Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Падышалык кыла турган дин кызматчылар

Падышалык кыла турган дин кызматчылар

Падышалык кыла турган дин кызматчылар

«Ал эми силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларсыңар, ыйык элсиңер, Кудайдын өзгөчө элисиңер“» (1 ПЕТ. 2:9).

1. «Мырзабыздын кечки тамагы» эмне үчүн Эскерүү кечеси деп да аталат жана биз аны кандай максатта белгилейбиз?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы 14-нисанда Иса Машаяк менен анын 12 элчиси жүйүттөрдүн пасах майрамын акыркы жолу белгилешкен. Ошол кечте Иса чыккынчы Жүйүт Искариотту кетирип жибергенден кийин жаңы майрамды негиздеген; ал майрам кийинчерээк «Мырзабыздын кечки тамагы» деп аталып калган (1 Кор. 11:20). Иса элчилерине: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп эки ирет айткан. Ал азем кийинчерээк Эскерүү кечеси деп да аталып калган. Ошол өзгөчө кечте биз анын адамзат үчүн кандай жакшылыктарды кылганын, айрыкча, өз өмүрүн бергенин эскеребиз (1 Кор. 11:24, 25). Жахабанын Күбөлөрү, Исанын жогорудагы осуятына ылайык, Эскерүү кечесин жыл сайын белгилешет. 2012-жылы, жүйүт календары боюнча, 14-нисан 5-апрелде, бейшемби күнү, күн батканда башталат.

2. Иса өзү символ катары колдонгон нан менен шарап тууралуу эмне деген?

2 Шакирт Лука Исанын ошол кечте эмне кылганы жана эмне деп айтканы жөнүндө мындай деген: «[Иса] нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирген соң аны сындырды да, шакирттерине узатып жатып: „Бул силер үчүн бериле турган денемди билдирет. Муну мени эскериш үчүн кылгыла“,— деп айтты. Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деди: „Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет“» (Лк. 22:19, 20). Бул сөздөрдү элчилер кандай түшүнүшкөн?

3. Элчилер символдордун маанисин кандай түшүнүшкөн?

3 Элчилер жүйүт болгондуктан дин кызматчылардын Иерусалимдеги ибадатканада Кудайга жаныбарларды курмандыкка чалганын жакшы билишкен. Жүйүттөр андай курмандыктарды Кудайдын ырайымына ээ болуу максатында, көбүнчө күнөөлөрүн жууш үчүн чалышкан (Леб. 1:4; 22:17—29). Ошондуктан элчилер, Иса денесинин алар үчүн берилерин жана канынын алар үчүн төгүлөрүн сөз кылганда, анын жеткилең өмүрүн курмандык катары берерин айтканын түшүнүшкөн. Анын курмандыгы жаныбарлардан чалынган курмандыктардан алда канча баалуу болгон.

4. Иса: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген сөздөр менен эмнени айткысы келген?

4 Ал эми Исанын: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген сөздөрү тууралуу эмне дешке болот? Элчилер Жеремия 31:31—33-аяттарда жаңы келишим жөнүндө пайгамбарлык кылынганын билишкен. (Аяттарды оку.) Ошондуктан аларга Исанын жогорудагы сөздөрүнөн анын жаңы келишим түзүп жатканы айкын болгон. Ал келишим Жахаба Муса аркылуу ысрайыл эли менен түзгөн Мыйзам келишиминин ордуна түзүлгөн. Ал эки келишимдин бири-бирине байланышы бар беле?

5. Мыйзам келишиминин аркасында ысрайылдыктарга кандай мүмкүнчүлүк ачылган?

5 Ооба, алардын кандай максатта түзүлгөнү бири-бири менен тыгыз байланышта болгон. Мыйзам келишимин түзүп жатканда Жахаба ысрайыл элине мындай деген: «Эгерде мага толугу менен баш ийип, келишимимди сактасаңар, башка элдердин арасынан силер менин өзгөчө элим болосуңар, анткени бүт жер жүзү меники. Силер мага таандык дин кызматчылардын падышалыгы, ыйык эл болосуңар» (Чыг. 19:5, 6). Ысрайылдыктар бул сөздөрдү кандай түшүнүшкөн?

ПАДЫШАЛЫК КЫЛА ТУРГАН ДИН КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН БОЛОРУ УБАДАЛАНГАН

6. Мыйзам келишими эмнени жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн?

6 Жахаба мурун ысрайылдыктардын ата-бабалары Нух жана Ыбрайым менен келишим түзгөндүктөн, аларга «келишим» деген сөздүн мааниси айдан ачык болгон (Башт. 6:18; 9:8—17; 15:18; 17:1—9). Жахаба Ыбрайым менен келишим түзгөндө ага: «Сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»,— деп убадалаган (Башт. 22:18). Бул убадасын жүзөгө ашырыш үчүн ал Мыйзам келишимин түзгөн. Ошол келишимдин негизинде ысрайыл эли башка элдердин арасынан Жахабанын өзгөчө эли боло алмак. Алар Жахабага «таандык дин кызматчылардын падышалыгын» түзүш үчүн анын өзгөчө эли болушмак.

7. «Дин кызматчылардын падышалыгы» деген эмнени билдирген?

7 Ысрайылдыктар падышалар менен дин кызматчылардын ким экенин, кандай милдеттерди аткарарын жакшы билишкен. Бирок мурун жалгыз гана Мелкиседек Жахабанын каалоосу менен дин кызматчы да, падыша да болгон (Башт. 14:18). Ал эми Мыйзам келишимин түзгөндө Жахаба өзүнүн элинде «дин кызматчылардын падышалыгы» болушуна мүмкүнчүлүк берген. Кийинчерээк Ыйык Жазмада жазылгандар көрсөтүп тургандай, бул алардын «падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар» болорун, атап айтканда, бир эле учурда падыша да, дин кызматчы да болушарын билдирген (1 Пет. 2:9).

8. Кудай тарабынан дайындалган дин кызматчылар кандай кызмат аткарышкан?

8 Падышанын милдети — элди башкаруу. Ал эми дин кызматчынын милдети эмне? Еврейлер 5:1де: «Адамдардын арасынан тандалган ар бир башкы дин кызматчы күнөөлөр үчүн алынып келген тартуулар менен курмандыктарды чалып, адамдар үчүн Кудайга кызмат кылууга дайындалат»,— деп түшүндүрүлөт. Демек, Жахаба дайындаган дин кызматчы Мыйзамда талап кылынган курмандыктарды чалуу менен күнөөкөр элдин атынан Кудайга кайрылып, алардын күнөөсүн кечиришин суранчу. Ошол эле учурда дин кызматчы Кудайдын атынан элге кайрылып, анын мыйзамдарын окутуп-үйрөтчү (Леб. 10:8—11; Мал. 2:7). Ошентип, Кудай тарабынан дайындалган дин кызматчы күнөөкөр адамдарга Аны менен элдешүүгө, башкача айтканда, кайрадан аны менен жакшы мамиледе болууга жардам берчү.

9. а) Ысрайылдыктар «дин кызматчылардын падышалыгы» боло алышы үчүн эмне кылышы керек эле? б) Жахаба эмне үчүн дин кызматчыларды ысрайыл элинин ичинен дайындаган? в) Ысрайылдыктарга Мыйзам келишими боюнча «дин кызматчылардын падышалыгын» түзүүгө эмне тоскоолдук кылган?

9 Ырас, Мыйзам келишими ысрайылдыктарга «башка элдердин» да жыргалчылыгы үчүн «падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар» болууга шарт түзгөн. Бирок андай зор сыймыкка ээ болуу үчүн алар Кудайдын: «Мага толугу менен баш ийип, келишимимди сактасаңар»,— деген шартын аткарышы керек болчу. Ысрайылдыктар Жахабага толугу менен баш ие алышат беле? Ооба, кандайдыр бир деңгээлде баш ие алышмак, бирок, албетте, жеткилең түрдө эмес (Рим. 3:19, 20). Чынында, алар кааласа да, каалабаса да күнөө кетиришкен. Ошол себептен Жахаба ысрайыл элинин ичинен айрымдарды ысрайылдыктардын өздөрүнө кызмат кылууга дин кызматчы кылып дайындаган. Алар элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалышкан, бирок падыша болушкан эмес (Леб. 4:1—6:7). Дин кызматчыларга өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн да курмандык чалууга туура келген (Евр. 5:1—3; 8:3). Жахаба андай курмандыктарды кабыл алса да, алар ысрайылдыктардын күнөөлөрүн толугу менен жууй алган эмес. Мыйзам келишиминдеги талаптарды аткарган дин кызматчы атүгүл жүрөгү таза жүйүттөрдү да Кудай менен толук элдештире алган эмес. Элчи Пабыл буга байланыштуу: «Букалар менен текелердин каны күнөөлөрдү жок кыла албайт»,— деп айткан (Евр. 10:1—4). Мыйзамда айтылгандардын баарын аткарбагандыктан ысрайылдыктар каргышка калышкан (Гал. 3:10). Ошондуктан алар падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар боло алышмак эмес.

10. Мыйзам келишими кандай максатта берилген?

10 Анда Жахабанын «дин кызматчылардын падышалыгын» түзүүгө байланыштуу убадасы курулай убада беле? Албетте, жок. Эгер ысрайылдыктар Ага чын жүрөктөн баш ийүүгө аракет кылса, аларга ошондой мүмкүнчүлүк берилмек, бирок Мыйзам аркылуу эмес. Эмне үчүн? (Оку: Галатиялыктар 3:19—25.) Муну түшүнүү үчүн Мыйзам келишими кандай максатта берилгенин билишибиз керек. Мыйзам тил алчаак ысрайылдыктарга жалган сыйынуудан оолак болууга жардам берген. Ошондой эле алардын күнөөлүү экенин жана дин кызматчы чалган курмандыктардан алда канча баалуу курмандыкка муктаж экенин түшүнүүгө көмөк кылган. Мындайча айтканда, Мыйзам Машаякка (бул наам «Майланган» дегенди билдирет) алып баруучу тарбиячы болгон. Бирок Машаяк келгенде Жеремия алдын ала айткан жаңы келишимди негиздемек. Машаякты кабыл алгандар болсо жаңы келишимдин мүчөсү болууга чакырылып, «дин кызматчылардын падышалыгын» түзүшмөк. Кандайча? Келгиле, карап көрөлү.

ЖАҢЫ КЕЛИШИМ АРКЫЛУУ ПАДЫШАЛЫК КЫЛА ТУРГАН ДИН КЫЗМАТЧЫЛАР ТОБУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ

11. Иса кандайча башка адамдарга падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчы болууга жол ачкан?

11 Б.з. 29-жылы назареттик Исанын убадаланган Машаяк экени айкын болгон. Болжол менен 30 жашында ал өзүн Жахабанын ага байланыштуу өзгөчө эркин аткарууга арнап, арналганын сууга чөмүлтүлүү менен көрсөткөн. Жахаба ошондо: «Бул — менин сүйүктүү Уулум»,— деп айтып, аны май менен эмес, ыйык рух менен майлаган (Мт. 3:13—17; Элч. 10:38). Кудай Исаны ага ишенгендердин жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган Башкы дин кызматчы жана Падыша болушу үчүн майлаган (Евр. 1:8, 9; 5:5, 6). Иса кийинчерээк башка адамдарга да падышалык кыла турган дин кызматчы болууга жол ачкан.

12. Исанын курмандыгы эмнелерге жол ачкан?

12 Башкы дин кызматчы катары Иса ага ишенгендердин тукум кууп өткөн күнөөсүн толугу менен жууй турган кандай курмандык чалган? Анын Эскерүү кечесин негиздегендеги сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал өзүнүн жеткилең өмүрүн курмандыкка берген. (Оку: Еврейлер 9:11, 12.) Иса б.з. 29-жылынан тартып өмүрүнүн акырына чейин Башкы дин кызматчы катары далай сыноолорго туш болгон жана көп нерсеге үйрөнгөн (Евр. 4:15; 5:7—10). Ал эми тирилтилгенден кийин асманга көтөрүлүп, Жахабага курмандыгынын баасын тапшырган (Евр. 9:24). Ошондон баштап Иса анын курмандыгына ишенгендер үчүн арачылык кылып, аларга Кудайга кызмат кылууга жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болууга жардам бере баштаган (Евр. 7:25). Мындан тышкары, анын курмандыгы жаңы келишимди күчүнө киргизген (Евр. 8:6; 9:15).

13. Жаңы келишимге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушкан?

13 Жаңы келишимге киргендер да ыйык рух менен майланмак (2 Кор. 1:21). Алардын катарында ишенимдүү жүйүттөр жана башка улуттагы адамдар бар болчу (Эф. 3:5, 6). Жаңы келишимге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушмак? Алардын күнөөлөрү толугу менен кечирилмек. Жахаба: «Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деп убадалаган (Жер. 31:34). Күнөөлөрү мыйзамдуу түрдө кечирилгенден кийин алар «дин кызматчылардын падышалыгы» боло алышмак. Петир Исанын майланган жолдоочуларына мындай деген: «Силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларсыңар, ыйык элсиңер, Кудайдын өзгөчө элисиңер“. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш“ үчүн тандалгансыңар» (1 Пет. 2:9). Петир бул жерде Жахабанын Мыйзам келишимин түзүп жатканда ысрайыл элине айткан сөздөрүн цитата кылып, ал сөздөрдү Исанын жаңы келишимге кирген жолдоочуларына карата колдонгон (Чыг. 19:5, 6).

АДАМЗАТ ПАДЫШАЛЫК КЫЛА ТУРГАН ДИН КЫЗМАТЧЫЛАР АРКЫЛУУ БАТА АЛАТ

14. Жаңы келишимге киргендер каякта кызмат кылышат?

14 Жаңы келишимге киргендер каякта кызмат кылышат? Алар жерде Жахабанын өкүлү катары анын «укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялап» жана анын элин рухий тамак менен камсыз кылып, топ катары дин кызматчы болуп кызмат кылышат (Мт. 24:45; 1 Пет. 2:4, 5). Ал эми өлүп, тирилтилгенден кийин асманда Машаяк менен бирге дин кызматчы да, падыша да болуп толук кандуу кызмат кылышат (Лк. 22:29; 1 Пет. 1:3—5; Аян 1:6). Элчи Жакан аян аркылуу асманда Жахабанын тактысынын жанында турган көп сандаган рухий жаратууларды көргөн. Алар «Козуга» кайрылып, мындай «жаңы ыр ырдап жатышкан»: «Сен... өз каның менен ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды Кудайга бериш үчүн сатып алдың да, аларды Кудайыбызга падышалар жана дин кызматчылар кылдың. Алар жер үстүнөн падышалык кылышат» (Аян 5:8—10). Кийинчерээк Жакан ал башкаруучулар жөнүндө: «Алар Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары болуп, Машаяк менен 1000 жыл падышалык кылышат»,— деген (Аян 20:6). Арийне, алар Машаяк менен бирге адамзаттын жыргалчылыгы үчүн падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар тобун түзүшөт.

15, 16. Падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар аркылуу адамзат кандай бата алат?

15 Ошол топту түзгөн 144000 падыша жана дин кызматчы аркылуу адамзат кандай бата алат? Аян 21-бөлүмдө алар асмандагы шаар, Жаңы Иерусалим, деп сүрөттөлүп, «Козунун аялы» деп аталат (Аян 21:9). 2—4-аяттарда мындай делет: «Ыйык шаарды — Жаңы Иерусалимди — көрдүм. Ал күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түшүп келатты. Ошондо тактыдан мындай деген катуу үндүн чыкканын уктум: „Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти“». Бул кандай гана кереметтүү бата! Өлүм жок болгондуктан, көз жаш да, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Ошондо Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаган адамдар жеткилеңдикке жеткирилип, Кудай менен толук элдешишет.

16 Падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар аркылуу дагы кандай бата төгүлөрү жөнүндө Аян 22:1, 2де мындай деп жазылган: «Периште мага хрусталдай таза, өмүр суусу аккан дарыяны көрсөттү. Ал Кудай менен Козунун тактысынан агып чыгып, шаардын [Жаңы Иерусалимдин] чоң көчөсүнүн ортосунда агып жатыптыр. Дарыянын эки тарабында тең жылына он эки жолу, ай сайын мөмө берген өмүр дарактары бар экен. Алардын жалбырактары элдерди айыктырганга колдонулуп жатты». Ушул каймана маанидеги чаралар аркылуу «элдер», башкача айтканда, адамзат үй-бүлөсү Адам атадан тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктен биротоло «айыгат». Ошондо, чынында эле, «мурункунун баары өтүп кетет».

ПАДЫШАЛЫК КЫЛА ТУРГАН ДИН КЫЗМАТЧЫЛАР ӨЗ ИШИН СОҢУНА ЧЫГАРЫШАТ

17. Падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар эмнени ишке ашырат?

17 Падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар 1000 жыл кызмат кылып, адамзатты жеткилеңдикке жеткирет. Башкы дин кызматчы жана Падыша катары Машаяк жеткилеңдикке жеткирилген адамзат үй-бүлөсүн Жахабага тапшырат. (Оку: 1 Корунттуктар 15:22—26.) Ошондо падышалык кыла турган дин кызматчылар өздөрүнө тапшырылган ишти толугу менен жүзөгө ашырган болушат.

18. Падыша боло турган дин кызматчылар тапшырылган ишин соңуна чыгаргандан кийин, Жахаба аларды кандайча колдонот?

18 Жахаба андан кийин Машаяктын зор сыймыкка ээ болгон шериктерин кандайча колдонот? Аян 22:5ке ылайык, алар «түбөлүктөн түбөлүккө падышалык кылышат». Кимдин үстүнөн? Бул тууралуу Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Бирок алар өлбөс, чирибес өмүргө, ошондой эле жеткилеңсиз адамзатка жардам берүү жагынан мол тажрыйбага ээ боло тургандыктан андан ары да падыша катары кызмат кыла беришет жана Жахаба аларды өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн түбөлүктөн түбөлүккө колдоно берет.

19. Эскерүүгө катышкандар эмнелерди эсине салышат?

19 2012-жылы 5-апрелде, бейшембиде, Исанын өлүмүн эскерүү үчүн чогулганыбызда Ыйык Китептеги ушул чындыктарды эсибизге салабыз. Ал эми Исанын майланган жолдоочуларынын жердеги чакан калдыгы символ катары колдонулган ачытылбаган нан менен кызыл шараптан ооз тийип, жаңы келишимге киргенин айгинелешет. Машаяктын курмандыгын билдирген ал символдор алардын Кудайдын түбөлүктүү ой-ниетинде теңдешсиз сыймыкка, жоопкерчиликке ээ экенин эсине салат. Келгиле анда, баарыбыз ал кечеге катышып, адам баласынын пайдасы үчүн падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларды бергени үчүн Жахаба Кудайга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирели.

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Падышалык кыла турган дин кызматчылардын кызматынан адамзат түбөлүккө пайда ала берет