүбүз үчүн эле эмес, бир туугандарыбыз үчүн да тиленгенибиз сергек болууга жардам берет (Эф. 6:18). Башынан оор сыноолорду кечирип жаткан ишенимдештериңди билесиңби? Балким, алардын айрымдары табигый кырсыктан, куугунтуктан же кабар айтуу ишине тыюу салынгандыктан жапа чегип жаткандыр. Алар үчүн чын жүрөктөн тилен. Же балким, башкаларга анча байкала бербеген кыйынчылыктарга кабылып жаткан бир туугандарыңды билеттирсиң. Алар үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдөн, көңүл чөгөттүктөн же ден соолугунун начарлыгынан улам кыйналып жүргөндүр. «Тиленүүлөрдү Угуучу» Жахабага кайрылганда бир туугандардын атынан айтып тилениш үчүн, алар жөнүндө ойлонгонубуз маанилүү (Заб. 65:2).

15, 16. а) Жахабанын периштеси Петирди түрмөдөн кантип бошотконун сүрөттөп бер. (Төмөн жактагы сүрөттү кара.) б) Жахабанын Петирди куткарганы жөнүндө ой жүгүртүү бизди эмне үчүн бекемдейт?

15 Петирдин жагдайы өзгөргөнбү? Анын абактагы акыркы түнүндө бир кереметтүү окуя болот. (Оку: Элчилер 12:7—11.) Ошол окуяны көз алдыңа тартып көрсөң: Петир эки сакчынын ортосунда уктап жатканда, күтүлбөгөн жерден бир периште пайда болуп, ал жаткан жер жапжарык боло түшөт. Кыязы, сакчылар периштени көрүшкөн эмес. Анан периште Петирди шашылыш түрдө ойготот. Ошондо анын колундагы чынжырлар өзүнөн өзү түшүп калат. Андан соң периште аны түрмөдөн алып чыгып, сыртта турган күзөтчүлөрдүн жанынан алып өтөт. Алар шаарга чыга турган жерге келгенде, килейген темир дарбаза «өзүнөн өзү ачылат». Сыртка чыгышкандан кийин, периште көздөн кайым болот. Ошентип, Петир эркиндикке чыгат.

16 Жахабанын өзүнүн кызматчыларын куткарууга кудуреттүү экени жөнүндө ой жүгүртүү ишенимибизди бекемдебейби? Албетте, бүгүнкү күндө Жахаба бизди кереметтүү жол менен куткарат деп күтпөйбүз. Анткен менен анын өзүнүн элине жардам берүү үчүн азыр да эбегейсиз зор күчүн колдоноруна толук ишенебиз (2 Жылн. 16:9). Ырас, ал кубаттуу ыйык руху аркылуу бизге бардык кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө дем-күч бере алат (2 Кор. 4:7; 2 Пет. 2:9). Андан сырткары, жакында Жахаба Уулу аркылуу миллиондогон адамдарды дубалдары калың, эшиктери бекем түрмөдөн — өлүмдөн — бошотот (Жкн. 5:28, 29). Анын убадаларына болгон күчтүү ишенимибиз бизге сыноо учурунда кажыбас кайрат берет.

ТОСКООЛДУКТАРГА КАРАБАЙ, КЫЛДАТ КҮБӨЛӨНДҮРӨ БЕРЕЛИ

17. Пабыл убакыттын тардыгын унутпай, ынталуу кызмат кылуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн деп эмне үчүн айта алабыз?

17 Эми элчилерден сергек болууга байланыштуу үйрөнсөк боло турган үчүнчү нерсеге токтололу: алар тоскоолдуктарга карабай, кылдат күбөлөндүрө беришкен. Сергек болуу үчүн убакыттын тардыгын эстен чыгарбай, ынталуу кабар айтканыбыз маанилүү. Элчи Пабыл бул жагынан мыкты үлгү көрсөткөн. Ал өзүн эч аябай, жигердүү кабар айткан, көп жерлерди кыдырган, көп жыйналыштарды уюштурган. Ал далай кыйынчылыктарга туш болсо да, убакыттын тар экенин унутпай, ынталуу кызмат кыла берген (2 Кор. 11:23—29).

18. Пабыл Римде камакта жатканда кантип күбөлөндүрө берген?

18 Элчилер китебинин 28-бөлүмүнөн Пабыл жөнүндөгү акыркы билдирүүнү карап көрөлү. Пабылды, император Нерондун алдында суракка алынышы үчүн, Римге алып барышат. Аны ал жактан да камакка отургузуп, сыягы, сакчыга чынжырлап коюшат. Бирок бир да чынжыр ал ынталуу элчинин кабар айтышына бөгөт коё алган эмес. Пабыл кабар айтуунун жолдорун издей берген. (Оку: Элчилер 28:17, 23, 24.) Мисалы, Римге баргандан үч күн өткөн соң ал жактагы жүйүттөрдүн арасынан айрым таасирдүү кишилерди чакыртып, кабар айткан. Анан дагы бир күндү белгилеп, ошол күнү мурдагыдан да зор күбөлөндүрүү берген. Бул тууралуу 23-аятта мындай делет: «[Жергиликтүү жүйүттөр] бир күндү белгилеп, Пабыл жашаган үйгө мурдагыдан да көп болуп келишти. Аларды Мусанын мыйзамында жана пайгамбарлардын китептеринде Иса жөнүндө айтылгандарга ынандырыш үчүн Пабыл Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүп, алар менен эртеден кечке чейин сүйлөштү».

19, 20. а) Пабылдын күбөлөндүрүүсү эмнеден улам натыйжалуу болгон? б) Жакшы кабарды баары эле кабыл ала бербегени Пабылга кандай таасир эткен?

19 Пабылдын күбөлөндүрүүсү эмнеден улам абдан натыйжалуу болгон? 23-аяттан мунун бир нече себебин биле алабыз: 1) ал Кудайдын Падышалыгына жана Иса Машаякка басым койгон; 2) угуучуларын «айтылгандарга ынандырыш үчүн» далилдерди келтирген; 3) Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзгөн; 4) өзүн аябастан, «эртеден кечке чейин» кабар айткан. Ооба, ал эң сонун күбөлөндүргөн, бирок баары эле анын сөздөрүнө кулак кага берген эмес. 24-аятта: «Кээ бирлери анын айткандарына ишенсе, башкалары ишенген жок»,— деп айтылат. Алар өз ара келише албагандыктан тарап кетишкен.

20 Жакшы кабарды баары эле кабыл ала бербегенин көргөндө Пабылдын ындыны өчүп калды беле? Түк да. Элчилер 28:30, 31де мындай делет: «Пабыл ошол жакта ижарага алган үйдө эки жыл жашады. Ал өзүнө келгендердин баарын жылуу кабыл алып, аларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып, Мырзабыз Иса Машаяк тууралуу кайраттуулук менен эч тоскоолдуксуз окутуп жатты». Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Элчилер китеби ушундай жакшы сөздөр менен аяктайт.

21. Пабылдын үй камакта отурганда көрсөткөн үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

21 Пабылдан эмнеге үйрөнө алабыз? Үй камакта отурганда ал үймө-үй кабар айта алган эмес. Ошентсе да оң маанай сактап, өзүнө келгендердин баарына күбөлөндүрө берген. Бүгүнкү күндө да Кудайдын көптөгөн кызматчылары ишеними үчүн адилетсиз түрдө түрмөгө камалса да, кубанычын жоготпой, кабар айта беришет. Айрым бир туугандарыбыз үйүнөн чыга албайт, атүгүл кээ бирлери карылыктын же оорунун айынан карылар үйүндө же дарылануучу жайларда жашашат. Анткен менен алар мүмкүнчүлүгүнө жараша дарыгерлерге, ал жакта иштеген башка кызматкерлерге жана аларга келгендердин баарына кабар айтышат. Алар Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүүнү чын жүрөктөн каалашат. Эң сонун үлгү көрсөтүп жатканы үчүн андай ишенимдештерибизге кандай гана ыраазыбыз!

22. а) Элчилер китебинен көбүрөөк пайда алууга эмне жардам берет? (Жогорудагы кутучаны кара.) б) Күнү бүтүп бараткан азыркы дүйнөнүн акырын күтүп жатып эмнеге чечкиндүүсүң?

22 Ооба, Элчилер китебинде айтылган элчилерден жана 1-кылымда жашаган башка ишенимдештерибизден сергек болуу жагынан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Эмесе, күнү бүтүп бараткан азыркы дүйнөнүн акырын күтүү менен бирге алардан үлгү алып, тайманбастык, ынталуулук менен кабар айтууга чечкиндүү бололу! Биз үчүн «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүүдөн» артык сыймык барбы?! (Элч. 28:23).

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги кутуча]

«Элчилер китебин биринчи жолу окугандай эле болдум»

Бир кыдыруучу көзөмөлчү «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз» деген китепти окугандан кийин кандай сезимде болгонун мындай деп бөлүшөт: «Элчилер китебин биринчи жолу окугандай эле болдум. Буга чейин ал китепте көп жолу „саякаттагам“, бирок колума шам кармап, кир көз айнек тагынып жүргөндөй болчумун. Ал эми азыр анын кооздугун жаркырап тийген күндүн жарыгында так-даана көргөндөй эле болуп жатам».

[12-беттеги сүрөт]

Периште Петирди килейген темир дарбазадан чыгарган